Негизгиге Кош жүрөк Ильгиз Абдалиев жубайы Назима менен: Көп жүргөндө бири-бирибизден тажап калмакпыз, ошондуктан бир...

Ильгиз Абдалиев жубайы Назима менен: Көп жүргөндө бири-бирибизден тажап калмакпыз, ошондуктан бир айда эле үйлөнүп алдык

210

Ырчы Ильгиз Абдалиев менен жубайы Назима айымдын ырлары интернет колдонуучулардын арасында кызыгууларын арттырып, жакшы сын-пикирге арзып жатат. Мындан улам, эми жубайы да чыгармачылыкка аттанабы деген  да ой жаралып жатат. 20 жаштагы перинин жүрөгүн багындырган Ильгиз мырза жакынкы күндөрү “ата” статусуна ээ болуу алдында турат. Жубайлардын махабат баяны менен таанышабыз. 

Ильгиз, Назима, буюрса, наристе күтүп жатыпсыңар.Кандай сезимдер болуп жатат? Азыртан даярдана баштадыңарбы?

Ильгиз: – Ооба, Кудайым буюрса, биздин үй-бүлөбүз үчүн сүйүнүчтүү күндөрдүн бири келе жатат. Ал күндү чыдамсыздык менен күтүүдөмүн. Негизи, балалуу болорумду түнкү саат 12де билгем. Угуп алып көзүмдөн жаш тегеренип башкача кубангам. Мурда “кош бойлуу болгондо бир нерсе алып берем” деп сөз бергендей, эртеси эле күнү барып жаңы уюлдук телефон алып бергем. Үйлөнгөндө эле “биринчиси уул болсо” деп тилек кылчумун. Мен Кудайымдан тилеген тилегимди келинчегим орундатып, уул төрөп берет го күтүп отурам. Биз үй-бүлөдө үч уулбуз, бир эле кыз бар. Ошон үчүнбү, мен дагы алгач уулдуу, анан кыздуу болгум келет.

Назима: – Азырынча дагы бир аз убакыт бар. Ай-күнүмө жете электе эле даярданып алгандан да кооптонобуз. Бирок жолдошум экөөбүз эмнелер керек экендигин сураштырып тизмектеп койгонбуз. Убагы келгенде эле ала коёбуз. Ысымды деле тандай элекпиз.

Ильгиз мырза, жубайыңыздын кош бойлуулугу кандай өтүп жатат?

— Башында кыйналып жаткан, азыр жеңил эле өткөндөй болуп жатат. Көп деле кыйнаган жок. Ошентсе да айымдарда кош бойлуу кезде башкача бир өзгөрүүлөр болот экен. Көрүнгөн нерсеге талгак болду. Кайсы жерден эмне көрсө же ойлоп койсо эле жегиси келип калат. Анын баарына түшүнүү менен мамиле кылып жатам.  

Назима, Ильгиз мырза кандай ата болчудай?

— Ильгиз өтө жакшы ата болот деп ишенем. Балдарга аябай жакын экен. Карындаштарынын балдарын кичинесинен караптыр. Балдар да жолдошума чуркап турушат.

Кош бойлуулугуңа карабай акыркы кездери “Жар-жар” айтып, жолдошуң менен дуэт ырдап келесиң. Ырдоо кимдин демилгеси болду?

— Бул жолдошумдун демилгеси болгон. Экөөбүз үйлөнгөндөн кийин “Жар-жар” айтып көрбөйсүңбү, балким, үнүң жетет” деп калды. Анан акырындык менен даярданып отуруп, экөөбүз дуэт чыгармаларды да ырдай баштадык. Учурда биздин эки дуэтибиз жарык көрдү. Буюрса, дагы эки дуэтти көз жаргандан кийин жаздырууну пландап жатабыз. Себеби түйүлдүк чоңойгон сайын үн түшүргөндө кыйыныраак болуп калат экен. 

Ырчы болгон жактыбы?

— Менин келечектеги кесибим бухгалтер-экономист. Азыр 3-курста билим алып жатам. Ырчы болгон жакшы эле экен. Ал менин кыялым деле эмес болчу, күтүлбөгөн жерден эле ырдап калдым. Вокалдан сабак деле алган эмесмин, жолдошум эле үйдөн даярдап ырдап чыктык. 

Ильгиз, жубайыңыздын үнүнө кандай баа бересиз?

