Негизгиге Психология Кызыктуу жашоо «жагымдуу капкандан» чыкканда башталат

Кызыктуу жашоо «жагымдуу капкандан» чыкканда башталат

473

Кайталана берген иштерден чарчап, тажаткан нерселердин баарын таштап, жашооңузга жаңы, жагымдуу нерселерди кошкуңуз келсе бул макала сиз үчүн. Жүрѳк түпкүрүндѳ ѳзгѳрүүнү каалаган менен ага чыгынбай «жагымдуу капканда» кыжалаттык менен жашоону токтотуңуз. Ал үчүн тѳмѳнкү маалыматтарды окуп эле койбой иш жүзүнѳ ашырууга киришүүңүз керек.  

«Жагымдуу капкан» деген эмне?

«Жагымдуу капкан» – адамга баары тааныш болуп бүткѳн жай, ал чѳйрѳдѳ адам ѳзүн ыңгайлуу жана ишенимдүү сезет. Башка жагынан алып караганда кайталана берген иш-аракеттердин ырааттуулугуна кѳнүп калуу менен анын натыйжасына кайыл болуп күн ѳткѳрүү. Ошол себептен «жагымдуу капкан» негативдүү абал катары бааланат. Андан кутулуу үчүн адамдын психологиясына жаңылык киргизүү, керек босо түп-тамырынан ѳзгѳртүп тѳңкѳрүш жасоо сунушталат. Мындай кадамга барбаса адам «жагымдуу капкандын» туткунунан чыга албай алдыга умтулуу, ѳзүн ѳнүктүрүү, изденүү деген сыяктуу кызыктуу нерселерден ѳзүн чектеп жүрѳ берет.

«Жагымдуу капканды» жарып чыгуу кимдерге зарыл?

— 50 жаштан баштап ѳзүн кары сезип, кѳп нерседен ѳзүн чектеп, эч бир ишке жараксыздай абалга түшүп алган улуу муун ѳкүлдѳрүнѳ зарыл.

— Кандайдыр бир оору менен алышып, акыры ага баш ийүү менен ѳзүн ар убак оорулуу сезип жашагандар ойлорун жаңылоолору керек.

— Бала күткѳн күндѳн баштап ѳзүн «эне» деген бир гана ат менен таанып, балага берилүү менен ѳзүн унутуп калган айымдар бул абалды оңдошу шарт.

— Балдары алда качан ѳз алдынча болуп, майда түйшүктѳрдѳн бошоп калганына карабай үйдѳ жаткан айымдарда жаңы жашоо образын табуу милдети бар.

— Эс алуусуз иштеп, толгон жумуш аткарганына карабай тѳмѳнкү айлык акы алып, жетпеген акча үчүн наалып кѳнгѳн жумушчулар ойлонуп, ойгонуусу керек.

— Жеке жашоодо теңин таба элек, андан да жаманы, теңин издѳѳдѳн кѳрѳ жалгыз жүрѳ берүүнү туура деп чечип алган бойдоктор кадам таштоочу кез келди.

— Бардык жагынан тѳгѳрѳгү тѳп келген, турмушта эч кандай муктаждыгы жок калган шартта да адам ѳзүн ѳнүктүрүп, жаңы билим алып турууга милдеттүү. Андыктан «жагымдуу капкан» эч кимге керек эмес.

«Жагымдуу капкандан» кутуулунун маанилүү 5 жолу

1. Денени иретке келтириңиз

«Биринчи жумуш табылсын, анан ага барууга даярдана баштайм» деген ой эң чоң ката. Жагымдуу капкандан чыгуу үчүн али табыла элек жумушка, тактап айтканда, максатка мына азыр бет келчүдѳй камдануу керек. Ал үчүн эң алды денени иретке келтирип, жуунуп, тараныңыз. Кийимдердин эскилерин ыргытып, эң жакшыларын үтүктѳп кѳрүнѳѳ жерге илиңиз. Чачыңыздан тырмагыңыздын учуна чейин сулуулап, тишиңизден бери сергите жуунуңуз. Ушунун баарын чын дилден аткаруу мээде позитивдүү, пайдалуу ойлордун иштелип чыгышын шарттайт. Бул маалда оюңузга келген жакшы идеяларды ак баракка жаза жүрүңүз. Дене боюңуз жаңы кадамга даяр болгондо, алдыда кылчу иштердин тизмеси баракта түзүлүп бүтѳт. Мунун баарын аткарган болсоңуз, куттуктайбыз, сиз «жагымдуу капканды» буза алдыңыз.

