Негизгиге Интервью Эмил Джусупов: Ар бир эне апам сыяктуу үмүт артат

Эмил Джусупов: Ар бир эне апам сыяктуу үмүт артат

61

— Эмил мырза, кыргызда “Эр тагайын тартат” деп бекеринен айтпаса керек, илимде да бул далилденип жүрөт. Демек эр жигит апасынын генин, атасынын тукумун улантат. Ошол сиз генин алып жүргөн асылзат айымдан маегибизди баштасак.

— Апам абдан чечкиндүү, бир ишти баштаса болот же болбойт деп так сүйлөгөн, тартипке бекем, тарбияга аскер адамындай катуу, ошол эле учурда абдан мээримдүү, анан калыс инсан. Атам сабырдуу, ызы-чууга, той-топурга көп аралаша бербейт. Атамдын эң өзгөчө сапаты — токтоолугу, кандай жагдай болбосун, акыл-эсин топтоп, анан чечим чыгарат. Үйдө апам аял кишиге тиешелүү, же үй-бүлөдөгү маселелерди өзү жайгарып, бирок акыркы чечим атам тарабынан чыгып, чекитти атам коёт.

— Лидерлик сиздин каныңызда барбы? Же турмуш, ишкерликтеги өйдө-төмөн жол лидер кылып тарбияладыбы?

— Бул чоң атамдан калган белек. Ал киши сөзгө бек, ар дайым унчукпай угуп, бирок өз оюнан кайтчу эмес, башкаларды ээрчите алчу. Мен кичинекейимен эле өжөр болчумун, менин айтканым аткарылмайын бир күдүк жүрөгүмдү өйүп туруп алчу. Эсимде, кекилик кармайм деп кетип, кечке чейин көгөрүп жүрүп эки кекилик көтөрүп келгем. Менимче, лидерлик бирөөгө чокчоңдоп бий болуу эмес, оболу өз сөзүңдүн, максатыңдын өтөсүнө чыгуу, башкаларды ошо максатыңа ынандырып, ээрчите билүү, ишке ашыруу.

— “Эмаком” компаниясын кантип негиздеп калдыңыз? Жаш ишкер катары ийгиликке тез жетүүгө эмне себеп же түрткү болду?

— Мен кесибим боюнча юристмин. Бул кесипти тандоомо агам Мелис себепкер болду. Адатта кичүүлөр улуусун идеал тутушат эмеспи. Агамды көрүп юрфакка тапшырып, кесибим боюнча бир аз иштеп, андан соң Бишкекке кеттим.  Бишкекте “КЖ Групп”, “Авангард” сыяктанган компанияларда көп кабаттуу үй алып, бригада салып 5-6 жыл иштедим. Бул тармакты түшүнүп, ишти алып кете аларыма көзүм жетип калганда гана компания ачтым. Бул тобокелге баруу эле, корккон жокмун.  Элди жумуш менен камсыздап, чоң суммадагы акчаны айландыруу чынында кооптуу кадам. Компанияны ачып, ишим жүрүшүп, жолго салынып баштаганда Мелис агамды чакырдым. Агам өз ыктыяры менен жумушунан бошоп, ишиме жардам берүүгө келди.  Мындай жагдайда жакшы команда, ишеничтүү адам керек. Чоң акча айланып жаткан жерде досуңа же башка жакын адамыңа караганда бир тууганыңа гана толук кандуу ишене аласың. Учурда мен Бишкекти, Мелис акем Ошту, менден кийинки иним Эрлан Жалал-Абад, Кызыл-Кыяны тейлейт. Андан сырткары өзүбүздун жакын туугандарыбызды да жумушка тартканбыз.

— Шайлоого чоң саясатчылар тиш салып жатат. Атаандаштыкка, интригага, ушак-айыңга туруштук бере аласызбы?

— Шайлоо бул тандоо, ишеним. Өзүнө ишенген адам эч кандай интрига, кара пиарга барбайт. Бизге интрига жасап, бут тосушса — ал алардын көйгөйү.

— Учурда жаштар келе жатат, жаңы жүздөргө жол берели деген чакырыктар ташталып жатат. Ошол жаңы жүздөр чын эле жаңы жаратууларды, кадамдарды жасай алышат деп ишенесизби?

