Негизгиге Аңгеме Кайтуу

Кайтуу

927

Мелис ѳзү үчүн бул короо, бул үй чоочун болуп калат деп такыр ойлогон эмес. Канчалаган жылдарын, таман акы, маңдай терин коротуп, уйкудан калып жүрүп салган тамына ууру мышыктай кирип-чыгып калганын карачы. Дасторкон четиндеги деми кысылган абалды айтпай эле кой. Азыр дагы бакылдашкан балдарынын кебине аралаша албай, аялынын ар бир кыймылын аңдып отурат. Аялы да, балдары да аны тѳргѳ ѳткѳзүп урмат кылышкан сайын кысынып, кѳзүн ала качып шашып калат. Бир кезде бул столдун тѳрт бурчунда тѳрт жан отурса, азыр ага дагы үчѳѳ кошулган. Балдарынын саны арбыган менен бактысы кемип калгандай, бул пенденин. Бул үчүн ким күнѳѳлүү?

***
— Мелис, кел, ачык сүйлѳшүп алалы. Мен билем баарын. Биринчиң тѳрѳлгѳндѳ бир ѳксүп басылдым. Качан үн катат деп күттүм. Эми экинчиңерди күтүп атасыңар. Эмне билмексен болосуң? Мен тирүү жанмын. Бул мен үчүн кордук.
Аялынын айткандарынан да жѳн салды чыккан жай үнү Мелистин эсин алып койду. Ал эки жыл бою Акылайдын алкынып чыкчу ачуусуна тымызын даярданып, ач айкырыгын баса салчу сѳздѳрүн камдап келген эле. Эми аялы минтип күзгү алдында бети-колун сылап, кулпурган чачын кайра-кайра тарап жайбаракат отуруп маселени кабыргасынан койгонун карачы. Унчуккан жок, бирок, ачык сүйлѳшүүгѳ макул экенин билдирип оңдонуп отурду.
— Мындан ары деле ушинтип жүрѳ бермекчисиңби?
— Билбейм.
— Бил.
— Билем эле!
— И, билгениң боюнча кандай кыласың ошондо?
— …
Ал чындыгында эмне кылышты дагы деле билбей жүргѳн. Алгач ирет ала жипти аттап, ак никесине кыянаттык кылган күнү башы кандай маң болсо, азыр да ошондой маң. Ак жолунан адашып, анан ал жолун адалдап, акыл токтоткончо эле эки жарым жыл ѳтүп кетти. Эки жарым жылда эки ирет гана уктап тургандай болду. Аңгыча жаш сулуусу Айсулуу экинчи жолу кош бойлуу экенин салтанаттуу жарыялап, эсин эки кылды.

