Ушул айда тойлорго канча каражат жумшадыңыз?
Акыркы учурларда той өткөрүү модага айлангандай, колунда бары-жогу деле той өткөрүүгө ашыгып калышты. Ошого жараша тойдун түрлөрү да арбыды. Албетте, той берип элдин батасын, ыраазычылыгын алууга эмне жетсин, бул жакшы жөрөлгө, а бирок, ага кетип жактан чыгым кайдан алынат? Көп той ээлеринен “тойдон түшкөн акча кеткен чыгымды актабай калды” деген сөздү угабыз. Мындан улам коноктордун тойго кошумчаларын, той өткөрүү тууралуу пикирин уктук.
Кожобек Рыспаев, депутат: “Мага ким канча алып келсе, мен да ошончо алып барам“
Той – биздин каныбызда илгертен бери келе жаткан нерсе. Андыктан ага мыйзам жүзүндө тыюу салуу деле мүмкүн эмес болуш керек. Бизди депутат деп эл көзүнө жарнама үчүн чакыргандар көп болот. Мен “келип берчи” деген андай тойлордон баш тартам. Үй-бүлөбүз менен катышып жүргөн, көптөн бери билген жакын адамдарымдын жакшылыктарына чын жүрөктөн барып, аягына чейин отуруп келем. Ушундай тойлордон өткөн айда үчөөнө бардым эле, ал эми октябрь айында эки тойго бардым, дагы бирөө калды. Алардын ар кимиси менен ар кандай суммадагы катышым бар. Ошого жараша бирине он миң сом алып барсам, экинчисине жүз доллар, дагы бирине миң доллар…
Махабат Мавлянова, депутат: “Тойлорго караганда муктаж адамдарга көп каражат жумшайм“
Тойлорго чакыруулар ар кандай болуп калат. Маселен, өтүп кеткен айда 5-6 тойго барсам, бул айда эки эле тойго бардым, калган чакырууларга жолдун алыстыгынан улам бара алган жокмун. Негизи, биз тойдун форматын өзгөртүшүбүз керек. Муну келген коноктордун санын кыскартуудан баштасак болот. Тойго барган 300-400 конок бири-бирибизди тааныбайбыз. Атүгүл өздөрү деле жакшы тааныбай туруп “конок болуп кетиңиз” деп чакыргандар көп болот. Мен өзүмдүн тууган-урук, жоро-жолдош, кесиптеш, дегеле жакын адамдарымдын жакшылыктарына барбасам, андай жөн эле чакыргандарга барып убактымды текке кетиргим келбейт. Барган жерлериме үч миң сомдон баштап 10 миң сомго чейин жардам иретинде кошумча кошом. Негизи, мен тойлорго караганда муктаж адамдарга көп каражат кетирем.
Турсунбай Бакир уулу, коомдук ишмер: “Ичимдиксиз тойлордо гана барам”
Тойлор адал өтсө барам. Жакында эле айылдашым Бишкек шаарында балдарына сүннөт той өткөрүп, дасторконуна бир да спирт ичимдигин койгон жок, сүйүнүп барып аягына чейин отуруп кайттым. Алкоголдук ичимдиктерди үстөлүнө жайнатып коюп, жарым жылаңач кыздарды бийлеткен тойлор болсо сөз сүйлөп, конвертимди берип эле чыгып кетем. Себеби арак-шарап коюлган үстөлдө отурсаң жеген тамагың арам болот. Көбүнчө карапайым калктын тойлоруна барам, саясатчылар, аткаминерлер мени тойлоруна чакырбай калышты. Тойго эң аз дегенде үч миң сом алып барсам, көбү жүз доллар болот. Бул айда эки эле тойго бардым, алдыда дагы үч той бар. Көп тойлор Бишкектен башка региондордо болгонго бара албай калып жатам. Бирок барбаган жерлерге салам дубайымды конвертке салып жөнөтүп жиберем. Эгерде тойлорду акыл-эси менен өткөрсө жакшы, баталар кабыл болот. Бирок шаан-шөкөттү ашырып, ичимдик коюп шайтан оюндарына айланып кетсе, тойдогу айтылган баталар кабыл болбойт. Ушул нерсени той ээлери эске алышса дейм.
