Негизгиге Ден соолук Организмди башкарган негизги гормондор

Организмди башкарган негизги гормондор

2444

Организмди башкарган негизги гормондор

“Гормондордун иштөө тартиби бузулду”, “бул же тигил гормон көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат” деген дарыгердин аныктамасын көп эле угуп жүрөбүз. Бирок гормон биздин организм үчүн канчалык маанилүү, зарыл экенин толук биле бербейбиз. Биздин организмди башкарып турган негизги гормондор бар. Алардын иштөө тартиби бузулса, саламаттыкка олуттуу зыян келет.

Гормондор атайын түзүлгөн тартип менен өз өлчөмүндө бөлүнүп чыгып турат. Ар бир саатта ар башка гормон иштелип, адам ошого жараша өзүн сезет, ар кандай иш-аракеттерди аткарат. Анда эмесе саат канчада кайсы гормон иштелип чыгарын билип алып, ошого жараша иш жүргүзүңүз.

☑️Таңкы саат 5:00дө: Организмде серотонин гормону иштелип чыгат. Бул гормон жашоонун кубанычын сезүүгө жардам берип, эртеңкиге болгон ишеним сезимин ойготот. Серотонин гормону ойгонгондо адамда чарчоо деген сезим жоголот, физикалык кыймылга шыктанат. Эгерде бул гормон өлчөмүнөн аз же көп бөлүнүп чыкса адамда тескери реакция жүрөт. Мисалы, чарчоо, уйку канбагандык, кыжырдануу…
Эгер бул гормон узак убакытка чейин таасирин жоготпосун десеңиз, күн сайын эртең мененки саат 5те туруп сейилдеп, физикалык көнүгүүлөрдү жасап, анан организмди В, В1 витамини менен камсыз кылганга аракет кылыңыз. Ал үчүн жумуртка, сүт азыктары, гречка, сулудан жасалган ботко жеген оң.

☑️6:00: Кортизол гормону иштелип баштайт. Бул гормон мээнин активдүү иштешин, эс тутумду жакшырта турган милдетти аткарат. Андыктан бул убак бир күнкү пландарды түзүүгө, жумуштагы милдеттерди тизмелеп жазганга ыңгайлуу. Гормондун бир артыкчылыгы — мээге “ойгонуу керек” деген белги берет. Ошондуктан кортизол гормону тең салмактуу болгондор күндө бир маалда ойгонушат. Картизол өлчөмүнөн көп же аз иштелип чыкса организмде минералдык тең салмактуулук бузулат. Жыйынтыгында териге эрте бырыш түшөт, иммунитет алсырайт, стресске кабылтат, кандын курамында кант көбөйөт.
Кортизол кофени сүйбөйт. Таң эртең менен уйкуну ачабыз деген максатта күндө кофе ичүү менен бул гормондун көп иштелип чыгуусуна шарт түзөбүз. Анын ордуна гормон активдүү иштеп жаткан бул учурда С жана Д витаминин колдонуу керек. 500 грамм суу, ит мурундун тундурмасы, кара карагат, кызыл калемпир, жашылчанын түрүн жеген оң. Деңиз азыктары, кычкыл сүт азыктары, ар кандай кургатылган жемиштер бул гормондун өлчөмүн бир калыпта сактап турууга жардам берет.

☑️7:00: Мелатонин гормону иштөөсүн токтотот. Мындан аркы уйкунун организмге эч кандай пайдасы жок. Уйкуну андан ары улантсаңыз убактыңыз текке кеткенге барабар.

☑️8:00: Жыныстык гормон — эстроген ойгонот. Бул гормон аялдардын эн безинде, эркектин урук безинде иштелип чыгат. Гормон активдүү иштеп аткан маалда көнүгүү, гимнастика жасап, спорт залга барса болот. Адамда ушул учурда сексуалдык каалоо ойгонот. Клеткалар жаңыланат. Териде кан айлануу процесси жакшырат. Бул гормондун жетишсиздиги же көптүгү ар кандай жыныс оорулардын пайда болушун шарттайт. Ал эми өз өчөмүндө болсо адам өз курагынан кыйла жаш көрүнөт.
Бул гормондун жакшы иштелип чыгышы үчүн Е жана К витаминдери зарыл. Булар ашкабактын данында, өсүмдүк майында, жумуртканын сарысында, уйдун этинде, капустада бар.

