Негизгиге Менин наристем Жылдыздар балдарынын иммунитетин кантип кѳтѳрүшѳт?

Жылдыздар балдарынын иммунитетин кантип кѳтѳрүшѳт?

3552

Быйылкы жыл ден соолукту баалап, оорунун алдын алууну баарыбызга үйрѳттү. Ал эми суук жакындаган сайын балдарга тынчсыздануу менен кам кѳрүү ар бир эненин адаты болсо керек. Айрыкча жаман оорунун аты ѳчпѳй, улам жагымсыз жаңылыктардын чыгышы баарыбыздын оюбузду бузуп, тынчсыздандырууда. Санааны аз да болсо азайтууга кѳмѳк болсун деп жылдыздардын балага кам кѳрүүдѳгү ыкмаларын сурадык. Эмесе жылдыздар менен тажрыйба алмашыңыз.

Айзуура Иманалиева, теле алып баруучу: «Тоңдурулган мѳмѳлѳр иммунитетти кѳтѳрѳт»

— Вирустун экинчи толкуну болот, айрыкча балдарга коркунучтуу дегенде угуп мен да аябай тынчсызанып жатам. Колду кир самын менен жууп, кийимдерди бир кийип эле сыртта калтырып, жууп кийүү деген эрежелерди биринчи карантинден бери үзгүлтүксүз сактап жатабыз. Ал эми иммунитетти кѳтѳрүп, орууну алдын алуу үчүн дарыгерлердин айтуусу боюнча балдарыма биринчиден суусундукту кѳп берип атам. Кышкыга карата карагат менен малинаны арбын тоңдуруп камдап алгам. Кайнатпай, тоңдуруп сактоо мѳмѳдѳгү бардык витаминдердин сакталышын шарттайт. Ошондон кайнаган сууга салып аралаштырып туруп суусундук катары бере берем. Ошондой эле блдарыма кадимки кара чайды такыр бербейм. Чай организмдеги витаминдерди жууп, гемоглобинди түшүрѳт экен.

Бактыгүл Бадыева, ырчы: «Шекердин ордуна малина кыямын колдоном»

— Кыздарым тѳрт мезгил бою жемиштерден ѳксү болушпайт. Андан тышкары чайына шекердин ордуна малина кыямын колдоном, сѳзсүз түрдѳ лимон кошуп коём. Тамакты болсо ар дайым үйдѳн жешет, кыздарымдын ден соолугу үчүн тамакты таптап жасайм. Ошондой эле кургатылган жемиштер менен жаңгакты балга аралаштырып бир чай кашыктан эртең менен берип турам. Атайын витамин, БАДдарды да кезектештирип тынымсыз берем. Күз келгенден баштап кышы бою атайын аппараттар менен үйдүн абасын нымдаштырып, тазалап турам. Газдалган суу менен фаст-фууддарды аябай сейрек жешет. Ал эми кѳк чѳптѳр менен жашылчалардан жасалган салаттарды жегенге кичинекей кездеринен үйрѳтүп койгом, чыргоолонбой жакшы жеп алышат. Ар бир жей турган азыгы тууралуу айтып берем. Кичинекей болсо да кунт коюп угуп, түшүнүп алышкандарына кубанам. Ошол айткандарым боюнча зыяндуу азыктардан токтотуп, пайдалуу азыктарды баш тарттырбай жедирүү мага оңой.

Самара Каримова, ырчы: «Баткендин ѳрүгү иммунитетти жакшы кѳтѳрѳт»

— Мен балдарыма атайын даяр витаминдерди алып берген жокмун. Болгону тамак-ашына мурдагыдан тыкыр кѳзѳмѳл кылып, витаминдүү, күчтүү экенине маани берип калдым. «Аш барган жерге дарт барбайт» дейт эмеспи, тамак-ашты туура пайдалана билсек эле оорубайт экенбиз. Анан Баткендин ѳрүгүнѳн компотту жай-кыш дебей кайнатып коюп, тынымсыз берем. Балдарым да бул суусундукка абдан кѳнүшкѳн. Баткендин ѳрүгүнүн пайдасын баары тең эле билсе керек, башкысы иммунитетти мыкты кѳтѳрѳт. Анан пиязды кѳп колдонгонго аракет кылам. Балдарым кичине эле чүчкүрүп-бышкырып калышканда дароо пиязды майда туурап айнек идиштерге салып бѳлмѳлѳргѳ коюп чыгам. Балдарым бат сергип кетишет. 

