Негизгиге Сурагым келет Нике күбөлүгү – сизди коргой турган маанилүү документ

Нике күбөлүгү – сизди коргой турган маанилүү документ

483

Нике күбөлүгү – сизди коргой турган маанилүү документ
Айрымдардын жашоодогу катасынын бири – жарандык никеде жашап, мамилесин мыйзамдуу түрдө каттабаганы. Мунун көп себеби бар. Алардын бири, укуктук жактан билимдин аздыгы десек болот. Нике күбөлүгү жок жубайлар оту күйүшпөй ажырашкан учурда аял киши көп жапа чегет. Ага редакциябызга келген каттар мисал болчудай. Биз адвокат Эсения Рамазановага кайрылып, төмөнкү каармандарыбызга көмөк көрсөткөнгө аракет кылдык.

“Эки кызым менен көчөдө каламбы”?

— Жолдошум экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. Анын мага чейин үй-бүлөсү бар экен, аны менен 2008-жылы ажырашыптыр. Ал аялы ортодогу жалгыз баласын алып Орусияга иштеп кетип, ошондон бери ошол жакта экен. Экөөбүз баш кошкондо жолдошумдун үйүндө жашадык, 5 жылда эки кыздуу болдук. Жолдошум курулушта иштечү, бизди багуу үчүн кара жанын карч уруп ден соолугуна деле көңүл бурбаптыр. Бир жолу жумуштан “жыгылып калды” деп телефон чалышты. Жетип барып дароо ооруканага кайрылдык. “Жүрөгүндө стенокардия бар, оор жумушка жарабайт” деп доктурлар курулушта иштегенге тыюу салышты. Анда деле такси айдап, күнүмдүк тиричиликке тыйын таап жатты. Экинчи приступ 2017-жылы болду. Бул жолу жолдошум жандандыруу бөлүмүнөн чыккан жок. Кайын-журтум менен биргеликте ыйлап-сыктап күйөөмдү акыркы сапарга узаттык. “Жалгыз уулу топурак салсын” деп Орусияда иштеп жаткан баласын чакыртышты, бирок келген жок.
 Күйөөм каза болгондон эки ай өтүп биринчи аялы келип “убагында бул үйдү чогуу  иштеп алганбыз. Нике күбөлүгүбүз кыркылган эмес. Эми үйдү уулума каттатам, эмки келгенимче бошотуп кой” деп кетти. Ошондо күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы нике мыйзамдаштырылбаганына өкүндүм. Эми мен кандай чара колдоном? Эки кызым менен көчөдө каламбы? Эгер ортобузда нике күбөлүк болгондо мен ал үйгө ээ боло алат белем?

Жанара, 41 жашта, Жалал-Абад облусу

Жообу: — Жанара, нике күбөлүгүңүздөр болгон күндө деле сиз ал үйгө ээ боло албайт элеңиз. Себеби ал биринчи аялы менен чогуу тапкан мүлк болуп саналат. Жолдошуңуз аны менен ажырашканда мыйзамдуу никесин бузуп, ал аялына үйдүн тиешелүү үлүшүн бериши керек болчу. Ал бузулбагандыктан, күйөөңүздүн артында калган мүлктүн баарына мыйзам боюнча ал аялы ээ болот. Мисалы, жолдошуңуз экөөңүздөр кийин унаа, дагы бир үй алдыңыздар дейли. Ортоңордо мыйзамдуу нике болбогондуктан, ал мүлктөр деле биринчи аялыныкы болуп калат. Эки кызыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын аты жазылган да. Андыктан кыздарыңыз атасынын мураскерлери болот. Эми сиз сотко кыздарыңызды мураскер катары табуу суранычы менен арыз жазсаңыз, ал үйдү соттун чечими менен баалап, биринчи аялына, уулуна жана сиздин эки кызыңызга бөлүп берет. Ошондо эки кызга тиешелүү үлүштү мыйзамдуу түрдө ала аласыз. Эгер шартыңыз болсо сүйлөшүп алып, аялы менен баласынын үлүшүн сатып алсаңыз болот же, тескерисинче, эки кызыңыздын үлүшүн ага сатсаңыз да болот.


