Үнөмдүү той өткөрүүнү модага айлантсак болбойбу?
“Тойго реформа киргизүү керек” деген сөздү көп эле угуп жүрөбүз. Чубалган унаалар, ыргытылган тамактар, сандыкта калган белек, кийиттер – булар бүгүнкү күндөгү тойдун көрүнүшү. “Кыргыздын үрп-адаты, салты, менталитети сакталбаган тойдон көрө, үнөмдүү тойду модага айлантсак болбойбу?” Журналист Зулайка Эркимбаева менен жолдошу ысырапсыз той өткөрүп, башкаларга үлгү боло алышты.
Зулайка Эркимбаева: “Үнөмдүү той өткөрүп эч кимдин катарынан чыгып калган жокпуз”
Зулайка, үнөмдүү той өткөрүү идеясы окшош тойлордон тажагандан келип чыктыбы?
— Мен кичинекей кезимден бери эле америкалык тасмалардагы эркин форматта, газондун үстүндө өткөн тойлорго кызыга берчүмүн. Студент кезимде шаарыбыздагы чоң тойканаларда тейлөөчү болуп иштеп калдым. Ошондо июль айынан тартып декабрдын ортосуна чейин күнүгө окшош тойлордо кызмат кылчумун. Тамадалардын сүйлөгөн сөздөрү, ырлар, тосттор, кыскасы, бири-бирине коёндой окшош тойлордон ошондо тажагыдай эле болгом. Ошондо өзүмдүн тоюмду тасмалардагыдай кылып өткөрүүнү кыялданып койгом. Кийин жолдошум менен сүйлөшүп жүргөндө анын дагы меникиндей кыялы бар экендигин билдим.
Анан тоюңар кандай форматта өттү?
— Биздин үлпөт тоюбуз сентябрь айына туш келди. Жолдошум экөөбүз алгач эле тоюбузду өткөрөргө кооз жер издедик. Шаар четиндеги чоң үйлөрдү, жайкы ресторандарды карадык. Ошентип жүрүп Байтик айылынан бир дачаны таптык. Тойдун сценарийин бүт өзүбүз түздүк. Жолдошум экөөбүз жар-жар ыры жок эле, бир ырдын коштоосунда жетелешип чыктык. Көйнөктү деле дизайнерге жөнөкөй, күнүмдүк жашоодо деле кие турган кылып тиктирип алдым. Жолдошум болсо бир джинсы шым сатып алып, эски көйнөгү менен футболкасын эле кийип алды. Мен деле эски кедамды кийдим. Чакыруу баракчанын ордуна той болчу жердин дарегин, кандай форматта өтөрүн, кандай кийинип келүү керектигин жазып туруп социалдык тармактар аркылуу конокторубузга таратып койдук. Канча бир сомго сатып алган чакыруу баракчаңды деле окуп туруп ыргытып салышат эмеспи. Конокторго эки узун үстөл даярдап, өзүбүз алар менен чогуу отурдук. Бир дагы тост айтылган жок, каалагандар каалоо-тилектерин өзүбүзгө келип айтып жатышты. Тоюбуздун алып баруучусу өзүмдүн кесиптешим эле болду, ал деле баштан-аяк сүйлөгөн жок, тойдун башын эле ачып берди. Ижарага бильярд үстөлүн алып, сега сурап келип өзүбүздүн сыналгыны туташтырып, жасалма покер оюнун ойноого шарт түзүп койгонбуз. Коноктордун айрымдары бийлешсе, калгандары ар кандай оюндарды ойноп жатышты. Мал союп, беш бармак тарткан жокпуз. Торт деле алган жокпуз. Биринчи, экинчи тамактар, анан салаттар, жеңил тамактар эле болду. Той өтчү жерди деле өз колубуз менен жасадык. Үйдөгү туш кийизди алып келип, ага жолдошум экөөбүздүн атыбызды ак кагаз менен жаздык. Жасалма гүлдөрдү жасадык. Ата-энебиз келип бир саат отуруп, каалоо- тилегин айтып кетип, өздөрүнчө майрамдашты.
Ата-энеңер силердин мындай идеяңарга каршы чыккан жокпу?
— Мен кыз узатуу тойго да каршы болгом. Ата-энем “элдин баары чоң той берип жатса, биз жалгыз кызыбызга кантип эле өткөрбөй калабыз” дешти. Акыры алардын суранычы менен кыз узатуу тоюмду өткөрдүк. Анда да мен “жакын адамдарды гана чакырабыз, чоң мал сойбойбуз, болбосо өткөрбөйбүз” деген талап койдум. Ошентип, бир чечимге келип, чакан ресторанга жетимиш эле конок чакырдык. Эч бир тууганыбыз “силер менен катташпайбыз, мал сойбой койдуңар” деп айткан жок. Ал эми үйлөнүү тоюбузга келгенде ата-энебиз таң калышты, “фантазияңар, колуңар жетет экен” деп сыймыктанып кетишти. Себеби биз өз акчабызга той өткөрдүк. Конокторубузга да жагып, баары шаңдуу отурушту.
