Куудул, пародист, ырчы Жакут Сыдыковдун сахнадагы образы кимди болсо да жылмайтат. Өзүнүн атын өзү жасаган өжөрлүгү менен жыйырма жылдан ашуун элдин оозуна алынып келет. Жакут Сыдыковдун жумшак мүнөзү, жөнөкөйлүгү, карапайымдыгы кайдыгер калтырган жок. Балким, ушу сапаттары менен сүймөнчүлүккө ээ болуп жүргөндүр.
— Жакут мырза, гастролго чыгып концерт коюу учурда актуалдуу болбой калды окшойт. Эмне менен алек болуп жүрөсүз?
— Ооба, пандемиядан бери иши жок калдык окшойт. Буга чейин концерт, той менен эле үй-бүлөмдү багып келиптирмин. Азыр эми кошумча жумуш табууга аракет кылып жатам. Ыр жаздырайын, клип тарттырайын десең эле акчага такалат. Жазган ырларымды жарыкка алып чыгууга убагында каражат табылбай калат, андан кийин ошо бойдон көңүл келбей көп мээнетим көмүскөдө калып кетип атат. Кыргыз эстрадасына белгилүү жана белгисиз таланттарга чыгарма жазып берем, ал үчүн 3000 сом калем акы алам. Учурда кино тартууга камынып атам. Андан тышкары “Жакут шоу” деген “Ютуб” каналымды ачкам, ал жакты кеңейтүүдөмүн. Каражат жагынан кол жетпей атканы болбосо, өзүмдүн дараметимди, жөндөмүмдү жогору баалайм. Буюрса, ушул жылы жеке концертимди берейин деп атам. Сценарийдин жазылышы жарымдап калды.
— Шаардын сыртына көчүп кеткенсиз, э?
— Ооба, батир деген баш оорудан кутулгам. Үй-бүлөм менен Сокулук районундагы Шалта айылында турам. Жер тилке сатып алып, үч бөлмөлүү чакан үй салганбыз. Чоң үйдү сала элекмин. Тамашалап “фундаментинен башкасынын баары бүттү” деп калам. Пандемиянын бир пайдасы, үйдөн чыкпай жатып көп кара жумуш бүтүрдүм. Балдарым менен мал-жан кармаганга жакшы, чоң сарай салып алдык.
— Өзүңүз Нарындан болсоңуз, мал кармаганга жөндөмдүү болушуңуз керек?
— Айылда жалгыз энемдин колунда өскөм, тилекке каршы, мал-жандуу эмес элек. Колхоз-совхоз тараганда энчибизге тежемел беш козу тийген. Аны энем бапестеп карап кой кылып чоңойтту. Айылдагылардын “ак жолтой кезүү кайтаргычы” мен элем. Анткени бала кезимен сахнаны эңсеген жаным кезүүдө койлорго ырдап берип концерт койчумун. Аябай берилип кеткенде койлорум каралбай жарымы айылдын башында, калганы көчөнүн аягында калчу эле. Апам чоңойткон беш койдун түбүнө бат эле жеттим. Бирөөсүнө магнитофон, дагы бир койго куртка саттырып алгам. Ал кезде буюмдар кой менен бааланчу. Калган койлорду кезүүдөн жоголгон койлордун ордуна төлөп берип кутулганбыз. Андыктан чарбам жок, мал кармаганга деле мыктымын деп айта албайм. Жадагалса кой сойгонду билбейм. Бирок айылда досторумдун чөбүн чаап, малын карашып жүрүп кара жумушка бышкам. Буюрса, бул жактан да өзүбүзгө жетерлик чарба куралы деп атам. Биринчи тооктон баштадык. Буюрса, саан уй, кой-козу курап алабыз.
— Балдарыңыз кол-арага жарап калган тура, улуусу канчага чыкты?
— Үч эркек, бир кызым бар. Улуу балам 17 жашта. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайда билим алган. Чыгармачылык жолумду улай турган уулум ушу окшойт. Кудай буюрса, талантын иш жүзүндө көрөсүздөр. Аты Гүлжигит. Экинчи уулум Кутбайыр 15 жашта. Бул балам Чубак ажы устаздай аалым болом деп Египетке билим алганы кеткен. Кудай буюрса, үч жылдан кийин келет. Кызым Муфида 2-класстын окуучусу, “ата, мен сизди аябай жакшы көрөм” деген сөздү бир күндө кеминде он жолу айтып, бетимен, колуман өөп бактылуу кылып турат.
Эң кенжебиз Даут төрт жашта. Үй-бүлөбүздүн падышасы болуп ошо балабыздын өкүмү, буйругу менен жашап аткан кезибиз.
— Тун балаңыз жолумду жолдойт деп атпайсызбы? Ырдап чыгып атабы?
