Негизгиге Менин баяным Эки жолу эне болуудан куру калдым

Эки жолу эне болуудан куру калдым

860

(Кириш сөз)
Эки жолу эне болуудан куру калдым

***
Жашым кырк экиде. Бой жетип турмуш кургандан бери баладан көзүм өтүп, ак эткенден так этип келем. Жыйырма үч жашымда борбордогу тигүү цехтеринин биринде иштеп жүргөн кезимде биринчи жолдошума жолуктум. Экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бири-бирибизди сынаганга жетишкен жокпуз. Ал мени сыртымдан акмалап жактырып, багып жүргөн экен. Мени ала качып, көшөгөгө киргизгенде гана анын жүзүн биринчи ирет көрдүм. Отурбайм деп жулунганыма карабай жоолукту баса салып, кемпир-кесек батасын берип башымды ал адамга байлап коюшту. Тагдырдын жазганы ушудур деп шаардын четиндеги айылдардын биринде жашап калдым. Жолдошум бир үйдүн улуусу, андан кийинки балдары майда болгондуктан кайнатамдар менен чогуу туруп калдык. Атам ошол айылдагы кадыр-барктуу аксакалдардын бири эле. Өзүм деле мал менен чоңойгон айылдын кызымын, бирок күйөөмдүн кенен чарбасына, эртеден кечке мал тейлеп, келген-кеткен кишиге чай берип жаным тынбай жакшы эле жүдөдүм. Кайненем каардуу да, мээримдүү да эмес, адамды бир калыпта тиктеген суз жан эле. Күйөөмдү жалындап сүйбөсөм да, барган жеримден баар таап жашап кетейин деп жакшы келин болгонго колдон келген аракетимди жумшап жаттым.

Баш кошконубузга жыл айланса да боюмда болгон жок. Кайненем анда-санда “курсагыңда бир нерсе барбы?” деп сураганы болбосо, көп деле тынчымды алган жок. Айтпаса да неберелүү болгусу келип тургандарын айттырбай түшүнөм. Төрөбөгөнүмө үчүнчү жыл айланып баратканда күйөөм экөөбүз болгон дарыгердин эшигин тешип, жазып берген анализдеринен өтүп, дарынын түрүн ичип жаттык. Акчанын көзүн карабай дарыланганда уккан сөзүбүз “экөөңөрдүн тең ден соолугуңар жайында, тилегиле” дегендери болду. Бул жолу мага жыл эме, ар бир ай эсепке алына баштады. Этек кирим келген сайын көз жашымды жаздыкка төгүп таң атырам. Эртеси эки көзүм муштумдай болуп шишип, кабагым салыңкы кызматымды кылып жүрө берем. Күйөөм менен баланын айынан урушуп-талашкан учурларыбыз көбөйүп баратты. Кээде чөп чаптыргандар менен кошулуп кызып келип үйдү үч көтөрүп кыргын салган күндөрү болду. Андайда “булардын үй-бүлөсү бузулуп кетпесин” деп кайненемдер билген кеңешин айтып, уккан эмчи-домчуларына жөнөтөт. Андан деле жыйынтык болбоду. Бир чети “Кудай бербеген баланы эмчилер этегиме салып берет беле” деп көңүлдөнгөнүм жок. Качан, кимдер болуп чечим чыгарганын билбейм, бир ирет кайненем:

— Балдарым, минтип жүргөнүңөр болбойт. Баласыз үй мазар экенин өзүңөр көрүп жатасыңар. Бала багып алгандан өтөрү жок. Жакшы тарбия берип, түбөлүгүн түз кылса, ал деле каныңардан жаралган баладан кем болбойт. Минтип отурсаңар эки күндүн биринде уруша берип үй-бүлөңөр да бузулат, бизди да кууратасыңар,- деди.

“Баланы таежелериң караштырып, ылайыктап жатыптыр, ылайыгы келгенде уулбу, кызбы, кимди таап берсе да бага бергиле, артынан бала жетелеп келгиси бардыр”,- дейт кайнатам кубаттап. Күйөөм экөөбүз жер тиктеп тим болдук. Айла канча, өзүбүзгө бербесе өзгөнүкүн деле баккандан качпайбыз дедим. Бир чети “бала артынан баланы ээрчитип келет” деген сөз үмүтүмдү жандырып турду.

