Негизгиге Пайдалуу кеңеш Фольга кагазын ар кандай максатта колдонуу

Фольга кагазын ар кандай максатта колдонуу

503

Фольга кагазын ар кандай максатта колдонуу

Сиздин үйүңүздө да фольга кагазынын орому болсо керек. Бирок аны
духовкада тамак-аш жасоодо гана колдоносуз. Көрсө, фольга кагазы
тиричиликтеги универсалдуу буюм экен. Аны ар кандай максатта
колдонууну биле жүрүңүз.

Жумуртка куурууда

Эгер жумуртка кууруган сайын көмөчказанды жууй бергенден тажасаңыз,
ага чекелерине чейин фольга кагазын төшөңүз да, анын үстүнө
жумуртканы чагыңыз. Мында, биринчиден, жумуртка күйбөй куурулат,
экинчиден, көмөчказаныңыз таза бойдон калат.

Кийим жууда

Кийим электрлешип, чач, майда пырларды өзүнө тарта бербеш үчүн
аларды жууганда кир жуучу машинанын барабанына фольгадан бир нече
катуу тоголокчолорду жасап, салып коюңуз.

Жашылча-жемишти жаңы бойдон сактоодо

Жашылча-жемиштерди фольгага ороп туруп муздаткычка салсаңыз, эки
жумага чейин өзүнүн баштапкы калыбын жоготпой тура берет. Ал эми
банандын сабагын гана ороо керек, ошондо ал жайыраак бышат.

Чоргону тазалоодо

Эгерде үйдөгү чоргоңузда даттын тактары пайда боло баштаса, андан
арылууга бул жөнөкөй ыкма жардам берет: фольганын кичирээк бөлүгүн
“Кока-Кола” суусундугу менен суулап, аны менен чоргону сүртүңүз. Андан
соң жумшак чүпүрөк менен аарчып коюңуз.

Идиштин майынан арылууда

Идиштин майын таза кетирүүдө сизге фольгадан жасалган жумшак
тоголокчо керек. Ал көмөчказандын, мискейдин, казандын жана башка
идиштин сыртына сиңип калган майды оңой эле кетирет. Ошол эле
учурда идиште эч кандай чийик, так калтырбайт.

Күмүштү тазалоодо

Адегенде кичинекей идишке фольганы каптаңыз. Күмүш буюмдарыңызды
анын үстүнө салып, аларды көмгүдөй кылып содадан салыңыз. Үстүнө
кайнак суу куюңуз да, реакция бүткүчө күтө туруңуз. Тактап айтканда,
соданын шуулдашы 10 мүнөттөй убакытка созулат. Ушундан кийин
буюмдарыңызды алып чыгып, таза чүпүрөк менен кургата аарчыңыз.
Мындай ыкма кымбат баалуу таштар менен кооздолгон күмүштөргө
жарабайт.

Кайчыны курчутууда

Фольганы 4кө бүктөп, аны кайчы менен 8-10 жолу кыркыңыз. Эгерде
кайчы чоң болсо, фольганы дагы бир нече жолу бүктөңүз. Мындай ыкма
кайчыны дат басуудан арылтып, курчутат.

Ысык менен сууктан коргонууда

Эгерде терезенин айнегине фольга кагазын саптап койсоңуз, ал күндүн
нурун күчтүү чагылдырат. Ал эми күн суукта фольга кагазын жылытуучу
батарейкага жайып койсоңуз, бөлмөңүз жылуураак болот.

СоӊкуБийчи Наргиза Момунтаева: Балдарым турмушка чыгууга көндүрүштү
КийинкиКедейчиликте жашаган миллиардерлер