Эл аралык коуч, тренер “Жаңы урпак” лидерлик мектебинин негиздөөчүсү казак жигити Асхат Абжановдун жубайлардын ортосундагы мамиле, адамдын баалуулуктары, ийгилик сыры тууралуу өтүлгөн тренингдери эч кимди кайдыгер калтырбайт. Ал эми бала тарбиялоодо берген кеңештери таасирдүү жана натыйжалуу десек жаңылышпайм. Каарманыбыз өзүнүн мисалында бала тарбиялоо боюнча төмөнкү кеңештерди бөлүштү.
— Асхат, оболу сөздү сиздин бул тармакка кандай келип калганыңыздан баштасак?
— Мен өзүм Казакстандын Акмоло облусунун Степногорск шаарында төрөлгөм. Кийин үй-бүлөбүз менен Астанага көчүп келдик. Ал жерден жогорку окуу жайга тапшыра албай Алматыга кетип калгам. Казак Улуттук университетинин туризм тармагына тапшырдым. Албетте, оор болду. Буга чейин мен ата-энемдин, агаларымдын жанында курсагым ток, кийимим бүтүн, өзүмдү инкубатордо багылгандай сезчүмүн. Чоочун эл, окуунун төлөмү, батирдин акысы мени бат эле чыйралтты. Биринчи эле ресторандын баарын кыдырып бирине официант болуп орноштум, ага кошумча косметика сатып иштеп аттым. Үчүнчү кылып коомдук фондго ишке кирдим. Кара жанымды бакканга үч жумуштан тапкан айлыгым өп-чап жетип атты. Экинчи курста башка жумуш таптым. Себеби үч жумушта иштеп, окууга жетишүү мүмкүн болбой баратты. Досум экөөбүз кече уюштуруу менен бирге артисттерди, ди-джейлерди чакырып элге майрам тартуулаган кызматта иштедик. 4-курсумда “Тарлан” деген жаштардын союзуна кошулдум, бул жерден мен ар кандай иш-чараларды уюштуруп, мастер-класстарды өтүп, балдар үйүнө барып алар менен иштешип калдым. Кийин ишкерликке өттүм. Кайра эле досум менен IT-компания ачтык. Компанияда мобилдик тиркеме, веб-сайт иштетчүбүз, кийин ага унаа жуучу жай, клининг кызматын коштук, ошону менен бат эле бутка турдук. 27 жашка чыкканда акча, статус менин жан дүйнөмдү тынчтандыра албасын түшүндүм дагы, “Тарланда” жүргөн күндөрүмдү эстедим. Окуучулар менен баарлашкан, аларга мастер-класс өткөн мага абдан жагат эле. Өзүмдү ушул тармактан таап, “Жаңы муун” лидерлик мектебин негиздедим.
— Өзүңүз жаш болуп туруп баланын аң-сезимин кайдан билесиз?
— Көбү менин жашымды 20дан жаңы ашкан деп ойлойт, мен 32 жаштамын. Бала тарбиялоо жана анын психологиясы тууралуу көп адабият окуйм. 6,5 жаштагы кызым, 1,5 жаштагы уулум бар. Беш жарым жылда миңдеген ата-эне, балдар менен иштештим. Ар кандай курактагы балдар менен маектешүүдө аларга эмне жагат, эмнеден коркот, жакындарынан кандай мамиле күтөт баарын ийне-жибине чейин билип бүттүм десем болот.
— Анда айтсаңыз, биз ата-энелер бала тарбиялоодо кайсы каталарды көп кетиребиз?
— Биринчи ката – жубайлар ата-эне болууга өзүн даярдабай туруп ата-эне болуп калгандыгында. Муну мен даярдыгы жок операцияга кирип алган доктурга салыштырам. Ата-эне болуу чоң жоопкерчилик, ал үчүн атайын окуп, даярдык көрүш керек. Экинчи ката – ата-эне бала кандай болсо ошол бойдон кабыл алууга даяр эмес. Аны дайыма башканын баласына салыштырат, урушат, жазалайт, тыюу салат… Ата-эне өзүнүн катасын мойнуна алмайын, тарбиянын туура эмес ыкмасын тандап алганын өзү түшүнмөйүн бир нерсе өзгөртүү мүмкүн эмес. Катаңыз үчүн баладан кечирим сурагандан тартынбаңыз. Бала тарбиялоо боюнча атайын китептер бар, тренингдерге катышууну кеңеш кылам.

