Негизгиге Адамга адам тирек Элнура: Эки кызымды таштап өлүмгө моюн сунгум келбейт

Элнура: Эки кызымды таштап өлүмгө моюн сунгум келбейт

417

Элнура: «Эки кызымды таштап өлүмгө моюн сунгум келбейт»

Элнураны жолдошу таштап кетип, эки кичинекей кызын өзү тарбиялап келет. Жаштайынан жетим калып, өгөй апасынын кордугун көрүп чоңойгонуна байланыштуу балалыктын жыргалын деле көрбөй өскөнүн айтат ал кейип. Эми кыздарын жакшынакай тарбиялап, өз арабасын өзү түртүп келатканда анын башына дагы бир оор сыноо келди. Жакында врачтар баш мээсинде шишик бар экенин, ал күн санап өсүп жатканын кабарлашкан. Учурда Элнура жашоо үчүн күрөшүүнү чечип, кайрымдуу элден жардам сурап жатат.

«Балалыгым өгөй эненин каарын көрүп жүрүп өттү»

— Менин атым Элнура. Чүйдүн Сокулук районунда 1993-жылы төрөлгөм. Мен үч жашка чыкканымда апам төрөттөн каза болгон экен. Мен анда кичинекеймин да, апамдын өлүп калганын деле элес албаптырмын. Кийин чоңойгондо анын кайгылуу өлүмү тууралуу атамдан, туугандарымдан уккам. Кийинчерээк атам үйлөнүп, өгөй апалуу болдум. Өгөй апа өз ападай болобу, кенедей болуп туруп анын каарына калдым. Шордуу адам аягына чейин шордуу болобу, түшүнбөйм, менин башыма мындан дагы оор күн келип, беш жашка чыкканымда атам автокырсыктан каза болуп калды. Ошондо өгөй апамдын мага көрсөткөн кордугу мурункудан да күчөдү. Мектепте окуп жүргөндө эле Сокулуктан келип Бишкектеги ЦУМдун астында дайыма жүгөрү сатып иштечүмүн. Өгөй апам таң эрте кыйкырып ойготуп жумушка салчу, акчасын болсо өзү алар эле. Ошентип жүрүп мектепти деле илең-салаң окуп, 9-классты эптеп бүттүм. Жогорку окуу жайда билим алуу деген нерсе кыял боюнча кала берди. Тиги апам менен такыр тил табыша албайм, үйдө күндө уруш-жаңжал, кээде көк ала койдой кылып сабап коюп дагы жүрдү. А мээрим көрбөгөн бала ошол бойдон мерез болуп калат турбайбы, жашоо жалаң гана азапка толгондой эле туюлчу мага.

«Алданып эле турмушка чыгып алыптырмын»