Чынар Капарова, диктор: “Бир күндө үч той болгон күндөр болду“
Мен октябрь ичи күнүгө бир же экиден тойго барып жатам. Кээде бир күнгө үчтөн чакыруу да алган күндөрүм болду. Айрымдарына физикалык жактан жетишпей эле барбай калып жаттым. Кыргызда “чакырган жерден калба, чакырылбаган жерге барба” деген сөз бар эмеспи, анын сыңарындай, сени сыйлап, күтүп, үмүт кылып чакырып жаткандан кийин барбай коюу мен үчүн туура эмес. Ошондуктан көп учурда тойдон калбаганга аракет кылам. Той ээсинин жайылган дасторконунун бош калганы менин жүрөгүмдү оорутат. Той берип чакыргандарга сый-урмат менен карайм, эгерде бара албай калсам, кийинчерээк жолукканда жакшы пикиримди айтып, белегимди бергенге аракет кылам. Мен дайыма тойлорду колдойм, кыргыз элимде тойлор эле болуп, тойго эле чакырып турсун! Октябрдан Жаңы жылга чейин тойлор көп болуп кетет, бирок чыдап коюшубуз керек. Негизи, ар бир катыш менен өзүнчө кошумчабыз бар, ал үч миң сомдон жүз долларга чейин жетет, андан көбөйтө элекмин.
Курмангазы Азыкбаев, музыкант: «Миң долларга дейре ыражам бар»
Тойго чакыруулар ар кандай келип калат, чет мамлекеттерде болуп калып эле бара албай калбасам, чакырган жерден калбаганга аракет кылам. Орточо эсеп менен айына бир эле тойго барат экенмин. Ал эми кошумчасына келсек, мага ким кандай алып келсе, ошону эле кайра алып барам. Мисалы, менин катыштарымдын арасында жүз доллардан баштап миң долларга чейинки ыражаларым бар. Тойдо ысырап кылбаса жакшы. Бирок кээде «баланча мынча ырчы чакырды» деп атаандашып акчасын асманга сапырып жатышпайбы. Андай тойлорду мен колдобойм.
Абидин Темиров, ырчы, обончу: «Ырдаган жерлерге кошумча кошпой калдым»
Күз мезгилинде тойго чакыруулар дээрлик күнүгө болуп жатат. Мисалы, октябрь айында жыйырма чакты тойго бардым. Кээ бирлери «сени ырчы катары эмес, конок катары чакырып жатам» дейт. Баргандан кийин «эми бир-эки ыр ырдап кой» деп сөзсүз ырдатат. Ичимден «ошентип эле чакырбайт белең» дейм. Кийинки убактарда ырдап берген жерлерге конверт бербегенге өттүм. Башка артисттерди деле чакырып, акысын төлөп жатышпайбы. Кудай кесир кылбасын, тилекке каршы, тойдо акырына чейин отура албайм. Даңкылдаган аппаратуралар башыңды оорутуп жиберет. Андан тышкары ар кимдин эле келип алып «биз менен алып кой, болбосо таарынабыз» дегендери жакпайт. Менде күнүгө той, ар бир кишинин көңүлүнө карап отурсам көчөдө селсаяк болуп калбаймынбы! Негизи, өзүмдүн жакын адамдарым менен жүз доллардын тегерегинде ыражам бар.
Гүлшайыр Садыбакасова, маданият кызматкери: «Бир айда 22 тойго бардым»
Өткөн айда той үчүн эле Бишкекке төрт жолу келип-кеттим, андан сырткары Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Ноокатка бардым, Ош шаарындагы эле он чакты тойго катыштым. Ошентип, бир айда 22 тойго барыптырмын. Кээде эки-үч тойго бир күндө чакырылып калып жаттым. Андай учурларда антрактта чыгып кетип башка тойго да жетишип жаттым. Бербедим дегенде миң сом берем, дайымкы катыштарым менен үч жүз долларга чейинки кошумчам бар.
Темирлан Сманбеков, актёр: «Тойлорго такыр эле барбай калдым»
Тойго конок катары чакыргандардын саны арбын. Көпчүлүк учурда ким чакырса дагы кошумчамды берип жиберип, өзүм барбай калдым. Анткени ызы-чууну жактыра бербейм, барсам эле ооруп калам. Анын ордуна үйдө отуруп китеп окуп же бир пайдалуу нерсеге убактымды жумшап алам. Өткөн айда 5-6 той болду, Бек Борбиевдин гана 50 жылдык мааракесине бардым. Менин катыштарымдын көпчүлүгү 5 миң сомдон, андан көптөрү да бар.
Айгерим Токтобай кызы