— Гүлжигиттин ырчы болуусуна апасы экөөбүз тең кубанабыз, колдойбуз. Апасы азыр эле ыр жаздырып бергиси келет, бирок ага эмес, мага ыр жаздырганга кээде каражат табылбай калып атат. Кудай буюрса, 11-классты бүтө берсин, өзүм колдон-буттан алып ыр жаздырып, ырдатам. Менин жазылган, бирок жарыкка чыга элек чыгармаларым бар. Аларды өзүм аткарайын десем жаш курагым туура келбейт. Жаш кезде мага колдоо көрсөткөн эч ким болгон эмес, ошол жетпей калган нерселерди уулума бергим келет.
— Келинчегиңиз иштейби?
— Жок, келинчегим көп жылдан бери иштебейт. Үйдө балдардын, менин тарбиям менен алек дегендей. Менин жалгыз жөлөгүм, улуу кызым, апам, бир тууганым, үйүмдүн жарыгы ошо киши. 18 жыл тынбай гастролдогон экенмин. Жети дубандын эл барбаган жерине чейин бардык. Ал убакта деле акча топтой алган жокмун, чыгымдарыбыз көп болуп кетчү. Айдаган унааңан баштап аппаратура, барган клубуңа чейин ижара акы төлөп атып кайра карыз болуп келчү элем. Ошондо эле келинчегим үйдү кың дедирбей карап, балдарыма баш-көз болуп келди. Менин жападан жалгыз ишенген адамым жубайым.
— Эртең менен сизге байланышуу мүмкүн эмес экен, түшкө чейин уктамай адатыңыз башынан эле барбы?
— Бала кезимен бери бул адатым бар. Мектептин түбүндө жашаганыма карабай сабакка кечигип барар элем. Жуунам деп чыгып эсим ооп көчөнүн боюнда отура берчүмүн. Андан кийин жумушуман улам күнүм менен түнүм алмашып калды. Түнү бою иштейм, эртең менен уктайм. Күндө эле иштейм дебейм, мен деле элдердей болуп түн оокумуна чейин интернет “чукуйм”, “Инстаграмда” отурам, ыр жазам, ойлоном, айтор, жумушумдун көбү түнкүсүн бүтөт. Акыркы күндөрү жан дүйнөмдү азыктандырайын деп китеп окуп атам. “Манасты” баштагам, биринчи бөлүгүн окуп бүттүм.
— Мүнөзүңүз өтө эле жумшак, көңүлчөөк көрүнөсүз?
— Туура, мүнөзүм жумшак. Көңүлчөөк экенимди да туура баамдадыңыз. Текеберликтен алысмын, карапайыммын. Бирок ошол эле учурда ызакормун, ачуум бат келет. Бирөө мени ызалантып койсо артынан түшүп аны жеңмейин ызам тарабайт. Өзүмдү күн сайын тарбиялап, мүнөзүмдү оңдоп турганга аракет кылам. Жаман кыялдарым деле кармап турат. Ачуум келгенде эч нерсени билбей калам.
— Бала кезиңизде өз апаңыздан оолак өскөнүңүздү билем. Азыр апаңыз менен катышасызбы?
— Мен “апам” деп чоңойгон адам – атамдын улуу эжеси. Апамдын менден башка эч кимиси жок болгон. Өзүнүн деле боюнда болгон, бир да баласы токтобой түшүп калган экен. Атамдар алгач менден улуу агамды беришкен экен, тун баласы көздөрүнө ысык көрүнгөнбү, кайра алып алышыптыр. Ошондо апам ыйласа: “Кийинки балабызды беребиз” деп сооротуп коюшат. Байкемен кийин эжем төрөлүп калыптыр. Андан кийин гана уул болуп мен жарык дүйнөгө келиптирмин. Убадасына туруп бир жашка чыгып-чыга электе атам мени эжесине алып барса: “Былжыраган сары балаңарды эмне кылам?” деп албай атып алган экен. Бат эле мага мээримин төгүп, өз баласынан артык багып өстүрдү. Тамактын даамдуусун оозума кармап эркелетти. Апам каза болуп калган, бирок мен апам менен акыретте жолугарыма ишенем.
Ата-энем башка экенин 10-классымда гана билдим. Бул да мага чоң сокку болду. Жашоомдогу мындай бурулушка даяр эмес элем. Ошондо апам мени багып алганын, өзү өмүрү бала төрөбөгөнүн айтып берди. “Өз апаң Жети-Өгүздө жашайт, бар” деп көндүрдү. Ошентип, 2000-жылы апамды издеп таап келгем. Жакшы кабыл алды. Мени тогуз ай көтөрүп, омурткасы сыздап, ажал менен алышып жарык дүйнөгө алып келген апама таарынычым жок. Апага таарынган бала оңбойт делинет. Азыр деле Көлдүн Кызыл-Суу айылында жашайт. Баары бир бөлөк өскөн таасирин тийгизет экен. Көп деле барбайм. Баласы катары бардык милдеттеримди аткарууга дайым даярмын.
Анара Дүйшөналиева