Негизгиге Менин баяным Сезим: Ата-энемди жинди суудан кантип куткарам?

Сезим: Ата-энемди жинди суудан кантип куткарам?

1563

Арак – актуалдуу кѳйгѳйлѳрдүн бири экени белгилүү. Бирок андан жабыр тартып, азапка баткандар арак менен жеке күрѳшүп келишет. Биздин ѳлкѳдѳ аракты тыйып, ансыз жашоо курууну кыялданган карылар, аялдар, жаш балдар миңдеп саналат. Бүгүн гезит бетине сырын тѳгүп сыздаган кыз миңдеген жарандардын бирѳѳ гана. Ал эми анын ата-энеси арактын азгырыгынан чыга албай калган адамдардын катарында. 

«Апама эркелеген балалык»

— Ата-энем менен эки агама эркелеп чоңоюп келаткан кезим эле. Апамдын тоголок курсагына кызыгып жанына барган сайын «сага сиңди тѳрѳп берем» деп кобурагандары эсимде. Ошентип, бѳбѳк күтүп жүргѳн кезде үйгѳ жаман кабар келди. Таенем менен таякем автокырсыкка учурап каза болушуптур. Баары ѳлгѳнгѳ кетип, эки агам үчѳѳбүз калдык. Апамды сагынып, заматта жүдѳп кеттик. Убакыт ѳтүп ата-энем кайрадан келишти. Кошуна,туугандар, аяш аталарым, айтор, үйгѳ бири кетсе бири келип, ар бир киши келген сайын апам ыйлап жатты. Апамды сагынган жаным, аны эч кимге жолуктургум келбей кызганам. Анан да куран окутабыз деп келип «суу жуткуруу» деген нерсе менен атама арак берген кишилерди жек кѳрѳм. Ай-күнүнѳ жетип калган апам атамдын ичкенине тынчсызданып, токтотууга аракет кылат. Кѳп ѳтпѳй бир күнү таңда атам бизди ойготуп: «Апаңар тѳрѳгѳнү жатат,жакшы оокат кылып тургула»,- деп агаларыма оокаттарды табыштап, таң атпай кошунанын унаасына отуруп жүрүп кетишти. Кайрадан сагынычтуу күндѳр башталып, апамсыз муздак үйдѳ күн кечирдик. Атам болсо күнү кур калбай мас. Бул биз үчүн жат деле кѳрүнүш эмес эле. Атамдын кээде ушинтип ичкени кадимки боло турчу иштей болчу. Атам мас болгон сайын кыйкырып, сѳгүнүп, идиштерди талкалаган кылыктарына чыдап, бизди калкалаган апамды балалык жүрѳгүм менен абдан аячумун.

«Бѳбѳк менен кошо кѳмүлгѳн бакыт»

      — Баягыдай бѳтѳлкѳ кѳтѳрүп бирде тайларыма куран окутуп, бирде бала кѳрүп келгендер азайды. Апам үйдѳгү оозу ачылбаган арактын баарын складга катып, атамдын соолугушу үчүн аракет кылды.Канча убакыт ѳттү, билбейм, атамдын масы тарап, ичкени токтоду. Баарыбыздын тегеректеп кызыкканыбыз эле кичинекей сиңдим. Ал болсо эч нерсе менен иши жок уктап эле жатат. Ошентип, жай турмушубуз эми кайра жолго түшкѳн маалда бѳбѳгүм ооруп калды. Күнү-түнү эти ысып, акыры ооруканага алып кетишти. Тѳрт-беш күн ѳтпѳйапам унаадан ыйлап түштү. Заматта пайда боло калган кошуналар апамды жетелеп үйгѳ киришти да, бизге бѳбѳгүбүздү кѳрсѳтѳй коюшту. Келген-кеткен элдин сѳзүнѳн сиңдимдин катуу оорудан чарчап калганын түшүнүп, апама кошулуп ыйлап жаттым. Ошол эле күнү наристени жерге берип, баарыбыз томсоруп отуруп калдык. Атам сырттан аябай мас болуп келди. Уктап калган экенмин, үйдѳгү ызы-чуудан чочуп ойгондум. Атам апамды чачынан сүйрѳп сабап жатыптыр. Байкелерим арачага түшүп, экѳѳ тең ыйлап жүрүшѳт. Ошол күндѳн баштап биздин үйдѳн бакыт биротоло учуп кеткенсиди. Атам күн сайын мас болот. Күн алысапам токмок жейт, биз ыйлайбыз. Баарына биз менен жашай бербей чарчап калган сиңдим күнѳѳлүү деп ойлойм. Иштеген иши жок экенине карабай атам күн бою үйдѳ болбойт. Ал маалда агаларым менен ойноп, баарыбыз жыргайбыз. Кеч кирип, күүгүм тарта баштаган сайын апам баш болуп күлкүбүз азайып, кабагыбыз салына баштайт. Сырттан дабыш чыкса селтеңдеп коркобуз. Себеби атам мас болуп келип баягы ызы-чуусун баштаары белгилүү. Ар бир жолу «жакшы карабай коюп баламды ѳлтүрдүң. Сенин эч кимиң жок. Тѳркүнүң жок эми кимге барасың?» деген кептерди айтат. Күнүгѳ ушул. Атамдан башкабыздын баарыбыз мындан тажаганбыз.

