Негизгиге Интервью Рысбай Аматов: Шайлоочуларымды эч качан куру убада менен алдаган эмесмин

Рысбай Аматов: Шайлоочуларымды эч качан куру убада менен алдаган эмесмин

21

Саламатсызбы, Рысбай Аматович? Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары бара жатасыз, депутат болуп калсаңыз ишти орчундуу кайсы маселеден баштайсыз?

— Саламатсыздарбы? Жогорку Кеңештин негизги функциясы бар. Ал элдин реалдуу маселелерин талкуулоо жана чечүү жолдорун издөө. Учурда Жогорку Кеңеште болуп жаткан жана эл кабыл алган тенденция калыптанып калды. Элди кызыктырбаган маселелерди талкуулоо, кимдир бирөөнүн туура эмес сүйлөп алган сөзү үчүн талаш-тартыш, эки адамдын жеке маселелери, күлкүлүү хайптарды чыгаруу сыяктуу нерселер менен алек болуп, негизги функциясы арткы планда калды. Мисалы, экология маселеси бүгүн борбор шаарыбызда башталып жатса, эртең региондордо башталбайт деп ким кепилдик берет? Ушул сыяктуу маселелер, реалдуу сунуштар, пикирлер талкууланбай келе жатат. 2015-жылы эсиңиздерде болсо, көп партиялар “мигранттар үчүн жумуш орундарын ачабыз” деп убада беришкен, бирок депутаттар Жогорку Кеңешке келгенден кийин ал маселе көтөрүлгөн жок, экономика жаатында мамлекет кайсы принцип менен кетиши керек, жеке ишкерлерди колдоо деген маселелер каралган жок.

Ушул нерселерди эске алып программабызды иштеп чыкканбыз. 7 дубанда 7 завод куруу, 40 районго чакан ишканаларды ачуу, 453 айыл өкмөтүндө ошол ишканаларды сырьё менен камсыз кылуучу пункттарды ачуу идеясын алып чыктык. Азырынча сунуш, бирок ишке ашыра турган механизмдери бар. Биз чоң нерсени айтып жаткандай сезилишибиз мүмкүн. Бирок талашып, талкуулап, тактап, өлчөп, ченеп жүрүп отуруп ишке ашыруу жолдорун таба алабыз.

Мындан тышкары азыр элдин ден соолугу чоң көйгөй болуп жатат. Оору келгенде күрөшпөй, ошол оорунун алдын ала турган мамлекеттик деңгээлдеги программа иштеп чыгуу керек. Ушундай максаттарды ишке ашырууну көздөп турабыз.

— Парламент депутатынын негизги миссиясы – мыйзам жазуу. Учурда кайсы тармакка жаңы мыйзамдар керек же кайсы тармактагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр зарыл?

— Мен көтөрө турган эң негизги маселелердин бири – мамлекет тарабынан жарандарды тейлөө жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү. Учурда мамлекеттик тейлөөдө отурган адамдардын кызматына 70-80 пайыз адам нааразы болуп келет. Мамлекеттик кызматка бара турган адамдарды чоң сынактан өткөрүү керек. Мыйзамды билүү, сылыктык, маселени чече билүү, өзүнүн укугун жана милдеттерин билүүсү зарыл. Ошол эле убакта психологиялык тесттен өткөнү туура деп эсептейм. Мисалы, сиз документ алуу же башка бир маселени чечүү керек болсо бюрократияга туш болосуз. Мамлекеттик кызматка барып бир ишиңизди бүтүрүп алууну кааласаңыз, сөзсүз түрдө маанайыңыз чөгүп чыгат. Жөнөкөй эле бүтө турган жумушту элге опол тоодой кылып көрсөтөт, сиз коркосуз, же ал учурунда бүтпөйт. Тажаганда эл жең ичинен акча берип иштерин бүтүрүп алууга өтүшөт. Мындан коррупция жаралат. Буга жол бербөө үчүн мамлекеттик тейлөө кызматында иштегендер үчүн мыйзамды өзгөртүү керек деп ойлойм.

— Азыр бийликке жаштар жана жаш партиялар келсин деген ураандар көбөйдү. Бийлик – бул жоопкерчилик. Жаш муундун өкүлдөрү бул жоопкерчиликти алып кете алат деп ишенесизби?

— Мен “жаштар гана келсин” деген ураандан алысмын. Өнүккөн мамлекеттердин көпчүлүгүндө адамдын жаш курагына эмес, билимине, тажрыйбасына, курч идеяларына, креативдүүлүгүнө карашат. 70 жашка келген адам да жашоого креативдүү карай алат. АКШнын президенти буга ачык мисал. Ооба, “Ишеним” – жаш, таза, репутациясы бузулбаган партия. Курамы – көпчүлүгү жаш, бирок тажрыйбалуу, креативдүү, маселени көтөрө билген жана чече алган адамдар топтолгон. Бардыгы жаштар эмес, жол көрсөткөн тажрыйбалуу адамдар да бар. 30 жылдык тарыхыбызда мамлекет үчүн иштеген, башын сайган агаларыбыз, эжелерибиз жок эмес. Ошондуктан менин урааным “жаштар келсин” эмес, тажрыйбалуу, билимдүү, иштин көзүн билген кесипкөй адамдар келсин.

— Программаңызда 7 дубанда завод фабрикаларды куруу деген пункт бар экен. Көзүңүз жетип турат, кантип ишке ашырасыз?

