Негизгиге Интервью Ди-джей, алып баруучу Аскат Алдашев: Аракети бар жаштарды ди-джейликке окутабыз

Ди-джей, алып баруучу Аскат Алдашев: Аракети бар жаштарды ди-джейликке окутабыз

304

Ди-джей, тамада Аскат Алдашевди “Кыргызстан обондору” радиосунан улам тааныганбыз. Өзгөчө тембри менен сөздүн гүлүн терген ди-джей эки жыл мурун аталган радиодон кетип, “Миң-Кыял ФМ” радиосуна келген. Эми кесиптештери менен ди-джей болуу дымагы күчтүү жаш улан-кыздар үчүн марафон уюштуруп жатышат.

Аскат мырза, саламатсызбы?! “Ди-джей болгум келет” онлайн-марафонун уюштуруп жатыпсыздар. Ага кимдер катыша алышат?

— Ооба. Акыркы он күндөн бери ушул долбоор менен алпурушуп жүрөбүз. Ди-джей болуп иштеген ар бир адамга эле өз күйөрмандарынан “каякка барып окусам болот?”, “кантип сиздей ди-джей болом?” деген кайрылуулар байма-бай келип турат. Ушул суроолорго жооп издеп жатып эле марафон тууралуу идея жаралды. Кесиптештерим Лилия Абдубаитова, Нурэл Султановдор болуп ошол идеяны ишке ашырууга кириштик. Максатыбыз – ди-джейлик кесипти аркалоону каалаган, изги тилеги бар жаштарга багыт көрсөтүү болуп саналат. Марафондун катышуучуларын чектебейбиз. Бир гана жаш куракка чектөө бар, маселен, 35-40тагы адамдарга ачык эле кеч болуп калганын айтабыз.

Сабактар кантип өтүлөт?

— Биз алдын ала атайын видео-сабактарды даярдадык. Ошолорду “Вотсап” группасы аркылуу катышуучуларга жиберип турабыз. Ар ким өзү каалаган учурунда ачып көрө берет. Биз кеминде он, алды жыйырма жыл радио чөйрөсүндө жүргөн адамдарбыз. Практика менен теорияны айкалыштырып ток этер, так маалыматтар менен катышуучуларды камсыздайбыз.

Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу каралганбы?

— Катышуучулар да ушул нерсени көп сурап жатышат. Мисалы, жогорку окуу жайда окуп жатканда деле “окууну бүт, анан сени жумушка орноштурабыз” дебейт да. Ушул сыяктуу эле биздин курстан ди-джейликтин миң сырдуу бардык сырлары, ыкмалары кенен айтылып, көрсөтүлүп берилет. Анан ошол билимди өзүнө сиңирип алган адам аракетине жараша өз жолун табуусу керек. 

Учурда “Ютуб” каналы аркылуу чыккан “Ободо интервью” программаңыз элдин жакшы колдоосуна арзып жатат. Бул сиздин автордук программаңызбы?

— Бул “Сinemart production” студиясынын “Ободо” долбоорунун алкагындагы бир бутак десем болот. “Ободо интервью” программасы да ошолордун демилгеси, продукциясы. А мен жөнөкөй гана интерью ала турган адаммын. Буга чейин бир нече программалар багытын айтып, алып барып берүүмдү сунушташкан. Арасынан ушул портреттик багытты тандап алдым. Себеби өзүм билген, жакын, анан дагы актуалдуу.

Ал эми радиодогу ишиңиз уланып жатабы?

— Ооба. Эки жылдан бери КТРКнын “Миң-Кыял ФМ” радиосунда эртең мененки эфирди алып барып жатабыз. “Кыргызстан обондору” радиосунан кеткенибизге эки жыл өтсө да “ушул жакка кетип калдыңар беле”, “издеп жүрүп эми таппадымбы” деп издеп табышкандар азыркыга чейин болуп жатат. Бул нерсени угуп алып, “бекеринен жүрбөптүрмүн, аздыр-көптүр кадыр-баркыбыз бар экен” деп өзүбүзчө кубанып калабыз.    

Бир жылдары жергиликтүү каналдардын биринде оюн-зоок программасын алып барып жүрдүңүз эле. Негизи, өзүңүзгө кайсы жаат жагат?

