Американын жолдорунда салмагы кырк тонна, узундугу 15 метр болгон жүк ташуучу унааны башкарган улутташыбыз Жамийла менен тааныштырабыз. Эч нерседен тайманбаган эр жүрөк кыргыз кызы АКШдагы жашоосу тууралуу кенен кеп кылып берди.
— Алгач АКШнын жолдорун багындырган мекендешибиз менен таанышып алсак?
— Мен Ош облусуна караштуу Ноокат районунан болом. Жашым 30да, бойдокмун. Үй-бүлөдө сегиз бир туугандын кенжесимин. Кичинемден өжөрмүн, ар качан көздөгөнүмө жетем. Мектепти аяктагандан кийин медициналык окуу жайда окугум келген, тилекке каршы финансылык жетишпестиктен улам ОшМУнун лингвистика факультетинде окуп калдым. Студент кезде ксерокѳчүрмѳ үчүн бир сомум жок болгон күндөр болчу. Ошондо окууну бүткөндө Америкага барып иштөөнү максат кылгам. Учурда АКШнын Чикаго штатында трак деп аталган ири жүк ташуучу унаа айдап иштеп жүргѳн кезим.
— Бул ишке чейин кандай иштерди кылып, жаңы жерге кандай кыйынчылыктар менен кѳндүңүз?
— Алгач эл-жеримди, үйүмдү сагынып кыйналдым. Атүгүл узакка калам деп келгениме карабай кайра мекениме кете берүүнү да ойлогом. Бул жакта үйлөр, көчөлөрүнө чейин окшош экен. Жаңы келгенде жашаган үйүмдү таппай үч саат издеп, акырында үй ээсине чалып, ал мени көчөмө-көчө кыдырып жүрүп таап алып кеткен. Американы биздин өлкөгө салыштырып “эмнеге биз ушинтип өнүкпөйбүз” деген ой менен жарым жылдай бушайман болдум. Сегиз жыл ичинде бул жактын жашоосуна аябай эле көнүп калдым. Биринчи Нью-Йорк шаарынан тааныштар тосуп алып, шаар менен тааныштырып багыт беришкен. Жумуш табуу кыйынга турду. Дисней Уолддо, мейманкаларда иштедим. Бухгалтерия жаатында, лимузиндин айдоочусу болуп да иштеп кѳрдүм. Бирок мага отуруп иштеген жакпайт экен. Чикагодогу досторумдан трак тууралуу көп укчумун. Алардан бул тууралуу кызыгып сурап, кеңешин алган соң Чикагого биротоло кѳчүп келип, жүк ташуучу компанияга кирип трак айдап калдым.
— Мындай ири унаа айдоого чоң жүрѳк керек болсо керек. Мурда унаа башкарчу белеңиз?
— Ооба, трак кырк тоннага туруштук берген, 15 метрлик ири жүк ташуучу унаа. Кыргызстанда чоң эмес, жеңил унаа да айдап көргөн эмесмин. Америкадан жеңил унаа айдоого эки ай даярданып айдоочулук күбөлүк алгам. Ал эми трак айдоо үчүн атайын мектеп бар. Бирок мен ал жакта окуган жокмун. Атайын программаларды уюлдук телефонума көчүрүп алып, интернет булактарын казып жатып өз алдымча үйрөндүм. Америкада мындай унаа айдоочунун күбөлүгүн алуу үчүн үч түрдүү тест тапшыруу керек. Мен бардык тесттерден ѳтүп, 2017-жылы убактылуу айдоочулук күбөлүк алгам. Ал эми бул унааны айдоону досум үйрөткөн. Ал “бир эле жолу көрсөтөм, калганын өзүң илип кет” деп бир эле жолу багыт берди. Анан рулду мага берип өзү арттагы керебетке жатып алды. Тракты унаа токтотуучу жайга киргизүү абдан оор, ошондой жерлерден эле жардам берчү. Бир жолу тамактануучу жайга кирсек ичинде жалаң эркектер экен. Досума “мен кирбей эле коёюнчу, балдар эмне дейт” десем, “кыз кишинин трак айдап жатканы чоң эрдик, керек болсо сен эшикти тээп кирсең болот” деди. Досумдун сөзү мага абдан дем берип, бат эле өздөштүрүп кеткем. Азыр унаа токтотуучу жайдан, бурулганда бир аз кыйналбасам, башка кыйынчылыктар деле жок.
— Иш тартибиңиз менен тааныштырып өтсөңүз.
