Минюра Рахимжанова: “Мен өзүмө эми канааттана баштадым“
Өзгөчө үндүү ырчы Минюра Рахимжанова эмнегедир чыгармачылыкта тыныгуу жарыялагандай көрүнбөй калган эле. Көрсө, ырчы айым Орусиядагы долбоорлорго катышып, өзүнүн билимин тереңдетүүнүн үстүндө жүрүптүр. Жакында эле Кремлдин сахнасында өз өнөрүн көрсөтүп келген таланттуу кызды маекке тарттык.
Минюра, көптөн бери чыгармачылыкта көрүнбөй кеттиңиз эле. Эмне менен алектенип жүрдүңүз?
Негизи, чыгармачылыкка жаңы киришкенде өзүнчө бир эргүү менен иштейт экенсиң. Ал эми жогорку окуу жайын аяктап колуңа дипломуң тийгенде “эми эмне кылам?” деген суроону өзүңө миң ирет бересиң. Мурдагыдай кафелерде ырдагың келбей, жаңы ачылыштарды жасагың келет экен. Мен окуумду аяктаганда да жогорку тепкичке көтөрүлүп, жаңы музыкаларды угуп, башка өлкөгө кетким келип турду. Ошондой учурда Орусиядагы бир музыкалык долбоордон сунуш түштү. Ал сунушту кабыл алып, бир жыл эки айга келишим түзүлүп, Сахалиндеги клубдарда квартет болуп ырдап жүрдүм. Келишим бүткөндө келип өзүмдүн студиямды ачтым, дипломум менен окутуучу болуп Америкалык мектепте иштеп жатам. Иши кылып жаңылыктарга баймын. Бул жыл менин жылым болду деп ойлойм.
Орусияда биротоло иштеп калуу сунушу болдубу?
Ооба, окутуучу болуп иштеп калууну сунушташкан. Бирок мен баш тартып койгом. Мунун биринчи себеби, үйдөгүлөрдү сагынгам. Бөтөн жерде жүргөндө баары бир өз мекениңди, өз ырларыңды сагынат экенсиң. Анан да мен мугалим болуп калып калгым келбейт, сахнага чыгып ырдоону каалайм. Албетте, мага жакшы гонорар төлөнчү, эгерде акчага кызыксам калып калмакмын.
Тыныгуудан кийин өзүңүздүн эски “Шок кызмын” чыгармаңызга эле жаңы көйнөк кийгизип ырдап чыктыңыз. Жаңы дем менен жаңы ыр жаздырып чыксаңыз болбойт беле?
Негизи, бул чыгарма өзүмө таандык, авторумун. Бул ырым мурда чыгыш стилинде ырдалып чыккан. Бирок чыгыш стили мага жага бербейт. Аранжировкасы да чыгыш стилинде болуп жеңилирээк жасалып калгандай туюлчу. Анан жарым жыл ырдын аранжировкасын иштеп чыгып, дизайнерлер менен образдарды издеп, бийчилерге бий койдуруп анан бул клипти тарттырдык. Ырдын мазмунуна жараша шок кыздын образын чагылдырышыбыз керек болчу, ошондуктан клипке сценарийдин деле кереги жок. Негизги басымды образга бердик. Клиптин идеясы өзүмө таандык. Эски ыр болгону менен мелодиясы өзгөрдү. Бирок эски ыр экендигин көптөр билишпейт экен, жаңы ыр деп кабыл алышты. Бул жерде ыр таппай калды дегендик эмес, болгону, ушул автордук ырымдын орду табыла элек болчу. Эгерде ырдын орду табылбай жатса, эмнеге кайра жаздырууга болбосун. Менин оюмча, бул ыр эми өз стилин, музыкасын тапты. Эки жылдан кийин “Сен кат жаздың” ырымды такыр башка стилде жазып салышым ыктымал. Бул чыгармачылык.
Жакында эле Кремлде ырдап келгениңизди социалдык баракчаңызга жаздыңыз…
Жай мезгилинде орусиялык “Таврида” чыгармачылык форумуна өтүп кеткен элем. Негизи, бул форумга өтөрдөн мурда билимим, чыгармачылыгым, дегеле бардык тарабымдан каралып чыккам. Форумда көптөгөн белгилүү адамдар келип бекер окутушат. Билет, тамак-аш, жатакана жадагалса баскан-турганыңа дейре өздөрү төлөп беришет. өткөн адамдар өздөрү каалаган багытты тандай алышат. Алгач мен менеджмент мектебин тандагам, кийин ал жакпай калып “джаз вокалы” бөлүмүнө которулуп алгам. Жетекчибиз белгилүү музыкант Сергей Сергеевич Жилин болчу. “Таврида” форуму аяктап жатканда командабыздын номерин жактырып калышып, жетекчибиздин жеке концертинде Кремлде ырдоого чакыруу алганбыз. Ошентип, 11-декабрда Кремлде ырдадык. Албетте, жакшы гонорар төлөп беришти. Жакында биринчи каналдан көргөзөт.
Эң чоң сахнада ырдаганда кандай сезимдер болот экен?
Биз бир жума эрте барып даярдандык. Ошентип жүрүп суук тийгизип алыптырмын. Биздин кезек келгенде дене табым көтөрүлүл чыкты, ушунча даярданып алып ырдабай каламбы деп өзүмө жиним келди. Бирок залдагы көп элди көргөндө көзүм ачылды.
Студия ачыптырсыз, бул студиянын өзгөчөлүгү эмнеде? Окуунун жыйынтыгы чыгып жатабы?
Студия ачуу менин көптөн берки кыялым болчу. Өзгөчөлүгү вокалдан эле эмес, комуз, фортепиано, скрипка, гитара чертүүнү каалаган беш жаштан жогорку адамдар келишсе болот. Учурда студиямда 20 чакты окуучум бар. Ушул күнгө дейре вокалдан өзүм сабак берчүмүн, эми жетишпей башка окутуучуларды ала баштадым. Эки окуучум менен октябрь айында Ташкентте өткөн вокал боюнча сынакка катышып биринчи орунга ээ болуп, Түркиядагы сынакка жолдомо алдык. Буюрса, ийгиликтер али алдыда. Менин оюмча, мугалим биринчи өзүн көрсөтүшү керек. Анткени чыгармачылыктагы иштери окуучуну таасирлентет. Ошондуктан сынактарга катышып окуучуларыма стимул берүүгө, өз билгенимди үйрөтүүгө аракеттенип жүрөм.
Жеке жашооңузда жаңылык барбы? Же жумуштун көптүгүн шылтоо кыласызбы?
Жеке жашоомо убакытты шылтоологонум болбойт. Мурдагыдай эле жигитим жок, жүрөгүм бош. Убактым бар, болгону, көңүлүмө жакын адамды кезиктире элекмин. Дале сүйүү күтүп жүрөм. Үйдөгүлөр дагы барган сайын “бактыңды таап, турмушка чык” деп бата кылып калышты.
Негизи, кандай мырзаны күтүп жатасыз?
Мен “жолдошум мындай болуш керек” деп айтпайм. Себеби башыңа сүйүү келгенде ал нерсени байкабай калышың мүмкүн. Мен үчүн, эң негизгиси, эки жүрөктүн бири-бирине согушу бирдей болуусу абзел. А мырзалардагы баалаган сапаттар: ыймандуулук, акылдуулук жана билимдүүлүк.
Айгерим Токтобай кызы