— Менин жашоомо кийлигишкенди токтоткулачы! Эмне кылсам ѳзүм билем.
— Эй, эмне деп атасың?! Мен сени жаман болсун деп атыптырмынбы? Жакшы болсун деп акылымды айтып атам.
— Кайсы акыл бар экен силерде? Акылдуу болгон үчүн чоң атамды ыйлатчу белеңер эмне?
— …
— Унчуга албайсыңар, кѳрдүңѳрбү? Так что, мага акыл айтпай эле койгула.
— Мен сага канча айтам ыя, «силер» дебей жүр деп. Же «сен» де, же «сиз» де.
— Хм, кепти буруп атканын. – Бала ит үргѳнчѳлүк да тоготуп койбостон жай баракат туруп сыртка чыгып кетти.
— Кѳрдүңбү балаңдын кылыгын. Кѳрүп атасыңбы, ыя? – Аскар аялына бир тийди.
— Кѳрүп атам. Кѳргѳнүн кылып атат да. Ушуну кѳрүп кала элегиңде эсиңе кел деп айтчу эмес белем сага. – Аялы да баштагыдай жоошутуунун ордуна ыңгырана унчукту.
Аскардын күйбѳгѳн жери күл болуп кетти. Күн ѳткѳн сайын ушул баласына кеби кеп, сѳзү сѳз болбой баратканына тынчы кетип жүрѳт. Эч кимге сыр бербегени менен бул үчүн тымызын катуу тынчсызданат. Мындай учурлар эмнеден улам болуп жатканын ойлогондо жүрѳгү сыгыла түшѳт. Атасынын наалатына калып, дал атасы кѳргѳн ызалуу карылыкка баратабы? Бул суроого келгенде ѳзүн ар нерсе менен алаксытканча шашат. Артка кылчайып, ал күндѳрдү ойлогусу да келбейт. Тизгиндѳѳгѳ ээ бербеген ойлорун жайына койду. Тээ балалыгына чейин алып учуп кеткен ойлор башын зыңылдатып оорутуп чыкты.
***
Аскардын балалыгы оор ѳттү. Ата-энеси жанында, курсагы ток, кийими бүтүн болгону менен бактылуу балалыкты кѳргѳн жок. Себеби ал эс тартканы апасынын ыйынан, атасынын каарынан жүрѳгү үшүп, жан дүйнѳсү жанчылып, башкалардан басынып, корунуп чоңойду. Керек болсо жакшы окуп, билими менен башкалардан алдыга озуп турса да үй-бүлѳсүндѳгү бактысыздык аны ар качан чүнчүтүп, артка тартып, жалтактап турчу. Муну айрым мугалимдер байкап, аяп карашчу. Апасынын кургабаган кѳз жашын бала башында түшүнчү эмес. Бир ирет таттуу уйкусунан чочуп ойгонду. Ата-энеси дагы урушуп калышкан экен. Уйкудан кѳзү умачтай ачылып, дароо кѳз жашы тѳгүлүп кетти. Бирок баш кѳтѳрүп ордунан турбай былкылдап ыйлап жата берди.
— Мейли, мени аяба, мени ойлобо. Ушул балаңдын ырыскысын чачкандан уялбайсыңбы?
— Ар кимдин ѳз ырыскысы бар.
— Анда ошол ѳз ырыскысына барышсын. Балдарын атасынан ажыраткан аял сени бактылуу кылып иет бекен?
— Ишиң болбосун!
— Эми ишим болот. Ушул кезге чейин эсине келер деп кѳз жумуп келдим. Эсиңе келмек турсун эс-учуңду жоготуп, улам бир аял менен ойногонуңду койбодуң. Эми эки балалуу аялдын үстүнѳ кирип ала элегиң эле калды. Балаңа алып бербегенди ошонун балдарына ташып жүргѳнүңдү билбейт дейсиңби?
— Э-энеңди, — идиш-аяк калдырап, аялдын ачуу чаңырыгы чыкты. Бала башын жаздыкка катып, бирок дымын да чыгарбай ѳксүп ыйлап жатты. Ушул түнкү ата-энесинин ар бир сѳзү анын кѳңүлүнѳ жатталып, кѳкүрѳгүнѳ жазылып калды. Эх, ѳмүр бою ѳчкүс болуп жазылып калды.