***
Айсулуу жакшылыгы калса да, жаштыгы калбаганча бой жүрдү. Жашы ѳтүп бараткан сайын жакшы жарга жолуксам деген тилеги күч болду. Акыры кеч болсо да тилеги орундалып, жакшы мырзаны тапты. Тапканы тим эле кыялындагыдай чыкты. Бир кемчилиги – кечиккен бактысы башы бош келбеди. Бирок буга анчейин ойлонуп отурган жок. Мелиске деген тартылуу кѳзүн тумандатып, эсин жоготту. Басса-турса «ал меники болот» деген ой менен жашап калды. Ушул ой Айсулууну тайманбас, тартынбас, уялбас кылып салды. Мелисти оюнда энчилеп алган күндѳн баштап ар бир кадамында аны тузакка салууну ойлоно баштаган. Бир келген жашоосунда жактырган адамы менен бир чатырдын алдында, бир тѳшѳктүн ичинде болууну ким каалабасын.
Айсулуунун да тилегени ушул.
Мелис соода ишинин зарылчылыгы менен Айсулуу отурган кеңсеге күн алыс келет. Ал келген маалда кагаз иштерин шыпылдата тездик менен бүтүрүп узатуу – Айсулуунун биринчи тузагы болду. Бул аракети тез эле жыйынтыгын кѳрсѳтүп Мелис ыраазычылык катары таттуу ала келип баштады. Кыздын ыкчам кыймылына ыраазы болуп башка кызматкерлерди аралап барып Айсулууга кайрылат. Бир жолу жаз майрамдарын шылтоо кылып ага ыраазычылыгын чын дилден билдирип коюуга түштѳнүүгѳ чакырды. Кѳп ѳтпѳй «бир маселе» болуп калып баягы орунга Айсулуу ѳзү чайга чакырды. Ушундан кийин ал жер жаңы тааныштардын жолугушуу жайына айланды. Андан ары баары Айсулуу каалагандай уланып, акыры Мелис чын эле аныкы болду. Жашоосу жалаң тиричилик күрѳшү менен ѳтүп келаткан Мелис үчүн Айсулуунун кучагы бейиш сезилди. Ойлосо үй-бүлѳлүк жашоосу башталгандан бери бирди эки, азды кѳп кылам деген аракет менен эс алууну деле билбей калыптыр. Бир үйүм, бир унаам, биртке акча келип турчу ишим болсо болду деп ойлочу. Баары болду, бирок напсиси тойбоду. Үйү тардык кылып, акчасы аздык кылып аны жеңүү үчүн күрѳшүн күчѳттү. Ошентип жанын сабап жүргѳн күнү жашоосуна жаздын жыты келип, Айсулууга жолугуп отурбайбы. Жаш сулуунун күндѳ бир сыры ачылып, азгырылып гана туруп алды. Бул маалда кыз Мелис тууралуу баарын билип бүткѳн эле. Анын аялы бир уул, бир кыздан кийин тѳрѳбѳй калган. Мелис болсо наристе жытын сагынып келет. Дагы балалуу болсом деген тилеги күч. Күйѳѳсүнүн тилегин орундатуу үчүн Акылайдын канча түйшүк тартканына чейин билет. Ошондуктан мырзасын бала менен байлап калуу жолун эчак эле тандап койгон. Ал ойлору ишке ашып минтип экинчисин күтүп турган кези.

***
— Эмне кыларыңды билбей жүрѳсүң. Эмне кылышың керектигиңди мен билем.
— И, айтчы, билерман. – Куру намыска үнүн бек чыгарды Мелис. Бирок Акылайдан алгылыктуу бир акыл чыгып кетишин ичтен тилеп ийди.
— Баарын таштап биротоло ошонуңа кетесиң.
— Эмне? Баарын?
— Ооба, баарын.
— Баарын дегенде?
— Үйдү да, машинаны да, дүкѳндѳрдү да.
— Э, Акылай?
— Угуп атам.
— Сага эмне, дүйнѳ эле керекпи, э? Ушунча дүйнѳкор болуп кеттиңби? – Мелис ѳзүнүн орунсуз эле бир кептерди айтып атканын билип турса да сүйлѳй берди. – Сен жеткен ѳзүмчүл турбайсыңбы?
— Ха-ха-ха. Токтотчу. Айсулууну тапкандан бери мени, балдарды эсиңден чыгарып, бул үйгѳ жалаң ушул кѳр оокатыңды кыя албай келип жүрѳсүң. Чынбы? Сен бизди эчак эле таштап кеткенсиң. Сен таштай албай айланчыктаган нерсе кѳр дүйнѳ гана. Бирок билип кой, анын бири да сеники болбойт. Мында менин да акым бар. Балдардын акысы бар. Билсең ушул үйдү сени менен кошо курам деп жүрүп тѳрѳбѳй калдым. Сага баарын берип бүткѳм, менден алар эч нерсең калган жок. Эми тандаган жолуңа түш. Карааныңды кѳргүм келбейт.

