Интернет – талантыңды элге тартуулоого жакшы шарт түзүп бере турган мыкты курал. Ал аркылуу эл оозуна алынып, чыгармачылыкка кадам таштагандар да аз эмес. Интернет баракчалары аркылуу видеолору элге тараган эки таланттуу жеткинчек менен тааныштырабыз.
Байзак: “Популярдуулук мага жагып жатат”

Аты-жөнү: Кубанычбек уулу Байзак
Жашы: 13тө
Үй-бүлөдө: Беш бир туугандын кичүүсү
Учурда: Жумгал районунун Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы мектептин 8-классынын окуучусу
— Байзак, учурда популярдуу болуп жаткан “Кечирип кой” чыгармасын аткарган видеоң кантип тартылып калган?
Бул видео өткөн жылдын октябрь айында ата-энем менен аяш апамдардын үйүнө конокко барганда тартылган. Кийин ал видеону аяш ата, апаларым туугандарына жиберишип, алардын бирөө фейсбук баракчасына жүктөгөндө тарап кетиптир. Январь айында апама мугалимдер көрсөткөн экен, өзүмдү интернеттен ошондо көрдүм. Чындыгында, күтүүсүз болду бизге. Апам буга чейин фейсбук баракчасында отурчу эмес эле, атайын видеону көрүү үчүн катталды. Негизи, мен 5-6 жашымдан тартып ырдап келатам. Бешинчи классымдан бери музыкалык мектепте комуздан сабак алам, район, облус аралык сынактарда да өз өнөрүмдү тартуулап келем.
— Эл назарында болгон өзүңө жагып жатабы?
Ооба, популярдуу болгон жагып жатат. Мунун артыкчылыктары көп экен, ырчылар менен жолугат экенсиң, массалык маалымат каражаттарына көп чакырылат экенсиң.
— Кыска убакыттын ичинде эле популярдуу болуп кеттиң. Шаардан барганда классташтарың, мугалимдериң кандай кабыл алышты?
Ооба, шаарда жүргөндө күнүнө 5-6 телеберүүгө барып чарчап калып жаттым. Мугалимдерим колдоп, классташтарым “жылдызыбыз” деп сыймыктанып жаткандарын билдиришүүдө. Мен барганда мектеп жамааты линейка өткөрүп, белектерин берип, жылуу сөздөрүн арнашты.
— Кыргызга белгилүү ырчылар менен да жолуктуң эле, алар сага кандай кеп-кеңеш беришти?
Мени биринчилерден болуп “Замана” студиясы түз эфирге чакырган. Ошондо Сыймык Бейшекеев да чакырылыптыр. Биринчи мени менен баарлашып, кийин сюрприз катары мен сүйгөн ырчыны чакырганын айтып студияга чакырганда толкунданып, сүйлөгөнгө сөз таппай калдым. Сыймык Бейшекеев агабыз өз өмүр баяны, ырлары камтылган жалгыз экземпляр китебин берип, төрт ырга минусовка жаздырып берем деди. Анан 15-мартта өтө турган концертинде ырдоону сунуштады. Жакшы кеп-кеңештерин айтты. Муздак ичпей, семичке чакпай үнүмдү сактоом керек экен. Кенже Көбөкөва эже менен да жолуктум. Эже мага комуз белек кылды. Жакында экөөбүз дуэт жаздырууну пландадык. Анан жайында мени фестивалга алып барарын айтты. Негизи, бул эки инсан тең менин сүйүктүү ырчыларым.
— Сен той-топурларда ырдайсыңбы?
Ооба. Мен айыл ичинде үйдө өткөрүлгөн жакшылыктарда ырдап жүрөм. Ал жерде кулакка акча кыстаргандар болот. Эми менин өнөрүмдү тартуулаган дагы бир аудитория пайда болду. Бул “Инстаграмдагы” баракчам. Баракчаны мен элге таанылгандан кийин гана ачтым. Ага чейин эле менин атымдан ачылган фейк аккаунттар көбөйүп кетиптир.
— Кандай чыгармаларды аткарган сага жагат?
Мен илгерки “18 жаш”, “Кечирип кой”, “Жылкычынын ыры” сыяктуу ырларды ырдайм. Ушундай чыгармалар менин көңүлүмө жагат. Эч ким мага “бул ырды ырда же ырдаба” деп айтпайт. Келечекте да ушул фольклор жагына кетсемби дейм. Мектебим атын алып жүргөн Кекилик уулу Жолдошбек атабыз нарктуу, даңктуу инсан болгон экен. Мен ошол мектебимдин даңкын көтөрүшүм керек.
— Ырчылык сага кимден берилген талант?
Менин атам кароолчу, апам болсо мектепте мугалим болуп эмгектенет. Үй-бүлөдө беш бир туугандын кичүүсүмүн. Атамдын агалары ырдачу экен, бирок сахнага чыгып элге таанылган эмес. А атам менен апам ырдашпайт.