«Апам аракеч аялга айланды»

— Бир күнү апам үй толо аялдар менен кечке отурду. Келгендин баары тараганда апам дасторкондун четине жатып калды. Минтип жатпаган апамды ооруп калды го деп чочуп кеттим. Жетип барып эңкее берерим менен буркураган сасык жыттан анын мас экенин түшүндүм. Чѳк түшѳ калып катуу ыйлап жибердим. Апам болсо эч нерсе туйбай уктап жата берди. Дал ушул күнү биздин бакытыбыз биротоло урап, анык азап ошол кечте башталыптыр. Мындан кийин апам да иччү болду. Атам кыйкырса кыйкырып, чапса чаап, ага каршылык кылганы күчѳдү. Мен бир топ убакытка чейин апама арак ичпей эле коюшун айта албай жүрдүм. Аны айтуудан уялчумун, коркчумун. Бирок ичимден тынымсыз «апа, арак ичпеңизчи. Мен сизди жакшы кѳрѳм. Атам эркек да, ал ичсе иче берсин. Сиз ичпеңизчи» деген сѳздү кайталачумун. Ушул сѳздѳрдү айтып Кудайга тынбай жалынчу элем. Менин тилегим кабыл болгонсуп бир убакта апам ичпей калды. Баарыбызды жуунтуп, кийимдерибизди жууп, үй жыйнады. Менин чачымды баштагыдай жарашыктуу ѳрүп берди. Ушул маалда эмнегедир атамдын ичкени мага коркунучтуу болбой калды. Башкысы, апам соо болсо болгону дейм. Ошентип, жүрѳгүм тынч согуп баштаган бир күнү апамдарга дос болуп жүргѳн эки аял келди. Апам биринчи жолу мас болуп калчуда да ушулар келген. Заматта аларга жек кѳрүүм ашынып, ичим уйгу-туйгу боло баштады. Бир маалда апам ашканага кирип бѳтѳлкѳ кѳтѳрүп чыкты. Менде кандай күч пайда болгонун билбейм, ордумдан атып туруп «апа, ташта алдагы бѳтѳлкѳнү! Силер эмне келдиңер? Кеткиле! Апам мас болуп калат!» деп кыйкырып, кебимди бүтүрѳ албай ыйлап жибердим. Апам мени жулкулдатып сыртка чыгарып туруп эшикти бекитип алды. Азыр ойлосом бул кезде апам аракка жеңилип, ансыз тура албай баштаган кези экен. Ойлогонумдай ал күнү да апам чачылган дасторкондун четинде мас болуп жатты. Балалыгым менен анын аракеч болуп кеткенин анда билбептирмин. Апам бир күнү оңолот деп ойлочумун.

«Ичпечи, апа!»