“Чет элдик жаран менен кантип нике күбөлүгүн алам?”
— Мындан төрт жыл мурда түрк жигит менен таанышкам. Туугандарыбыздын каршылыгына карабай баш кошуп, жарандык никеде жашап алганбыз. Азыр туугандарым аны менен ажырашышымды талап кылып жатышат. Менин болсо ажырашкым келбейт, аны менен жашагым келет. Жолдошум нике күбөлүгүн алып, Түркияга кетүүнү сунуш кылып жатат. Мен да анын сунушун туура көрдүм. Туугандарымдын кысымына чыдабай калдым, тез арада нике күбөлүгүн алып кетким келип жатат. Сурайын дегеним, Кыргызстандан алынган нике күбөлүк башка мамлекетте кандайдыр бир күчкө ээби? Же Түркиядан нике күбөлүгүн алалы десек, мен кандай документтерди камдап баруум керек болот?

Азима, 33 жашта, Бишкек шаары

 
Жообу: —
Чет элдик жаран менен никеге турууда, мыйзам боюнча, эч кандай тоскоолдук жок. Бирок Түркиянын мыйзамын, биздин нике күбөлүк ал жакта кандай күчкө ээ экенин айта албайм. Ал үчүн ошол мамлекеттин мыйзамын карап чыгуу керек. Мисалы, Дубай, Эмираттарда нике күбөлүгү берилбейт. Ал жакта имам тарабынан нике кыйылат. Кандай болсо да сизге Кыргызстандан никеге туруп кетүүнү кеңеш кылам. Себеби жашоодо ар кандай кырдаал болот. Ылайым эле жакшы жашап кетиңиз, бирок кийин нике бузула турган болсо, Бишкектен ажырашкан жеңил болот. Эгер нике күбөлүк Түркиядан алынып, ошол жактан бузула турган болсо укугуңуз чектелип, ал өлкөдөн чыгууда кыйынчылык жаралышы мүмкүн.

“Эки кабат үйдүн курулушуна кошкон салымымды кантип далилдейм?”
— Жолдошум мени 18 жашымда ала качып алган. Ал кезде жаш болгондуктан, билимим жетишпегендиктен, нике күбөлүктүн маанилүүлүгүн ойлобоптурмун. Эл катары жашап калдык. 19 жылдык жашообузда бир эле кыздуу болдук. Күйөөмдүн деле билими жок, экөөбүз жаңы тиричилик болуп шаарга келгенде ал курулушта, мен тигүү цехинде иштеп калдык. Кайын журтум күйөөмө мурда эле жер тилке алып беришкен экен. Ал жерге чакан үй салып беришти. Бирок эки кабаттуу чоң үйдүн бүтүшүндө менин салымым көп. Курулуш иштери кышында токтоп, күйөөм үйдө эле жатчу. Мен болсо кышы-жайы дебей кара жанымды карч уруп иштедим. Жебей-ичпей улам тапканымды чаптап берип жатып беш жыл дегенде заманбап эки кабаттуу үйдү бүтүп, жашап калдык.
Акыркы күндөрү күйөөмдүн ниети бузулуп, мени менен ажырашкысы келип жүрөт. Айыбым – эркек бала төрөп бербегенимде. Кайын журтум да ортого түшүп бузуп жатат. Эми ажырашсак кызым менен көчөдө каламбы деп коркуп жатам. Ал үйдө менин мээнетим чоң экенин баары билет, бирок мыйзам алдында далилдей албайм. Мындай шартта өзүмдүн кызыкчылыгымды канткенде коргой алам? Мыйзамдуу никебиз жок, жер тилке башында кайненемдин наамына катталган, кийин аны күйөөмө өткөрүп берген. Бирок кандай жол менен өткөрүп бергенин билбейм.  
 Салима, 37 жашта, Кант шаары


