Негизгиге Интервью Толгонай Арзыкеева: Өзүм жөнүндө жаман комментарийлерди окуганда аябай ичим күйөт

Толгонай Арзыкеева: Өзүм жөнүндө жаман комментарийлерди окуганда аябай ичим күйөт

387

Толгонай Арзыкеева: «Өзүм жөнүндө жаман комментарийлерди окуганда аябай ичим күйөт»

Бул саныбызда кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү жылдызы, жаш, чырайлуу, таланттуу ырчы кыз Толгонай Арзыкеева менен маектештик.

Толгонай, кандайсың? Кандай жаңылыктарың бар чыгармачылыкта?

— Чыгармачыл адам болгон соң дайыма изденүүдө болосуң. Жаңы нерселерди багынткың келет. Ошондуктан учурда жаңы ырларды жаздырып, аны менен катар жаңы альбомумду чыгаруунун үстүндө иштеп жатам. Мындан сырткары өзүмдү актрисалык жактан сынап көрүү максатында тасмага тартылып жаткан учурум. Буюрса, башкы ролдогу каармандардын биринин образын жаратып жатам.

Кичинекей кезде эле ырчы болом деген каалооң бар беле?

— Ооба, бала кезимден ырчы болуу тилегим аябай күч эле. Балалык кыялга салып ырчы болом дей берчүмүн. Үйгө конок келсе, бир жакка конокко барып калсак эле ырдап кирчүмүн. Ошол кичинемден калыптанган ой, каалоомдун артынан азыркы учурда ушундай деңгээлге жеттим деп ойлойм. Албетте, бул үчүн дайыма аракет кылып келдим, ар кандай сынактарга, концерттерге катышып ырдап, элим мени ырчы катары тааныса экен деген чоң максат коюп, ошого бар күчүм менен умтулдум.

Дайыма жаркылдап күлүп жүргөн жайдары мүнөз кызсың. Мынчалык энергияны, позитивди кайдан аласың?

— Кичинекей кезимде аябай шок, тыпылдап сүйлөп, ырдап жакындарыма күлкү гана тартуулаган кыз экенмин. Аны азыр ошол бала чагымда тартылган видеолордон көрүп өзүмдүн күлкүм келе берет. Ошол мүнөзүм азыркыга чейин сакталып келе жатат десем жаңылышпайм. Бирок мурункуга караганда өзүмдү сабырдуу алып жүрүүгө аракет кылам. Кээде жалкоолукка алдырып үйдө эчтеке кылбай жатып өзүмө таң калып кетем. Негатив бекерчиликтен улам келип чыгарын ошондой убактарда сезем. Соолуп эле жата берсең каяктагы позитив деп өзүмө көңүл буруп баштайм, үй оокаттарын жасап, тарбиялык мааниси бар кинолорду көрүп дегендей.
Тескерисинче, жумуш кылбагандан чарчап кетем. Ошондуктан айтат элем, дайыма кыймылда болгула, тиричиликтен эч кандай чарчабай, тескерисинче, энергия алса болот.

Ал эми маанайыңды түшүргөн нерсе эмне?

— Мен аябагандай көк бет, тырышчаак кызмын. Бир максат койсом ага жетүүнүн бардык жолдорун издейм. Анан ошентип жүрүп максатыма жетпей калганда кичине маанайым түшөт. Бирок мен аябагандай депрессия болуп башымды жерге салып отуруп кала албайт экенмин. Мунусу болбосо эмкиси болот деп өзүмдү колго алууга аракет кылам. Демек, бул нерсе мага буюрбаптыр деп коём.

Шоу-бизнес интригага бай келет эмеспи, көнүп калдыңбы? Кээде өзүң тууралуу чындыкка дал келбеген кептерди укканда кандай абалда болосуң?

— Башында мен жаңыдан ырдай баштаганда бардыгынан жакшы сөздөрдү, мени мактаган комментарийлерди угуп аябай сүйүнчүмүн. Анан кийинчерээк эле социалдык тармактагы баракчаларыма ар кандай жаман комментарийлер жазыла баштады. Менин жеке жашоомо кийлигишкен, аброюма шек келтирген сөздөрдү окуганда, чынында, аябай жаман болом, ичим күйөт. Андай иренжиткен сөздөргө кээде жооп берип дагы жүрдүм. Түшүндүрүп жооп берсең дагы башкача кабыл алышат экен. Азыр эмне десеңер ошо дегиле дегендей мамиле кылып, көз жумуп коём.