— Биз Американын бир штатынан экинчи штатына ар кандай жүктөрдү ташыйбыз. Бир гана алкоголдук ичимдиктерди жана тез бузулуучу азыктарды албайбыз. Аптасына беш күн иштеп, эки күн эс алам. Унаага отурар менен электрондук эсептегичти күйгүзѳбүз. Тракистке бир жумада жетимиш саат берилет. Аны беш күнгө бөлгөндө күнүнө он төрт сааттан тиет. Анын 11 сааты унаа айдоого, калганы эс алууга кетет. Май куюучу жайларда душ, чач тарач, укалоочу жана сыналгы көрүүчү жайлар бар. Сегиз саатта бир эс албасаң айып пул төлөп каласың. Ар бир 50 метрде даараткана бар. Айтор, жакшы шарттар түзүлгөн.
— Эгерде жолдон унаа бузулуп калса эмне кыласыз?
— Унаанын жүк ташуучу арабасынын дөңгөлөгү жарылса жакын жердеги унаа оңдоочу жайга алып барам. Трак ѳзү бузулса атайын мастерлерди чакырууга туура келет. Менин унаам 2017-жылы чыккан жаңы унаа болгонго азырынча бузула элек.
— АКШда трак айдаган кыргыз кыздары көппү? Аларга америкалыктардын көз карашы кандай?
— Ооба, тракисттердин жетимиш пайызын кыргыз кыздары түзөт, калганы орус, өзбек, казак улутундагы кыздар. Тракист кыздар атайын вотсаптан группа ачып алганбыз, ал жакта кырк кыз бар. Мен билбеген дагы бир топ кыз болушу керек. Кызыгы, бул ишке мырзалардан да кыздар чыдамдуу экен. Иштин жакшы жагы узак жолдо жалгыз жүргөндүктөн ар кайсы нерселерди ойлонуп, түшүнүүгө убакыт кенен болот. Америкалыктарда унааны кыз же эркек айдап жатат деген түшүнүк жок, жаш кыздын айдап баратканына деле эч ким таң калбайт.
— Жол эрежесин бузган учур болобу?
— Бул ишке кирген бир жылдан бери такыр жол эрежесин бузуп, айып пул төлөй элек элем. Жакында эле трак айдабаган сызыкка түшүп алып МАИ кызматкерлерине кармалдым. Айып пул жазышты, канча экендиги тиешелүү жерге барганда билинет. Эң башкысы, пойнт, башкача айтканда, упай алган жокмун. Бул биз үчүн аябай зыяндуу нерсе. Үч пойнту бар айдоочуну эч бир компания жумушка албайт. Ал жактагы дагы бир өзгөчөлүк, МАИ кызматкери унааңды токтоткондо эч жакка чыкпай ичинде гана күтүп турууң керек. Эгерде сыртка чыксаң атып салышат.
— Трак айдоочусу кирешелүү тармак катары белгилүү экен. Айлыгыңыз канча?
— Кыргызда “иштеген тиштейт” деген сөз бар эмеспи. Жакшы эле айлык алам. Адал эмгегим менен өзүмө унаа алдым, батирге акча төлөйм, курбуларым менен эс алам, туугандарыма каралашам. Баарына каражатым кенен жетет. Бул ишим менен финансылык муктаждыкты гана толтурбай, Американын бардык штаттарын кыдырып чыктым.
— Келечекке карай кандай пландарыңыз бар?
— Биякта биротоло калуу оюм жок. Он, жыйырма жылдан кийин болсо да сөзсүз мекениме кайтам. Келечекте өзүмдү бизнес жаатында сынап көргүм келет. Америкада айымдар аптасына эки-үч ирет маникюр, педикюрга барышат. Мен да ушул жаатта бизнес ачууну ниет кылып жатам. Ал эми өлкөмдө көп тармактуу клиника ачкым келет. Бизнесимди өз пайдама эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөсүн биринчи орунга коём. Ушул тармакка байланыштуу маалыматтарды топтоп, бизнестерге көз салып жүрөм.
— Мекенден алыс болуу менен жакшы иш тааптырсыз, жоготкон нерсеңиз да болдубу?
— Албетте, үй-бүлѳмдү, үйүмдү, мекенимдин нанын, суусун сагынам. Бул жакта көп нерсеге убактым жок. Жакын адамдарымдан алысмын, андан да жагымсызы — көп туугандарымдын көзү өтүп кетти. Жада калса атам каза болгондо бара албай калдым. Бул менин чоң арманым болуп калды. Атам ооруп төшөктө жатып калган. Кыргызстанга барганда атама пульт менен иштеген араба жана оорукчандар үчүн атайын керебет алып барайын деп жүргөн элем. Тилегиме жетпей калдым…
Айгерим Токтобай кызы