Негизгиге Ден соолук Омуракунова Назгүл, эндокринолог: Кант диабети айыккыс оору

Омуракунова Назгүл, эндокринолог: Кант диабети айыккыс оору

1977

Омуракунова Назгүл, эндокринолог: “Кант диабети айыккыс оору”
Кант диабетинен дүйнө жүзүндө ар бир 10 секунд сайын бир адам же жылына 4 миллионго жакын адам көз жумат. Бизде бул оору менен катталгандардын саны 2020-жылдын январына карата статистикалык маалымат боюнча 62 миңден ашат. Ал эми оорусун билбей жүргөндөр андан да көп. Адамдын өмүрүнө коркунуч жараткан оору тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эндокринология борборунун башкы дарыгери, жогорку даражадагы врач-эндокринолог Назгүл Омуракунова айтып берди.

— Назгүл Советбековна, кант диабети бул кандай оору? Канчалык деңгээлде коркунучтуу?
— Кант диабети бул кандагы канттын деңгээлинин өнөкөт жогорулашы, анын себебинин бири, уйку безинин жабыркоосунан келип чыгат. Уйку безде альфа , бета клеткалары болот. Альфа клеткаларында кантты көтөрүүчү зат бар, ал эми бета клеткалары кандагы кантты төмөндөтүүчү инсулин бөлүп чыгарат. Диабеттин пайда болуу себебинин бири, ошол бета клеткалары жабыркап, организмге керектүү инсулин чыкпай калганда кант диабети пайда болот. Экинчи себеби, ткандардын инсулинге болгон сезгичтигинин начарлашы да алып келет. Эки гормондун негизги милдети, кандагы канттын өлчөмүн бир калыпта кармоо болуп саналат.

— Уйку бези кандай себептерден сезгенүүсү мүмкүн жана кант диабетине алып келүүчү факторлор кайсылар?
— Себеби көп, анын негизгилери вирустук инфекциялар (сасык тумоо, сарык, кызамык), туура эмес тамактануу (майлуу, таттуу, камыр тамактарды көп колдонуу), спирт ичимдиктерин колдонуу. Ал эми кант диабетине алып келүүчү коркунучтуу факторлор: жаш курагы 45 жаштан жогору адамдар, аз кыймылдуулук, ашыкча салмактуулук, артериялык кан басымы жогору болуусу, 4,5 килограммдан ашык бала төрөгөн аял, чылым чегүү, стресс жана тукум куучулук фактор да чоң мааниге ээ.

— Адам өз алдынча диабетке кабылганын кантип болжолдосо болот?
— Кандын курамында кант көбөйүп кеткенде, образдуу айтканда, кан сироптой болуп коюуланып кетет. Мындан улам адам байма-бай суусап оозу кургайт. Тез-тез заара кыла баштайт, ошонун негизинде түнкү уйку начарлайт. Арыктайт, териси сезгенип кычышат. Шишийт, көзүнүн көрүүсү начарлайт. Бирок, тилекке каршы, бул белгилер дайыма эле бардыгында байкала бербейт.

— Абалы кескин оорлошуп кетеби?
Абалы көбүнчө диабеттин түрүнө жараша болот, оорунун бир нече түрү бар. Кеңири тараганы – 1-2-типтеги диабет. Биринчи типтеги кант диабетинде уйку без таптакыр инсулин чыгарбай, организмде ал биротоло жок калат. Ошондо инсулин саюу жолу менен дарыланышат. Бул түрү менен жаш курагы 30 жашка чейинки адамдар жабыркайт. Ал эми 2-типтеги кант диабетинде, жогорудагы белгилер  көпкө чейин билинбей жүрө бериши да мүмкүн, ошол себептен диабеттин өнөкөт кабылдоолоруна кабылганда гана дарыгерге кайрылып кант диабети экени аныкталган учурлар да аз эмес. Экинчи типтеги кант диабети – мында организм керектүү санда инсулинди бөлүп чыгарат, бирок ткандар өзүнүн инсулинин сезбейт. Бул учурда кандагы канттын деӊгээли көтөрүлүп, инсулин дагы көп болуп жүрө берет. Негизи, ткандар глюкоза менен тамактануусу керек, бирок ткандын сезгичтиги жок болуп, глюкозаны кабыл ала албаганда ткань ичиндеги запастарды  иштете баштайт. Ошол себептен адамдын алы кетет, арыктайт.

