Күнүмдүк тамактанууда айрым азыктарды үзүгүлтүксүз колдонсок, кээ бирин чанда жейбиз. Бирок ар бир азык кайсы бир витаминдин булагы болуп саналат. Аларды төмөндөгү таблицадан билсеңиз болот.
А витамини Жардам берет: — сөөктү өстүрүүгө жана бекемдөөгө — тиштин бүйлөсүн, терини, чачты бекемдөөгө — дем алуу органдарындагы инфекция менен күрөшүүгө — түнкүсүн көздүн көрүүсүн бир калыпта кармоого | Жумуртка, май, папайя, сабиз, сүт, боор, эт, капуста |
В1 витамини Жардам берет: — эс тутумду жакшыртууга — тамак сиңирүүгө — жүрөктүн жакшы иштөөсүнө жана нерв системасынын туруктуу болуусуна | Буурчак, эт, картошка, соя, сүт, дан азыктары |
В2 витамини Жардам берет: — май, углевод, белок алмашуу процессин жакшыртат — без түйүндөрүнүн иштөөсүн жакшыртат — жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат | Жашыл түстүү жашылча-жемиштер, нан, эт, сыр, соя даны, сүт |
В витамини Жардам берет: — нерв системасынын иштөөсүн жакшыртат — Альцгеймер оорусуна кабылуу коркунучун азайтат | Помидор, картошка, жаңгактын түрү, банан, жемиштер |
В 6 витамини Жардам берет: — тери ооруларын алдын алууга — белок менен майлардын сиңүүсүнө, — аминокычкылдардын зат алмашуусуна — ооруга туруштук берүүгө | Кургатылган жемиштер, буурчак, дан азыктары, балык, эт, сүт |
В12 витамини Жардам берет: — баланын дени сак өсүүсүнө, — инфекциялык ооруларга туруштук берүүгө, — эс тутумду жакшыртууга | Жумуртка, эт, боор, сыр, сүт |
С витамини Жардам берет: — жарааттын, сыныктын тез айыгуусуна — авитаминоздун алдын алууга — иммунитетти жогорулатууга — кан тамырлардын бекемделишине — организм темирди жакшы сиңирүүсүнө | Помидор, апельсин, лимон, жүзүм, киви |
D витамини Жардам берет: — арыктоого — кан айлануунун жакшыруусуна — сөөктүн жакшы өсүүсүнө | Жумуртка, балык майы, сүт, балык, күн нуру |
Е витамини Жардам берет: — организмдин жаш көрүнүүсүнө — ткандардын жана клеткалардын жаңыланып туруусуна — кандын циркуляциясын жакшыртууга | Банан, жашылчалар, соя даны, жумуртка, бадам, сабиз |
К витамини Жардам берет: — Кандын айлануусун жана жыйрылуусун жакшыртат — Сөөктү бекемдейт — Жүрөктүн иштешин жакшыртат | Помидор, соя даны, шпинат, эт, редиска, капуста |