Ошентип, тагдырдын буйругу менен балканактай уулдуу болдук. Кызыл эт кезинен алган ымыркайдын ата-тегин, энеси ким экенин сүрүштүргөнүбүз жок. Бир билгенибиз, энесинин бизге доосу жок. Жанарбек көзгө сүйкүмдүү, кылыгы менен кубандырып бой жетип келе жатты. Кичине болсо да үйүбүзгө кубаныч кирип зарна басты болуп калдык. Бирок күйөөмдүн ичимдикке болгон берилүүсү күчөп келе жатты. Айылдагы теңтуштарына “жээнтек бузуптур”. Арасынан бирөөсү оозуна ээ боло албай “тим эле аялың Манас тууп салгансып жээнтек бузуп жатасың” деп тийишкен экен. Ал жерден чычалап мушташа кетиптир. Аракка чала тоют болуп келип талаадан топтоп келген жинин менден чыгарды. Ичип алып элдин аялдары арты-артынан төрөп, тукумун улап жатканын, өзүнүн болсо таалайы тайкы экенин айтып ыйлап, түнү менен эзген учурларына да аргасыз чыдап жүрдүм. Менин мындай жашоомдон төркүнүмдүн кабары жок эле. Бир ирет апам шаарга жумуштап келиптир. Мага учурашайын деп айттырбай келип көзүмдүн көк аласына, санаа тарткан кер сары жүзүмө күбө болду. Чай үстүндө сустайып отуруп:

— Кудагый, кызымды төрөбөйт деп жеригениңерби? Кудай алты жылдан бери айтпаган баланы эми айтат беле?! Багып алган бала деле үй-бүлөнү бекемдей албайт экен. Ичиме баткан бала сыртыма да батат, кызыбызды кор кылбай бергиле, уулуңарга төрөй турган аял алып бергениңер оң,- деди. Апам ачууланса бир далайга албууттанып, ээ бербеген адаты бар эле. Ансыз деле күйөөмдүн кыялынан, арагынан чарчап ичимден апамдын айткандарына макул болуп турдум. Ошентип, турмушумдан ажыраштым. Үч жыл бою түн уйкудан калып баккан Жанарымды мага беришкен жок. Кайын журтум бир жактан, апамдар экинчи жактан жаалап жатып бала күйөөмдө кала турган болду. Бул чечим мен үчүн оор болсо да кабыл алууга аргасыз элем.

***
Шаарга батирге чыгып көп жылдан бери иштебеген цехке кайра кирдим. Башында колум көнбөй, аз айлык айлып өп-чап жашоодо жүрсөм, кийин бат эле жашоомду тыңдап алдым. Кайда болсоң да кара башыңды багуу оңой экен. Кайын журтумда калган балама таттуу, кийим-кече кылып салып жиберем. Кайненем мени үмүттөнүп жүрөт деп кабыл алдыбы, бир ирет салган кийим-кечемди кайра өзүмө кайтарып:

— Балам, бизге жаман бүлө болгон жоксуң. Сага ыраазыбыз. Бирок экинчи байланышчу болбо, балабыз жаңы турмуш курду, келиндин боюнда бар,- деди. Күйөөмө эч кандай сезимим болбосо да, балам менен байланышта болгум келчү. Арадан жылдар өтүп экинчи ирет турмуш курууга бел байладым. Бир чети жалгыздык жаныма батса, экинчи жагынан эне болуу бактысынан куру калгым келген жок. “Балким, бул жолу боюмда болоттур” деген үмүткө алданып турдум. Өзүм теңдүү, биринчи никесинен эки баласы бар эркекке башымды байладым. Аялы менен ажырашып кеткени менен, балдарынан кабар алып, каралашып турат. Ал курулушта, мен цехте иштеп тапкан акчабыз менен кичине болсо да үйлүү болдук. Бала дегенде ак эткенден так этип тапкан акчабыздын көп бөлүгүн доктурларга жумшап жаттык. Бир нече жыл мурда айткан жообунан танышкан жок. Баары жайында, күткүлө дешет. Бул күйөөмдүн айырмасы, мени бир да жолу төрөбөйсүң деп зекиген жок. Санаамды төң бөлүшүп, жылуу сөздөрү менен жубатып турчу. Ал тургай туугандарымдын ичи-коюнуна кирип жатып инисинин баласын багып алууга көндүрдү. Кайним бир балалуу болгондон кийин Орусияга иштегени кеткен. Барары менен келинчегинин боюнда болуп калган экен. Кайын журтум атайын жыйынга чогулуп, келиндин тилин таап ал баланы бизге беришмей болду. “Каныңар бир болгон соң кимиңер багып чоңойтконуңардын айырмасы жок. Зарина балаңды сенден кем эмес чоңойтуп алат. Кийин эки үйдүн ортосунда ойногон эрке жигит болот”,- деп кайненем жогорудагы ойду бекемдегенсиди. Бул ирет кичүү келиним качан көз жарат деп күн санап, анын курсагында жаткан бала менин жүрөгүмдүн алдында согуп жаткандай сезим менен жашадым. Өкүнүчтүүсү, бул жолу да тилегимди таш капты. Кайним менен келинимдин ортосунда эмне сөз болгонун билбейм, боюндагы баласына 7 ай болгондо үйгө кайтып келмей болушту. Кайненем “бул жактан эле иштешет, келин баласын бербейм деп жатат” деген кабарынан кийин эки күн бүк түшүп ыйлап жаттым. Аларга таарынычым чоң эле. Бергиси келбесе эмнеге башында мага үмүт беришет? Шагым сынып, өзүмдү таштап салдым. Ошол окуядан кийин кайын журтума өзүмдөн-өзүм сыртымды салып муздап калдым. Мындай өзгөрүүмдү күйөөм да, кайним менен кайненем да сезишти.

***

Бир ирет социалдык тармактарды барактап жатып бир кыздын катына көзүм түштү. Айтымында, бара турган жери жок, кош бойлуу экен. Боюнда болгондо жигити алдап таштап кетиптир. Алдырганга дити барбай, мага окшогон баласы жокторго төрөп берип кутулсам деп жүрүптүр. Ошол келинге эмнегедир чап жармаштым. Күйөөмдүн ары-бери жагынан чыгып жатып аны үйгө алып келип багууга көндүрдүм. Мен элестеткенден да жакшынакай кыз экен. Үчөөбүз башында эле макулдашып алдык. Баланы өзүм төрөдүм кылмай болдук. Ичим тиги кыздыкы менен кошо “чоңоюп”, эч кимге сыр алдырбай жети ай жүрөм. Экөөбүз төрөт үйүнө чогуу барабыз. Мен коңшу бөлмөдөн “толготуп көз жарам”. Кыз аман-эсен көз жаргандан кийин баланы эмизбей туруп мага берет. Наристени күйөөмдүн наамына каттатып, төрөт үйүнөн чыгып келем. Ал эми тиги кыз тыңыгандан кийин жашообуздан ошондон ары жок болот. Мындай эрдиги үчүн күйөөм экөөбүз ага угузбай тымызын акча чогулта баштадык. Баланын, төрөттүн чыгымына керек дедик. Анын үстүнө тиги кызды ыраазы кылып колуна акча берип кетиргим келди. Жумуш таап, иштеп кеткиче жанын багып турсун дедим. Бул менин кыялымда түзүлгөн идеалдуу план эле. Бир чети кайын журтумдун көзүнө көрүнгүм келди. “Сага берген баланы Кудай мага деле берди” деп абысынымдын жүзүнө тик багып карагым келген. Кыздын айтымында, ата-энеси боюнда болгонун укканда андан баш тартыптыр, жигити изин сууткан бойдон экинчи пайда болбоптур. Өзү орто кесиптик окуу жайды бүтүп, шаардагы тамактануучу жайлардын биринде иштечү экен. Боюнда болгон күндөн баштап дарыгердин көзөмөлүнө турбаптыр, УЗИге да түшпөптүр. Өзүм жашаган аймактан тааныш дарыгер таап сиңдим болот деп каттоого алдырдым. Курсактагы түйүлдүк жакшы чоңоюп жатканын билгенде сүйүнүп да алдым. Ошол күндөн баштап менин жаңы жашоом башталды. Өзүмдөн-өзүм кудуңдап сүйүнөм, үйгө батпайм. Базар араласам баланын кийимин ылайыктап ала берип жыйып койгом. Кызга жер-жемиштин түрүн алып берип, ою менен болуп жаттым. Балам эч нерседен кем болбошу керек деп бир гана ошол кыз үчүн жан үрөп иштеп калдым. Ооба, баланы оюмда эбак энчилеп алгам. Курсагы чыккан сайын сылагым келип, араң карманам. Бул учурда күйөөмдө кандай сезим болуп жатты билбейм. Бир-эки ирет ал “Зарина, өтө эле берилип жаткан жоксуңбу?” деди. Анын айткан акылын кулагымдын сыртынан кетирдим. Мен үчүн убакыт байланып бир орунда тургансып жатты. Эртерээк көз жарып баланы боорума кыссам, менден өткөн бактылуу жан болбойт эле. Наристенин деми, жыты менин көп жылдан бери көкүрөгүмдө толуп келген арманымды, азабымды жууп кетмек. Алты ай өткөндөн кийин толук текшерүүдөн өтүүгө камындык. Баары жайында, акырында УЗИге түшкөндө эгиз балдар экенин көрсөттү. Көргөн көзүбүзгө ишенбей дагы кайталап түштүк. Бир уул, бир кыз экен. Мындай бурулушка үчөөбүз тең даяр эмес болчубуз. Кудайдын бергени ушул экен деп сүйүнүп жаттым. Бирок ошол күндөн тартып кыздын кабагы салыңкы, ой басып эле калды. Мурдакыдай ачылбаганын мен денесинин оор тартып, төрөтү жакындап калганына боолголодум.