2 . Чоң максат коюңуз

Бирок али андан чыгып кете элексиз. Жагымдуу капканды артта калтыруу үчүн сизге чоң максат керек. Дүкѳндѳн соода кылуу, балдарды бакчага берүү сыяктуу ойлорду максат деп ойлоп жаңылбаңыз. Максат – ойлогон маалда кубандырган, колго алган маалда ырахат тартуулаган, башкалар менен бѳлүшкѳн кезде сыймыктандырган, аткарылбай калуусунан чочулай тургандай деңгээлде болушу керек. Максатыңыз ишке орношуу, тил үйрѳнүү же жаңы кесипти ѳздѳштүрүү болсун, сизди алга гана сүрѳсүн. Максат коюу менен ага жетүүдѳ ойлоруңузду позитивге толтуруп, сүйлѳгѳндѳ болчу иштердин убактысын, дарегин, ѳң-түсүн, санын, атын, баасын, ордун так айта жүрүңүз. Кагазга жазуу эң жакшы жол.

3. Жеке ордуңуз болсун

Максатка таасир этүү үчүн жаңы орундун болгону эң жакшы. Мисалы, жумуш орду, окуу борбору, жолугушуулардын үйдѳн сырткаркы жайда: паркта, кафеде болушу. Эгер сизде андай шарт болбосо, үй ичиндеги оокаттарды алмаштырып, жаңы абал жаратыңыз. Эч болбоду дегенде сиздин жеке максаттар, пландар, идеялар жазылган кагаз, калемди койгонго (маани бериңиз, чыныгы чоң максат телефонго жазылбайт) бир текче бошотуп алыңыз. Ал орунга таңда жана уйку алдында убакыт бѳлүп, максаттарыңызды бышыктап туруңуз. Антпесе «жагымдуу капкандын» азгырыгына жеңилип, кызыксыз жашоого кайра кирип кетесиз. Максаттарды кайталап окуп, планды тууралап түзүп туруу адамды кубаттандырат.     

4. Жаңы тааныштарды күтүңүз

Жаңы жашоо образын күтүү жаңы нерселерсиз болбойт. Андыктан жаңы тааныштарды күтүүгѳ батыныңыз. Жаңы адам сиз үчүн эле эмес, сиз ал адам үчүн да кызыктуу болосуз. Маектешүүдѳ ѳзүңүз тууралуу жакшы маалыматтарды тартынбай айтыңыз. Ал сиздин кокустан кетирген ката, жаңылыштыктарыңызды билбейт. Андыктан ал каталар үчүн ѳзүңүздү кечирип салыңыз да, жашоодогу жетишкендиктериңизди сыймыктануу менен бѳлүшүңүз. Билбегендериңизди андан сураңыз. Ошентип, жаңы тааныш сиздин ѳзүңүзгѳ болгон бааны жогорулатып, ишеничти арттырып берет.

5. Чочулабаңыз

Ийгиликке жетпей калуу эч качан уят болуу дегенди түшүндүрбѳйт. Кээде канча күч жумшалганына карабай каалагандай натыйжа болбой, тескерисинче, артка кетүү болот. Муну куру убара катары санабаңыз, бул, болгону, тажрыйба топтоо. Кийинки жолу кадам таштоодон коркпоңуз. Кайталап жасоо менен каалаган натыйжага жетүүгѳ болот. Дал ушу бѳлүмдү аткаруу сизге оңой болушу үчүн кеңири тараган эки ыкманы пайдаланыңыз. Биринчи, «пилди бѳлүп жеңиз» — максатыңызга жеткирчү иштерди майдалап алып, күнүгѳ аз-аздан кылыңыз. Экинчиси, «баканы жеңиз», бул күндүн биринчи бѳлүгүндѳ эң оор деп саналган ишти жасап салуу дегенди түшүндүрѳт.

