Негизгиге Интервью «Кусалык» — классташтар жөнүндөгү ыр

«Кусалык» — классташтар жөнүндөгү ыр

306

«Кусалык» — классташтар жөнүндөгү ыр

Тазагүл Закирова калайык калкка белгилүү акын, коомдук ишмер, документалдык фильмдердин жаратуучусу катары да таанымал. Анын 20дан ашык китептери жарыкка чыгып, айрымдары башка тилдерге которулган.

Тазагүл эже, поэзия деген сыйкыр дүйнөгө кандайча баш-отуңуз менен
аралашып калдыңыз?

— Поэзияга бала чагымдагы жашоом аркылуу келип калдым окшойт. Атам
Закир менен энем Анар экөө тең 30-жылдардагы биринчи мугалимдерден
эле. Атам комузду мыкты чертчү. Мен кичинекей кезде биздин үйгө Алымкул
Үсөнбаев, Ысмайыл Борончиев, Мыскал Өмүркановалар көп келчү. Атам
комуз чертип, Мыскал эже ырдап таң атканча отурушчу. Ушулардын баары
мага жакшы таасир калтырса керек. Кичинекейимде атам комуздун кулагын
тиштетип койчу эле. Ошону тиштеп жатып уктап калып, эртең менен
ойгонсом деле атам комуз чертип отурса мага уктабай эле комуз чертип
жаткандай сезилчү. Ошентип, күү менен уктап, күү менен ойгонуп чоңойдум.
Андан тышкары апам экөө тең элдик аңыз-уламыштарды мыкты билчү.
Булар адабиятты элге жеткирүүчүлөр болушкан экен. Эпосторду айтканда
үйгө келген адамдар ушунчалык таасирленип, атүгүл ыйлап отуруп угушчу.

Сиздин көптөгөн обондуу ырларыңыздын катарында “Кусалык” ырыңыз элге
абдан сиңип кетти. Мунун өзүңүздүн жашооңузга тиешеси барбы?

— Бул ырдын ырдалып келатканына 40 жыл болсо, ошол 40 жылдан бери
ушул сыяктуу суроолор түгөнбөйт. Кыргызстандын кайсы бурчуна барбайын,
ал ырдын текстин мен жазганымды билгендер “ии, эже, сизди таштап кара
тору кызга кетип калганы жаман болгон турбайбы” деп шыпшынып калышат.
Ырды элге жеткирип ырдап жүргөн Айнагүл Сарыкова ыраматылыктан да
“апакай жакшы кыз экенсиң, сени таштап кеттиби?” деп сурашчу экен.
Негизи, бул классташтар, балалык, аларга болгон кусалык жөнүндөгү ыр.
Бир партада окуп чоңойгон классташтарды тагдыр калчап туш тарапка
чачты. Ал кезде азыркыдай эмес эле. Бирөөнү бирөө жактырып калса
сезимдерин катка жазып, аны үч бүктөм кылып бүктөп туруп китептин ичине
салып берчү. Мына ошол артта калган күндөрүмө болгон сагынычымды 30
жашымда ырга салып жазган элем.

Ырларыңызга обон жазган обончулардын баары менен байланышыңыз
барбы? Алар сиздин уруксатыңыз менен обон чыгарышабы?

— Менин ырларыма 100дөн ашык обончу обон чыгарыптыр. Арасында мен
абдан сыйлаган обончулар, аткаруучулар бар. Алар менен чыгармачылык
жолдо дайыма бири-бирибизге эриш-аркак болуп чогуу жүрөбүз.
Башкалары, балким, сыртымдан тааныйт, айрымдары таптакыр эле
тааныбастыр. Кээде үйдө отуруппу, унаада баратыппы, өзүмдүн калемиме
таандык саптарды кокусунан угуп калам. Аларды угуу, албетте, жагымдуу.
Ырды акын эл ырдасын деп чыгарат да…

Кусалык

Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп турмуш деген ушуга,
Макул болуп тагдыр деген ушуга.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.

 

СоӊкуТаалайкан Абазова: Маданияттын күзгүсү болгон театр менен кинонун адамы болгонума сыймыктанам
КийинкиЖумшак оюнчуктардын балага кандай пайдасы бар?