***
Ушундай уруш-талаштуу күндѳрдѳ бой тартты. Атасын баштагыдай сагынып, күтүүнү унутту. Аны ѳзү так билбеген, бирок баягы түндѳ апасынын оозунан уккан балдардан кызганып, атасы ѳзүнѳн да ошол балдарга жакын болуп атканына таарынып, ал сайын жек кѳрүп баратты. Кийин атасы үйгѳ биротоло келбей калды. Апасы уулун жетелеп жүрүп иштеп, бирде ач, бирде ток жашашты. Аскар 6-класска келгенде атасы кайдан-жайдан пайда болуп калды. Баштагыдай эмес, абдан жакшы адам болуп калыптыр. Апасына катуу айтпайт, баласын эркелетип, үйгѳ дайыма бир нерселерди кѳтѳрѳ келет. Башка балдардын атасына суктанып жүргѳн маалда минтип келип калганы үчүн ыраазы болуп, таарынычынын баарын унутуп салды бала. Мындан ары ар дайым бирге жашайбыз деп катуу ишенди. Тилекке каршы, бул бакыт узакка созулган жок. Апасынын курсагындагы бѳбѳгүн чыдамсыздык менен күтүп жатышканда атасы кайрадан жок болуп кете баштады..
****
Карындашынын жарыкка келиши апасы үчүн абдан жакшы болду. Баштагыдай ыйлап, капалуу жүргѳнү азайып кабагы ачылып калды. Наристеге алаксып атып атасынын келген, келбегенин, барын, жогун деле анча этибарга албай калышты.
Аскар мектепти аяктаган күн эч эсинен кетпейт. Аскар классташтары менен кафеден тамактанып, андан ары тоого чыгып эс алуу менен бул күндү белгилемек болушкан. Райборбордун эң жакшы деген кафесине жѳнѳштү. Кирип баратып эле Аскар атасынын унаасын байкап калды. Дароо бир шылтоо таап балдарды башка кафеге барууга кѳндүрдү да, ѳзү алардан акырын бѳлүнүп калды. Кафенин обочороок орундугунда атасы бир аял менен жайыл дасторкондо отурат. Баланын муштуму түйүлүп, тамагына жаш тыгылды. Бүтүрүү кечесине деп акча сураса ар кайсы жокту айтып наалып атып арзыбаган тыйын карматкан, апасы «балабыздын акыркы коңгуроосуна чогуу барып келели» десе «ишим кѳп, ѳзүңѳр эле бүтүрѳ бергиле» деген. Эми минтип кымбат жерден тамак жеп, жайбаракат отурганына ыза болду. Залдын чок ортосуна чейин басып барып атасынан кѳзүн албай карап турду. Качан атасы менен тиктеше түшкѳндѳ шарт бурулуп чыгып кетти. Атасы бул окуядан кийин деле мурда кандай болсо ошондой жашай берди. Кыязы анын уялуу сезими ѳлүп, үй-бүлѳсүнүн алдындагы жоопкерчилиги чирип кетсе керек.
***
Аскар апасынын ѳтүнүчү менен эрте турмуш курду. Кѳрсѳ, байкуш эне ажалынын жакындап келатканын сезип, баласынын жакшылыгын кѳрүп калууга шашкан экен. Аскар кѳңүлү сүйгѳн кызга баш кошту. Апасы келинин кызындай кѳрүп, жалгыз кызын келинине жакын кылып, экѳѳнүн ымаласы келишип, ынак болуп калууларына абдан аракет кылды. Мунун баарын жатынында пайда болгон жаман дарттан улам атайын чоң максат менен кылып жатты. Уулунун кулагына кумдай куюп, аялына жакшы мамиле кылуусун катуу талап кылды. Күйѳѳсүн болсо карап туруп аны аяп кетет. Айтканы аткарылып, ар дайым каалаганын кылып жашаган эркектин каруудан тайып, эми кѳзүн карап отуруп калганына таң калат.
Эми гана ѳз колу ѳз оозуна кенен жетип, бир түтүндүн кожоюну катары баш кѳтѳрүп баштаганда апасынын ооруп калганы Аскарга катуу тийди. Алып-учуп бир доктурдан экинчисине каттап, айла издей баштады.
