Белгилүү болгондой кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов казакстандык “Кайрат Алматы” футболдук клубу менен келишим түзүп, учурда коңшу элдин футбол клубунда жарымкоргоочу позициясын аркалап келет. Сыймыктуу мекендешибиз жаңы ийгилик жаратып Лига Европа мелдешинде UEFAнын тарыхында гол киргизген алгачкы кыргыз футболчусу болду. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн спортчу, куудул, пародист Жаныбек Алыкуловдун уулу менен маек курдук.
— Гүлжигит, жаңы бийиктиктерди багынтып келе жатасың. Куттуктайбыз!
— Рахмат. Пандемияга карабай оюнга даярдык жогорку деңгээлде болду. Буга чейин “Кайрат” клубу үчүн алты ирет чыккам. Мындайча айтканда командага көнүп калдым жана өзүмө болгон ишеним чоң эле. Ишеним — негизги курал. Футболчу өзүнө ишенбесе топ жанынан кайып кетет. Гол киргизгениме абдан кубанып, Кудайга миң ирет шүгүр келтирип атам. Бул ийгилигимди кыргыз күйөрмандарыма арнадым.
— Кыргызстанды сагындыңбы? Канча убакытта бир келип турасың?
— Кеткениме жети ай болду. Киндик каным тамган жерди кантип сагынбай коём. Кышында, анан жазында бир барып кеткем. Бул жакта да мага баары ыңгайлуу, мени эч ким өгөйлөгөн жок. Жылуу тосуп алып, жакшы кабыл алышкан. Буюрса чемпионатты ойдогудай өткөрүп алсак Бишкекке барып келүүнү пландап атам. Азыр бул жакта каттамдар жакшы жандана элек.
— Ал жактын жашоо, машыгуу шарты кандай?
— Жаңы келгенде машыгууга көп аракетимди жумшадым. Баары бир шарты, талаптары бөлөк дегендей. Андан кийин бат эле көнүп, жашоосуна аралашып кеттим. Анын үстүнө клубдагы балдардын айрымдарын буга чейин таанучумун. Оңой аралашып кетүүмө ошол нерсе себеп болду окшойт. “Кайрат” клубуна тиешелүү базада жашайм. Анда машыгууга, тамактанууга, эс алууга бардык шарттар каралган. Иштегиң эле келет десем болот. Күнүнө эки-үч сааттан машыгуу болот. Калган убакытта каалоого жараша жеке машыгабыз. Клуб менен 2+1 деген келишим түзгөнбүз. Бул эки жылдан кийин келишим узартылат же узартылбайт дегенди түшүндүрөт. Баарын убакыт көрсөтөт, азыр узартам же эки жылдан кийин Бишкекке кайтып барам деп так кесе айта албайм.
— Бош убактың кандай өтөт?
— Көп учурда машыгууну улантам. Алматынын сонун тоолору бар. Ошо жактарга чыгып сейилдейм. Үйдөгүлөр менен сүйлөшөм, досторуман кабар алам. Апам, байкем, жеңемдер менен сүйлөшүп, кичинекей бөбөктөрүмдү видеодон чуркап ойноп жүргөнүн көрүп сүйүнүп калам. Апамды абдан сагындым. Тамактарынын даамы кадимкидей эсиме түшөт.
— Футболчу үчүн туура тамактануу маанилүү болсо керек?
— Ооба, туура тамактануу жашообуздун жана карьерабыздын маанилүү бөлүгү. Атайын эреже боюнча тамактанабыз. Мисалы, машыгууда күч бериш үчүн эт азыктарын колдонобуз. Мен бешбармак, лагманды жакшы көрөм. Кээде дем алыш күндөрү пицца жеп коебуз. Бирок тамактануунун эрежесин өтө сейрек бузабыз.
— Бир ирет Жаныбек агай сенин сыйлыктарыңды көрсөтүп аябай мактады эле. Сени башка балдарынан өзгөчө жакшы көрсө керек?
