Негизгиге Интервью Тууганбай Абдиевдин кызы Сайраш айым: Атам үйрѳткѳн жакшы адаттар жашоомо пайдасын берип...

Тууганбай Абдиевдин кызы Сайраш айым: Атам үйрѳткѳн жакшы адаттар жашоомо пайдасын берип келет

899

Эл сүймѳнчүгү Элмирбек акындын талантын тааный билип элге кошкон, ѳзү айтылуу «Махабат дастаны» тасмасындагы Раймалынын образы менен элдин эсинде калган белгилүү тѳкмѳ акын, дастанчы, комузчу, «Манас» орденинин ээси Тууганбай Абдиевдин арабыздан узаганына 12 жыл болду. Залкар инсандын эрке, кенже кызы атасын кѳзүнѳ жаш ала эскерип отурду.

— Уул-кыздарынан атаңыздын талантын тартып, ѳнѳрүн ѳздѳштүргѳндѳр барбы?

— Биз эки уул, тѳрт кыз элек, бир эжем каза болуп калган. Бала кезде баарыбыз тең чыгармачылыкка жакын болчубуз. Байкем, эжем ыр жазышчу, мен «Манас» айтып, комуз ойночумун. Мектепти аяктап жатканда ырчы болом дедим. Атам ашканага отургузуп алып ырдатып кѳрдү да, «үнүң жакшы экен, 15-20дай кишинин алдында, туугандарга ырдасаң болот, бирок чоң залга бул үн жетпейт» деп койду. Атам берген багыт боюнча юридикалык билим алып, ушул тармакта иштеп келе жатам. Атамдын «бир үйгѳ бир артист жетет» деген сѳзү менен башка бир туугандарым да чыгармачылыктан алыстап кетишти.

— Балдардын бири атасына, бири апасына жакын болушат эмеспи, атаңызга ким жакын эле?

— Каза болуп калган эжем экѳѳбүз атамдын кызы болчубуз. Экѳѳбүз менен кѳп сүйлѳшүп, сырдашчу. Эжем кенедейинен жүрѳк оорусу менен күрѳшүп, ушул ооруга жеңилди. Каза болгонунда атам күйүткѳ алдырып ийди. Ѳңүнѳн азып, кѳп кайгырчу болгон. Үйгѳ барган сайын атамдын балкондо тамеки чегип, ыйлап, кейип отурганын кѳрчүмүн. Мени кичүүсү катары жакын кѳрсѳ керек. Басса-турса «китеп оку, тил үйрѳн, кѳп тил бил, телевизордон пайда жок» дечү. Мага дайыма китеп белек кылчу, болгондо да жалаң сѳздүктѳрдү сатып берчү эле. Абдан кыраакы болуптур, 30 жылдай мурун эле «кызым, кытай тилин үйрѳн, кийин кытай тили англис тилине атаандашкан тил болот» дечү. Эми ошол учур келди. Атамдын айтканын угуп немис, англис, француз тилдерин үйрѳндүм. Мүнѳзүмдү атама окшотушат. Аябай так адам эле. Конокко канчага чакырышса беш мүнѳт эрте ошол жерде туруп калчу. Апам ар качан «ой, эч ким келе электе барып алганыбыз уят, кичине кечигип баралы» дечү. Атамдын сырын билген кайненем аларды конокко чакырганда «куда так убактысында келет» деп шашып турчу. Кечиккен адамды аябай жаман кѳрчү, «бирѳѳнүн убактысын алба, ѳз убактыңды алдырба. Баарын пландап жүр» деп, ѳзү кылчу иштерин дайыма жазып жүрчү. Мага да жазып иш бүтүрүүнү үйрѳткѳн. Ошол адаттын пайдасын азыр да кѳрүп келем.

— Атаңыздын бир ысымы «Раймалы ага» эмеспи, кѳрүүчүнүн жүрѳгүн ооруткан бул образды баласы катары кандай кабыл алгансыз?

— «Махабат дастаны» тасмасына атам 47 жашында тартылган. Мен анда 7 жашта элем. Тасманы биринчи жолу кѳрүү балалык психологияма аябай чоң сокку болгон. Анда жигиттердин Раймалы аганы сабаганы, канжалатып бакка байлап койгон жерлери тынчымды алчу. Атам ушуну айтып күлѳ берчү, кино кѳрсѳтүлгѳн сайын атамды мойнунан бекем кучактап алып «ата, ѳлбѳйсүзбү, ѳлбѳйсүзбү, ыя?» деп чыркырап ыйлай берчү экенмин. Тасманы кѳргѳн сайын атам: «ушу жерин башкача ойносом болмок» деп калчу. Атамдын актёрлук билими болгон эмес да, кѳңүлүн кѳтѳрүп «актёрлукту окубай туруп ушунча сонун ойногонсуз» дечүмүн. Тасманы кѳргѳн сайын кѳз жашымды тыя албай ыйлай берем. Кызыгы, андагы атамдын сакал-мурутуна эч кѳнѳ албайм. Атам жашоодо такыр сакал, мурут койгон эмес.

