Негизгиге Аялзат жана карьера Сюита Соурбаева: Мени катуу жетекчи деп баалашат

Сюита Соурбаева: Мени катуу жетекчи деп баалашат

453

Сюита Соурбаева: «Мени катуу жетекчи деп баалашат»

Бүгүнкү күндө маектешим ийгиликтүү айымдардын бири. Убагында аты үчүн жан үрөп иштесе, азыр аты ага иштеп жатат десек болот. Жашоосун тележурналистикага арнаган маектешим учурда “Ала-Тоо 24” телеканалынын продюсери. “Жумушсуз жашоону элестете албайм” деген Сюита Соурбаеванын ийгилик сыры, жеке жашоосу төмөндө. 

— Сюита айым, эмне себептен тележурналистика тармагын тандап алдыңыз эле?

— Бала кездеги кыялым, кызыгуум ушул тармакка жетеледи окшойт. 9-классымда эле журналист болорумду так билчүмүн. КТРдеги “Ала-Тоонун” жаңылыктарын көрүп, өзүмдү келечекте ошол жакта иштегенимди элестетчүмүн. Айткандай эле жогорку окуу жайга журналистика факультетине тапшырдым. Алгачкы жолум КТРден башталган. 1-курсумдан баштап иштедим. Эртең менен башталган сабагым түшкү экиде бүтөт. Телеге чуркап келем, биринчи устатым Орозбек Мусакеев болгон. Жаныбарлар тууралуу берүүнү которуп балдардын назарына алып чыкчу элек. Андан кийин жаңылыктар бөлүмүнө которулдум. Ал кезде азыркыдай эмгек акыны такташуу, дооламай деген жок болчу. КТРге келгенибизге эле куштар болуп, эмгегим үчүн бир тыйын акы албай жан дилим менен чуркап иштеп  жүрдүм. Жадагалса тамак ичкенди унутуп калчубуз. Кызыгуум өтө күч эле. 1999-2000-жылдары интернет жок болчу, “Сорос” фондунун ресурстук борборунда компьютер, интернет бар эле. Ошол жакка жетип дүйнөлүк жаңылыктарды чогултуп келип эфирге чыгарчубуз. Окууну бүткөндө КТРдин “Ала-Тоо” маалымат берүүсүндө кабарчы болуп иштейм деген үмүтүм чоң болчу. Бирок дипломду колго алып келгенде жетекчилик “ала албайбыз, орун жок” деп койду. Ошондо жаңылбасам бир жума ыза болуп ыйлап жүрдүм го. Көп өтпөй “КООРТ” телеканалына чакырышты, бир-эки сюжет жасасам жактырып штатка алышты. Катардагы кабарчыдан башкы редакторлукка өсүп жеттим. Андан кийин “5-каналда” иштедим. Тележурналист катары ушул эки каналдан такшалып, бышып чыктым. 2007-жылы кайра “Ала-Тоого” продюсер болуп иштегени чакырышты. Көпкө ойлонуп макулдугумду бердим. Үнүм Кудайга жетиптир, убагында ал жакта продюсер болмок тургай кабарчы болуп иштегенге дилгир элем да. Кийин “Ош ТВга” чакырышты. Ал жерге мен барган учурда Ош коогалаңынын оту өчө элек болчу. 19-июнда коменданттык саат алына элек кези, эл кооптонуп турган маалда бардым. “Ош ТВда” үч жылдай иштеп телеканалды көтөрүп, бутуна тургузуш үчүн жан үрөп иштеген учурум көп болду.

— Кийин убактылуу теле жаатынан алыстай түштүңүз окшойт?

— Ооба, саясий партиялардын биринде пиар-менеджер болуп иштедим. Кийин Кыргызстандын Жогорку сотунун пресс-катчысы болдум. Азыр кайрадан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан бери “Ала-Тоо 24” телеканалынын продюсери болуп иштеп келе жатам. Негизи эле мен дайыма өсүүнү, өзгөрүүнү жакшы көрөм. Ошондуктан ар кайсы багытта издене берем.

— Кандай жетекчисиз?

— Өзүм жөнүндө катуу жетекчи деген пикирлерди  угуп калам. Анын баары жумуштун кызыкчылыгы үчүн деп эсептейм. Жамаат жүздөн ашык адамдан турат, анын 65%ы чыгармачыл топ. Ошончо адамдын тилин таап, бир жамаат кылып бириктирип иштөө да чоң мээнет. Жумуштан сырткаркы убакта жумшак, күлүп-жайнаган эле адаммын. Кызматкерлер менен биргеликте ынтымактуу иштеп келе жатабыз. Кээ бирөө ойлойт, жамааттын арасында интрига күч деп. Балким, убагында ошондой болгондур, бирок азыр жок. Бут тосуу деген таптакыр жок. Өзгөчө идеяга бай, өсөм деген улан-кыздарга дайыма колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүк түзүп келе жатабыз.

— Сизди кеминде үч баланын энеси го деп ойлоптурмун?..