Сүйлөшкөн жигитиңди буга чейин сыр кылып келсең, жакындан тартып ачыкка чыгара баштадың. Мындай чечим чыгарууңа эмне түрткү болду?

— Нурсултан чет мамлекетте иштегендиктен, экөөбүз бир жылда эки эле жолу көрүшөбүз. Бири-бирибизди аябай сагынуу, күтүү менен өтөт күндөрүбүз. Анан ал келерде мен аябай сүйүнүп, башкача бир сезимдерге толкуйм. Жолукканда экөөбүз жаңы таанышкандай сезимде эле боло беребиз. Бири-бирибизди уялуу менен карап, бир чети сүйүнүп. Мен аябай кубанам ушундай сезимдер менде дагы, анда дагы бар болгонуна. Ошондуктан билбейм, ушунчалык сонун эмоцияларга батып туруп, аны ичимде сактай алган жокмун, күйөрмандарым менен бөлүшкүм келди.

Сүйүү романдарында баяндалгандай ушунчалык аруу махабатыңар бар экен. Турмуш куруу тууралуу ойлонуп көрдүңөрбү?

— Албетте, турмуш куруу тууралуу оюбуз бар. Бирок жакын арада эмес. Ал дагы, мен дагы жашмын. Ал иштеши керек, мен болсо чыгармачылыгымды өркүндөтүп, жаңы бийиктиктерди багынтышым керек. Өзүмдү дагы деле кичинекей кыздай сезем. Үйдө бир туугандарымдын эң улуусу болсом дагы аябай эрке кызмын. Ошондуктан азырынча жубай статусун алууга мага эрте деп ойлойм.

А Нурсултан сени кандай жигиттик сапаттары менен өзүнө тартып алды болду экен?

— Нурсултан экөөбүз башында дос болчубуз. Ар кандай сөздөр менен тамаша иретинде бири-бирибизди шылдыңдап каткырып-күлүп эле жүрө берчүбүз. Ошондо эле аябай ачык-айрым, ыймандуу, акылдуу бала экенин байкагам. Кийин экөөбүз тынымсыз сүйлөшө баштаганда мага кылган сый мамилеси, көңүлүм түшүп калган кезде кандай болсо дагы көтөрө билгени мени аябай сүйүнтчү. Ошондой чыныгы жигиттик сапаттары менен мени өзүнө тартып алса керек деп ойлойм. Азыр дагы менин жакшы маанайымдын, ийгиликтеримдин себеби – ошол бала. Эң негизгиси, мен кандай болсом ошондой кабыл алат.

Келечекте чыгармачылыктан баш тартууга туура келсе эмне кылат элең?

— Чыгармачыл адамга бул багытты таштап кетүү оңойго турбайт го. Башкаларды билбейм, бирок өзүмдүн чыгармачылыктан алыстай албасымды так билем. Эмнегедир өмүрүмдү музыкага арнап койгондой эле сезимде боло берем. Андыктан эгерде чыгармачылык менен башка тармакты тандоого туура келип калса ойлонбой туруп музыканы тандаар элем.

Ата-эне, бир туугандарың тууралуу айта кетсең. Канча бир тууганың бар?

— Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусумун. Үч иним, бир сиңдим бар. Үч иним тең күрөш боюнча машыгып жүргөн балдар. Азия чемпиондугуна, дүйнө чемпиондуктарына барып күрөшүп, жакшы байгелерге ээ болуп жүрүшөт. Атам мурун уулдарым спортчу болсо экен деп кыялданчу экен. Кудай буйруп эңсегени ишке ашып, балдарынын ийгиликтерине күбө болуп жүргөн чагы. А мен болсо апамдын кыялдарын орундатып келатам десем болот. Анткени апам кичинекей кезинде ырчы болгусу келип максатына жетпей калганын айтып калат. Үйдө чоң ата-чоң апамдар менен чогуу турабыз. Чоң апамдын тарбиясын алган кызмын, ошондуктан дайыма экөөбүз сырдашып, көйгөйүм болсо дагы чоң апама айтып экөөбүз бат тил табышабыз. Мага өзүнүн кеңештерин берип дайыма жакшы жолго үндөп турат.

Маегиңе рахмат!

СоӊкуЭркекти бир гана аял шыктандыра алат
КийинкиАйнура Турганбаева: Үйдөн маанайсыз чыксаң, театрга барганда сөзсүз көтөрүлөт