Негизгиге Пайдалуу кеңеш Күзгө ылайык стильдүү 5 сумка — ноутбугуң да, сулуулугуң да батат!

Күзгө ылайык стильдүү 5 сумка — ноутбугуң да, сулуулугуң да батат!

36

Бул макалада биз күз мезгилинде өзгөчө актуалдуу болгон, көрүнүшү да, колдонууга ыңгайлуулугу да мыкты болгон сумкаларды тандадык. Төмөндөгү моделдерге сөзсүз көңүл буруңуз — азыр эле сатып алсаңыз болот же ушул сыяктуусын башка бренддерден издеңиз.

Классикалык буллгары шопер
Булгары шопер — бул классика, инвестиция кылууга арзыйт. Материалы табигый же экобулгары болушу мүмкүн — тандоо сизде, эң негизгиси — сумкаңызга жумуш же окуу үчүн керектүүлөр батабы, алдын ала текшерип алыңыз. Кара түстөгү шопер — эң универсалдуу жана практикалык вариант. Күзгө ылайыктап шоколад, капучино, бордо же хаки сыяктуу түстөрдү да тандасаңыз болот.

Замш шопер
Замш сумкалар дагы деле модада. Бирок эсиңизде болсун, табигый замш кымбатыраак жана өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Бул сезондун эң актуалдуу түсү — кызгылт күрөң жана күрөң.

Принт менен шопер
«Леопард», «зебра», «жылан тери» сыяктуу жапайы табигый принттер күзүндө кайрадан модада. Ошондуктан, ушундай сүрөттөрү бар чоң, ыңгайлуу сумкалардан коркпой тандасаңыз болот. Бирок принт сапаттуу жана так болушу керек — болбосо сумка арзан көрүнүшү мүмкүн.

Почтальон стилиндеги сумка
Портфельге окшогон же «почтальонка» деп аталган сумка стандарттуу эмес, бирок ыңгайлуу вариант издегендер үчүн жакшы. Бул сумканы кыска туткасынан кармап жүрсөңүз же узун кайыш менен ийинге асып алсаңыз болот.

Саквояж
Винтаж стилиндеги дагы бир кызыктуу модель — саквояж. Көбүнчө бул сумкалар кичинекей өлчөмдө болот, бирок айрым бренддер керектүү нерселер баткан орточо өлчөмдөгү варианттарын да сунушташат. Бул сумканы кичинекей туткасынан кармап жүрүү сунушталат — ошондо башкалар да көңүл бурат!