— Кичине кезимде атам менен чогуу концертке, гастролго барчумун. Дайыма жанына алып алчу, атам менен жүргөн көңүлдүү жана жагымдуу болчу. “Шорпо” деген чыгармасын аткараарда мени сахнага чакырып алып чогуу бийлечүбүз. Андан тышкары атам достору менен волейбол ойночу, кѳп кырдуу талант эле. Ал күндөр азыр баа жеткис элес болуп көз алдыма тартылып, жүрөгүмдө сакталып келет. Атамдан айрылган жылы мен 13 гана жашта болчумун.
— Ийгиликтериңди атаң көрбөй кеткениңе ичиң ачышса керек?
— Атам болгондо телегейим тегиз болмок. Менин бардык жеңишиме жан дили менен кубанып, жар салып башкача сүйүнмөк. Азыркы ийгилигимди, андан да маанилүүсү неберелерин көрүп, эркелетсе эмне деп ичим ачышат. Эгер атамдын көзү тирүү болсо “ата, бизди тарбиялап, өстүрдүңүз. Болду эми эс алыңыз. Биз сизди алаканыбызга салып багабыз” демекмин. Ушу сөздөрдү айтып, урмат-сый көрсөтө албай калганым өмүр бою арманым бойдон калса керек.
— Футболго келишиңе ким себепчи болду эле?
— Кичинемде шок, бир орунда тура албаган бала экенмин. Ата-энем футболго алгач Манас байкемди беришкен. Мен ал учурда күрөшкө барчумун. 5 ай машыккандан кийин ал жактан бир медаль алдым да, байкемдей болуп футболчу болом дедим. Баары макул болушту. Манас байкем мени машыгууга өзү жетелеп алып барчу. Ошол жылдан баштап мен үчүн футбол биринчи орунга жылды. Атам менин кенедей ийгилимди чоң кылып көрсөтүп, мактанып, сыймыктанып жүрүп зор ийгиликтерге шыктандырды. Апамдын да мээнетин баса белгилебесем болбойт. Үйдө бардык шарты түзүп берди, оор жумушка салган жок. Дайыма “ден-соолугуңа кара”, — деп бапестеп турат. Анталияда спорт академиясында окуп жүргөндө жаныма келип бир жыл жашады. Тамактануума абдан көңүл буруп тураар эле. Биз спортчулар жылытма тамак ичпейбиз, күндө жаңы тамак колдонуу зарыл. Апам ошонун баарына кылдат кѳзѳмѳлдѳчү. Менин ар бир жетишкендиктериме жан дили менен сүйүнүп, ыйлап да алат.
— Жүрөгүңдүн ээси барбы?
— Жүрөгүм бош. Футбол боюнча дагы иштеп, карьерада ийгиликтерди жаратышым керек деп ойлойм. Азыр жашмын, Кудай буюрса олуттуу мамиле түзүүгө, турмуш курууга да жетишем.
— Кыргыз менен казак кыздардын ортосунда кандайдыр айырма байкай алдыңбы?
— Кыздарында эле эмес деги эле кыргыз, казак элинин ортосунда айырма жоктой сезилет. Бекеринен кыргыз-казак бир тууган дебесе керек. Көзү-кашы кара, жылдыздуу элбиз. Андыктан кыздардын арасында эч кандай айырма деле сезилбейт.
— Казакстандын футбол клубуна кирип, негизги орунду ээлѳѳ оор эле болсо керек?
— Негизи эле футболчу үчүн командада негизги курамга кирүү оңой эмес. Бул курамга мелдешке 100 пайыз даяр болгон оюнчулар гана кире алат. Бул оңбогондой мээнетти талап кылат. Ар бир машыгууда өзүмдү болушунча даярдайм жана командага пайдамды тийгизгенге аракет кылам. Мен өзүмдүн дараметимди али толук ачып көрсөтө элекмин деп ойлойм. Кудайдын колдоосу менен алдыдагы оюндарда мындан да жакшы ийгиликтерди көрсөтөөрүмө ишенем.
Анара Дүйшөналиева