Жумшак оюнчуктардын балага кандай пайдасы бар?
Жумшак оюнчук – балалыктын ажырагыс бир бөлүгү. Дээрлик ар бир балада
чогуу уктап, чогуу тамактанып, атүгүл конокко кошо алып барган ошондой
сүйүктүү оюнчугу бар болушу мүмкүн. Жумшак оюнчук – жөн гана оюнчук эмес, ал баланын өнүгүүсүнө чоң таасир этүүчү буюм. Кандайча таасир этет?
Биринчиден, жумшак оюнчук – баланын ишенимдүү досу. Аны менен бала
сүйлөшөт, сырларын айтат, корккондо ошону караан тутат. Ал досу балага ар
кандай кырдаалдарда жардам берет. Мисалы, алгачкы жолу бала бакчага
барганда сүйүктүү оюнчугун кошо берсеңиз стресске көп кабылбайт, бакчага тез
көнөт. Же болбосо эгерде бир бөлмөдө жалгыз жатса уктай албай коркушу
мүмкүн. Мындай учурда да жумшак оюнчукту кучактап жатса тез уктайт. Жолго
чыкканда, тамактанууда, мультфильм көрүүдө да баланын досунун милдетин
аткарат. Бирок психологдор оюнчугу менен өтө эле көп сүйлөшкөн балага өзгөчө
көңүл бурууну сунушташат. Балдар менен ойнобой, оюнчугу менен алек боло
берген бала өзүнө ишенимсиз болуп калат же болбосо сиздин аз көңүл буруп
жатканыңыздан кабар берет.
Экинчиден, жумшак оюнчук менен ойноо баланы боорукерликке, мээримдүүлүккө,
башкаларга кам көрө билүү сыяктуу сапаттарга тарбиялайт. Оюнчугуна дайыма
кам көрүп чоңойгон кыз баладан кийин мыкты эне чыгат.
Үчүнчүдөн, жумшак оюнчуктар сюжеттүү ролдорго абдан ыңгайлуу. Бала менен
оюнчуктар бул жерде актёрдун ролун аткарышат. Ал эми мындай оюндар баланын
өнүгүүсүнө чоң таасир этет. Айрыкча 2,5-3 жашта мындай оюндарды көп ойногон
баланын элестетүүсү жана ой жүгүртүүсү мыкты өнүгөт.
Сизге бала тарбиялоодо жардамчы болгон бул оюнчукка туура кам көрүү зарыл.
Жумшак оюнчуктар бөлмөдө турганда чаңды өзүнө тез тартат. Ал эми
балаңыздын колунан түшпөсө, аны менен кошо жыгылышы мүмкүн, балаңыз
менен “ойнойт”… Демек, кир болот. Андыктан жумшак оюнчуктарды бир
жумада бир кагып-силкип кургак тазалап, бир айда бир жууп туруңуз. Жумшак
оюнчуктардын көпчүлүгүн кир жуучу машинага жууганга болот. Эгерде ал
сүйлөөчү оюнчук болсо жуурдан мурун сөзсүз батарейкаларын чыгарып алыңыз.
Айназик Раимкулова