Обончу, ырчы, Гүлжигит Сатыбеков өзгөчө муңдуу ырлары менен көпчүлүктүн көңүлүн тапкан чыгармачыл инсан. Ырчы көп учурдан бери үй-бүлөлүү экендигин жашырып келсе, бир жыл мурда ачыктаган. Эми жакында эле инстаграмдагы баракчасына кызы менен түшкөн сүрөтүн киргизип күйөрмандарынын кызыгуусун жаратты. Гүлжигит мырзанын жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык.
— Шоу-бизнестеги жылдыздардын арасынан эң көп гастролдогон сиз элеңиз. Карантинде буулуккан жоксузбу?
— Карантинге чейин Талас шаарында пландалган концертибиз бар эле, тилекке каршы коюлган жок. Буулукпай калайын, азыр зерикпей турган заман да. Үйдө, үй бүлөм менен убактымды өткөрүп жатам. Эс алуу менен катар эле бир топ китеп окуганга убакыт таптым,чыгармачылыкты да таштап койгон жокмун. Кудай буюрса, карантин бүтүп жашоо өз нугуна түшсө, заманыбыз тынч болсо, той да болот, ыр да болот. Анан черибизди жазабыз гастролдоп, тойлоп. Муну дагы Кудайдын бир сыноосу деп түшүнсөк болот.
— Ушундай кырдаалда башка кесиптин ээси болбогонуңузга өкүнүп кеткен жоксузбу? Же башка бизнесиңиз барбы?
— Менин жеке бизнесим жок, концерт, тойлор менен эле каражат табам. Бирок бизнес тууралуу да ойлор болду, аны эми убакыт көрсөтөт. Өзүмдүн сүйгөн кесибим чыгармачылык болгондуктан такыр өкүнүү болгон жок.
— Жакында эле кызыңыздын сүрөтүн баракчаңызга чыгардыңыз. Кыздарыңыз чоңоюп калышыптыр, канча жашка чыгышты?
— Ии, ал сүрөттү улуу кызым тарткан. Анан мен инстаграмга жүктөп койгом. Күйөрмандарымдан жакшы билдирүүлөрдү алдык, ал үчүн кызым экөөбүз ыраазычылык билдиребиз. Кыздарымдын улуусу 6 жашта, аты Элайым. Андан кичүү кыздарым Нурайым менен Салман 4, 2 жаштарда. Улуу кыздарым бала бакчага барышат, ал эми көкүрөк күчүгүбүз апасы менен үйдө. Баланын тили бал дегендей, көңүлүңдү көтөрчү ушулар. Кыз бала атага жакын болот экен, чыйрак да болушат.
— Аларды эмне үчүн ушунча жылдан бери жашырып келдиңиз?
— Келинчегим экөөбүз эмнеге жашырганыбызды өзүбүз деле билбейбиз, “эмнеге жашырдык экен?” деп азыр эстеп күлөбүз. Ар бир үй-бүлөнүн элге жарыя кылбаган мыйзамдары болот эмеспи. Балким, ошол нерсе экөөбүзгө туура келгендир. Алдыда жакшы ой-максаттарыбыз бар, алардын бири элден бата алуу.
— Интервьюларыңызда бойдок экениңизди айтып калчу элеңиз, андайда келинчегиңиз таарынчу эмес беле?
— Жок. Бул кадамга экөөбүз чогуу барганбыз да. Анын көчөдө эркин жүргөнүнө да жакшы. Негизи эле менин үй-бүлө жөнүндө такыр айткым келген эмес, жарыя кылгым да келбейт. Колдон келсе өмүр бою. Бирөөнүн жашоосун аңтарганча, өзүңдүн жашооңду иреттеген жакшы эмеспи.
— Ал кандай айым?
— Келинчегимдин аты Чолпон. Ысык-Көлдүн карапайым эле кызына үйлөнгөм. Балдарды карап эле үйдө отурат. Жубайымда аялзатына тиешелүү сапаттардын баары бар, ошонусун баалайм. Кош өгүзбүз, арабаны чогуу тартып келатабыз. Менин чыгармачылыгымды колдойт, бизде “каякта жүрдүң, качан келесиң?” деген сөз жок. Чыгарамачыл адам эркин болуусу керек.
— Кыздарыңызды карап отуруп өзүңүздүн балалыгыңыз эске түшөбү? Кайсы учурларды көп эстейсиз?