Залина Касымова, кыл кыякчы: «Жемиштердин түрүнѳн коктейлдерди жасап берем» 

— Биздин мекен экологиялык жактан абдан таза жана бардык жер жемиш, мѳмѳ жемиштердин баары ѳзүбүздѳ ѳстүрүлѳт. Ошондуктан мен балдарымдын ден соолугунан анча деле тынчсыздана бербейм. Иммунитетин кѳтѳрүү үчүн мезгилге ылайык мѳмѳ жѳмиштерди дасторконумдан үзбѳйм. Колум бошой калса жер жемиштердин ширесин сыгып коктейль жасап берем. Жер жемиштерди чийки колдонуу абдан пайдалуу эмеспи. Анан майонезге аралашпаган жеңил салаттар иммунитетти кѳтѳрѳт. Ичегилер жакшы иштеп, тамак сиңирүү жакшырып, чың ден соолукка ѳбѳлгѳ болот. Күн кыскарып, суук түшкѳн кезде гана Д витаминин бербесем башка маалда ататйын витеминдерди, БАДдарды ала бербейм. Анын ордуна балдарымды сейилге кѳп чыгарып, кѳп кыймылдоолорун кѳзѳмѳлдѳйм.   

Асема, ырчы: «Спорт – балдарымдын чың ден соолугу»

— Балдарым чоңоюп, ѳз ден соолуктарына ѳздѳрү кам кѳрүүгѳ жарап калышты. Кичинелеринен баарын үйрѳтүп койгом., эрте менен күндү бир стакан бѳлмѳ температурасындагы суу ичүүдѳн башташат. Тазалыкты сактоо да иммунтетти кѳтѳрүүнүн негизги жолу. Тазалыкка абдан маани беришет. Кир жүргѳн бала кѳп оорубайт дегенге кошула албайм. Иммунитетти кѳтѳрүп, чың ден соолукта жүрүүлѳрүнүн башкы куралы – спорт деп билем. Ошондуктан уулумду да, кызымды да спорт ийримдерине жаздырып, убактыларынын кѳбүн спорт менен ѳткѳргѳндѳй шарт түзүп бергенбиз. Уулум күрѳш, футбол, легзинкага, кызым сүрѳт тартууга жана бийге барат.

Айнура Салахидинова, ырчы: «Эне сүтү менен иммунитетин күчтѳп коюш керек»

— Баланын иммунитети кичинекей кезинде канчалык күчтүү болсо кийин да ошондой күчтүү бойдон калат. Мен балдарымдын иммунитетине алар ымыркай кезден башта кам кѳрѳм десем болот. Бир жарым, эки жашка чейин эне сүтү менен азыктанган баланын ден соолугу чың болот. Ал эми тамакка толук ѳткѳн соң тамактын сапатына маани бериш керек. Кальцийи жетиштүү бала кѳп оорубайт, ошол себептен сүт азыктарына басым жасайм. Айрыкча быштак балдарымдын сүйүктүү тамагы.

Назми, ырчы: «Кара зиренин майы мени кѳп убарадан бошотту»

— Мурда балдардын иммунитетин кѳтѳрүү үчүн изденип интернетти эле карай берчүмүн. Кара зире майын пайдалана баштагандан бери антип убара тартпай калдым. Күнүгѳ бир маал кара зире майынан 1 капсуладан ичирем. Ал иммунитетти кѳтѳрүп, канды тазалайт экен. Ошондон бери кыздарым оорубай калышты. Мындан ары да ооруга мыкты каршы тура алышат деп ишенем. Сасык тумоонун алгачкы белгилери байкалган кезде болсо бир капсуланы тешип туруп мурдуларына бирден тамчы тамчылатып коём, эртеси эле тумоонун белгилери калбай сонун болуп калышат.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуАйжан Керимова, темир уста: 12 жылдан бери атка така жасайм
КийинкиБаланын кыз же уул болушуна эмнелер таасир этет?