— Үйдө аял бактылуу болмоюн бала да бактылуу болбойт дегениңиз эсимде. Жеке сизде кандай? Жубайыңыз менен апаңыз бактылуубу?
— Апам экөөбүз ушул теманы жакында эле талкууладык. Апам “мен бактылуу аялмын” дейт, бул мүнөзүнөн да көз каранды болуш керек. Бала кезимден апамдын дайыма күлүп жүргөн элеси көз алдымда тартылуу. Албетте, атам экөөнүн ортосунда уруш болуп турчу, ага карабай апам дайыма жайдары жүрчү. Анын бул артыкчылыгы бизге да таасирин тийгизген. Мен бактылуу үй-бүлөдө чоңойгом. Чынжырды улай келинчегимен да бат-баттан “жаным, сен бактылуусуңбу?” деп сурап турам. “Толук кандуу бакыт үчүн эмне керек болсо, анын баары менде бар” деген жоопту угам.
— Ата-энеңизден кандай тарбия алганыңызды билгим келип атат?
— Менин апам 60 жашта, Астанада эки агам менен турат. Азыр биздикине Алматыга конокко келген. Атам былтыр март айында 60 жашка чыгарда каза болуп калды. Биз үйдө үч эркек бир тууганбыз. Атам бизди өзүнүн жүрүм-туруму менен тарбиялады. Буга байланыштуу бир окуя айтып берейин. 90-жылдардын башында жумушсуздук күч алып, атам иштеген шахта жабылып калды. Айласы кетип түндө жашынып шахтага түшчү. Атайын жилет, баш кийими жок эле. Шахтага түшө турган тепкич да араң турат. Күндө телевизордон “мынча адамды шахта басып калып өлүптүр” деген жаңылыктарды укчубуз. Айла жок, оокат кылыш керек болгондуктан атам өмүрүн тобокелге салып шахтага түшкөнүн токтоткон жок. Ошентип, бир мүшөк кум көтөрүп келчү. Баарыбыз отуруп алып кумдан алтынды бөлүп чыгабыз. Ал ортодо шахтанын ичи кандай коркунучтуу экенин узун жомок кылып айтып берет. Эленген алтынга кислота куюп таза алтынды иргеп алып, андан калганын кагаздын бетине салып магниттин жардамы менен алтындан темирин бөлүп алчубуз. Ошентип, бир мүшөк кумдан кенедей идишке 1 грамм алтын иргеп чыгабыз. Аны эртеси 2000 теңгеге өткөрүп келет. Ал күнү үйдө нан, азык-түлүк болор эле. Атам бизди багуу үчүн күндө башын канжыгага байлап шахтага түшкөнүн токтоткон жок. Бул кадамы менен ал бизди эр жүрөктүүлүккө, чечкиндүүлүккө, ишенимге, эмгекке үйрөттү десем болот.
— Өзүңүз балдарыңызды кандай эреже менен тарбиялайсыз?
— Кызым менен уулумду сүйүү менен тарбиялайм. Аны өзүмө жаккандай эмес, кандай болсо ошондой кабыл алып, жакшы көрөм. Балдарыма тандоо эркиндигин бергем, оюн уга билем, эсептешем. Ата катары балдарыма үнүмдү, колумду көтөрбөйм. Жазалабайм.
— Уул баланын эң биринчи шыктандыруучусу – энеси дешет. Бала үчүн эненин шыктандыруу жөндөмү кандай роль ойнойт?