— Чыгармачылыктан башка эмне менен алек болчу?

— Жаш кезинде оор атлетика менен машыгып штанга кѳтѳрчү экен. Бокс менен футболду укмуштай сүйчү. Кийин бокстан колун чыгарап алып таштап койгон. 50 жашынан кийин тамак жасачу болгон. Атам жасаган беш бармак, чучук аябай даамдуу эле. Жармасы болсо укмуш, муздаткычка толтуруп салып койчу. Байкем «атамдыкындай жарма иче элекмин, «Шоронун» жармасы да атамдыкындай эмес» дей берет. Дагы бир ѳнѳрү комузга кыл жасачу. Базардан малдын ичегисин алып келип, апам экѳѳ кире бериш бѳлмѳгѳ чубалтып ары-бери чоюп жазашчу эле. Мен да кармалашып калганда «сасып атат, жасабай эле коёлучу» дей берчүмүн. Жасаган кылын ѳзүнүн комуздарына тактырып, комуз чапкандарга берчү.

— Эмнени жаман кѳрчү?

— Базар кыдырганды аябай жаман кѳрчү. Базарга кирип эле биринчи кѳргѳнүн алып жѳнѳчү. Апам соодалашалы десе «ал да балдарын багайын деп турат» деп макул болчу эмес. Бир чети бул шашмалыгынан да болчу. Бир кызык окуясы эсимде, Италияга иш сапары менен барып, баарыбызга белекке кийим-кече алыптыр. Апама укмуштай сонун туфли алган экен, бирок экѳѳ тең оң буттун туфлиси болуп чыккан. Бизге кѳбүнчѳ спорттук кийимдерди алып келчү. Бир ирет мага алып келген спорт кийими укмуштай чоң болуп калган эле. Аны эжелерим кийип жүрүп мага чак келгенче бир топ жыл ѳткѳн. Ушул сапаттарынан улам «ѳзүң шашпай таңдап ал» деп тапканынын баарын апама берип койчу экен.

— Улуу инсандын тукумун улап, жакасын агарткан апаңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Апам атамдан 10 жаш кичүү болчу. Жоош, момун аял эле. Атамдын чарт-чурт деп кетчү мүнѳзүнѳ ушул сапаты менен түтүп жашаган десем болот. Атамдын дос- жоросу кѳп болуп, үйдѳн конок үзүлчү эмес. Айтпай-дебей кирип келген 10-15 кишини жаркырап дасторконун жайып тосуп алчу. Баары белен турчу. Бизге «атаңарга жубай болгонума сыймыктанам» деп калчу. Улуу инсандын жубайы катары ѳзүн карап, жакшы алып жүргѳнүн байкачумун. Атам кызганчаак болуп, такыр иштетчү эмес экен. Алты баланы тѳрѳп, кенжеси мени үч жашка чыгарып, бакчага берген соң «ѳмүр бою үйдѳ отурмак белем» деп медициналык билим алыптыр. Биз ооруп калганда бат эле айыктырып алчу, ошондо атам «ырас окуп алыптырсың» деп сүйүнүп калчу. Атамды жоготуу апама оор болду. Кайгыдан улам катуу ооруп 25 килограмм салмак таштады. Атамдын кол жазмаларынын баарын чогултуп китебин бастырды. «Кѳчѳгѳ атын берсем, музейин ачсам» деп аракет кылды. Ошол маалда кѳчѳлѳргѳ ат берүүгѳ мораторий жарыяланган экен, уруксат жок ишке ашпай калды. Экѳѳбүз ээрчишип алып музей үчүн орун издеп кѳп жер бастык. Бирок ылайыктуу орун табылбай ал да ачылбай калды. Азыр атамдын атындагы фонд бар, мен жетектейм. Атамдын атын кѳчѳгѳ бере албаганына катуу кайгырды. Мен «аты кѳчѳгѳ берилбей калса эле эл унутуп калмак беле. Кинодогу образында айткандай атам жүрѳктѳрдѳ жашайт» деп сооротчумун. Апам «кырк жыл атаңардын кѳлѳкѳсүндѳ гана жашаптырмын. Эми эч нерсеге кѳңүлүм жок» деп кайгырып жүрүп тѳрт жылдан кийин узап кетти.

