Шок жаңылык! Мен бул тирүүлүктө өзүмдү капа кылбай жашаган кызмын. Өзүмдү өтө сүйөм, бирок үй-бүлөм жөнүндө эч нерсе айтпайм, ал менин жашоом. Бул жаңылык көптөрдү кызыктырып жүргөнүн билем, бирок калп-чынын биле албай, так жооп ала албай жүргөндөр өтө көп. Ооба, сүйүнчү, Аллахымдын буйругу менен кош бойлуумун. Кубанычымда чек жок. 5-6 айлык болгуча жашырып келдим. Бирок курсагым чоңойгон сайын жашыра деле албай калат экенсин…
Ырчы, алып баруучу, куудул Гүлжайна Атаканованын социалдык тармактагы мындай билдирүүсү көпчүлүктүн талкуусун жаратты. Ырчы айым учурдагы бактылуу кезин бизге төмөнкүдөй айтып берди.
— Гүлжайна айым, жакшы жаңылыгыңыз бар экен. Бул күндү канча жыл күттүңүз?
Өткөн жыл жалпы адамзат үчүн оор, сыноо көп жыл болду. Ага карабай мен үчүн жакшы жыл болду деп айта алам. Себеби, кайрадан эне болуу бактысын мен он беш жыл күткөм. Биринчи жолу УЗИден “апа болосуз” дегенди укканда жүрөгүм башкача согуп, көзүмө жаш айланып башкача толкундандым. Аны эми сөз менен сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Кудайга миң мертебе шүгүрлөрдү айтып, жакамды кармап тобо келтирдим. Менин кош бойлуу экенимди билген жолдошум, кызым, жакындарым абдан кубанып турган кези. Анткени алар мен дарыланып баштаганда эле баарынан кабардар болушчу.
— ЭКО кылдырган экенсиз, бир эле жолу процедура кылдырганда боюңузда болдубу? Сурайын дегеним, көбү сиз кылган клиникага нааразы экен?
Биринчи ниетти туура коюу керек го дейм. Баары Кудайдын буйругунан, ал буйрук кылган болсо гана каалаганың орундалат. Көп дуба окуп, сурануу керек. Меники бир эле жолку процедурадан кийин болду. Мындан аркы тилегеним, баламдын он эки мүчөсү түгөл, алты саны аман, ден-соолугу, өмүрү, бактысы, ыйманы менен берсе экен деп атам. “Туулганына эмес тураарына сүйүн” дегендей боосун бек кылсын. Клиникада мага деле “жүз пайыз кепилдик бере албайбыз, баары Кудайдан” дешти. Ар бир аялдын ден-соолугу ар башка да. Нааразы болгондор болсо болгондур.
— Боюңузда бар экенин мындан ары деле сыр бойдон сактасаңыз болбойт беле?
Сыр кылып сактагым деле келген жок. Жогоруда айткандай ичиң чыккандан кийин жашыра деле албай каласың. Анын үстүнө клиника мага чоң арзандатууларды кылып бергендиктен аларга салымымды кошуп жарнамалап бердим.
— Биздин коом ЭКО жолу менен кош бойлуу болууну кабыл ала элек экен. Кылдыраарда көпкө ойлондуңузбу?
Буга чейин кылдырып көргөн эмесмин. Көпкө деле ойлонгон жокмун, башка жол жок болчу. “Эл эмне дейт” деп ойлонуп отуруп жашоодон артта калгым келбейт. Мага эч ким баласын бербейт, берген күндө да бирөөнүн баласы бирөөгө бала болуп бербейт. Андыктан өзүм төрөп, үй-бүлөмө бакыт алып келүүнү чечтим.
— Кош бойлуулугуңуз кандай өтүп атат? Лыжа тепкенден кооптонгон жоксузбу?
Лыжаны акыркы үч жылдан бери жакшы эле тээп калдым. Этияттап жыгылбай, өзүмдү аяп эле атам. Тоого чыгып, эс алгым келип туруп алды, баш тарта алган жокмун. Ошентсе да он беш жыл аралык оңой эмес экен. Талгагым катуу болду, абдан кыйналдым. Алгачкы эки ай жолдошумду көргүм келбей, ачуум чукул болуп атты. Жиним келсе эле күйөөмдөн чыгарып аттым. Кийин бир аз жеңилдегеним менен азыр деле талгагым кете элек. Көзүм көргөндү жегим келет. Баламдын жүрөгү сокконун укканда, кыймылын сезгенден бери денем балкып жыргап атам. Энелик мээримим күн сайын күч алып ойгонуп аткандай. 5-6 килограмм салмак коштум окшойт, ага деле кайылмын. Эң негизгиси азыркы абалым өзүмө жагымдуу болуп атат.