Адатта жумуштан күйөөмдөн эрте келчүмүн. Үйдө эч ким жок, ачык туруптур. Кызды жакын жерде сейилдеп жүргөн го деп ойлодум. Көпкө келбегенинен санаам тынбай издеп көчөгө чыктым. Жүрөгүм жамандыкты сезип, үйгө кирип кийимдерин карасам жок! Буюм-тайымдары салынган баштыгы да көзгө илинген жок. Качканын айттырбай түшүндүм. Балага арнап алган кийимдерди да ала кетиптир. Акча ордунда турат, ага тийбептир. Эсим ооп отуруп калдым. Эмнеге? Туура эмес сүйлөп капа кылдымбы? Мамилем ойдогудай болбой калдыбы? Бир нерседен кем болдубу? Же жигити менен элдешип, ата-энеси кабыл алдыбы? Түркүн ойлордон мээм чыңалып чыкты. Бул окуя жаман түш сыяктуу, андан ойгонгонго аракет кылып чабалактап ыйлап жаттым. Жолдошум келгенде менин кебетемден эле баарын түшүндү. Кызды издеп таппадык. Акырында эгиз балалуу болорун билип тоодой бакытты бизге ыраа көрбөгөнүн билдим. Ыйладым, тагдырыма наалат айттым, өзүмдү, айланадагыларды жек көрдүм, таарындым. Бирок бул жолу да ачуу чындыкты кабыл алууга аргасызмын. Эки жолу эне болом деген тилегим таш каап, кайра эле коколой башым калды. Күйөөмдүн багын байлабайын деп коё бергем. Балким, ал кайрадан турмуш куруп, азыр үчүнчү ирет ата болгондур. Мындан аркы жашоомдо турмуш курбайм, бала дебейм деп чечтим…

Зарина, Бишкек шаары

СоӊкуСюита Соурбаева: Мени катуу жетекчи деп баалашат
КийинкиТалант Жантелиев, бир тууган агасы: Ден соолугуна маани бербей жүрүп алды