— 35 жашымда биринчи жолу эне статусуна ээ болдум. Учурда уулум төрт жашка чыгайын деп калды. Маңдайыма жазылган убакыт-саатында турмушка чыктым го деп ойлойм. Элдер ойлойт, карьера деп турмушка кеч чыкты деп. Мен карьеранын артынан түшкөн жокмун, жумушум менен эле бир беткей болуп жүрүп ушул убакка келдим окшойт. Анын үстүнө бир жылда атам менен апам каза болду. Көп өтпөй 40 жаштагы агам кайтыш болгон. Ошол убак мен үчүн өтө оор өттү. Апам Баатыр эне, 12 баланы төрөгөн, мен онунчусумун. Жаш кезимде апама “мен да сиздей көп бала төрөйм” дечүмүн. Бирок андай бакытты бардык эле аялзатына жаза бербейт окшойт. Жашоом өтүп бара жатат, удаа төрөшүм керек деп деле чамынган жокмун. Кудайдын буйруганы. Азыр балам менин бүтүндөй жан дүйнөмдү өзгөрттү. Апалап чуркап чыкса ыйлагым келет. Жумуштан барганда кучакташып көпкө отурабыз.

— Жолдошуңуз саясатчыбы?

— Жок, башка тармакта. Бирок кенен айта албайм. Баш кошуп жатканда жеке жашоону элге жар салбайбыз деп сүйлөшкөнбүз.

— Убактыңыздын көбү иш орунда өтөт экен, бардык эле күйөө буга чыдабайт го?

— Жумушсуз деле тура албайм. Иштебей отурган айымдарга “кантип бош отурасың?” деп таң кала берем. Себеби мен бир күндө жумушка келип, бир алгылыктуу иш бүтүрүп, адамдар менен баарлашпасам тура албайм. Жаштайымдан эле жумуш деп жүргөн жанмын. Кээде алтынчы, дем алыш күндөрү да иштегенге туура келет. Ар бир кызматкерге тапшырма берип, аларды көзөмөлдөп, жаңы долбоорлорду ишке ашырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, айтор, жаныбыз тынбайт. Үйдөн да иштегенге туура келет. Албетте, мындай график күйөөмө жаккан жок. Башында “күн-түн деп жүргөн эмне жумуш?” деп каршы болду. Сүйлөшүүлөр, түшүнүүлөр менен маселени жолго койдук.

— Ошондо аялзатына тиешелүү иштерди кайсы маалда жасайсыз?

— Апам бизди жумушка жаштайыбыздан бышырган. Атам айылдагы кадыр-барктуу адам эле. Үйдөн конок үзүлчү эмес. Күн алыс дасторкон жайып конок тосуп, эл кеткенден кийин акыркы кол аарчыга чейин жууп жаймайын уктатчу эмес. Ага караганда азыр шүгүр, бүт эле шарттар бар да. Кээде жумуштан баргандан кийин түнкү экиге чейин үй иштерин жасап, эртеси жей турган тамактарды дайындап, кийимдерди үтүктөп кетем. Кээде сиңдилеримен жардам сурайм, ал эми кошумча күчкө акча коротуп колдонгудай айлык акым андай деле көп эмес.

— Уулуңузга жетиштүү көңүл бурасызбы?

—  Жогорку сотто пресс-катчы болуп иштеп жүргөндө ал жакта тартип катуу эле. Түштөнүүгө бир гана саат берилет, ашыкча чыга албайсың. Ошондо жетекчиден 5-10 мүнөт эртерээк суранып алып үйгө уулума жетип эмизип, өзүм түштөнбөй иштеген учурум болду. Азыр акыл-эси менен жумушум көп экенин билет. Бирок эртең менен кетип баратканымды көрсө “апа, кетпе” деп жармашат. Уктап жатканда кетип калсам телефон чалып “эмнеге кетип калдыңыз?” дейт. Андайда чыдабай бир аз убакыт таап, жанына жетип барам. Кучакташып, эркелеп алып көңүлү ток болуп калат. Өзүмдү көп учурда уулумдун алдында күнөөлүү сезип кетем. Негизи, бала бакчага барат, азыр кырдаалга байланыштуу сиңдим, туугандарым карашып жатат.

— Жумушка өтө эле берилген адам экенсиз. Ден соолугуңузга деле залака тийбейби?

— Кээде суткасына 3-4 саат уктаган учурум болот. Кызматымдын жоопкерчилиги өтө чоң. Эфирде айтылган ар бир сөз үчүн жооптуусуң. Өзгөчө карантин учурунда күнү-түнү кызматта жүрдүк. Кээде ден соолугума залака тийип кыска мөөнөткө дарыланып чыккан да учур болду. Анда деле ооруп жатам деп жатып калбай эртеси кайра жумушка чыгып кетем.

— Маегиңизге рахмат! Ишиңизди ийгиликтер коштосун!

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуКулпунайдан эмнелерди жасоого болот?
КийинкиЭки жолу эне болуудан куру калдым