— Дубайдын негиздөөчүсү шейх Рашид: “Менин чоң атам, атам төөдө жүргөн, а мен Мерседесте, уулум Рендж Роверде жүрөт, бирок менин чеберелерим төөдө жүрүп калат. Анткени катаал замандар күчтүү адамдарды, ошол күчтүү адамдар жакшы заманды жаратышат. Ал эми жакшы заман алсыз адамдарды, алсыз адамдар болсо катаал заманды түптөшөт” деген экен. Биздин муун кыйын учурда төрөлүп, оор учурду башынан кечирди, бизде шатыра-шатман жаштык, эркелеген балалык дээрлик болгон жок. Демек, биз катаал замандын балдарыбыз, күчтүү болууга аргасыз болгон муундун өкүлүбүз. Ошол күчтүү муун жакшы заманды жаратат деп ишенем. Анан башкысы адамдарда, күрөшкө бел байлап жаткан бизде ИШЕНИМ болуусу керек. Бир икаяны айтайын; Бир доордо абдан кургакчылык болуп, эл мечитке чогулуп жаан тилеп Кудайга сыйынмак болушат. Болжонгон күнү баары мечитке чогулат. Сыйынууну баштаарда капилет эшик ачылып, колуна кол чатыр кармаган өспүрүм кирет. Баары бир ооздон кол чатырдын эмне кереги бар деп сурашат. Өспүрүм “биз Кудайдан жаан сурап сыйынганы келдик го” деп жооп берет. Адамдар бири ууртунан мыскылдуу жылмайса, бири ийнин куушурат да сыйынууну башташат. Сыйынуу бүтөрү менен кол чатыр көтөрүп келген бала сыртка ушундай бир ишеним менен кадам таштайт. Шашып эшикти ачканда жамгырдын шатыраган добушу менен кошо аңкыган жыты мечитти каптап кетет.  Бул — ишеним! Көрдүңүзбү, бир эле адамдын таза, чын пейилден болгон ишеними көп нерсени өзгөртөт. Эл ниетин оңдоп, “акчасын ала берейин, баары бир эч ким мамлекетти оңдобойт, дагы эле жегичтер келет” деп ишенсе ошондой болот. Эгер “жок, мен акчага добушумду сатпайм, таза, иштей турган жаштар келет” деген ишеним менен шайлоого барса, анда ошондой жаштар, талапкерлер келет.

— Колуңуздарда иштеп кеткендер өздөрүнчө компания ачкан учурда, бизге атаандаш болуп калды деген ой болобу?

— Жок, болбойт, тескерисинче кеңешибизди берип, колдон келсе колдоп коёбуз. Ырыскы дөөлөт, ооматты Кудай берет, бирөөнүкүн бирөө тартып ала албайт.

— Сизде бекем кармаган принциптер барбы?

— Алдыга койгон максатынан такыр кайтпоо керек деген принцип менен жашайм. Бир туугандарым, ата-энем “Шайлоого кийинки чакырылышта катыш” дешти, макул  болгон жокмун. Алар дароо менин чечимимди сыйлап, кандай шартта болбосун колдоого даяр болуп, ата-энебиз менен ак жол тилешти.

— Баш тарта албаган жагдай барбы?

— Мени биздин үй-бүлөдөгү эң баласаак ата дешет. Балдарымдын эле эмес, деги эле баланын суранычынан баш тарта албайм, кийинкиге жылдырбайм. Бош убактым болсо эле балдарым менен алек болом.

— Сиздердин үй-бүлөдө баалуулук эмне?

— Баалуулук – үй-бүлөдөгү биримдик.  Кээде байкап калам, башка үй-бүлөлөрдө көбүрөөк акча тапканына башкача, азыраак акча тапканы башкача мамиле болуп калат. Бизде ар кимдин өзүнүн орду бар. Бир туугандар арасындагы мамилебиз, ордубуз акча менен эмес, улуулук сый, бир туугандык мээрим, ынтымак менен өлчөнөт. Агам агалык ордунда, иним ини катары, карындашым карындаш катары өз ордун билет.

— Депутаттык сиз үчүн эмне?

— Депутаттык биз үчүн элге пайда  берүү, элдин жүгүн көтөрүү, ишенимин аттабоо. Менин апамдай эле ар бир эне эртең заман оңолуп, балдарыбыздын келечеги жакшы болот деп үмүт артып, бизге ишенип отурат. Кеп ушул жүктү, ишенимди көтөрүп кете алабызбы, мына ошондо. Бизнесиңерди калкалоо үчүн баратасыңар деген сөздөр да айтылат. Агам азыр шаардык кеңештин депутаты, эч кандай бизнеске жардамы тийгенин байкабадым, биздин бизнестин азыркы жумушубузга тиешеси жок. Тескерисинче, жумуш, жоопкерчилик көбөйдү, мойнуна көбүрөөк жүк илинди, менде да ошол түйшүк алдыда турат.

— Эмнеден коркосуз?

— Кудайдан, элдин аманатынан корком.

— Эмнеге баш ийбейсиз?

— Биринчиден акчага. Кээ бир адамдарда акча чөнтөгүндө эмес, башында жүргөнүн көрүп жакамды кармайм. Ден соолук болсо, өмүр болсо акчаны адам табат.

Экинчиден адилетсиздикке баш иймек түгүл чыдап карап тура албайм.

Эмнени кечирбейсиз?

— Аркадан келип бычак урган адамды.

— Кимге карыз, кимге милдеттүсүз?

— Энебиздин алдында ак сүт, атамдын алдында аталык мээнет, Кудайдын алдында  жарыкчылык карыздарбыз. Буюрса, депутат болуп калсам элдин жүгүн көтөрүүгө жана салып жаткан үйлөрдү элге сапаттуу тапшырууга милдеттүүбүз.

Маектешкен Айжаркын Эргешова

“Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

СоӊкуНазгүл Узбекова: 100 тонна сөөлжан чыгарайын деп жатам
КийинкиРысбай Аматов: Шайлоочуларымды эч качан куру убада менен алдаган эмесмин

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here