Негизгиге Интервью Токтосун Мухамед: Атамдын жетпей калган кыялына мен жетсем дейм

Токтосун Мухамед: Атамдын жетпей калган кыялына мен жетсем дейм

281

Аты-жөнү: Токтосун Мухамед

Туулган күнү: 4-май, 2005-жыл

Үй-бүлөдө: 5 бир туугандын кичүүсү (3 эжеси, 1 байкеси бар)

Учурда: Сокулук айылындагы № 4-мектепте 9-класстын окуучусу

— Токтосун, кичине кезиңден эле ырчылыкка кызыкчу белең?

— Азыр биз үй-бүлөбүз менен Сокулукта турганыбыз менен ата-энем Токтогулдан болот. Мен дагы ал жакта 8-класска чейин жашадым. Ырдоого болгон кызыгуум 4-5 жашымда эле байкалып, кийин 5-класстан тарта Токтогулдагы жергиликтүү сынактарга катыша баштагам. Ал сынактардан көбүнчө байгелүү орундарды ээлечүмүн. 

— Бул өнөр сага кимден өткөн деп ойлойсуң?

— Менин атам өз убагында ырчы болууну каалачу экен. Бирок кайсы бир себептерден улам ал кыялы ишке ашпай калыптыр. Азыр атам курулуш чөйрөсүндө иштеп жатат. Ырчы болбой калганына өкүнгөн жок. Ал эми мен атамдын жетпей калган кыялына жетким келет. Апам да ыр жазчу, ал эми таякелеримдин арасында төкмө акындар бар эле. Мага талант атамдан да, апам тараптан да өтсө керек.

— Сен атаң менен апаңдын кимисине көбүрөөк окшошсуң?

— Келбетим менен атама окшосом, мүнөзүм менен апама көбүрөөк окшошмун. Атам тамашакөй, шайыр инсан, ал эми апам бир калыпта жүргөн, оор басырыктуу мүнөзгө ээ.

— Сени жаңы мектебиңдегилер ырчы бала катары таанып калыштыбы?

Ооба, мугалимдерим, классташтарым колдоо көрсөтүп, жакшы мамиле кылышат. Мектеп ичиндеги кароо-сынактарга катышып турам.

— Келечекте белгилүү ырчы болгуң келеби?

— Ооба. Кичинекей кезимден тартып музыканы сүйгөн чөйрөдө чоңоюп-өсүп келе жатам. Келечекте да ыр дүйнөсүнө баш-отум менен киришип, кесип катары алып кетүүнү каалайм. Ошондуктан азыркы учурда аккордеон жана вокал боюнча сабак алып жатам. Буга чейин бир жылдай комуз черткенди үйрөнгөм. Вокалдан берген мугалимим менен жумасына 3 жолу калтырбай машыгып турам. Кийинки жылдан тартып Курөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына, андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине тапшыргым келет. Жакынкы аралыкта ыр жаздырып, клип тарттыруу жөнүндө да ойлорум бар. Билим алгандан кийин келечекте белгилүү ырчы болгум келет. 

— Азыр ким менен бир сахнада дуэт ырдагың келет?

— Сыймык Бейшекеев агайыбыз менен, анан Нурлан Насип агам менен бирге ырдап көрүүнү каалайт элем.

— Келечекте ырчылык кесипти тандашыңа ата-энең, жакындарың кандай карашат?

— Ата-энем, туугандарымдын баары эле колдоп келишет. Өздөрү чыгармачылыкка жакын болгондуктанбы, айтор, ушул күнгө чейин каршы болуп же түшүнбөстүктөр келип чыккан учурлар жаралган жок. Тескерисинче, ата-энем сабагыма да, ырчылыкка да жетишүүмө жардам берип келишет. Продюсерим Майрамбек Асанов мени чыгармачылык жактан колдосо, кийим-кече сыяктуу даярдыктарды көрүүдө апам каралашып, жардам берет.

— Продюсериң барбы?

— Ооба, азыркы учурда продюсерим Майрамбек Асанов менен иштешип жатам. Агай менен бир жыл мурун интернет аркылуу байланышып, иштешип калдык.

— Тойлордо да продюсериңдин көзөмөлүндө ырдайсыңбы?

— Буга чейин эле туугандарыбыздын тойлорунда ырдап турчумун. Акыркы учурларда продюсеримдин чакыруусу менен тойлорго анча-мынча буйрутма түшүп жатат. Ошого жараша киреше да таба баштадым. Эң биринчи жолу бир тойдон 3500 сом тапканымда аябай толкунданып, кубангам. Ал эми эң көп алган гонорарым 10 миң сомго жакын болгон. Бирок кирешеси көп болгону менен мага тойлорго караганда чоң сахнада ырдоо көбүрөөк жагат.

— Чоң сахнада акыркы жолу жараткан ийгилигиң кайсы болду?

— Акыркы убактарда Чүй облустук музыкалык сынактарга тынымсыз катышып жатам. Алардын акыркысы март айынын башында эле болуп өттү. «Бала чак-2021» деп аталган ал эл аралык конкурс-фестивалынан 1-орунга ээ болдум. Азырынча мен үчүн баары алдыда. Буюрса, дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырам.

— Тилегиңе жет, сага албан ийгиликтерди каалайбыз!

Алиса Каримова

СоӊкуОорубайм жана картайбайм десеңиз чуркаңыз!
КийинкиИнтернеттин таланттуу жылдыздары