Биз жүрөк менен кан тамырлар тууралуу көп угабыз. Бирок алардын жанында дагы бир чоң тармак тынбай иштеп турат. Ал — лимфа системасы. Лимфа системасы көзгө көрүнбөйт, жүрөктөй согуп үн чыгарбайт, бирок денедеги суюктуктун тең салмагын жана иммундук коргонууну сактоодо өтө маанилүү.
Лимфа деген эмне?
- Лимфа системасы денебиздин тазалоочу жана коргоочу кызматысыяктуу иштейт. Ал ткандарда топтолгон ашыкча суюктукту, калдыктарды жана микробдорду чогултуп, лимфа түйүндөрүнөн өткөрүп тазалайт. Андан соң тазаланган суюктукту кайра канга кошот. Андан калган калдыктар заара менен, заң менен сыртка чыгарылат.
Лимфа системасынын тазалоодон кийинки милдети — иммундук коргонуу. Лимфа түйүндөрүндө лимфоцит деп аталган коргоочу клеткалар бар. Алар бактерия, вирус жана башка бөтөн бөлүкчөлөрдү таанып, аларга каршы күрөшүүгө катышат. Ошондуктан биздин денебизде лимфа тынымсыз агып турууга тийиш.
Лимфанын жакшы акпай калганынын белгилери
Лимфа суюктугу жакшы агып кетпей, ткандарга топтоло баштаса, дене төмөнкүдөй белгилерди бериши мүмкүн:
- Дене шишип, бир колже бир бут анын экинчисине караганда чоңураак көрүнөт.
- Дене оор сезилип, басып-туруу кыйындайт.
- Адам алсырап, чарчай берет
- Эртең менен турганда бет шишип калат
- Мурда туура келген шакек, саат, кийимдин жеңи, байпак же бут кийим кыса баштайт.
- Шишиген колду же бутту бүгүү, көтөрүү жана муундарды кыймылдатуу кыйындайт.
Эгерде бул белгилерге да убагында көңүл бурбай, чара көрбөсөңүз, ар кандай оорулар пайда болот. Муну арыктагы суу токтоп, айланасы бара-бара сазга айланган көрүнүш менен салыштырууга болот. Ошондуктан кол-бут шишип баштаганда эле лимфа системасынын бузулганын түшүнүп, анын алдын алуу маанилүү. Анда да шишик тарабаса, доктурга кайрылуу керек.
Лимфаны агызууга эмнелер жардам берет?
Лимфаны жүрөк сыяктуу бир чоң насос айдабайт. Аны кыймылдаткан негизги күч — булчуңдардын иши. Булчуңдар жыйрылганда жумшак түтүктү акырын кыскандай болуп, лимфаны алдыга түртөт. Андыктан, лимфаны кандайдыр бир сыйкырдуу таблеткалар менен эмес, булчуңдарды кыймылдатуу жолу менен гана иштете алабыз. Анын эң натыйжалуу ыкмалары төмөнкүлөр:
— Күнүнө 8-10 миң кадам жөө басуу
— Эртең менен жеңил көнүгүүлөрдү жасоо
— Бир орунда секирүү
— Ич менен терең дем алуу
— Бир орунда узак отурбоо
— Жетиштүү көлөмдө суу ичүү
Лимфаны агызуучу эң натыйжалуу көнүгүүлөр
«Таракан» көнүгүүсү
- Чалкаңыздан жатып, эки колуңузду жана эки бутуңузду шыпты карай көтөрүңүз. Тизе менен чыканакты катуу түздөбөй, бир аз бош кармаңыз.
- Кол-бутту майда жана жеңил кыймыл менен титиретиңиз.
- Демиңизди кармабаңыз: мурун менен жай дем алып, ооз менен чыгарыңыз.
Бул көнүгүүнү эртең менен төшөктөн турбай жатып жасасаңыз түнү токтоп калган лимфанын агышына жакшы жардам берет. 30 секунд жасап, кайра эс алып 2-3 жолу кайталасаңыз жетиштүү болот.
«Велосипед» көнүгүүсү
- Чалкаңыздан жатыңыз.
- Буттарыңызды көтөрүп, велосипед тепкендей айландырыңыз.
30–60 секунд жасап, эс алып кайра 2-3 жолу кайталайсыз. Бул көнүгүү буттун, сандын жана курсактын булчуңдарын иштетип лимфа суюктугун айдайт.
“Согончокту көтөрүү” көнүгүүсү
- Отургучтун жөлөнгүчүнөн кармап, түз туруңуз.
- Бутуңүздун учуна туруп согончокторуңузду көтөрүңүз.
- Ушундай абалда 2-3 секунд туруп, боюңузду сулк таштаңыз.
- 25-30 секунд жасаңыз.
Бул балтырдагы суюктуктун жогору жылышына жардам берген эң жөнөкөй кыймылдардын бири.
Лимфа суюктугу жакшы акпай, ткандарда топтолгондон пайда болгон туруктуу шишик лимфедема деп аталат. Ал көбүнчө колдо же бутта кездешет жана операциядан, жаракаттан, инфекциядан, лимфа түйүндөрүнүн жабыркашынан кийин пайда болушу мүмкүн. Аны толук айыктыруу дайыма эле мүмкүн эмес, бул оору боюнча адис да Кыргызстанда жокко эсе. Андыктан, Кудай берген аманатка кыянаттык кылбай денеңизге дайыма кам көрүүнү, ар кандай оорулардын алдын алуу ар бирибиздин өзүбүздүн колубузда!