— Азырынча “5” деген баа бере албайм. “3+” жана “4” дейт элем. Өзүм музыкалык окуу жайды аяктагам да, кандай дем алуу, оозду ачуу, кантип жылмайып ырдоо, үндү кантип так, туура алуу, айтор, музыканын сырлары менен бөлүшүп, акырындан даярданып жатабыз. Элдин көбү колдоп, үнүнө жакшы баа беришти. Эч бир негативдүү сын-пикир уккан жокпуз.

Негизи, экөөңөрдү тагдыр кантип табыштырган?

И:- Бизди Назиманын жеңеси менен менин классташ кызым тааныштырышкан. Классташым Назиманын сүрөтүн мага жиберип, экөөбүз “Вотсаптан” сүйлөшүп калдык. Адегенде “чын эле сизби?” деп таң калып жаткан. Качан гана өзүмдүн сүрөтүмдү жибергенде ишенди. Экөөбүз “Вотсап” аркылуу эле сүйлөшчүбүз. Биринчи жолу жолугушууга чакырып эле классташтарым менен болгон шеринеге алып баргам. Анан экөөбүз бир ай эле сүйлөштүк, анын ичинде үч-төрт жолу жолуктук. Анан баш кошуп алдык.

Аз убакытта эле турмуш курууну чечипсиңер, бул убакытта бири-бириңерди толук таанып билдиңерби?

И: – Үйлөнөрүбүздү экинчи жолугушууда эле чечип койгонбуз. Ал күнү деле тамактанып, сүйлөшүп отуруп үйүнө жеткирип койгом. Анан үйгө келип эле “Вотсаптан” үйлөнүү сунушун киргиздим. Назимага “мен убакыт короткум келбейт, үч күн убакыт берейин, ойлон” десем дароо эле макулдугун берди. Бир гана “ырчылыгыңыз үчүн сизге турмушка чыгып жаткан жокмун” деп айтты. Анан көп жүргөндө эмне пайда деп туруп үйлөнүп алдык. Жаңылбаган экенбиз.

Н: – Көп сүйлөшкөндө адамдар бири-биринен тажап калышат го. Андай нерсе Ильгиз экөөбүзгө тең жакпайт экен. Ошондуктан бат эле чечим кабыл алдык десем болот. Анын үстүнө, Ильгиздин күйөрманы болчумун.

Назима го, сиздин күйөрманыңыз экен, а сиз кайсыл өзгөчөлүктөрү үчүн жактырдыңыз?

И: – Назима мага көргөндө эле жаккан. Кичинекей, тыпырайган, анан да назиктигин айтыңыз. Мага ак жуумал, арык кыздар жакчу. Үнү да назик, чачы узун. Айтор, мен каалагандай кыз экен. Ошол убакта чачын кырктырууну ойлонуп турган экен, мага узун чачтар жагарын билгенден кийин  кырктырбай калды.

Жубайыңыз сизден 12 жаш кичүү экен. Жашы ойлонткон жокпу?

— Жок, жашы эч ойлонткон эмес. Тескерисинче, жакшы да. Сүйүү жашка карабайт. Экөөбүздүн жаш өзгөчөлүгүбүз билинбейт деле.

Жубайыңыз кандай кожойке?

— Абдан жакшы. Үй оокаттарына абдан тың. Тамактарды да даамдуу жасайт. Ошон үчүн толуп кетпедимби (күлүп).

Н: – Биз үй-бүлөдө жети бир тууганбыз, мен кыздардын улуусумун. Үй оокаттарына башынан көнгөм, бул жаатта маселе жаралбайт.

Үй-бүлөдө казак-аяк кагышпай койбойт деген сөз бар го, андай учурда ким биринчи кадам жасайт?

— Кудай сактасын, казак-аяк кагыштыра элекпиз. Бирок кээ бир учурда сөз менен түшүндүрүү иштери болуп кетет. Экөөбүз тең жумшакпыз, анан да күлкүчүбүз. Кайра бат эле эч нерсе болбогондой сүйлөшүп кетебиз.

Үй-бүлөнү бекемдөө үчүн кандай аракет көрөсүздөр?

И: – Үй-бүлөнү бекемдөө үчүн болушунча аракет кылабыз. Бири-бирибизди сыйлап, сүйүп, эки жакка тең бирдей мамиле кылабыз. Ортодогу ынтымактын ыдырабоосу эле үй-бүлөнүн сакталуусуна чоң өбөлгө болуп берет.

Айгерим Токтобай кызы

СоӊкуАсхат Абжанов: Баладан кечирим сурагандан уялбаңыз
КийинкиАкчаны кантип чогултабыз?

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here