Өкүл ата коюу, куда тосуу сыяктуу кыргыздын салттары да аткарылган жокпу?
— Ооба, өкүл ата, өкүл апа шайлаган жокпуз. Сеп берилген жок. Анткени жолдошум экөөбүз бардык шарттары, эмеректери бар батирде турабыз. Азырынча өзүбүздүн үйүбүз жок, ал септин баарын каякка батырам? Эшик-төр көрсөтүү, куда тосуу деген да болбойт. Бир гана эне сүтү жана калың берилди. Калган кааданын бардыгы ысырапкорчулук болгону үчүн аткарылган жок.
Ушунча үнөмдөгөндө канча каражат короттуңар?
— Той өтчү жерди жасалгалаганыбызга жети миң сом кетти. Көйнөгүмдү 3 миң сомго тиктирдим. Биз, болгону, сүрөт менен тасмага келгенде акчабызды аяган жокпуз. Себеби алар өмүр бою эстеликке калат. Кыскасы, тойдун жалпы чыгымы 130 миң сом болду. Мунун ичине нике шакектерибиз да кирди. Бирок өзүбүзгө жаккан, эсте калардык той болду.
Сиздердикиндей той өткөргөндөр болуп жатабы?
— Өткөргөндөр азырынча жок. Бирок социалдык тармактар аркылуу дачанын номерин алып, кеңеш сурап жазгандар көп болуп жатат.
Үнөмдүү той өткөрүү үчүн эмнени сунуштайбыз?
Аскат Алдашев: “Тамактын санын кыскартуу керек”
Менин оюмча, биринчи кезекте тамактардын санын кыскартуу абзел. Азыркыдай үч тамак бербей, эки тамак менен эле чектелсек дейм. Мисалы, биринчи тамагын, салаттарын берип, тойдун биринчи бөлүгүн маданий-эстетикалык бөлүк кылуу керек. Мисалы, атайын даярдалган чакан концерт сыяктуу. Анан 30-40 мүнөттүк антракт кылып туруп экинчи бөлүгүндө эт берип узатканы жетиштүү го. Ошондо жалпы үч сааттык жогорку деңгээлдеги той болмок.
Урмат Борченов: «Ашыкча чыгымды жоюп салсак эле той кызыксыз болуп калбайт»
Үлпөт тойдогу торт, экинчи тамак, сүйүү баяны – булар толугу менен ашыкча чыгымдар. “Ырымдап” деп болбогон белектерди таратуунун деле кажети жок. Кортеж жалдап, көп артисттерди чакыруу да ашыкча. Мунун баарын жоюп салсак эле той кызыксыз өтүп калбайт. Той берген адам эч нерсе уттурбайт. Тескерисинче, чыгым эки-үч эсеге кыскарат.
Аман Ибраев: «100-120 конок жетиштүү деп ойлойм»
Үнөмдүү той өткөрүүдө биринчи кезекте келген коноктордун санын кыскартуу керек. Ошончолук катышың көп болсо, ашып кетсе 200, болбосо 100-120 эң жакын, катташкан адамдарды чакыруу керек. Дасторкондун үстүнө деле ашыкча салаттарды, көрк үчүн суусундуктарды койбосо дейм. Мисалы, мен деле конок чакырганда спирт ичимдиктерин, ашыкча салат койбойм, жалаң желе турган азыктарды эле коём.
Актан Рыскелдиев: «Ырчыларды чакырбай койсо бир топ чыгым кыскарат»
Биринчиден, тойлордо ырчыларды чакырбай эле койгон оң. Эгерде үйлөнүү той болсо жар-жарчы менен бийчилердин коштоосунда кире беришсин. Андан сырткары үчүнчү тамактын кереги жок, ансыз деле келгендер ага чейин эле тоюп, тамак деле жей албай калышат. Үчүнчү тамактын ордуна десерт катары таттуу берилсе жакшы болмок. Ошондо акырында берилчү торттун деле кереги жок болуп калат. Эгерде ичимдик койбосо, 50-60 миң сом чөнтөккө калат. Ошондой эле салют, түтүндөрдүн кереги эмне? Ушунун баарын үнөмдөп туруп тамаданы жакшы тандаса эле болду, эсте каларлык той өтөт.
(Маалыматты уруксатсыз көчүрүп алууга тыюу салынат. Леди KG гезитинин редакциясы)