“Жубайыма” ыры менен элдин жүрөгүн ээлеген ырчы мырза Турдакун Ниязалиев эмнегедир чыгармачылыктан алыстап кеткендей. Чыгармачылыктан тышкары коомдук фонд ачып, элге жардам берип жүргөн мырза акыркы жаңылыктары, жашоосу тууралуу бөлүштү.
— Турдакун мырза, убакытыңыз абдан тар экендигин айттыңыз эле, учурда эмне менен алексиз?
— Акыркы убактарда убактым азыраак болуп жатат. Себеби 2018-жылдын башында “Ак демилге” деген коомдук фонд түзгөнбүз. Бизде элге жардам көрсөткөн кайрымдуулук, агартуучулук менен алектенген же элди жакшы жакка үндөгөн фонддор абдан көп экен. Бирок алардын көбү эле түрк же араб, дегеле башка өлкөлөрдүн фонддору экен. Анан кыргыз жигиттер чогулуп “элибизге кызмат кылып, жаштарды сергек жашоо, илим-билимге үндөйлү. Жоголуп бараткан улуттук баалуулуктарды жандандыралы” деген ой менен түзгөнбүз. Мен ошол фонддун жетекчиси болгонго көп жумуштары менен чуркап жүрөм.
— Фонд аркылуу канча адамга жардам бере алдыңыздар?
Анын так жыйынтыгын чыгара элекпиз. Азыркы тапта 70 үй-бүлө жөлөк пул алат, 11 балага жогорку стипендия беребиз. Андан тышкары азык-түлүк, эт таратуу сыяктуу бир жолу берилүүчү жардамдарды көрсөтүп турабыз. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кийим-кече, окуу куралдарын берип жатабыз. Айтор, жарым жыл ичинде эле бир топ иш жасадык.
— Эмнегедир “Жубайыма” ырыңыздай популярдуу чыгармалар жаралбай жаткандай, буга да убактыңыздын аздыгы себеппи?
— Туура. “Жубайыма“ ырынын деңгээлиндей ыр чыкпай жатат. Андан кийин 7- 8 чыгарма жараттым. Чындыгында жаман чыгармалар чыккан жок, баарынын мааниси терең. Эми анын убакыттын тардыгына деле байланыш жок болуш керек.
— Сиздин чыгармачылыкка келгендеги биринчи вазыйпаңыз — мазмундуу чыгармалар менен адамдарга таасир берүү да, ошол максатыңыз ишке ашып жатабы?
— Ооба, менин чыгармачылыктагы миссиям адамдарга адеп-ахлак, тарбия берүү максатындагы чыгармаларды жаратуу. Кудайыма шүгүр, максатыма жетип жатам. Маселен, “Жубайыма” чыгармамдан кийин көптөгөн үй-бүлөлөр жарашкандыгы тууралуу окуяларын өзүм менен байланышып айтып беришкен. Угуп отурсаң чындыгында жүрөгү жылыйт. Андан башка “Апа”, “Мекен” тууралуу ырларым көп эле адамдарга таасир берип жатат. Жакында эле “Улуу Түркия” деген чыгарма жараткам, ал чыгарма учурда Түркия жергесинде популярдуу болуп жатат. Чыгармада Мете хандан баштап акыркы Эрдоганга чейинки баатырларды, лидерлерди жазып чыккам. Бул чыгарманы президент Эрдоган мырза өзү да угуптур. Анын кеңешчилери мага чалып ыраазылыктарын билдиришти. Парламент депутаттары да чалышып жылуу сөздөрүн айтышты. Чыгарманы социалдык баракчаларынан тынбай бөлүшүп жатышат. Массалык маалыматтарында таратышып, менден интервью да алышты. Башында эле ырдын түрктөргө жагарын билгем, бирок мынчалык деңгээлде бааланарын билген эмесмин. Мага абдан жагымдуу болду. Чыгарма эки элдин достугун бекемдөөдө чоң роль ойноду десем болот. Азыр ырдын клибинин идеясын ойлонуштуруп жүрөбүз. Жакшы ниет кылып ишиңди уланта берсең жакшы ийгиликтер келе берет экен.
— Чыгармачылыктан тышкаркы иштерди мойнуңузга алууңуз сизди өнөр дүйнөсүнөн такыр эле алыстатып салбайбы?
— Ачыгын айтканда, мен чыгармачылыкка катуу киришип деле иштебейм. чыгармачылыкка аралашкандан бери эле ырчылыкты мен хоббим катары көрөм, кесибим эмес. Андыктан “бул чыгармам хит болуп жатат, аркасынан дагы бир чыгарма жаза салайын”, “тойго ыр жаза калайын” же “рейтингден түшпөшүм керек” деген ой менде жок. Маанайга жараша чыгарма жаратып коём. Андыктан чыгармачылыктан алыстап калуу деген мен үчүн көйгөй деле эмес.
— Кудай буюрса, бешинчи наристеңизди күтүп жатыптырсыз.
— Ооба, келинчегим экөөбүздүн Хамза, Халид аттуу эки уулубуз жана Альфия, Ясмина деген эки кызыбыз бар. Кудай буйруп, бешинчи чүрпөбүздү күтүп жатабыз.
— Балдарыңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
— Балдарымды ислам дининин негизинде тарбиялайм жана бул эң жакшы, натыйжалуу ыкма деп эсептейм. Себеби диндин негизинде өскөн бала ата-энесин сыйлайт. Куранда да “ата-энеңди урматта” деген буйрук келет. Азыр бул жол менен балдарыбызды тарбияласак келечекте ата-эне кароосуз калбайт.
— Келинчегиңиздин кош бойлуулугу кандай өтүп жатат, дегеле бул учурда кандай колдоо көрсөтөсүз?
— Алгачкы айларында бир аз кыйналган. Жүрөгү айланып, кускусу келип, өз тамагын өзү жей албай жүрдү. Кишини кыйначу дегендей (күлүп). Азыр ал этаптан өттү, абалы жакшы. Өзү кыйналса да билгизбегенге аракет кылат. Мен үй иштерине жокмун, андыктан, үй иштерине катышып деле жубайымдын көңүлүн ала элекмин. Үй жумуштары мен үчүн кыжалаттыкты пайда кылган иш десем болот. А бирок моралдык же башка колумдан келген колдоомду көрсөтүп жардам бергенге аракет кылам.
— Келинчегиңиз да коомдук иштерге активдүү катышып келет, бул тууралуу айта кетсеңиз?
— Ооба, келинчегим “Айымзат” айымдар клубун өзү негиздеген. Анда патриоттулук, аялзатына, бала тарбиялоо, жакшы жар болуу тууралуу тренинг, мастер-класстарды өткөрүп жүрүшөт. Андан тышкары, кайрымдуулук иштери бар. Бул расмий фонд эмес, ошентсе дагы активдүү айымдар менен биргеликте көп жакшы иштерди кылып коюшту. Анча-мынча фонддорго караганда көп иш кылышты деп айтар элем.
— Ырчылыкты хобби катары көрсөңүз келечекте кайсыл багытта көрө алабыз сизди?
— Келинчегим экөөбүз тең коомдун адамы болуп кеттик, эми жеке иштер менен алектенүүнү, үй-бүлөгө көбүрөөк көңүл бурууну ойлоп жатабыз. Буюрса, келечекке көп пландарды коюп жатабыз. Пландарыбыз тууралуу ишке ашканда гана бөлүшөлү. Себеби, ар кандай адамдар бар, бирөө жакшы көрсө бири жаман көрөт дегендей. Ошондуктан, пландарым менен бөлүшпөй калдым.
Айгерим Токтобай кызы