— 16 жашка келгенде бир жигит менен таанышып калып үй-бүлө курууну чечтим. Өгөй апам ушуну эле күтүп тургандай сүйүнүп мени күйөөгө узатты. Күйөөгө чыксам эле бардык кордуктан кутулчудай сезилчү мага. Ушул адам менен бактылуу болуп, жашоомо өзгөрүү киргизем деген оюмду бул жолу да таш капты. Жолдошум менин расмий никеге туралы деген сөзүмдү эмнегедир уккусу келчү эмес. Анысына да мейли деп жашай бердим. Кудай буйруп эки кыздуу болдук. Батирде жашасак дагы башында жашообуз жакшы эле болчу, кийимибиз бүтүн, жеген тамагыбыз бар, баягыдай өгөй эненин заары жок дегендей. Өзүмдү бактылуу сезип жүргөн ошондой күндөрдүн биринде жолдошум үйгө келбей койчу адат тапты, бир күнү келсе, экинчи күнү жок. Кийинчерээк бир айлап, эки айлап жок болуп кеткенге өттү. Чалып сурасам ар кайсыны айтып кутулуп кетет. Көрсө, бизден башка дагы үй-бүлөсү бар экен. Ошондуктан ажырашып кеттик. Кыздарына алимент төлөп туруусун айтсам, так кесе эле «жок, төлөбөйм, эч нерсе кыла албайсың, анткени биздин никебиз жок» деп койду. Ошол кеткен бойдон бизге экинчи кайрылып келген жок. Кыздарымдын улуусу азыр 2-класста окуйт. Кичүүсү 8 айга толду. Улуу кызым кичинесинен гипоксия менен жабыркап дарыланып жүрүп, кийин талмасы кармап жыгылып калып жүрдү. Азыр бул оорусу бат-баттан эле кармай берет. Оорусуна байланыштуу толтура дарыларды ичет. Кызымдын дарысы, ижара акысы, дегеле эки баламды багыш үчүн, жашаш үчүн жан талашып иштей баштадым. Кандай гана жумуштарда иштеген жокмун. Кийинчерээк бир тааныш эженин кеңеши менен «Дордой» базарынан дүңүнөн косметика сатып алып аны базар кыдырып сатып иштөөгө өттүм. Кыздарымды таштай турган эч кимим жок болгондуктан бирөөнү жетелеп, бирөөнү көтөрүп алып жүрчүмүн. Мындан үчөөбүздүн күнүмдүк тамак-ашыбызга жетчү каражат таап койчумун. Кийинчерээк базардагылар мени жаман көрүп «шалбырап эки балаң менен эмне жүрөсүң, үйдө эле отура бербейсиңби» дей башташты. Алардын деле айтканы туура бир чети. Бирок алар менин аргасыздан ушинтип жүргөнүмдү кайдан билишсин?! Иштеп жүрүп үйгө араң алган оокаттарым бар эле. Азыр батирдин акчасын төлөй албай, аларды четинен ижара акысынын ордуна үйдүн кожоюнуна берип жатам.

«Кыздарым болбосо өлүп калсам мейли эле…»

Кээде башым чыдатпай ооруп калчу. Андайда депрессия болгонумдан улам ооруп жатса керек деп такыр маани берген эмесмин. Ооруну басаңдатуучу дарылардан ичип коюп эле жүрө берчүмүн. Убакыттын өтүшү менен ооруганы катуулай баштады. Чыдатпай ооруганынан доктурга көрүнүүнү чечип, томографияга түшсөм, башымда 7 сантиметрлик шишик бар экен. Алгач врачтар жазып берген дарылануу курсун алгам. Бир айдан кийин кайра текшерилсем баягы шишик дагы эки сантиметрге өсүп кетиптир. Ошондо анан врачтар шишик токтоосуз өсүп жатканын, тез арада операция кылыш керек экенин эскертишти. Операциянын жалпы чыгымын эсептетсем, жыйырма миң доллардай акча каражаты сарпталарын айтышты. Анын үстүнө мындай операция Кыргызстанда эмес, Орусияда же Түркияда жасалат экен. Бул кабарды угуп алып кайгым эки эсе көбөйдү. Балким, эки кызым болбогондо өлүп калсам мейли деп жүрө берет белем, бирок кыздарымды эстесем жашагым келет. Ал эми мынчалык көп суммадагы акчаны мен жалгыз ушундай абалым менен күнү-түнү иштесем дагы таба албасым анык. Томолой жетим кызмын, ата-эне, бир тууган деген менде жок. Апамдын туугандары бар. Бирок алар деле өз оокаттары менен алек. Атам болсо жетим бала болгон. Ошондуктан айлам жоктугунан элге кайрылууга туура келип жатат. Ооба, меникиндей тагдырга туш болгондор көп. Ошолордун бири деп коюшу мүмкүн кээ бирлер. Бирок мен жардам берчү адамдар чыгат деп терең ишенем. Балким, колунда бар адамдар аздан болсо дагы жардам беришсе, дарылануума каражат чогулуп калар. Ушундай жаш туруп өлүмгө моюн сунгум келбейт. Кыздарымды аман-эсен чоңойтуп, татыктуу тарбия, билим бергим келет. Кыздарымдын мендей болуп запкы көрүшүн каалабайм…

Элсом: 0508 26 12 19

Асел Эсенбек кызы

 

СоӊкуАрыктоо үчүн туура тамактануу
КийинкиЭрлан Андашев: Көөдөндөн чыккан обондор Америкада да тынчтык бербей койду