☑️10:00. Нейрогормондор иштеп баштайт. Бул гормон эс тутумду жакшыртууга, эстеп же жаттап калууда ролу чоң. Андыктан адам физикалык, акыл-эс жактан да активдүү болот. Бул гормон өлчөмүнөн аз иштелип чыкса алсыздыкка, уйкусурап шалдыраганга алып келет. Иш жөндөмдүүлүк кескин төмөндөйт. Адамды стресстен коргоп турат, иммунитетти чыңдайт.
Гормон өз тартибинде иштеп туруу үчүн эт азыктары, балыктын, тооктун эти керек. Сабиз, брокколи, капустанын түрүн, цитрус жемиштерин күнүмдүк рационго киргизген туура. Бадам, кактын түрү, буурчак колдонуу керек.

☑️14:00-16:00. Бул аралыкта соматотропин гормону иштеп баштайт. Булчуңдардын талбай иштөөсүн, муундун бекемделишин шарттайт. Бул гормонду жаштыктын гормону деп да аташат. Эгер өлчөмүнөн аз болсо булчуңдар бошойт, дене салаңдап калат. Семирүүгө, курсактын чыгышына алып келет.
Сүт азыктарын үзбөй колдонууда, тоок, үндүк, балык, этин, буурчактын баардык түрүн колдонгондо организм бир күндүк белок менен камсыздалат. Жыйынтыгында гормондор өз тартибинде иштейт.

☑️17:00. Картизол гормону аз өлчөмдө иштеп баштайт. Бул учурда ар кандай активдүү иш-аракеттерди азайтуу керек. Физикалык машыгуу ушул саатка туура келип калса булчуңдарга күч келет, организм стресске учурайт. Андыктан бул саатта жеңил тамактанып, мээни жана денени эс алдыруу сунушталат.

☑️21:00. Мелатонин гормону иштеп баштайт. Дененин табы төмөндөп адам жылуулукту самайт. Бул учурда организмдеги клеткалар эс алууга муктаж. Мелатонин өлчөмү организмди ар кандай залалдуу шишиктерден коргоп, клеткалардагы картаюу процессин жайлатып, баш оорудан сактайт, иммунитетти чыңдайт. Ал эми жетишсиз болгон учурда тескери реакция башталат.
Бул учурда бардык иштерди жыйыштырып, мээге күч келтирбөө зарыл. Майлуу, таттуу азыктардан карманып жеңил салаттарды колдонуу зарыл. Себеби адам өтө тоюп алса өз маалында гормон жетиштүү өлчөмдө бөлүнүп чыкпай калат. Бул уйкусуздукка, стресске алып келет.

☑️22:00-4:00. Эндорфин гормону иштеп баштайт. Бул гормон иштеп баштаганда адам уйкуга кетсе жагымдуу сезимдер менен коштолот. Кандын курамында бул гормон жетиштүү болсо оң жана терс эмоцияларды күнү бою жөнгө салат. Эгер сизде оң эмоция басымдуу болсо, ар бир майда нерсе кубаныч тартууласа, машыгууну жан дилиңиз менен жасап аткан болсоңуз бул гормон сизде жетиштүү экенинен кабар берет. Эгер дайыма абалыңыз чарчаңкы болсо, кыжырдануу сезими коштоп жүрсө эндорфин гормону өлчөмүнөн аз же өтө көп иштелип чыгат.
Бул гормон уйкуну жакшы көрөт. Күнү бою организм топтогон стресс артта калып, жаңы күч топтогонго даяр. Андыктан түнкү ондон таңкы төрткө чейинки уйку организм үчүн баалуу болуп саналат. Уктаарга 1-2 саат калганда терс эмоция бере турган жаңылык, кино көрүү сунушталбайт. Бул маалда акыл-эске күч келтире турган иш аткаруу да жакшы натыйжа бербейт. Ал эми түнкүсүн иштегенди адат кылгандар дайыма эндорфин гормонунун бузулуусунан жапа чегип келишет.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуЖамал Сейдакматова: 80 жаштын артыкчылыгы менен кошо кемчилиги да бар экен
КийинкиКайсынысы жакшы: кыргыз класспы же орус класспы?