Ди-джей Азамат Бердияров көзү азиз болгонуна карабай радио тармагында 17 жылдан бери эмгектенип келген. Угармандарын коңур үнү, таза жан дүйнөсү менен арбаган Азамат мырза жакында эле Акмаанай Эшбаева аттуу айымга баш кошту. Жаш жубайларга бакыт каалап, алардын махабат баяны тууралуу угуп кайттык.
— Азамат, Акмаанай, куш бооңор бекем болсун! Үй-бүлөлүк жашоо кандай башталды?
Азамат: — Рахмат! Кудай буйруп, 18-февраль күнү нике той менен эле баш коштук. Бири-бириңе, үй-бүлөлүк жашоого көнгүчөктү бир кызыктай сезимдерге туш болот экенсиң. Бул өзгөчө, жагымдуу сезимдер. Уктап турсаң эле жаныңда бирөө жатса таң калычтуу болот экен.
Акмаанай: — Азыркы тапта үйүбүздөн конок үзүлбөй жаткан кези. Аларды тосуу менен эле алекпиз. Биз үй-бүлө кургандан кийин апабыз үч күн жаныбызда болду. Кайненеме салам салып, кутман таң каалап, түрдүү тамактарды жасап берип келиндик кызматымды татыктуу аткарганга аракет кылдым. Анан өзүм Баткендин кызы болом да, а жолдошум ат-башылык. Эки жактын сөздөрү ар башка эмеспи, кээ бир сөздөрдөн тутулуп калып жатам. Анда жолдошум “эми сага кыргыз тилинен сабак берем” деп тамашалап күлүп калат. Азамат менин үйдө отурушумду каалайт, ошол себептен үй кожойкейлик милдеттеримди эле аткарып үйдөмүн. Азыр үйүбүздө кайынсиңдим да бар, экөөбүз эрмектешип, билбегенибизди бири-бирибизден сурап эле отурабыз.
— Акмаанай, а турмушка чыкканга чейин эмне менен алек элеңиз?
— Биз үй-бүлөдө беш бир тууганбыз. Азаматка турмушка чыкканга чейин тигүү цехинде эмгектенчүмүн. Андан сырткары Ислам университетинде 1-курста окуп жатам, буйруса, дин жактан илимимди тереңдетүүнү каалайм.
— Экөөңүздөрдү тагдыр кайдан табыштырды?
Азамат: — Карантин учурунда кайрымдуулук иштери менен алек болуп жүрүп, досум экөөбүз банкка барганбыз. Ошол күнү Акмаанай да банкка барып, биздин алдыбызда эле чыгып кетиптир. Биз жумушубузду бүтүрүп эшикке чыксак күтүп туруптур. Биз менен саламдашып, бойдок экенибизди билген соң “турмуш куруу максатында телефон номериңизди алсам болобу?” деп калды. Ошентип, чалып таанышып калдык.
— Кыз киши биринчи келип таанышып жатса таң калган жоксузбу?
— Радиодо иштегенде угармандар көп болот да, көчөдөн же бир жактан көргөндө номеримди сурашса берип коём. Андыктан көнүп калгам, Акмаанайды деле ошондой эле бир угарман катары көрүп, анчейин көңүл бурбай эле кетип калгам.
— Акмаанай, сизде мындай эрк кайдан пайда болду?
— Турмушка чыккандан кийин жолдошуңдун идишин, кирин жууп, оокатын даярдап бересиң да. А мен андан да пайдалуураак болгум келди. Азамат кезек күтүп турганда баарын байкап отурдум. Эмнегедир бир көргөндө жакты, аны көзү көрбөгөн адамдай кабыл алган жокмун. А жакындан тааныганда ички дүйнөсү андан да сулуу экендигин билдим. Адамгерчилиги, дин жактан такыбалыгы, өзгөчө кулк-мүнөзү мени өзүнө тартты.
— Азамат, а сиз болочок жубайыңыздын кандай болуусун каалачу элеңиз?
— Тубаса көзүм көрбөгөндүктөн мен үчүн бир нерсени элестетүү өтө кыйын. Ошондуктан болочок жубайымды элестетчү эмесмин. Болгону, ыймандуу болуусун каалап, мени сыйласа, түшүнсө, ата-эне, бир туугандарыма жан-дили менен берилип күйгөн жан болсо деп ойлочумун. Эң башкысы, жубайымдын жүрөгүндө ыйманы бар. А калганы акырындан болот.
— Үйлөнүү сунушун кантип киргиздиңиз?
