Кайсы гана элде болбосун көздүн таасири тууралуу байыртадан эле айтылып келген. Психологдордун айтымына караганда, жашоосуна ашыкча наалыган, милдетин бирөөгө жүктөгөн, жек көргөн же аябай суктанган адамдар көз тийгизгенге көбүрөөк жөндөмдүү.
Көз тийүү – кыргыздын салттуу түшүнүктөрүнүн бир көрүнүшү. Элдик ишеним боюнча, кээ бир адамдардын көзүнө туш болгон адам, жаныбар ооруйт, жакшы буюм сынат, бүлүнөт. Өзгөчө жаман көз наристеге, сулуу кыз-келиндерге, баатырга, күлүк ат, алгыр кушка тиет деп эсептешип, буларды элге көрсөтпөөгө, оолак кылууга аракет кылышкан.
Көз – бул назар салуучу кызматты аткарат. Эл оозунда «назар» сөзү негизинен тигил же бул нерсени кароо аркылуу жүзөгө ашкан терс таасир үчүн колдонулат. Бирок көз аркылуу жүзөгө ашкан таасир жалаң гана терс эмес, оң өңүттүү да болушу толук ыктымал. Мунун себеби назар салган көздөн адамга толугу менен белгисиз бир нурдун өтүшүндө жатат. Таасир дал ушул нурдун оң же терс өңүттүү болушуна түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күнү «нур» жөнүндөгү физикалык маалыматтар анын таасирин илимий жактан толук түрдө тастыктаган.
Чынында, кээ бир көздөрдөн чыккан терс же оң нурлар ар кимге ар түрдүүчө таасир этет. Айрым бир адамдардын таасир алуу ийкемдүүлүгү жогору болсо, кээ бириники орто, айрымдардыкы өтө төмөн болот. Көзүнөн күчтүү, бирок терс өңүттүү нур чыккан адамдарды эл «суук көз» деп, алардан сак болууга аракет кылышат. Бекеринен элибиз “суук көздөн сактасын” деп бата бербесе керек. Көз тийүүдөн келип чыккан оору медицинада эч эле аныкталбайт. Мисалы, диагноздоруңуз жакшы чыгып турса да, абалыңыз начар болот. Же болбосо улам бир жериңиз ооруп эле так диагноз табылбайт. Ошондуктан биздин ата-бабаларыбыз көз тийбөөсү үчүн ар кандай ырымдарды жасап келишкен.
Кандай ырым-жырымдарды жасашкан?
- наристенин бетине көө сүйкөгөн;
- киринелеген;
- адамды иренжите тургандай ысымдарды ыйгарышкан;
- кимдин назары түшсө, ошол адамдын көйнөгүнөн жыртып келип күйгүзүп, мурдуна жакындатып ысырыкташкан. Эгерде анын кийимин алуу мүмкүнчүлүгү болбосо, ошол адам баскан жолдон чыбыктарды терип келип ысырык кылышкан.
- кийиминин бооруна (кишинин көзү урунган жерге) көз мончок тагышкан. Эгерде ал кишиге кимдир-бирөөнүн көзү тийсе, көз мончогу сынып кеткен.
- эгерде көзү тийчү адамды кокус көчөдөн көрүп калышса, ал киши өтүп кеткенче өзүнүн бир жак жеңин түрүп алышчу;
- көзүндө калы бар кишиден алыс болушчу;
- суу куюлган чыныны башынан ылдый айлантып түкүртүп туруп, чыныдагы сууну чачып жиберип, идишти көмкөрүп койгон.
Көз жара деген эмне?
Көз тийген адамга тоголок, четтери кызарган, ортосунда көзгө окшош бир чекитчеси бар жара да чыгуусу ыктымал. Бул “көз жара” деп аталат. Эл арасында көз жаранын ичке эмес, сыртка чыгып кеткени жакшы деп айтылат.
Көз тийген адамдын белгилери кандай болот?