— Бул сурооңузга да жеке мисалымда жооп берсем жеткиликтүү болот го дейм. Мен эки кызыл дипломдун ээси болгонум менен 1-классты “2”ге окуп, көчпөй калгам. Эки агам биз жашаган жердеги мектепти окушту, салт боюнча мен да ал мектепке бардым. Эмнегедир ошол жылдары үйдө орус тилинде сүйлөчүбүз, мектеп казак тилинде эле. Күндө үйгө сабакты түшүнбөй “2” алып ыйлап келем. Башка эне болсо, балким, “эки агаң окуган мектепте сен кандайча окуй албай атасың?” деп урушмак болуш керек. Апам мени түшүнүп орус мектепке котормой болду. Экинчи класска отургузайын дешсе билимим ага жетпейт, ошентип, кайра 1-класска кирдим. Анда да жөн алышпай “отурганга парта жок, класс толуп калды” дешкен. Атам өзү мага парта таап келип, ошентип, 1-классты эки жыл окуган элем. Апамдын мага ишенгени, дем бергени жашоомду өзгөрттү окшойт. Кийин сабагыма кийлигишип, текшерип көзөмөлдөгөн жок. “Окуу сеники, жакшы окусаң ийгиликке жетесиң, жаман окусаң короо шыпырасың” деген болчу. Жылдар өткөндөн кийин “сенин тарбияңа көп көңүл бура албай калдым” деп кечирим сурады эле, мен айттым: “Апа, сиз мага тарбиянын эң мыктысын бердиңиз, бул — ишеним менен эркиндик”. Эгер эне баласына ишеним артса, балага канат бүтөт, колунан баары келет жана сөзсүз ийгиликке жетет.
— Негизи, бала өзүнүн жанында күчтүү энени көргүсү келеби?
— Эне уулунун жанында назик, камкор, сүйкүмдүү болушу зарыл. Отко-сууга түшүп чарбаны өзү эптеп, акчаны өзү таап аткан эненин жанында, тескерисинче, уулу алсыз болот. Ал эми алсыз эненин жанында эркек бала өзүн күчтүү сезет. Энеси үчүн бир нерсе кылгысы келет. Аял энергиясын күйөөсүнө, балдарына, үйдөгү чарба иштерине жумшап түгөткөндүктөн, дайыма чарчаңкы, урушчаак болуп калат. Аял өзү үчүн да энергия алганды үйрөнүшү керек – бул убагында эс алып, өзү жактырган нерсе менен алек болуу, каалаганынан баш тартпай өзүнө жаккан нерсени сатып алуу жана башка. Аял энергияга толуп турса, маанайы ачык болот жана бул нерсе балдарына жакшы таасирин тийгизет.
— Кыз баланы тарбиялоодо кандай каталарды кетиребиз?
— Көптөгөн жылдардан бери калыптанып калган “кыз убактылуу конок” деген түшүнүктөн арылуу керек. Ооба убагы келгенде кыз турмушка чыгат, үй-бүлө күтөт. Бирок кенедей кезинен конок экенин белгилеп айта берүү туура эмес. Кыздын аң-сезиминде таарыныч пайда болот, өзүн кереги жок сезет. Өзүнө ишенбей калат. Кийин турмушка чыгып атканда “менин кете турган убагым келди” деген таарыныч менен узайт. Кыз баланы кичинесинен гүлдөй карап, жакшы шартта, сүйүү менен өстүргөндө гана барган жеринде бактылуу үй-бүлө кура алат.
— Бала эмне себептен өзүмчүл болуп калат?
— Биз баланы кичинесинен кийинтебиз, окутабыз, курсагын тойгузабыз. Бирок ошол эле учурда алардан эч нерсе сурабайбыз. Кеп бала бергиси келбегенде эмес, ата-эне алууга даяр эмес. “Сенден эч нерсе кереги жок, биз сен деп жашап жүрөбүз” дейбиз. Бул учурда бала “буларга менин аман-эсен жүргөнүм эле керек” деген ойго көнүп баштайт. Негизи, бала кичинесинен эле бөлүшкөнгө жөндөмдүү. Мисалы, менин 1,5 жаштагы уулум тамак жеп атканда бир кашык сузуп өзү жейт, экинчи кашыкты мага берет. Алманы өзү бир тиштесе, мага да тиштетет. Эгер мен азыр андан алып көнбөсөм, кийин ал да бергенди үйрөнбөйт. Өзүмдү “Асхат, ушу баладан алганды үйрөн” деп тарбиялайм. Баладан алууну кичинекей кезинен үйрөтүү керек. Эмне берип атса да кабыл алгыла, бул жөнөкөй эле ашканадагы жардам болушу мүмкүн. Кучактоосун, өпкөнүн кабыл алганды үйрөнүү керек.
Анара Дүйшөналиева