Сизге кош бойлуу кезиңизде эки адамдын тамагын жеп ашыкча салмак кошуунун кереги жок. Бирок сиздин түйүлдүктөгү балаңызга жакшы витаминдер жетип, анын өнүгүүсүн жана 6 саны аман болуп, бардык мүчөсү толук өрчүшүн кааласаңыз, анда өзүңүз туура жана пайдалуу, витаминдери бар тамак-аш менен тамактанышыңыз зарыл. Баланстуу тамактануу балаңыздын боюнун өсүшүнө көмөк берет.Канчалык ашыкча тамак жеп алсаңыз, балаңызга жана өзүңүзгө негативдүү таасирин бере баштайт. Тамак жеп жатканда, өзүңуздүн дене мучөңүзгө жакшылап көңүл буруп, дене мүчөңүздү сүйүү менен, маанайыңызды позитивдүү кылып, оюңузду оңдоп алып анан тамака киришкениңиз жакшы. Анткени тамак аш менен баардык сиздин энергияңыз балага өтүп кетет. Сиздин кош бойлуу убакта алганга, көздөп турган салмагыңыз, сиздин кош бойлуу эмес кезиниздеги салмактан көз каранды. Эгерде сиз азыр аябай эле аз көрсөткучтөгү салмакта болсоңуз анда, азыртадан баштап көбурөөк салмак кошконго аракет кылышыныз керек. Бул статьяны окугандан кийин, сиз кантип керектүү салмак кошушту уйрөнөсуз.
- өзуңузгө максат койуңуз.Кош бойлуу кезинизде канча килограмм салмакты кошушуңуз керектигин адегенде тактап алыныз.
- Төмөндөгү суроонун канчалык денгээлде мааниси бар экенин билип алыныз. Туура салмак кошуу баланын денсоолугуна гана пайдалуу болбостон, сиздин дагы өзуңүздү жакшы сезүүгө жардам берет.
- Канча киолограмм салмак кошушуңуз керектигин ар бир үч айлыкта билип турганыңыз оң.
- Эсиңизде болсун, кош бойлуу кезде ашыкча салмак кошуу керектигин, жана баардык кошулган килограммдар май болуп эсептелинбейт.
- Нормалдуу салмак кошуу үчүн канча калорий керектигин, өзуңүздүн доктурунузга эсептетиниз.
- Туура азык-түлүктөрдү алыңыз. Балаңызга витамин керек. Ошол витаминдер балага жетиши үчүн, өзүңүз азык-түлүктү туура тандап жеңиз.
- Бат-баттан тамактанып туруңуз. Күнүнө жок дегенде 5-6 жолу тамактанып туруш керек.
- өзүңүздүн роционго майлуу сыр, крекер, балмуздак жана йогурт, жаңгак кошуп туруңуз.
- Туура, пайдалуу, майы азыраак азык түлүктү сатып алганыңыз оң. Бирок ачуу калемпир, же туздуу тамак аштардан оолак болгонуңуз жакшы, анткени бул азыктар салмакты чонойтот.
- Тамак ашты кууруп жегендин ордуна, көбүрөөк сууга кайнатылган тамакты жегениңиз жакшы.