Акмарал: “Үй-бүлөмдө бардыгы ырга жакын”

Аты-жөнү: Эркинбек кызы Акмарал
Жашы: 15те
Үй-бүлөдө: Беш бир туугандын кичүүсү
Учурда: Нарын районуна караштуу Кайыңды айылындагы Матен Сыдыков атындагы №7 мектептин 9-классынын окуучусу.
— Акмарал, Самара Каримованын “Сагынганда атамды”, “Жаз” ырлары менен жылдызың жанды эле. Популярдуулук сага кандай таасирин тийгизди?
Негизи, мен 3-класстан тартып эле чоң сахналарда ырдап келем. “Жаз” деген ырды да ошол кезде жактырып, жаттап алгам. Бир жолу тааныш эжеке конок тоскондо суранычы менен барып ырдап бергем. Мен ырдап жатканда көп эле телефондорго тартып жатышкан, алардын бири баракчасына жүктөп коюптур. Бул видеону бөлүшүп, баракчасына чыгарган адамдар көп болду. Ушул чыгарма менен көбүрөөк таанылдым десем болот. Андан мурда мени эч ким деле таанычу эмес. Ошондон баштап жылдызым жанып, сынактарга катыша баштадым. Атайын музыкалык мектепке да кирдим. Жакында эле Түркияда өткөн фестивалга эки ирет конок катары чакырылдым. Казакстандагы сынакка 500 баланын ичинен өтүп, 10 мыкты катышуучунун арасында ат салышып “Халыктар достыгы” наамына ээ болдум. Учурда куржунумда 10дон ашуун чыгармам бар.
— Таанымал болом деп ойлодуң беле?
Мага бул күтүүсүз болду. Социалдык тармактарда жүргөнүмдү бир тууган байкем биринчи көрүп бизге айткан. Ал видео бат эле “Ютубга” жайылып кетти. Азыр таанымал болгонго көнүп деле калдым. Мени менен сүрөткө түшсө баракчамды белгилеп туруп киргизип коюшат.
— Самара Каримованын өзү менен жолугууга мүмкүнчүлүк болдубу?
Ооба. Самара эже менен “Көчмөндөр оюндарында” жолуккам. Эже мени алкап, өз каалоо-тилегин айткан.
— Окуу менен чыгармачылыгыңды алып кетүү кыйын болбой элеби?
Окуум менен чыгармачылыгым бири-бирине тоскоол деле болбойт. Мектепте жакшы окуучулардын катарындамын. Өзгөчө кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарын сүйүп окуйм. 6-класска чейин кыргыз мектепте окуп, андан кийин Нарындагы орус мектепке которулгам. Башында кыйын эле болду, ошого карабай жакшы окуп кеттим. Түшкө чейин окуп, андан кийин музыкалык мектебиме барам да, ал жакта 4-5терге чейин болом. Эгерде шаарга эфирлерге чакыруу болуп калса же чет жакка кетүү керек болсо мектеп жамааты мени түшүнүп, барууга уруксат беришет. Ата-энем дагы “окууңду да, чыгармачылыгыңды да бирге алып кет, активдүү бол” деп айтышат. Өзүм да көп жумуш кылганды жакшы көрөм.
— Ырларды сага ким тандап берет?
Мага эл-жер, ата-эне тууралуу ырларды ырдаган жагат. Чыгармаларды да өзүм тандап угуп көрөм. Эгерде жүрөгүмө жакса ата-энеме, устатыма угузуп көрөм. Алардын кеңеши менен гана чыгарма жаралат.
— Кайсы музыкалык аспаптарда кол ойнотосуң?
Комузда кол ойнотом, ага кошумча фортепиано ийримине барам. Азырынча ушул эки аспапты өздөштүрүп алсам, келечекте музыкалык багыттагы окуу жайга тапшырып билимимди дагы да арттырам.
— Жакындарыңдын көз карашы кандай?
Ата-энем алдыга түртүп, бир туугандарым “чык” деп турушат дайыма. Формамдын дизайндарын ойлоп чыга калышып же дагы башка жумуштарымды бүтүрүп даярдашат. Айтор, үй-бүлөм тарабынан чыгармачылыгыма тоскоолдуктар жок.
— Алар да ырдашабы?
Атам менен апам ырдашат. Төрт бир туугандарым менен үйдө отурганда үй шаңга бөлөнүп, өзүнчө эле концерттегидей болуп кетебиз. Чоң атам да ырдачу экен, атамдын карындаштары да, апам жактагы бир туугандары да жакшы ырдашат. Таятам менен таенем да айылдын ырчысы, комузчу болушкан экен. Тилекке каршы, алар эл арасына таанылган эмес.
Айгерим Токтобай кызы