Талас облусунун Кара-Буура районундагы ооруканадан кош бойлуу келин каза болду. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин убагында чара колдонбой койгону себеп болду деген пикирде. 1991-жылы туулган Айнура турмушка чыкканына жыл айланбай курсактагы наристеси менен жерге берилди.
“Доктур сиңдимди мазактаптыр”
— Сиңдим менен күйөө балам өткөн жылы сентябрь айында баш кошушкан. Айнура төрт кыздын кичүүсү, эркебиз эле. Жолдошу Талас облусунун Кара-Буура районунан болсо, өзүбүз Талас шаарынан болобуз.Экөө жаңы үйлөнгөндө айылда иш жок деп Бишкекте туруп калышты.Сиңдим менин жанымда сатуучу болуп иштечү. Кош бойлуу болгонуна 12 жума болгондон кийин жолдошу дароо №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алып барып каттоого тургузган. 33-жумасына чейин борбордо дарыгерлердин кароосунда болду, ай сайын анализ тапшырып турчу. Ушул мөөнөтүнө чейин өзүнүн да, түйүлдүктүн да ден соолугу жайында болгонуна мен күбөмүн. Андан кийин айылда калган жетимишке таяп калган кайненесинин жанында болобуз деп Кара-Буура районунун Чолпонбай айылына көчүп кетишкен. 27-апрелден баштап райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого алыныптыр. Ал жактан да баары жакшы болчу. 9-май күнү баласына 36 жума болгондо өзүн жаман сезип райондук оорукананын төрөт бөлүмүнө кайнежеси ээрчитип барыптыр. Дарыгер ал күнү жок болгондуктан нөөмөттө турган медайым кабыл алып, палатага жаткырган экен. Эртеси күнү Нуржанова Гүлнара аттуу дарыгер келип, сиңдиме карап: “Бул соройгон эки метрлик келинди эмнеге жаткырып койгонсуңар, жөн эле келиндик кызматтан качып келип жаткан неме го” деген маанидеги бир топ сөздөрдү айтыптыр. Эч жерин текшербей туруп “ичиң ооруса кайра кел” деп орой мамиле жасап кетирип жиберет.Сиңдим сыртка чыгып алып менден улуу эжеме чалып ыза болуп аябай ыйлаган экен. Үйүнө барып ызаланып күйөөсүнө да айтып, экинчи ал дарыгерге барбайм дептир.
“Экинчи ирет да кайдыгер мамиле жасашты”
— Үйдө жакшы эле жүрдү. 3-июнь күнү жолдошу менен Чолпонбай айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барат. Пландык текшерүүдөн өтмөк экен, ал учурда ичиндеги баласына 38-39 жума болгон. Аны Райкан аттуу медайым кабыл алып, райондук оорукананын төрөт бөлүмүнө барып УЗИге түшүп келгиле деп жанына башка медайымды кошуп берген. Айнура жолду катар бирде ысып, бирде үшүп атканын айтыптыр. Ага маани бербей УЗИге түшүрүп, анын жыйынтыгына карап ичиндеги баласы жакшы деп кан, заарадан анализ тапшыргыла дешет. Анализ тапшырып аткан учурда сиңдим кусуп жибериптир. Күйөө балам жакшы эле тызылдаган экен, ага кулак түрбөй доктурлар “кусуп атса өпкө, боорун УЗИге тарттыргыла деп” чай ичип отуруп алышыптыр. УЗИге баратканда сиңдим жыгылган экен.
“Бир заматта сиңдимдин сөөгүн кучактап отуруп калдык”
— Айнура кулаганда жолдошу кыйкырып жардамга чакырып, келинчегин колуна көтөрүп жандандыруу бөлүмүнө жөнөптүр. Ал жактан жүрөктү соктура турган аппаратты туташтырганда жүрөгү согуптур. Ошол жерден күйөө баламды сыртка чыгарып салышыптыр, ал жандандыруу бөлүмүндө бир сааттан ашуун убакыт күтүп туруптур. Анан бир медайым чыгып күйөөсүнүн колундагы карточканы сурап алыптыр. Ошондон көп өтпөй дарыгер чыгып: “Аялың өлүп калды, моргдон алып кет”,- дептир түз эле. Ошондон бир саат мурда апама чалып райондук ооруканага баратканын айтышкан экен, ал агамды айдатып алып жолго чыгыптыр. Апам байкуш күйөө балам чалса төрөгөн экен деп ойлоптур. Ал жерден ызы-чуу түшүп ыйлап, апамдын кан басымы көтөрүлүп атама чалышат. Бир заматта бизге кабар жетип жакшынакай басып жүргөн сиңдимдин сөөгүн кучактап отуруп калдык.
“Дарыгерлерге сурообуз көп”
— Сиңдимдин ден соолугуна кайдыгер караган дарыгерлер азыр бизди каралоо менен алек болуп атышат. “Боюнда болгондон баштап каттоого турбаптыр” дешиптир. 12 жумалыгынан баштап каттоого турганын Бишкектеги дарыгерлерге барып далилдеп бере алабыз. Жандандыруу бөлүмүнөн карточканы да аны каралоо максатында алып алышкан окшойт. Себеби кийин ал карточканы такыр таппай койдук. Эмне үчүн 9-майда ооруканага баргандан тартып сиңдиме жакшы карашкан эмес? Эмне үчүн толгоо тартып атканын аныкташкан эмес? Бир сааттан ашык жандандыруу бөлүмүндө эмне кылып атышты? “Жок дегенде наристени сактап калбайт белеңер?” дегенибизде “эненин жүрөгү токтогондо ымыркай дароо тумчугуп чарчап калат” дешти. Азыр прокуратурага арыз жаздык. Дале нес абалда отурабыз. Апамдын көз жашы көл. (Ыйлап) Ооруканага бараардан мурдагы күнү балага керектүү кем-карчынын баарын баштыкка салып: “төрөп калсам ушуну алып барасың” деп жолдошуна дайындаган экен. Убагында дарыгерлер көңүл буруп койгондо минтип кара жерди кучактап жатпай, эки колун аман-эсен бооруна алып бала эмизип отурбайт беле. Турмушка чыккандан кийин 9 ай эле жашады. Курсактагы баласы уул экен, молдолордон сурасак шарияттын жолу менен ошол бойдон эненин курсагынан алынбай жерге берилет дешти. Алар айткандай кылып экөөнүн сөөгүн жерге бердик…
Анара Дүйшөналиева