Эртеңки күндө барчылыкта жана ишенимдүү жашоонун эрежеси – каржыны акылга салып башкаруу. Эмне үчүн айрымдарга акча чогултуу татаал иш, канткенде оңой чогултабыз, буларды талдап чыктык.
Акча чогултууга бизге эмне тоскоол болот?
- Баарын коротуу адаты. «Чогулта турган акчам жок», «аз айлыгымдын эмнесин чогултайын” дейбиз. Бул жөн гана шылтоо. А негизги себеби – акчаны туура пайдалана албоо. Канча айлык алсаңыз да анын 10 пайызын өзүнчө бөлүп сактап коюудан жашоо-шартыңыз начарлап кетпейт. Анткен менен аздан чогулткан акчаңыз көбөйүп отуруп бир күнү чоң керекке жарайт.
- Так максаттын жоктугу. Максаты жок жөн эле акча чогулта берүүдө бул ишиңиздин аягына эч качан чыкпайсыз. Так максат жана убакыт керек. Абстракттуу максат жарабайт, аны биздин мээбиз кабыл албайт. Андыктан жөн гана “унаа сатып алам” эмес, “2021-жылдын декабрь айында кызыл түстөгү BMW сатып алам” деген максат менен акча чогултуңуз.
- Чыгашаларыңызга көзөмөлдүн жоктугу. Эгерде адам бир айда жол кире, тамак-аш, коммуналдык кызматтар сыяктуу сөзсүз кетире турган чыгашаларынын так суммасын билбесе, ал акчасын туура бөлүштүрүүнү да билбейт. Чыгашаларды жазып алган жакшы. Мындай тактык акчаны кайсы жерден сарамжалдаш керек, канчадан чогултуш керектиги тууралуу түшүнүк берет.
- Карызга жашоо. Карыз алуу же кредитке жашоо адатынан айрым адамдар таптакыр арыла албай калышат. Эгерде тапкан акчаңыздын 30 пайыздан көбүн проценттерге төлөп берсеңиз, анда, албетте, кыйналып каласыз. Ал эми туура пайдалансаңыз, кээде кредит деле жакшы. Эң негизгиси, туура пландаштырыш керек, бардык төлөмдөрдөн кийин сизде жашоого кенен жеткидей акча каражаты калууга тийиш.
- Акчаны тез аранын ичинде коротуу. Акчаны коротуу бир нече секундду гана талап кылат. Бул учурда биз “ушул буюм чын эле мага ушунчалык керекпи же мунсуз деле жашоом кадимкидей өтө береби?” деп ойлонгонго жетишпей калабыз. Көп учурда сатып алгандан кийин өкүнүп калабыз. Кымбат буюмду ойлонбой туруп сатып албаңыз. “24 саат” эрежесин карманыңыз: бир суткадан кийин деле ошол буюмду сатып алууну баштагыдай каалап жатсаңыз, анда алыңыз.
Акча чогултуу боюнча лайфхактар
1. Аз-аздан чогултуңуз
Чогулта турган акчаңыз эң эле аз суммадан башталат. Мисалы, биринчи жумада 50 сом салыңыз. Бул сумма улам сайын көбөйүп жүрүп отурат. Экинчи жумада 100 сом, үчүнчү жумада 150, анан 200… Мындай ыкма сизди коркпой, ичиңиз ачышпай акча чогултууга үйрөтөт. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо, ошол акчаны жума сайын эмес, 2-3 күндө, атүгүл күн сайын салып туруңуз.
2. Зыяндуу адаттарыңыз үчүн айып төлөңүз
Тамеки тартасызбы? Соцтармактарда көзөмөлсүз отурасызбы? Таттууну көп жейсизби? Мындай учурда эки коёнду бир ок менен атып алсаңыз болот: зыяндуу адаттардан арылып жана акча чогултуп. Өзүңүзгө айып системасын киргизип алыңыз да, ар бир жолку бузуудан кийин капчыгыңыздан белгилүү бир суммадагы акча чыгарып, копилкаңызга салып туруңуз. Тамеки тартсаңыз – 100 сом, түнкү 1ге чейин телефон чукуласаңыз – 200 сом ж.б.
3. Кредитиңиздин мөөнөтү бүтсө деле төлөй бериңиз.
Кредит төлөөдө сиз ай сайын белгилүү бир сумманы банкка төлөөгө көнүп каласыз. Ошол ыргак менен кредитиңизди жапкандан кийин деле ошол эле сумманы төлөй бериңиз. Бирок бул жолу банкка эмес, өзүңүзгө.
4. Кошумча кирешени жок деп эсептеп коюңуз
Эгерде кандайдыр бир кошумча киреше (премия, бонус, кошумча жумуш үчүн алган акы) пайда болсо сүйүнүп аны коротконго шашабыз. Көңүл ачууга жумшайбыз, кесиптештерибизди түшкү тамак менен сыйлайбыз же дагы керексиз нерсе үчүн жумшайбыз. Мындай кылуунун кереги жок. Сизде мурункудай айлык маяна гана бар деп элестетиңиз да, мындай акчаларды чогултуңуз.
5. Кирешеңизди экиге бөлүңүз
Бир айлык тапкан кирешеңизди тең экиге бөлүп, экөөнү эки башка конвертке же картага салыңыз. Алгач биринчи конверттеги акчаны гана иштетип, экинчини жок деп эсептеп коюңуз. Биринчи конверт бошогондо калган акчаны дагы экиге бөлүп коюңуз. Биринчи конверттеги гана акчаны иштетүүнү уланта бериңиз. Зарылчылыкка жараша муну кайталай бериңиз. Айдын аягында экинчи конвертте бир аз болсо да акча калат. Ал сиздин чогулта турган акчаңыз болуп эсептелинет.
6. Банкка ишеним артыңыз
Маянаңыз колго тийген соң андан бөлүп алып чогултуу алгач кыйын болот. Ошондуктан “эмки айдан баштап чогултам” дейсиз. Кийинки айда дагы ошентип ойлойсуз, бирок эч качан аны кылбайсыз. Мунун баары оңой ишке ашыш үчүн банк кызматтарынан пайдаланыңыз. Айлыгыңыз картага түшкөндө эле кайсы бир пайызы башка эсепке которулуп чогула тургандай болсун.
Акчаңызды кантип көбөйтөсүз?
Нурзат Токтосунова, “Нур” академиясынын негиздөөчүсү: “Студент кезимде эле акча чогултчумун”