— Дабасы жок дарт үчүн эмне мынча убараланасың, каралдым. Ѳзүм деле кеч билдим. Башта айтканымда сен үйлѳнбѳй ушинтип мени менен убара болуп жүрүп алмаксың. Анда мен же айыкпай, же келиним менен неберемди кѳрбѳй арманда кетмекмин. Андан кѳрѳ сенин жакшылыгыңды, сенин балаңды кѳрѳйүн деп бул дартка баш ийип бердим. Сенин жакшы ата, жакшы күйѳѳ болоруңду ѳз кѳзүм менен кѳрдүм. Ыраазымын,- деген энеси.
***
Апасынан айрылган Аскардын үшкүрүк жалынын деңиздин суусу ѳчүрѳ алгыстай эле. Апасын алаканына салып кароону бала күнүнѳн арзуу кылып келген. Ошол тилеги эми ишке ашарда ажалга жулдуруп ийгенин карачы. Апасы отурчу тѳргѳ атасын ыраа кѳрѳ албай кыйналды. Балалыктагы бактысын ыйга, бой тарткан кездеги жыргалын ызага сугарган атасын ачык эле сыйлагысы келген жок. Бул сезимин жашырып коймок турсун атасына атайылап ачык билдирчү болду.
— Апам сенин айыңдан ооруп, эрте ѳлдү. Бир адамдын ѳмүрүн кѳз алдымда жедиң. Ушуну ѳзүң билесиңби?- деди бир ирет кызуулугуна салып, бирок акылы менен баарын билип туруп.
— Ошол ажал апаңды эмес, мени албаганына ѳзүм да кейип жүрѳм, балам. Эми ого бетер мазамды алба, айланайын,- деди атасы каргылданып.
— Ошону айтпайсыңбы? Апам мына ушул жерде отурса кана, менин маңдайымда сен эмес, апакем отурса кана? Анткени кичинекей кезимде менин кашымда сен эмес, апам отурган да. Мени сен эмес, апам бакпады беле, туурабы?
— Туура.
— Туйа-а деп коёт. – Аскар муштумун түйүп, атасына тап берди. Шалдайып отурган чал бүрүшүп башын ката калды.
— Аскар, жинди болуп атасыңбы? – Жанатан үн ката албай турган келин жолдошунун колуна жармаша калды.
***
Аскар атасын колунда баккан он бир жыл бою аны кагып-силкип, түртүп-жѳѳлѳп, муштум кезеп жашады. Атасы жыл ѳткѳн сайын арыктап, ѳңдѳн азып, акыйып ажалын күтүп жүрүп ѳттү. Башта баласынан кечирим сурап, айыбын мойнуна алган. Кийин жаш балача жагалданып жакшы мамиле күтүп, бирок жылуу сѳз уга албады. Акыры баласынын кѳзүнѳн далдоо болуп, бир чатырдын алдында туруп баласына чоочун кишиче жашады. Неберелерин эркелетип, келинин алкагандан башка колунан келбеди. Ырас, ушул келин болбогондо кѳрѳр күнү эмне болмок, ким билсин. Акылдуу келин гана кайнатасынын карылык кѳңүлүн алып, ысык тамагын берип, ак шейшепке жаткырып бакты. Кептин ыгы келген жерден күйѳѳсүнѳ акыл айтуудан тажабады.
— Бир эмес, үч балаң бар. Эртең ушул балдарыңдын колун карап каласың. Кудай атаңа кылганыңды балдарыңдан кѳрсѳтпѳсүн,- дейт жалооруп.
Аскар ичи тыз дей түшкѳн менен келинчегинин айтканын орунсуз кѳрчү. Себеби балдарына ар дайым жакшы мамиле кыларына таянып, кези келгенде балдарынан сый кѳрѳрүнѳ ишенчү. Басса-турса балдарына ата-энени сыйлоо керектигин айтканга да жетишчү. Эми минтип канаты катый элек туруп ороңдогон уулунун сѳзү чучугуна жетип, эсин эңгиретип отурат. Ушул ортончу баласы баладан башкача. Тартынууну да, коркууну да билбейт. Баарынан да «чоң атамды ыйлаткансың» дегени сезимине тикендей сайылды. Оюнда «бала укканын эмес, кѳргѳнүн кылары ушул тура» деди улутуна. Антсе да баласынын кылыгын ѳткѳѳл курагына чегерип, акыл токтоткон маалында сыйлап алат деген үмүтү күч болуп турду.
Гүлайым Калыбекова