— Атаңыздын акыркы күнүндѳ жанында болдуңузбу?

— Атам бир жыл ооруду. 70 жылдыгын белгилегенде шайы жок болуп калган. Негизи, кызынын күйүтѳнүн улам ооруп калды. Жаңы ооруп баштаганда кан керек болду. Экѳѳбүздүн кан тобубуз 3-топ болуп дал келчү. Менин канымды куюшканда абалы жакшырып, оорусунун баарын жеңгендей сүйүнгѳм. Тилекке каршы, ашказанында залалдуу шишик бар экен. Ѳзүнѳ айтпай дарыгерлерге алып барып дарылатып жүрдүк. Атам намаз окучу, ооруп жатканына карабай ажылыкка барып келди. Ошол жылы Ашыраалы Айталиев каза болуп, узатуу зыйнатынан келген соң «чогуу жүргѳн адамдарымдын баары кетип атышат» деп аябай капа болуптур. Апам «кѳз жашы тѳгүлүп, катуу кайгырды» деп калчу. Анан оорусу күчѳп кетти. Атам комага түшүп калганда да үмүтүм үзүлгѳн эмес. Ошол күнү апам «жумушуңа бара бер» деп кетирген. Бат эле «катуу болуп калды» деп чакырышты. Кѳрсѳ, атам бизди таштап кеткен экен.

— Атаңыз жаныңыздагы кайсы учур эсиңизден кетпейт?

— Аябай куудул, тамашакѳй болчу. Дасторкон үстүндѳ бир окуяларды куудулданып айтып берип, тамагыбыз оозубуздан атып кеткенче күлүп отурчу элек. Апам «ой, тамак ичип бүтѳлү, анан айт» деп эле токтото албай атчу. Боорукер эле. Биздин балдарыбыз ооруп калса да чалып акыбалын сурап, тынчсызданчу. Калыстык, адилеттикти баалаган, тайманбай бетке айткан адам болчу. Апам ушул сапатынын айынан Токтогул сыйлыгын ала албай калганын айтып калчу. Чынында, ушундай абройлуу сыйлык берилбегенине ичинен капа болчу, бирок такыр байкатпаганга аракет кылчу.

— Кесиптештериңиз, кайын журтуңуз сизге белгилүү инсандын кызы катары мамиле кылышкан учур болобу?

— Ѳмүрүмдѳ атамдын атын пайдаланып кѳргѳн эмесмин. Окуучу кезде мектептеги иш-чараларга атам барып ырдаса уялчумун. Кесиптештерим «акындын кызысың да, ораторлук жѳндѳмүң бар» деп калышат. Ал эми кайын журт темасы менде башкалардыкынан башкача. Биринчи жолдошум 26 жашында жүрѳк оорудан каза болуп калган. Эки айлык боюмда калган экинчи кызым тѳрѳлүп, жолдошумдун ашы берилген соң атам «кызымды жетим баладай кылбай алып кетейин» деди. Кайненем жибергиси келбей каршы болду. Мен да тѳрт жыл жашап, кѳнүп калган жеримден кетким келбеди. Бир чети уулун жоготкон апамды таштап кете албадым. Ошентип, дагы тѳрт жыл кайненем менен жашадым. Атамдар куда-сѳѳк катары жакшы катышышты. Кыздарым менен атамдыкына келгенде кайненем чалып калса атам тамашалап «бар, бар, тѳркүнүңѳ жѳнѳ» деп калчу. Кайненем кийин «жашсың, турмушка чык» деп баштаган. Экинчи ирет бактым ачылган кезде мен ата-энеден айрылып калгам. Жолдошум алып кетмек болгондо кайненем «кызымдай эле болуп калдың, апаң катары мен узатам» деп чыкты. Байкем «мындай кылган туура болбой калат го» деп кыйылганына да болбой койду. Ошентип, ошол апамдын колунан экинчи турмушума узадым. Жолдошум бул апамды «апа» деп кайрылып, акыбалын сурап барып турабыз. Беш жаштагы кызыбыз бар. Кыздарыма таятасы тууралуу дайыма айтып беребиз.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуӨзгөчө үйлөнгөн Союзбек Надырбековду эл колдоодо
КийинкиЭлмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат: Китептин чыкканына сүйүнөйүн десем, жанымда Элмир жок