Негизгиге Рубрикасыздар «Ишеним» партиясынын лидери Азамат Дороевдин элге кайрылуусу

«Ишеним» партиясынын лидери Азамат Дороевдин элге кайрылуусу

12

Урматтуу шайлоочум!

Мамлекетибиздин тагдырын жана жоопкерчилигин өз колубузга алып, анын өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштай турган мезгил келди.

Эгемендүүлүгүбүздүн отуз жылдык тарыхында башыбыздан оор кырдаалдарды өткөрдүк, алдыда маанилүү маселелер көп экени баарыбызга маалым. “Оор мезгилдер күчтүү адамдарды жаратат” деген элибизде сөз бар эмеспи, анын сыңарындай өткөн жылдагы пандемия баарыбызды бириктирип, бири-бирибизге керек экенибизди далилдеди. Ал эми экономикалык оор кырдаалды Жогорку Кеңеш менен аткаруу бийлиги биргеликте эриш-аркак болуп иштегенде гана жеңип чыгабыз.

Мен дагы аруу тилек менен элимдин оор жүгүн колунан алып, моюнума чоң милдеттерди жүктөп, Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өсүшүнө билимимди жана эмгегимди арнап чоң жолго аттанып отурам. Ал эми Сиз, урматтуу шайлоочум, мага ИШЕНИМ көрсөтсөңүз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Сиздин ишенимдүү өкүлүңүз болуп берүүгө убадамды берем!

Алдыма койгон максаттарым жана аймактарды өнүктүрүү боюнча кыскача программам:

Ысык-Көл – туризмдин аймагы

Жылдан жылга облусубуздун бардык аймактарына туристтердин саны көбөйүүдө. Бирок ажатканадан баштап жатаканага чейинки жана эскирген инфраструктура бир топ маселелерди жаратары анык. Сырткы жана ички инвесторлордун укуктарын коргоо менен бирге, өлкөбүздөгү фонддордун эсебинен жеке ишкерлерге төмөндөтүлгөн пайыз менен каржылоо маселелерин көтөрүү. Туристтерди тейлөө жана котормочулук иштери менен камсыздоо. Ысык-Көл облусундагы окуу жайлардын баарына туризм тармагынын адистерин даярдоо демилгесин көтөрүү.

Айыл чарба тармагы

Партиябыздын приоритеттүү багыттарынын бири – бул өндүрүштүк ишканаларды жана эл аралык деңгээлдеги лаборатория ачуу болуп эсептелет.

Алгач жерлерди, токойлорду жана өсүмдүктөрдү органикалык жер семирткич менен дарылоо иштерин жүргүзүү жана профилактикалык иштерди күчөтүү. Мына ошондо сапаттуу топуракка, жер-жемиштерге ээ болобуз жана экология маселеси чечилет.

Жергебизде дары чөптөрдү чогултуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана фармацевтикалык, ошондой эле мөмө-жемиштерди чыгаруучу завод ачуу. Бул маселелер аркылуу ички жана тышкы миграция маселесин турукташтырабыз.

 

Ички жолдор, пенсия, жөлөк пул жана социалдык төлөмдөр

Ички жолдорубуздун абалы элибиздин транспорттук каттамына, туризм тармагына да терс таасирин тийгизери талашсыз. Бул маселенин чечилүүсү, албетте, мамлекетибиздин экономикасына байланыштуу болот.

Пенсия, жөлөк пул жана социалдык төлөмдөр учурда аздан көтөрүлүүдө. Бирок жетишсиз экени белгилүү. Бул маселелер дагы экономикалык абалга жараша чечилет.

Дороев Азамат №1

СоӊкуАбдибаева Айсара Нышановна: Аял — тубаса дипломат
КийинкиОбращение Данияра Шейшеканова к избирателям

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here