***
Акылайдын айтканында калет жок болчу. Эки бала чоңойгончо буттан туралы деп кышкы аязга, жайкы аптапка кайыл болуп иштешти. Эми гана үйгѳ жеттик дегенде эл ичинде эки кабаттан там салуу мода болуп кетти. Ишибиз жүрүп, итибиз чѳп жеп турганда жетишип калалы деп булар да кабат тамдын камын кѳрүштү. Эл катары салалы деген тамды элдин алды кылып хан сарайдай бүтүрүштү. Бул арада дагы балалуу болууну кѳксѳгѳндѳрү менен Акылайдын ден соолугу жакшы болбой бала күтѳ алышкан жок. Бирок буга деле макул эле түгѳйлѳр. Уул-кызыбыз аман болсун, ушулардын жакшылыгын кѳрсѳк болду деп калышкан. Ушинтип эми гана бут сунуп, чер жазып жашайбыз деген кезде Мелисти шайтан азгырды. Анан аялы айткандай чын эле же жаңы сүйүүсүн таштай албай, же жаңы жеткен үйүн таштай албай эки оттун ортосунда күйүп баштады. Заңгыраган үйү турса Айсулуунун бир бѳлмѳлүү эски батирине баш калкалап калуудан арданып жүрдү. Үйдүн тардыгы кыса баштаганча чер жазат да, анан үйүнө жѳнѳйт. Бул үйүн кароодон кѳзү талбайт. Анан кантип таштап кетет? Бирок акыры аялы айтканын кылып тынды. Чын эле эрин эч нерсеге ээ кылбоого катуу тырышты. Дагы жакшы, Мелис соттон сотко жүгүрүп жүрүп төрт ири дүкѳндүн бирин ѳзүндѳ калтырууга жетишти. Акылайдын деңизден тынч жүрүп мынча чоң душман болуп чыгарын күткѳн эмес. Кѳңүлү катуу калды. Бир чети томсоргон уул-кызынын алдында башы шылкыйып, ѳзүнѳ байкалбай туруп бурулуп кеткен тагдыр жолуна бармак тиштеди. Бирок баары кеч болуп калган. Артка жол жок эле.
Мелис кийим-кечесин алып келген күнү Айсулуудан сѳз тургай үн да чыккан жок. Адатынча шыпылдай баарын жайгарып, тамагын жайнатып, бутун укалап, уктатып койду. Бул Айсулуу үчүн жаңылык эмес, кѳптѳн-кѳп күткѳн күн эле. Акыры ушундай болорун сезчү, каалачу. Баары ал каалагандай болуп келатат. Баарынан жакшысы — тиги аялы менен бет тытышып урушуп, бет ачышып жолуккан да жок. Ылайым мындан ары деле жолукпай калсак экен деп тилейт. Акылайдын аялдык аракеттерин билген сайын аны баалап, сыйлап калган жайы бар. Андай аялдын алдында жер карап гана туруп бербесе баш кѳтѳрүүгѳ абийири баары бир жол бербейт эле.

***
Айсулуунун үчүнчү кош бойлуулугу абдан оор болду. Деми кыстыгып, уйкудан калып жүрүп курсактагысын жети ай кѳтѳрүүгѳ араң жарады. Акыры дарыгерлер ѳмүрүн сактап калуу үчүн баланы операция жолу менен тѳрѳтүп алышты. Кыбыраган кызыл эт баласын карап аны торолтуунун азабын элестете албай кетти. Корккону ымыркайдын алсыздыгы эмес, ѳзүнүн деми кысылып, муунуп турганы эле. Мурда-кийин мындай кыйналып кѳргѳн эмес. Дарыгерлердин талап кылганы боюнча баласынан да ѳзүнѳ кѳп кѳңүл бурууга аргасыз болду. Алгачкы тапшырылган анализдери эле залалдуу шишикке чоң күмѳн жаратып, кыйсыпыр түшүп калышты.
Кызыл ѳңгѳчүнѳн рак экендиги жазылган кагаз ортодо жатты. Тар бѳлмѳдѳ Айсулуу, Мелис, Айсулуунун апасы менен эжеси ар бурчта дымып отурушат. Эч нерседен байкапар балдар гана чуу түшүп ойноп, ымыркай мемиреп уйкуда. Оору менен болгон күрѳшкѳ ай чамалап калса да Мелис анын түш болуп калышын тилегенден тажабайт. Акыл-эстүү чоң киши ойлончу ой эмес экенин билип турса да, ойлогону ошо. Айсулуу болсо ыйдан баш кѳтѳрѳ албай калды. Энесинин ыйы менен атасынын түнѳргѳн кабагынан балдар да жүдѳп кетишти. Акыры тез арада операция кылдыруу чечимине токтолушту. Бирок жакшы кылат деген операция тескери жыйынтык берип Айсулуу тилден калды. Кызынын кѳз алдында соолуп бараткан ѳмүрү апасын бүк түшүрүп, тѳшѳк тартып жатып калды.