«Суранам сенден,/ Уялам элден,/ Ичпечи апа». Бул ырды эл эчак унутуп калса керек. Мен болсо жүрѳктү ыйлатып азыр да сыздап ырдап жүрѳм. Бул ыр чыккан кезде мен 7-класс элем. Жаздын бир майрамында биздин класс мугалимдер менен ата-энелерге концерт коймок болдук. Эжейим мени жеке номер аткарууга жазыл дегенде ушул «Ичпечи, апа» деген ырды ырдагым келерин айттым. Кызык, мугалимим деле башка ыр тандоомо жардам бербептир. Күткѳн күн келип кечебиз да башталды. Апама «бүгүн мектепке кел, мен ырдайм» деп какшап айткан болчумун. Барам деген, бирок келбей койду. Кезегим келип ырымды ырдадым. Ырдаганымды апам кѳрбѳй калганына аябай капа болдум. Эч ким билбеген, эч кимге байкаткым келбеген тилегимде ушул ырымды укса апам ичкенин таштайт деп ойлогом. Үйгѳ келсем эч ким жок экен. Кечке маал апам чоң кызуу болуп келди. Кирип келип эле «ѳлүгүңдү кѳрѳйүн, шерменде. Менин ичкенимди кѳрүп, атаңдын ичкенин кѳрбѳй калдыңбы? Атаңды эмне ырдабайсың? Мени уят кылайын дедиңби?!» деп сабап баштады. Ачуу сѳздѳрдү айтып колуна урунган нерсе менен чаап, ыйлаганыма карабай сабады да, чарчаганда жатып уктап калды. Мен да ыйлап жатып уктап калыптырмын. Мындан кийин бул ырды сыртымдан ырдагыс болдум, бирок ички үнүм менен дайыма сыздап ырдап келем.

«Жакырчылык менен күрѳш»

       — Улуу агам мектепти аяктап борборго кетти. Элдин балдарындай окууну эмес, иштеп акча табууну максат кылып кетти. Ансыз деле жетпеген жашоодо элек, атамдын ичкени кѳбѳйүп, ага апам кошулганы андан бетер жакырланып бүткѳнбүз. Бой жетип калган агаларым намыстанып, мен да классташтарымдан басынып бүттүм. Атам менен апам мунун бирин билип, туюп коюшпады. Канча жолу байкем аларды отургузуп алып урушуп, суранып кѳрдү, болушпады. Канча жолу үчѳѳбүз сүйлѳшүп алып атамды камап, катып кѳрдүк, болбоду. Байкем борбордон курулуштан жакшы иш таап жонубуз жаңырып, мектепке баш кѳтѳрүп барып калдык. Кышында байкем инисин «сен да борборго кел. Иш жакшы болуп атат, экѳѳлѳп иштейли. Окуп эмнени кыйратмак элек, мал курайлы» деп чакырды. Ошентип, агам окуусун таштады. Ошентип, ата-энебиз туруп тиричиликтин оор жүгүн эрте жашыбызда тарта баштадык. Жазында байкелерим баарыбызга кийим, толтура азык-түлүк алып келишти. Анан каршылыгына карабай атамды кошо алып кетишти. Үчѳѳбүздүн пландаганыбыз боюнча, иштеңиз деп шаарга алып барып алып,анан аракечтерди дарылаган ооруканага жаткыруу эле. Атам каршылык кылып жатып акыры ооруканага жатты. Бирок андан кийин мындай аракеттен канча болду, он күнчѳ жакшы жүрѳт да, кайра эле ичип алат. Бир жолу атам жоголуп кетиптир. Агаларым иштеринен калып бир жума издеп жүрүп аракеч селсаяктардын арасынан табышыптыр. Ошондон кийин «шаарда селсаяк болуп кетиптир дегенден кѳрѳ айылда жүрѳ берсин» деп атамды айылга алып келишти да, эми дарылоо аракетин апама кѳрмѳй болдук. Жылдар учуп мен да мектепти аяктап, апамды алып борборго бет алдым. Атамдын жанына кичүү агам келди. Кантсе да эне эмеспи, биз үчүн апам жакшы жолго бурулат деп үмүт кылдык. Дарыланып ѳңү-башы бир топ жакшынакай болуп калды. Шаарда эки-үч айдай жүргѳн соң сѳзү оңолуп «мен атаңардын жанына барайын, балам айылда жүрѳ бербей келип иштесин» деп калды. Апамдын бул демилгесине аябай сүйүнүп, колдодук. Баштан-аяк кийинтип, азык-түлүктү ашыгы менен алып берип салып жибердик.