— Биз бул тууралуу көпкө чейин ойлондук. Өмүр бою жалгыз жүрүп эле бирөө менен сүйлөшүү оор болду. Бири-бирибизди толук билип, жашоого болгон көз караштарыбыз, максаттарыбыз бирдей экендигине көзүбүз жеткенде гана баш коштук. Ата-энем да кубанышып, “чын эле турмушка чыгат бекен?” деп бир чети таң калышып, болочок келини менен таанышууга ашыгышты. Азырынча никебизди кыйдырып эле баш кошуп алдык, буйруса, күз айларынын биринде үйлөнүү тоюбузду өткөрөбүз.
— Акмаанай, сиздин чечимиңизди ата-энеңиз кандай кабыл алды?
— Атама “кызыңызды сурап жатабыз” деп чалышканда башында макул болгон жок. Байкем деле “ойлонбойсуңбу?” деп бир аз ачууланды. Каршылыктар болуп, убакыт өтсө деле ичимдеги максатым өчкөн жок. Акырында, “бактылуу бол, чечимиңди колдойбуз” деп батасын беришти.
Азамат: — Ушул жерден кошумчалап кетейин. Мүмкүнчүлүгү чектелген десе эле адамдарда “аны кантип карайсың?”, “балаңа окшоп багасың” деген сыяктуу жалаң негативдүү ойлор пайда болот экен. А эмне себептен “мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да анча-мынча алты саны аман кишиге караганда жакшы жашайт, иштейт” деп ойлошпойт. Ушундай жаман ойлор болгону үчүн көп майып адамдарга турмушка чыгышпайт да. А эгерде чыга турган болсо сонун эле жашашат. Биз үйлөнгөндөн кийин “Ютуб” каналдарына интервью берип чыктык. Биздин максатыбыз, башкаларга стимул болуу.
Акмаанай: — Ырыскыны Кудай бере берет. Мисалы, мен тобокелге эле салдым. Аллахым пендеси көтөрө албаган сыноону бербейт, эгерде кыйынчылык көрсөк даражабыз көтөрүлөт, сооп алабыз. “Майып адамга отуз кадам таштасаң сооп болот” деген хадис бар. А мен өмүрүмдү арнадым. Ини Ша Аллах, бейишке кол кармашып кетебиз деген максатым бар.
— Жолдошуңуздун ди-джей экендигин мурун билчү белеңиз? Эми чыгармачылыгына кандай колдоо көрсөтөсүз?
— Чындыгында, мен Азаматтын ди-джей экендигин, медициналык билими бар экенин билчү эмесмин. Себеби теле, радиолорго кызыкпайм. Намазымды окуп, тиричилик менен эле алек болуп жүрө берчүмүн. Азаматтын ди-джейлик жумушу тууралуу карындашынан уккам. Бир күнү Азаматка чалсам үйгө телефонун таштап кеткен экен, ордуна карындашы алды. Ошондо карындашы менен сүйлөшүп жумушу тууралуу билгем. Буйруса, жолдошума кандай колдоо керек болсо көрсөтүүгө даярмын. Жолдошумдун чыгармачылыгын түшүнөм, ага дуба кылуу менен жардам бере алам.
Азамат: — Үйгө байма-бай “Ютуб” каналдары интервью алуу үчүн келишсе, “бүгүн да тартылабызбы?” деп таң калып, мени менен кошо “жылдыз” болуп жатат (күлүп).
— Акмаанай, өзүңүз чыгармачылыкка жакынсызбы?
— Менин атам Токон Эшпаевди жакшы көрүп, анын кызындай болсун деген тилек менен атымды Акмаанай койгон экен. Фамилиям да окшош. Бала кезимде ырдачумун, бийлечүмүн. Сынактарга катышып жүрдүм. Азыр куран окуганда да үнүмдүн тазалыгын айтышат. Кичине ыр жазып коймой да жайым бар.
— Жолдошуңузду кызганбайсызбы?
Азамат: — Баса, менден кеп-кеңеш сураган угарман, замандаштар бар, алар чалып же “Инстаграмдан” кыздар жазып калышса, “ким?” деп кызганып калат.
— Азамат, ди-джейлик жумушуңузду таштап шыктандыруучу мастер-класстарды өткөрүп жатыптырсыз?
— Радиодон алыстаганыма бир жарым жылдай болуп калды, убактылуу токтоттум. Ар кандай багыттагы, темадагы шыктандыруучу тренингдерди өткөрүп жатам, өз “Ютуб” каналымды ачкам, ал жакка да видеороликтерди тартып, блогерлик кылып жатам. Мага видео тартууга бир туугандарым жардам беришет. Ди-джей болууну каалагандарга да шык, кеп-кеңештеримди берип, бир нече окуучум азыркы тапта жергиликтүү радио, телеканалдарда иштеп жүрүшөт. Андан сырткары, укалоочулук жумушумду да калтырган жокмун, бейтап болгондо чакыруу менен барып кызматымды өтөп жатам.
— Маегиңерге рахмат, бактылуу болгула!
Айгерим Токтобай кызы