***
Акылай вотсаптагы бейтааныш номерден келген катты ачууга шашылбады. Алгач сүрѳтүн ачып карады да, денесин жыйрып алды. Айсулуунун татынакай сүрѳтү аны шылдыңдап жаткандай туюлду. Чагылгандай тез ойлор мээсин жиреп «буга эмне керек?», «ушунча жылдан кийин мага эмне жазып атат?» — деп ойлоого жетишти. Катты ачты. «Саламатсызбы, эже? Мени кечирип коюңуз. Мен абдан оор абалда жазып жатам. Кечирип коюшуңузду суранам. Бизге жардамыңыз керек». Акылай катты жоопсуз калтырды. Андан ары кызыгууга кѳңүлү тартпады. Жооп бербей койгон менен эки күн бою оюнан кетпей бушайман тартты.
Кечке маал дагы кат келди: «Эже, жакшысызбы? Албетте, кечирбейсиз. Кечирбей койсоңуз да таарынбайм. Мен ѳз күнѳѳмдү билем. Бирок ѳмүрүмдүн соңунда сизден башка адам мага жардам кылбасын билип турам». Акыркы сүйлѳм Акылайды ойго салды. «Ѳмүр соңу»? Канчалык тактап билгиси келип турса да жазууга эрки жетпеди. Жүрѳгүнѳ муз тоңдурган адам менен сүйлѳшмѳк турсун аны ойлоого да ѳзүнѳ уруксат бербей калган. Уйкусу качып жатып түн ортосунда үчүнчү катты алды: «Эже, сиз менин акыркы үмүтүмсүз. Мен ѳлүп баратам. Ага чейин бүтүрчү бир гана ишим бар. Ага сиз гана жардам бере аласыз. Жооп бериңизчи». Катты эми окуп бүтѳрү менен артынан сүрѳт келди. Чачы кырылган, тамагы таңылган, кѳздѳрү шишиген аял Айсулуу экенине ишене албай кѳзү чакчайды. Ага эми баары түшүнүктүү болду. Жүрѳгү лакылдап, колдору калчылдап чыкты. Жанындагы жарыкты араң жандырып, жуурканын кымтыланып алды. «Эмне болду?». «Эже, менин аз гана күнүм калды. Мен муну билип эле атам. Суранам, балдарымды алып калыңыз. Мелиске сизден башка эч ким жардам бербейт. Мелис балдарын аябай жакшы кѳрѳт. Суранам».
Акылай үч күн катары менен уйку кѳргѳн жок. Башы зыңылдап ооруп, эс алууга зар болду. Бирок кѳзүн чылк жумса да уктай албай койду. Уул-кызы айланчыктап, кабатыр боло башташты. Аларга айтууга батынбады, андан да алардын тынчын алгысы келген жок. Бул арада Мелис ѳзү байланышабы деп күттү эле, дайыны жок. Баарынан да балдарды алып багышы керекпи же баш тартышы керекпи, мына ушуну ойлоп башы маң. Бир ою «сенин балдарыңды томсорткон ушул аял эмес беле?» десе, бир ою «балдар энесиз калып жатышат. Эне сүтү оозунан кете элек наристелер жетим калып атышат…» деп мээсин кемирип, жүрѳгүн мыкчып алып атты.
— «Мелис да ушундай ойдобу?»
Дароо жооп келди:
— «Саламатсызбы, эже? Жок, ал эч нерсе билбейт».
— «Анан?»
— «Эже, сиз макул болсоңуз эле Мелис кайда бармак эле. Мен гана суранып атам сизден. Сиз акылдуу аялсыз. Балдарымды сиз гана багып кете аласыз. Мен бир гана сизге ишенем».
— «Эже, бул эмне догурунат деп атасыз го, э? Мен аргасызмын. Мен азыр кѳрүп жаткан күндү ит кѳрбѳсүн. Сиз менен сүйлѳшүүгѳ жетишпей ѳлүп калбасам экен деп ойлодум. Шүгүр, жетишип сүйлѳшүп атам» — Акылай ага телефон чалды.
— «Эже, мен сүйлѳбѳй калгам». Артынан жашын тѳккѳн быйтыкчалар келди.
— «Эми кандай кылсак дейсиң?»
— «Эмнени?» «Сиз макулсузбу?»
— «Ооба»
— «Алтыным эже, ыраазымын. Ыраазымын». Дагы кѳз жаштуу быйтыкчалар.