«Ата-энебиздин айынан баарыбыз жалгыз бой жүрѳбүз»

        — Арадан жарым жыл ѳттү. Байкелерим мени ашпозчулуктун окуусунан окутушту. Унаа алып, жашообуз оңолуп баратты. Биз шаарда минтип кубанып жүргѳн маалда айылда ата-энебиз намысыбызды тѳгүп жүрүшүптүр. Бир күнү апам «атаңар жок. Шаарга кеткен таксилерге отуруп кетип баратканын кѳрүшүптүр. Издегиле» деп калды. Кѳрсѳ, атам үйдѳгү оокаттарды сатып ичип калыптыр. Апам анын бирин айтпаптыр бизге. Эх, апам да айылга барган соң эчак эле ичип алган экен. Биз менен соо кезинде сүйлѳшүп коюп, шек алдырбай жүрүптүр. Айылдагы туугандардан болгонун угуп томсоруп отуруп калдык. Атам апам менен урушуп, эки күн эшикте калыптыр да, «ушундан кѳрѳ тентип ѳлѳм» деп коркутуп шаарга кетип калган экен. Атамды экинчи жолу да селсаяктардын арасынан таап дарылаттык. Тилекке каршы, дагы жоготтук. Ошентип, акыркы 4-5 жылдан бери атам менен ушундай куушмак ойноп келебиз. Чарчап деле бүттүк. Экинчи агам үйлѳнүп айылга кеткен. Бирок жеңебизапамдын ичкенин шылтоо кылып кетип калды. Апамды урушуп да, жалынып да ичпе дейбиз. Макул болгонсун үн чыгарбай угуп отурат да, ыңгайы келген жерден арактан баш тартпайт. Бир-эки ууртап эле тынып калса да сүйүнмѳкмүн, аягына чейин ичип, кызып алган соң тооруп ичет, издеп ичет, кулап калмайынча ыраазы болбойт. Азыр баарыбыз шаардабыз. Апам кайсы күнү айылга качып кетет, атам канткенде макул болуп бизге келет деп сары санаа менен жашап келебиз. Сырттан караганда бизде баары жайында: үчѳѳбүздүн тең туруктуу ишибиз бар, агамдын унаасы менен жүрѳбүз, акчадан да кем болбойбуз. Анан жеке жашоо куруу тууралуу кепке келгенде эле башыбыз шылк дей түшүп, жер карайбыз. Ата-энебизди биздин турмушубуз кызыктырбайт деле. Бул тема баарыбыздын туюк жарабыз эле. Турмуш кѳрүп калгандык кылдыбы, ажырашкан агам ѳткѳндѳ бул темада ачык кеп баштап: «Сен кыз баласың, турмушка чык, жашың ѳтүп баратат. Байкелериң сени уят кылбай туруп беребиз. Сен бѳлѳк жашайсың, ата-энебиздин сырын билдирбей жашай берсең болот»,- деди. Ѳзүнүн оюн сурасам ичимди ѳрттѳп: «Мен эми үйлѳнгүм деле келбей калды. Эгер дагы аял ала турган болсом, ата-энеси меникиндей эле аял алам»,- дейт. Бул кандай аргасыз, анан оор абал экенин баары эле түшүнѳ бербесе керек. Улуу байкем болсо үн катпайт. Анын деле тартынганы аракечата-энебиз экенин билип турам. Жашы 35ке таяп барат. Атам менен апам бул нерселерди ойлоп бизге кам кѳрүшѳрүнѳн үмүт деле кылбай калдым…

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуАКШнын тарыхындагы эң кары президент Джо Байден
КийинкиБөлмөдөгү кургак аба эмнеси менен кооптуу?