Жообу: —
Эгерде кайненеңиз жер тилкени баласына белекке берүү жолу менен өткөрүп берген болсо, ал үй  ажырашканда экиге бөлүнбөйт. Ал эми баласы менен энеси “сатуу жана сатып алуу” келишимин түзсө, анда мүлк күйөөңүздүн өзүнө тиешелүү болмок. Сиздердин никеңиздер мыйзамдашпагандыктан, үйдүн жарымына укугуңуз жок, бирок ушуга чейин эки кабат үйдү салууга кеткен чыгымыңызды өндүрсөңүз болот. Эки кабат үй 30 миң долларга турду дейли. Күбөлөрдүн жардамы менен кетирген чыгымдарыңызды далилдесеңиз болот. Мисалы, иштеген усталардан сотко күбө болуп берүүсүн сураныңыз. Кошуналарыңыздын арасынан сөзсүз 3-4өө сиздин кандай иштеп, аракет кылып жатканыңызды билишет, алардын көрсөтмөсү да эске алынат. Тигүү цехинин ээси сиздин канча жылдан бери иштеп жүргөнүңүздү тастыктай алат. Алган оокатынын дүмүрчөгүн сактап койгон бышык аялдар бар, ушундай кырдаалдан улам бул да туура көрүнүш. Ошентип, сот күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө таянып гана сиздин короткон акчаңызды күйөөңүздөн өндүрүп бере алат.


“Насыяны төлөп бүттүк, бирок  үй биздики эмес”
— Жолдошум менен баш кошкон 21 жыл аралыгында эки уул, эки кызга ата-эне болдук. Кайын журтум деле жупуну жашашчу. Бизге “үй салып бере албайбыз, өз оокатыңарды кылгыла” дегенинен шаардын четинен бак-шактуу, жер тилкеси кенен үйдү банк аркылуу насыя менен 12 жыл мурда алганбыз. Ал үйдү банк 46 миң долларга баалады. Ошондо нике күбөлүгүбүз жок болгондуктан, дагы бир топ документтер кем болуп үйдү кайнагама каттатканбыз. Бизге банк талап кылган документтерди да кайнагам менен абысыным бүтүрүп берген. Жыйынтыгында үй алардын наамында, насыяны да экөө алган болуп саналды. Бирок акыркы тыйынына чейин күйөөм экөөбүз төлөп бүттүк. Аягында күйөөмдүн жумушу жакшы болбой, минип жүргөн унаасын сатып банктагы калган сумманы жапканбыз. Жолдошум былтыр кырсыктап каза тапты. Төрт бала менен жесир калдым. Өткөндө кайнагама “үйдү уулума каттатып бериңиз, жакында он сегизге чыгат” десем унчукпай тим болду. Башка абысындарымдан “үйдү каттатпайм, иним өлдү, аны бул жерде кармаган эч ким жок, каалаган жагына барсын” дегендей кылыптыр. Мен аны уккандан бери сарсанаамын. Кантип мыйзам алдында үй меники экенин далилдей алам? Кайнагамдан канткенде документти өзүмө алам? Кокус соттошсок, сот кандай жагдайларды карап менин пайдама чечим чыгарып берет?

Акбермет, 45 жашта, Бишкек шаары

Жообу:
Мисалы, Асандын карызын Үсөн төлөп жатса, банк берген дүмүрчөккө ошентип жазылат. Насыя кимдин наамына алынганы, акчаны ким төлөп жатканын дүмүрчөктүн жардамы менен далилдесе болот. Унааңызды сатыптырсыз, калган сумманы жапкан күн менен унааны саткан күн дал келсе, бул да далил. Мындайда банк кайнагаңыз менен келишимди жокко чыгарып, үйдү сиздин наамыңызга каттатып берет. Ал эми ай сайын насыянын акчасын кайнагаңыздын колуна берип, ал тыйынды банкка өзү төлөп жаткан болсо, анда сизде үйдү кайтарып алууга мүмкүнчүлүк жок.  

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуБалага сүйүү жетиштүү берилсе – жашоодо сынбайт
КийинкиМухабат Касымова: Карыган адамдарды көрүп өз карылыгымды ойлойм