— Кайсы учурда бутту ампутация кылууга туура келет?
— Кант диабети эгерде дарыланбай жүрсө, дайыма кандагы канттын деңгээли жогору болсо, дарыгердин көзөмөлүндө болбосо, бардык органдарды жабыркатат. Мисалы, диабеттик нефропатия дейбиз, ал бөйрөктөгү кан тамырларды ууландырып ичкертет, мындан улам бөйрөк толук кандуу иштей албай калат да, акыры гемодиализ жолу менен өмүр бою канды тазалап турууга аргасыз болот. Диабеттик ретинопатия дейбиз, көздүн кан тамырларын жабыркатат да, мындан улам көздүн көрүүсү начарлайт да, көрбөй калууга чейин алып келет. Ал эми диабеттик ангионейропатия буттагы кан тамырларды жабыркатат. Кан тамырлар ичкергенде кан айлануунун начардыгынан буттун баш жагына кан жетпей, ал эч нерсени сезбей калат. Бара-бара чирий баштайт. Ошол чириген жерди ампутация кылууга туура келет. Же болбосо кандайдыр бир кенедей жара пайда болсо да айыкпай узак убакыт кыйнайт. Ал жарага инфекция кирет, мындан улам тери ириӊдейт. Ириӊ сөөккө өтүп сөөктү кошо чиритип, мунун жыйынтыгы да ампутация менен аяктайт. Мындан тышкары аталган илдеттен улам адам инфаркт, инсульт алып, атүгүл тиштеринин эти бошоп тиш түшө баштайт. Натыйжада майыптыкка  алып келет.

— Ооруну кандай жол менен аныктап, кантип дарылайсыздар?
— Негизги кандагы канттын нормасы веналык кандын плазмасында 3,3-6,1 ммоль/литр, ал эми манжадан алынган капиллярдык кандын нормасы 3,3- 5,5 ммоль/литр болушу керек. Кандагы глюкозанын өлчөмүн аныктоого кандын анализи, зааранын анализи, ички органдардын УЗИси керектелет. Дарттын тибин, даражасын аныктагандан кийин дарылоо башталат. Биринчи кезекте адамдын ичкен-жеген тамагын, жашоо образын иретке салабыз. Ал үчүн атайын мектеп бар. Ал жактан ар бир оорулууну окутуп, кант диабети кандай оору экенин өздөрүнө жеткиликтүү түшүндүрөбүз. Ансыз бейтаптын дарылануусу натыйжасыз болот. Кошумча кандагы канттын деңгээлин төмөндөтүүчү көп түрдүү  дарылардын ичинен ар бир адамга өзүнчө тандалып, дайындалат. Кандагы канттын курамын төмөндөтүү үчүн ал дарыларды узак убакытка, көп учурда өмүр бою колдонууга туура келет. Үй шартында канттын өлчөмүн аныктоочу глюкометр сатып алышат, аппарат 1,5 миң сомдон жогору турат.

Аталган илдет менен ооругандарга сайылуучу инсулин жана дары-дармектер бекер берилеби?
– Ооба, мамлекет тарабынан инсулин жана инсулинди саюучу ийне менен камсыз болушат. Бирок таблетка түрүндөгү дарыларды өздөрү сатып алууга туура келет, мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча жетише бербейт.

—  Кош бойлуу аялдарда да бул оору кеңири кездешет экен?
– Кант диабетинин дагы бир түрүнө кош бойлуулуктагы кант диабети кирет. Ал гестациондук диабет деп аталат. Кээ бир аялзатында кош кат мезгилинде кандагы канттын деӊгээли көтөрүлөт да, кийин көз жарган соӊ кайра калыбына келет. Бирок кийин кант диабети менен ооруп калышы толук мүмкүн. Мурун 4 килограмм салмактагы бала төрөсө “Манас төрөдү” деп кубанышчу. Бирок чоң салмактагы баланын төрөлгөнүнүн себеби кош бойлуу кезде туура эмес тамактануу, кыймылдын аздыгы. Бул да болсо аялды диабетке алып келет. Андыктан бизге төрөгөн энелер кайрылганда дароо эле “балдарыңыз кандай салмакта төрөлдү эле?” деп сурайбыз. Ошондуктан кош бойлуу аялдарды сөзсүз кандагы канттын деңгээлин аныктоого жөнөтөбүз. Алардын кандагы кантынын деңгээлинин көрсөткүч пайызы 1 ммолдон ылдый болуш керек.

— Ал эми жаш балдар бул ооруга кайсы учурда чалдыгат?
— Бул оору тукум куучулук мүнөзгө да ээ. Учурда ашыкча салмактуу балдар аталган илдетке көп чалдыгып жатат. Эгер жубайлардын экөө теӊ кант диабетине чалдыкса, болочоктогу ымыркайына таасирин тийгизиши толук мүмкүн. Экөөнүн бири жабыркаган ата-эненин баласы ар кандай оорулардан толук айыкпаса, катуу стресс абалда жүрсө, толуп кетсе, кан басымы жогорулап кетсе кант диабети менен ооруп калуу коркунучу бар.

— Дарыгердин берген көрсөтмөсүн так аткарып, өмүрдү узартууга мүмкүнбү?
– Албетте. Бирок биздин бейтаптардын көбү өздөрүнүн оорусуна өздөрү кайдыгер карашат. Дарысын убагында ичишпейт, тамак-ашын көзөмөлгө алышпайт. Аз кыймылдашат. Айтор, бул ооруну олуттуу кабыл албай өөрчүтүп жибергендер жок эмес. Ал тургай абалы тез арада оорлошуп, комага түшүп жашоо менен кош айтышкандар да, тилекке каршы, бар.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуЭркектер эмнени каалашат? Күйөөңүздү бактылуу кылыңыз
КийинкиЖыпара: Кыргыздын кызыл камчысына кор болгончо, башка улуттун уулуна эркелеп жашайын дедим