— Мен акча чогултуу жагынан жакшымын. Мындай караганда акчаны канча тапсан деле жетпейт. Бирок ошону туура пайдалансак болот. Мисалы, айлыгыңыз 15 миң сом болсо, аны 13 миң деп эсептеп, айына эки миңин эч ким билбеген эсепке которо берүү керек. Мен студент кезимде эле ушинтип акча чогултчумун. Кийин алып баруучу болуп көп акча таап жүргөндө долларга которуп койчумун. Жанымда сом болсо эле иштетип жибергендиктен, мындай ыкма менин акчамдын бат көбөйүшүнө жардам берди. Акырында мурунку үйүмдү сатып, чогулткан акчамды үстүнө кошуп чоң үй сатып алдым.
Анара Токтосунова, “Долон стиль” мода үйүнүн негиздөөчүсү: “Кеп акчанын санында эмес, туура пайдаланууда”

— Биз, аялдар, акчаны акылыбыз менен эмес, эмоциябыз менен коротобуз. Акчаны көбөйтүүнү кааласак, алгач аны туура колдонууну окуп үйрөнүүбүз зарыл. 4-5 жаштагы балабыз акча пайдаланганды билбейт, ошондуктан ага 1000-2000 сомдукту карматып дүкөнгө жумшабайбыз, болгону, тыйындарды карматып коёбуз. Дал ушул сыяктуу эле эгерде акча пайдаланууну билбесек, Кудай бизге мисалдагы жаш баладай кылып алыбыз жете турган гана акчаны берет. Биздин жумушубуз алгач башталган жылдары итибиз чөп жеп өтө көп кирешеге ээ болдук. Күндөгү кирешени күндө үйгө алып келип жоолукка ороп, балкондогу тоту куштун торуна салып койчумун. Бирок ал кезде менде каржылык сабаттуулук жетишсиз болгондуктан, туура багытка жумшай алган эмесмин. Кийин кирешем төмөндөп калган кезде баштагыдан алда канча аз киреше менен андан көп ийгиликке жетишкем. Андыктан кеп акчанын санында эмес, аны туура пайдаланууда дейт элем.
Индира Темирканова, “Келин на час” ишканасынын негиздөөчүсү: “Жамааттын ынтымагын бекемдөө үчүн да акча сарптап турам”

— Биз күнүмдүк киреше менен чыгашаны так аныктап турабыз. Бул акчаны көзөмөлдөөгө жакшы жардам берет. Мисалы, бир күндө канча чыгаша кыларыбыз белгилүү болот, ал күнкү кирешебиз чыгашадан 30 пайызга көп болуш керек. Такыр болбой калса чыгашаны жабыш керек. Келген акчаны мен төмөнкүдөй жол менен бөлүштүрөм: алгач сөзсүз кетире турган чыгашаларды (айлык, ижара акысы, жарнама) бөлүп алам да, калган акчаны үчкө бөлөм. Анын бир бөлүгүн “финансовая падушкага”, башкача айтканда, күтүлбөгөн жерден чыккан керектөөлөр үчүн, экинчи бөлүгүн инвестицияга, үчүнчү бөлүгүн командамдын бекемделиши үчүн деп бөлөм. Биздин иш кызмат көрсөтүү болгондон кийин биз үчүн эң кымбат ресурс – бул адамдык ресурс. Андыктан мен жамааттын ынтымагын бекемдөө үчүн көңүл ачууга, билимин жогорулатууга багыттап акча сарптап турам.
Айназик Раимкулова