***
Акылай уул-кызына болгонун түшүндүрүп айтты. Уулун макул кылуу оңойго турган жок. Бирок ал апасынын сѳзүн эки кылчу тарбиясыздардан эмес. Кѳңүлү кирдеп турганына карабай апасынын айтканына макул болду. Андан соң Акылай жалгыз барып Айсулуунун абалын кѳрүп, балдары менен таанышып келди. Мелиске жолугамбы деди эле, ал үйдѳ жок экен. Оорулуу аялдын акыбалын, аны айланчыктаган балдарынын жылтыраган кѳздѳрүн карап отурууна кѳпкѳ чыдабады.
Айсулуудан алдыдагы иштин кандай болорун уккан Мелис чынында жеңилдей түштү. Буга чейин бир үмүтү кайненесинде эле, ал киши да жатып калган соң келечегин туман каптап, башы каткан. Айсулууну жоготоруна бир сыгылса, Айсулуусуз үч баланы кантип багам деп такыр эле чайналып жүргѳн. Ал маселенин чечилгенин билгенде жонунан оор жүктү түшүргѳндѳй жеңил дем алды. Эки аялдын кимиси акылдуулук кылды? Муну ажырата алган жок. Акылайга батынып кайрылган Айсулуу кыйынбы же Айсулуунун суранычын кең пейилдик менен кабыл алган Акылай кыйынбы? Муну да айра таанууга акылы жетпеди.
Арадан эки ай ѳтпѳй Айсулуу акка моюн сунду. Муну укканда аялдык жүрѳгү түтпѳй Акылайдын кѳзүнѳн жашы жарышып кетти. Кѳѳдѳнүндѳ тумчуккан бук атылып, буркурай баштады. Кѳл-шал түшкѳн бул ый Айсулууну жоктообу же башка эле армандарын чыгарып алууга ушул суук кабар шылтоо болдубу, аңдай албады. Аял бѳлмѳсүнѳ бекинип алып ичиндегисинин баарын кѳз жаш менен чыгарып салууга жанталашкандай жанын сабап ыйлады.

***
Кеч күүгүмдѳ үйдүн алдына унаа келип токтоду. Андан түшкѳн эркек эки жагын элеңдей карап чоң кѳчѳдѳ эч ким жок экенин байкаган соң унаанын арткы эшигин ачты. Мектеп жашына жете элек эки бала, алардын артынан ымыркайды кѳтѳргѳн аял түштү. Ал балдардын таежеси эле. Коңгуроону басканча болбой үйдүн жалгыз кызы дарбазаны ачты. Үй ичинен уулу менен Акылай үнсүз тосуп алышты. Ал күн балдарды жайгаштыруу менен ѳттү. Эртеси балдардын документтери салынган кагаздын арасынан кат чыкты.
«Акылай эже, алтыным эже, сизге ыраазычылыгымды билдирер сѳз таппай турам. Эки дүйнѳ ыраазымын. Балдарым жакшы аялдын колунда калды деп санаам тынч кетип баратам. Бизди кечириңиз. Тагдыр экен. Эмне дешти да билбейм. Башкысы балдарым атасынын жанында сизди «апа» деп чоңоюшарына санаам тынч. Боорукер, кең пейил эжекем, бар болуңуз. Ден соолугуңуз чың болсун. Кошуңуз».

***
Андан бери үч жыл ѳттү. Баягы ымыркай таттуу тили менен кубантып, үйдү шаңга бѳлѳйт. Эки аялдын балдары ынак бир тууган болушту. Улуулары кичинекейлерди аяп бооруна тартса, кичүүлѳрү наристелик аруулуктары менен аралашып кетишти. Акылайга жаңы түйшүк – жаңы жумуш болду. Балдар үчүн бар билгенин аяган жок. Таң агаргандан түнгѳ чейин алардын камында жүрүп суй жыгылат. Эртеси эле кайра сергек ойгонуп, балдар үчүн аракетке ѳтѳт. Бул үйдѳгү эркин жана ырахаттуу жашоодон Мелиске гана үлүш тийбей калгандай…

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуГүлжигит Сатыбеков: Үйлөнгөнүбүздү ата-энебизге кеч айттык
КийинкиИрина: Кайним эгиз балдарын бизге берди