- Бүт денеси же болбосо колу, буту дайыма ысып же муздап турат;
- жөнү жок башы, көзүнүн айланасы ооруй берет;
- себепсиз буту сыздатып дайыма ооруп, тура албай калуусу мүмкүн;
- аба жетпегендей деми кысылып турат. Мындай абал өзгөчө түштөн кийин башталуусу ыктымал;
- чачы түшөт;
- себепсиз кыжырданып же бирөө менен урушкусу келет. Же тескерисинче, түнт болуп кетет;
- уйкусуздук пайда болот;
- көз тийген адам ичине жин кирип кеткендей абалда да болуп, өзү менен өзү сүйлөшүп, жөнү жок каткырып да калуусу ыктымал;
- өз үйүнө батпай кыжалат болот;
- тез чарчайт;
- аз убакытта арыктап кетет;
- буулугуп эле ыйлагысы келе берет;
- Ийгиликтүү иши бир заматта токтоп артка кетет.
Ал эми динде кандай?
Ислам дининде көз тийүү тууралуу айтылган. Мухаммед пайгамбарыбыздын «көз тийүү – чындык» деп айткан хадиси бар. Көз – мал-жанга, жандуу-жансызга да тийет. Көз тийген адам ооруп ден соолугу начарлайт, жадагалса, өмүрүнөн да айрылат. Эгерде кош бойлуу айымга көз тийсе, курсагындагы балага да зыян берүүсү мүмкүн. Көз тийүү менен көрө албастыктын кандайдыр бир байланышы бар. Адам башка бир адамдын мал-мүлкүн көрө албашы мүмкүн. Ошондуктан бирөөнүн жакшылыгын көргөндө, бул жакшылык Аллахтын каалоосу менен болду деп айтыш керек. Көздүн тийүүсү адамдын бала чагынан башталып, улам убакыт өткөн сайын өсө берет. Анын баары топтолуп келгенде бир убакта контролдой албай калат.
Кантип коргонуу керек?
- Биз ар бир кадамыбызды, иш-аракетибизди Аллахтын ысымы менен баштообуз зарыл.
- Уйкудан ойгонгондогу дуба, үйдөн чыгардагы, мечитке кирип бара жаткан учурда, тамакка отурган кезде, жаңы кийим сатып алганда, дааратканага кирерде, уктаар алдындагы дуба… Бул дубаларды маанилери менен жаттап алып, дайыма оозубуздан түшүрбөй айтып жүрсөк, Аллах Тааланын коргоосу астында болобуз.
- Эртең менен жана кечинде Фалак, Нас, Фатиха, Ихлас, Ясин, Аят Аль Курси сүрөөлөрү менен өзүбүзгө дем салып, денебизге үйлөп, же алаканга үйлөп денеге сүртүп турганыбыз жакшы. Көптөгөн хадистерде Пайгамбарыбыз Аят Аль Курсини өзгөчө баса белгилеп айтат, өтө күчтүү сүрө. Бирок эскерте кетчү жагдай, минтип сактанып жүргөн адамдарга да көз тийип калуусу ыктымал. Бирок адам сактанып жүргөнү үчүн Аллах Таала ал адамдын бул нерседен сынып калышына жол бербейт, өз коргоосуна алат.
- Эң негизгиси, биз Куранды жашообузга сиңирип, Куран шыпаа берет дегенге катуу ишенишибиз керек. Аллах Таала Куранды мусулмандарга мээрим жана шыпаа үчүн түшүргөнүн бекеринен айтып жаткан жок»-дейт Нурмухаммад Кары
Эгерде көз тийсе эмне кылуу керек?
— Өз тартиби менендем салуу керек.
— Көз тийген адам билинсе, анын даарат алган же жуунган суусун бир идишке тосуп алабыз. Андан кийин ал адамдын денесине жабышкан бир кийимин алып, тескеринен оодарып, бурчун сууга салып сыгып алат. Сууну жерге койбой туруп көзүккөн адамдын желкесинен ылдый чачып жиберет. Ал эми суу куюлган идишти бир күн көмкөрүп коюу керек. Бул да айыгуунун жолу.
— Динде тумар тагынуу бар нерсе. Тумарда Куран аяттары же дуба жазылат. Бирок тумар жаш балдарга гана тагылат. Куран окуганды билген адамдын өзү окуганы жакшы.
— Адамдын көзү тийбөө үчүн “көз мончок сактайт” деген ой менен тагылуусу шариятта “ширк” деп саналат. Көз мончоктун ордуна жалтырак бир нерсени көрүнүктүү жерге тагып алса болот. Жалтыракка адамдын көзү урунат, адамдын көзүн өзүнө бурат.
(бул макаланы даярдоого “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003,
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” адабияттары пайдаланылды)