— Балдарды карап олтуруп биз ойнобогонду ушулар ойноп жыргасын дейт экенсиң. Бала оюнга тоюп ойносо жакшы да. Балалыкты сагынам, бирок арманым жок ал күндөргө. Бардык нерселер өзгөрдү, болгону жомоктой элестер калды.
— Таенеңиздин колунда чоңойгонуңузду билебиз. Өз апаңыз менен мамилеңиз азыр кадимки эне-баладай элеби же кандайдыр бир өксүк калып калат бекен?
— Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы дегендей таенимдин колунда жүрүп чоңойдум. Ыраазымын таенеме. Ата-энем менен чогуу бир айылда жашагандыктан кичинемден аралашып эле чоңойдум. Барып-келип турчумун. Апамды жакшы көрөм. Эне деген — эне да.
— Уулуңуз да колуңуздабы?
— Тун уулум Байэл 15 жашта. Чоңоюп өз пикири пайда болуп, баарын түшүнүп калды, алтыным. Учурда Ош шаарында «Сема» түрк лицейинде окуп жатат. Уулум таенесинин колунда чоңоюп, тайларына ыктап өстү. Убактысынын көбү ошол жакта өтөт. Каникулда бизге келип турат.
— Негизи бизде кыргыздарда «жарандык нике» түшүнүгү өөн учурайт эмеспи, а бирок, адистер ажырашуунун санын азайтуунун бир жолу катары көрүшөт. Чындыгында, жарандык никенин кандай жакшы жактары бар экен?
— Биз бир ай сүйлөшкөндөн кийин эле жарандык никеде жашай баштаганбыз. Негизи мен бир китеп окусам, ага таасирленип транска кирип кетмей жайым бар. Ал убакта да ойлорду башкаруу тууралуу китеп окугам. Ар бир нерсени жакшылыкка жоруй бере турган адат таап алгам. Ошол убакта келинчегим менен таанышып калып, аны мага Кудай жөнөттү деп кабыл алгам. Чындыгында эле ошондон баштап жакшы чыгармаларды жаратып, билинбегени менен көп ийгиликтер келе баштаган. Ошентип төрт-беш жыл каттоого турбай жашап жүрүп былтыр эле расмий түрдө жубайлар деп жарыяландык. Кыздарыбызга күбөлүк алдык. Үйлөнгөнүбүздү ата-энебизге да кеч айттык. Укканда алар абдан кубанышты.
— Ырчы Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы “Эми мага баары бир” чыгармаңыз учурда 25 миллион көрүү топтогон Кыргызстандагы алгачкы чыгарма болуп жатат. Сиздин чыгарма болгон үчүн хит болуп жатабы же Алмаз жакшы аткарып, таасирдүү клип тартканбы, кандай деп ойлойсуз?
— Алмаз иниме ыраазычылык билдиремин албетте. Ырдын аткаруучусу табылганда ырдын багы ачылат. Обончу кыялында жазып ырдап койгон менен өзү толук кандуу жеткирип бере албашы мүмкүн. Обону, сөзү, музыкасы, аткаруучулугу төп келсе чыгарма максатына жетет деп айтат элем. Азыр Кыргызстанда эң көп көрүлгөн клиптердин сап башында. Демек көрөрмандарын, угармандарын тааптыр. Албетте бул жерде чоң эмгек бар. Миллиардга жетсин ылайым. Алмазга чыгармачылык ийгилик каалайм. Ыр эл ырдасын деп чыгарылат да. Мен бала кезден агаларыбыздын ырларына сугарылып чоңойдум. Өзгөчө берилүү менен укчумун, “кандай гана адамдар обон жазып ырдашат” деп кызыгуум арта берчү. Эми минтип өзүм обон чыгарып калдым.
— Замандын талабына ылайык жылдыздардын баары эле гив оюндарын уюштуруп, катталуучу топтоп, миллионго жетип жатышат. Эмне үчүн мындай оюндарды уюштурбайсыз? Дегеле, социалдык тармактарды активдүү колдонбогон адамдай туюласыз.
— Ооба, социалдык тармакта активдүү болуш керек экен. Мен андай гив сыяктуу оюндарды ойнотуп көргөн эмесмин. Негизи зарыл ишим болбосо, жаңылыктардан башкасын айтпаганда интернетке көп убакыт коротпойм. Күндө негатив көрүп, уга берсең, аң-сезимге да таасирин берет экен. Андайдан алыс болуу үчүн китеп окуган кызыктуурак.
Айгерим Токтобай кызы