«Жагымдуу капкандан» чыга албасаңыз анын аймагын кеңейтиңиз

Жашоого жаңылык киргизүү кыйынга туруп, туш тараптан ар кандай шылтоолор жаай берген шартта, абалды жеңилдетүүчү бир жол бар. Анда сиз эч кандай чоң кадам жасабайсыз, болгону, жагымдуу чѳйрѳңүздүн аймагын кеңейтип алып, ошол эле абалда жашай бересиз. Тактап айтканда, болгону, жарым саат эрте туруңуз, тамактарыңызга пайдалуу бир азык кошуп, ага басым жасаңыз, сѳзсүз түрдѳ күзгү алдында 15-20 мүнѳт отуруп, ѳзүңүздү мактаңыз, таза абага сейилдѳѳгѳ шарт болбосо короого же балконго чыгып отуруңуз, күн сайын бир таанышыңызга чалып акыбалын сураңыз, алыстап кеткен мамилелерди жакындатуу үчүн чын дилден кат жазыңыз. Ушул майда кадамдар сизди чоң жакшы иш кылууга түртѳт. Эптеп күүлѳнүп алган соң жогорудагы сунуштарга олуттуу мамиле кылуу оңой болот.  

Кызыксыз күндѳрдѳн кантип кутуласыз?

Аскат Мусабеков: «Баарын токтотуп бассейнге жѳнѳйм»

— Мындай абал кѳбүнчѳ шаарда жашагандарда болсо керек. Чынын айтсам, менде да үйдѳн чыккым келбей, жылуу-жумшак жата бергим келген күндѳр болот. Жылуу үй, тамак-аш, интернет болсо ошондон башка эч нерсе керек эместей туюлуп кетет. Бирок андай абалга түшүп кетүүдѳн абайлап, ѳзүмдү кѳзѳмѳлдѳп турам. Кээде эс алуу узакка уланып, «жагымдуу капканга» түшүп кеткенде бассейнге жѳнѳйм. Биринчи виртуалдык жашоону токтотуп, унааны айдап эл аралап чыгуу менен кыймылга келем. Анан бассейнде сүзүп эс алган соң кѳптѳн бери бүтпѳй кийинкиге жылып келаткан жумушту жасоого белсенип калам.

Назира Айтбекова, «Жашоомо жаңы адаттарды киргизип турам»

— Негизи, «жагымдуу капканга» түшүп калуу абдан оңой же жагымдуу капканда жашап жатканын байкабай жүрѳ бергендер болот. Жашоо кызыктуу болуусу үчүн андан чыгып, мурда баскан жол менен баспоо керек. Психологияда «жаңы жол сызуу» деген түшүнүк бар, ал үчүн жаңы адаттарды таап, ошого убакыт бѳлүп туруу шарт. Мен мунун баарын окуп, изилдеп жашоомо колдонууга аракет кылып келем. Андыктан акыркы кезде тажагандай деле боло элекмин. Жаңы нерселерге умтулуудан коркпойм. Ал үчүн элден түрдүү сындарды да угам. Бирок андан тынчсызданбайм. Башкысы, ѳзүмдү ѳнүктүрүп, алдыга жылсам болду.

Гүлжигит Калыков: «Машыгуу залдарынан күч топтойм»

— Негизи, жумуштун кѳптүгүнѳн тынч жатууга деле убакыт болбойт. Бирок ошол жумуш деп чуркай берип чарчап, күнүгѳ иш кылып кыймылда жүрѳм деген менен убакыт окшош эле, кызыксыз ѳтүп кеткен кездер болуп калат. Андайда биринчи кезекте машыгуу залына барууну колго алам. Болушунча машыгып, сергип калам. Күч пайда болуп, маанайым да жакшыра түшѳт. Ушундан кийин жашоом мурункудан кѳңүлдүү ѳтүп баштаганы байкалат.

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуКелиндердин эмгегин ким баалайт?
КийинкиҮй шартында жасалган сүт азыктары