— “Кыргызстан обондору” радиосунда иштеп жүргөн кезде эле НБТ каналындагы бир программаны алып баргам. Эки жакты салыштырып көрө турган болсок, баары бир радио тармагы жакын, өзүмдүн чөйрөм деп кабыл алам. Телевидение бир аз өөнүрөөк учурайт мага. Бирок өзүмдү сынап көрдүм. Теле менен радионун өтө чоң бир айырмачылыгын көрө алган жокмун, бирок теледе түйшүк көбүрөөк экен. Мисалы, ар бир эфир сайын форма алмаштыруу керек деген нерсе эле адамды кыйнап коөт экен.

Сизди алып баруучу гана эмес, тамада катары да тааныйбыз. Тамадалык ишиңиз кантип башталып калды эле?

— Радиодо үч жыл иштегенден кийин эле тамадалык кесипти үйрөнгөм. Адатта, тамадалар ишин биринчи дос, туугандарынын тоюн алып баруудан башташат го. А мен өзүм такыр тааныбаган, болгондо да чоң кызматта иштеген байкенин 50 жылдык юбилейин алып баргам. Радиодо көпчүлүктүн алдында иштеп жүргөндүктөнбү, тамадалыкка өтүү кыйынчылык деле жараткан эмес. Дароо эле өздөштүрүп кеттим. Ушул күнгө дейре тойдомун. Кудайга шүгүр,  “сен тамада болбой эле койчу” деп нааразы болгондор жок. Тескерисинче, кийинки тойлорунда да кызмат кылууга чакырышат. Кудайга шүгүр, бул жумушта бирөөлөр бир ай иштеп тапкан каражатты алты саатта таап аласың. Миллионер болуп кеткен жокмун, бирок тамадалыктын аркасы менен үйлүү болдум, дагы башка материалдык кемчиликтерибизди толуктап алдык дегендей.   

Радио алып баруучулардын көпчүлүгү эле ырчы болуп кетишет го, сиз да ырдайсызбы?

— Негизи, кичинекей кезимде көчөдө кыйкырып-өкүрүп ырдап жүрө берчү экенмин. Эсимде, үйдө Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев агаларыбыздын ырларын ырдап бере берчүмүн. Эс тартканы бирөөлөр уялтып койгон окшойт, кийин ырдабай калыптырмын. Өзүм деле ырчылыкка деле берилип кызыккан жокмун.   

Эми нукту жеке жашооңузга бурсак. Ди-джей Аскат Алдашев канча баланын атасы болду?

— Эки кыздын атасы болдум. Улуу кызым Арууке беш жаштан өтсө, кичүүбүз Каухар үчтөн өттү. Экөө тең бала бакчага барышат. Апам, келинчегим жана эки кызым болуп шаарда турабыз. Арууке бир нерселерди чиймелеп келечекте сүрөтчү, ал эми кичинекей кызым доктур болорун айтышат. Бирок менин кыздарымдын тили эрте жана так чыкты. Арууке сегиз айынан эле сүйлөп баштаган. Эки жаштан так сүйлөп калды. Элдер “ди-джейдин кыздары да” деп күлүп калышат.

— “Ийгиликтүү мырзанын артында мыкты жубай турат” деген сөз бар эмеспи, жеңебиздин сиздин чыгармачылыгыңызга кошкон салымы зор болсо керек? Алина айым эмне менен алек?

— Туура. Эркектин жакасын агартып, шымынын кырын чыгарып турган аялзаты болот. Келинчегимдин чыгармачылыгыма кошкон салымы деп ошону билем. Качан келбейин үйүм таза, тамагым даяр, бардыгы ордунда. Келинчегимди элдерге да мактайм, өзүнө да айтам. Тамакты абдан жакшы жасайт. Таза, тыкан жүрөт. Ушул күнгө чейин Алина балдар менен эле үйдө болуп жаткан. Анан тырмак жасоого кызыгып, курсун окуп алып иштеп жатат. Жашоодо эмне эңсеген болсом, четинен ишке ашып келе жатат. Баарына шүгүр.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуАкчаны кантип чогултабыз?
КийинкиОмега-3: Сулуулук жана ден соолук