— Бакыт Аалиев менен эле ээрчишип жүрөсүз, жолдошуңуз андан кызганбайбы?
Бакыт экөөбүз жакшы санаалаш, кесиптеш, доспуз. Жолдошум да андан кызганбайт. Себеби, экөө бири-бирин жакшы тааныйт, чөйрөсү бир, чай ичишкен жакшы ымалаштардан болот. Чөйрөбуз бир болгон соң дайыма чогуу жүрөбүз да.
— Балаңыздын атасын ачыктабасаңыз да сүрөттөп айтып берсеңиз?
Узун бойлуу, жакшынакай, акылдуу, намыстуу, кадыр-барктуу, сүйлөгөн сөзү өтүмдүү мырза. Буюрса балабыздын атын өзү коёт. Жолдошумдун көзүн карап, көңүлүн аяп жашайм.
— Бирок сыртыңыздан андай көрүнбөйсүз?
Ооба, сыртымдан чакчаңдап эркекке баш бербеген аялдай көрүнөм. Жашоодо андай эмесмин. Жолдошума өтө аяр мамиле жасайм, ал да мени сыйлап турат. Эркектин сөзүн угам, анын айтканы мага мыйзам. Бир жакка барба десе отуруп калам, уруксат берсе барам. Жаш кезде эми “өзүмдү өзүм билем” деген учурлар болгон албетте. Бирок анын баарынан сабак алдым. Азыр жети өлчөп бир кесип, күйөөгө баш ийип жашаганды үйрөндүм.
— Мындай акылга келгениңизге биринчи ийгиликсиз турмушуңуз себеп болгондур?
Ажырашууну жыландын баласы да көрбөсүн. Жашоонун бул бурулушунан өтө көп запкы жеген адаммын. Бирок, мага көп ийгилик ажырашкандан кийин келди десем болот. Ал кезде кызым 3 жашта эле. Ажырашып кеткенден кийин ал адамга “кызымдын кийими жок, каралаш” деп тынчын алганым жок. Негизи ажырашпай жашаганга не жетсин? Бирок, тагдырың ошондой болуп ажыраштыңбы, демек, андан аркы жашооңду татыктуу алып кетиш өзүңдөн. Күйөөгө тынч жашоо бербей же андан ары жоголуп кетпей чайналып жүргөндөр канча? Андан көрө ошого кеткен убакытты жаңы жашоо баштаганга жумшасаң майнаптуу болот го. Ооба, мен биринчи турмушумдан кетирген каталарды бул жолу кайталабайм.
— Үй той да берип жетиштиңиз. Азыркы жашап аткан ак өргөңүз канчанчы үйүңүз?
Буга чейин эски сериядагы үйүм бар болчу. Ал эми бул элиталык үйгө жетүү көптөн күткөн тилегим эле. Иштеген эмгегимдин акыбети кайтып, жаңы сонун үйлүү болдум. Ата-энемди, бир туугандарымды, сахналаш досторумдун башын бириктирип той өткөрдүм.
— Пельмен түйгөн цех иштетип аттыңыз эле, ал ишиңиз эмне болду?
Ооба, жакшы эле иштеп баштагам, элге да алына баштады эле. Бирок, дарыланып жүргөн кезде, андан кийин талгак болуп эч нерсеге көңүлүм келбей, үйдөн чыкпай эки айдай жатып алдым. Азыр ал жер токтоп турат. Буюрса, аман-эсен төрөп алгандан кийин кайрадан жандантып бизнес ачайын деп атам. Кызым балким ошол ишти улап кетеби же башка нукта иштетеби, айтор, ал иш кызымдыкы. Даяр бизнес десем болот. Келечекте кызым да эч кимге көз каранды болбогудай болуп өз ишин алып кетсе деп ниет кылам.
— Маегиңизге рахмат! Аман-эсен көз жарып алыңыз!
(Маалыматты биздин булакка активдуу шилтемеси жок же уруксатсыз алууга тыюу салынган. Редакция)