— Эмне үчүн 7 дубанда деген суроо туура коюлду. Муну менен миграция маселесин чечүүнү көздөп турабыз. Бизде Бишкек менен Ош эки эле чоң шаарыбыз бар. Бишкектин чет жакасында, байкасаңыз, тигүү ишканаларында экспортко кийим тигип жаткандардын жүз пайызы айылдан келген кыз-келиндер. Үй-бүлөсүнөн алыс, оор шарттарда иштешүүдө. Жети дубанда тең жумуш жоктугунан жаштар чет өлкөгө кетип жатышат. Завод-фабрикалар ачылса аларда үйлөрүндө жашап эле иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Мамлекетке кандай инвестиция келсе да жети дубанга завод-фабрикаларды куруу керек. Экинчи этабы – ошол завод-фабрикаларга окшош эле 40 районго чакан ишканаларды куруу максатыбыз бар. Аларга сырьёну айыл өкмөттөрүндө даярдалса аларга да жумуш оруну болмок. Муну менен биз социалдык чыңалууну жоюп, ички миграцияны жолго коюп, адамдар үй-бүлөсү менен бактылуу жашашына шарт түзөбүз. Азыр жомоктой болуп жатканы менен, реалдуу ишке ашырса боло турган чоң долбоор.

— Буга чейин Бишкек шаардык кеңешине 3 жолу депутат болуп шайлангансыз. Шаардагы маселелерди чечүү жолдорун айтып берсеңиз…

— Аң сезимдүү адам айлана-чөйрөгө зыян келтирбейин деп жашаганы түзүк. Бул нерсени күндө жеткирип турган идеология, маалымат керек. Мисалы, бир адам ишкерлик менен алектенип бизнесин жүргүздү, сөзсүз чоң үй салсам, чоң машина минсем дейт. Ал максатка жетүү, бирок максатка жеткенден кийин да андан ары зыяндуу нерсени кылбайын деп ойлонуш керек. 150 миң долларлык машина минип жүргөндөр, эмнеге электромобиль сатып алышпайт? Бул ойго ар бир адам өзү келиши керек. Мен 10 жылдан бери газ менен жүрүүчү машина айдайм. Ыңгайлуу, аз чыгым, экологияга зыяны тийбейт. Транспорт тартыштыгын айтсам интервью батпай калат, бирок анын да жөнөкөй эле чече турган жолу бар.

— Эмгек жолуңузда бардык тепкичтерди ырааты менен басып келе жатыпсыз. Адам кантип туруктуу бийиктей алат? Ал үчүн кайсы сапаттар маанилүү?

— Эл өкүлү болуш, балким, жакшы тепкич, бирок бул оор, жоопкерчиликтүү, түйшүктүү жумуш. Тепкич деп сиз кайра шайланганымды айтып жатат окшойсуз. Элдин сынына кайра баруу мен үчүн экзамен. Ийгиликтин сыры деле жок, болгону шайлоочуларыма эч качан жалган убада берип көргөн эмесмин. Реалдуу чындыкты айтам. Ошол үчүн эл шайлоодо колдоо көрсөтүп келет деп ойлойм. Элден колдоону күтүп жатсаң, демек, сен дагы чынчыл болуп, акты ак, караны кара дей ала турган жоопкерчиликти алышың керек. Ишиңдин жыйынтыгын көргөзө алсаң эл дайым туура анализ жасайт, туруктуу позицияда жүрсөң эл баалайт, ишеним көрсөтөт.

— Кандай үй-бүлөдө тарбия алдыңыз?

— Атам мугалим, апам карапайым жумушчу болгон. Жети бир тууганбыз, мен кичүүсүмүн. Баары жогорку билимдүү, өз кесиптери менен иштешет. Атам мен төрт айлык кезимде каза болуп калган экен, апам жалгыз чоңойтту. Кыйын турмушту көрүп чоңойдук, реалдуулукту туура кабыл алуум ошондон болуш керек. Саясатта же мамлекеттик кызматта эч бир тууганым жок. Чоң атам же атам, же агам депутат эмес (күлүп), жеке ишкерликтен депутаттыкка келгем. Кандай ийгиликке жетишсем өзүмдүн аракетим менен жеттим. Менин бир гана максатым бар – элге кызмат кылуу. Тарыхта туура жана таза адам боюнча калууну көздөйм.

— Чакан мамлекетиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Үч уул, бир кызым бар. Жубайым бала тарбиясы менен үйдө. “Үй-бүлөдөгү жүктү мен алам, сен балдарды кара” деп сүйлөшүп алганбыз. Акыркы убакта кызымдын ийгилиги менен сыймыктанып жүрөм. 8 жаштагы кызым көркөм гимнастика боюнча эл аралык сынактарга катышып ийгилик жаратып келе жатат. Жылдын башында Францияда өткөн сынакта биринчи орунду алды. Уулдарым да максаттуу, мекенчил жигиттер, аларга “бактылуулукту өз мекениңден изде” деп көп айтам. Адамдык миссиябыз ата-бабадан келе жаткан нарк – дөөлөттү кемитпей уул-кыздарыбызга өткөрүп берүү эмеспи. Балдарыма кыргыздын түпкүлүгүн, нарк-насилин үйрөткүм келет, баарыбыз үйдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз.

— Шайлоо алдында элге эмне демекчисиз?

— Көкүрөктү колго алып, мамлекетиңиз үчүн чын жүрөктөн добуш бериңиздер. Ишенген адамыңызга добуш бериңиздер демекчимин.

Маегиңизге рахмат!

Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күб.№6, 01.09.2021 ж.).

СоӊкуЭмил Джусупов: Ар бир эне апам сыяктуу үмүт артат
КийинкиАбдибаева Айсара Нышановна: Аял — тубаса дипломат

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here