Негизгиге Менин наристем Бала жана китеп

Бала жана китеп

1167

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн китепке жакындыгы балага да өтүп, анын да китеп окууга кызыгуусун пайда кылат. Тилекке каршы, технология өнүгүп, улам бир гаджеттер чыккан заманда китеп окуган адам аз. Китептин адам баласына пайдасын билсек дагы колго алууга ашыкпайбыз. А биз сизге бул тууралуу дагы да айтуудан талыкпайбыз. 

Китептин балага тийгизген таасири:

  • Балаңыз энциклопедия же көркөм адабият китептерин окуйбу, маалыматтык кызыгуусун канааттандырат, суроолоруна жооп табууга шарт түзүлөт.
  • Дүйнө таанымы кеңейет. Эгерде балаңыз китепти көп окуса, ар кайсы китептен ар кандай багыттагы билим алат. Жыйынтыгында, мектеп программасын бат өздөштүрүүгө өнүккөн дүйнө таанымы жардамга келет.
  • Маалыматка бай болгондуктан, эл алдында сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.
  • Айтылган маалыматты кабыл алып, анализдеп, иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү өнүгөт.
  • Өзүн курчап турган предметтер, жаратылыш жана башкалар менен таанышат, элес пайда кылат.
  • Табит жана каалоосунун жогорку деңгээлде калыптануусуна өбөлгө түзөт.
  • Образдуу да, логикалык да ой жүгүртүүсү өнүгөт.
  • Сүйлөмдү туура түзгөндү, жазганды үйрөнөт.
  • Өткөн, жашап жаткан, жадагалса келерки жашоосу менен таанышат.
  • Боорукерлик, кайрымдуулук, башкалардын ийгилигине кошо кубануу, эрктүүлүк сыяктуу сапаттарды калыптандырат.  

Балдардын жаш курагына жараша китептер:

  • 2ден 4жашка чейин: Бул курактагы балдарга кыска ыр түрүндөгү, саналуучу китептер жагат. Уккан ырын бат эле жаттап алат да, айтып берүүгө ашыгышат. Сөздөрүнүн так, туура айтылуусуна гана көңүл буруп, сыпайылык менен оңдоп туруу кажет.
  • 4төн 6жашка чейин: Бул курактагы кээ бир балдар окуганды билсе, айрымдары угуп кабыл алышат. Түстүү, ачык картинкалар, чоң, оңой шрифттер менен жазылган китептер кызыктуу. Эң башкысы, кыскача, аягы жакшы аяктаган чыгармалар болуусу шарт.  
  • 6дан 8жашка чейин: Баштапкы класста окуган балдар үчүн белгилүү инсандар, айлана-чөйрө тууралуу маалымат камтылган китептер кызыктуу окулат.
  • 8ден 13жашка чейин: өспүрүм куракка келген балдар тарых, фантастикалык жанрдагы адабият, достук, сүйүү, адамдар ортосундагы мамиле, кыянатчылык, ар-намыс туурасындагы маалыматтарды билүүгө ашыгышат.

Баланы китепке кызыктыруучу лайфхактар:

  • Балага өздөрүнө жаккан мультфильмдер туурасында китеп сатып берсе батыраак кызыгып окуйт.
  • Китептин артыкчылыктарын билип туруу үчүн бала менен сүйлөшүүдө  жазуучуларды же окуган китептериңизден окуяларды кошуп мисал келтирип өтүңүз. Керек болсо китеп окуп, чогуу талкуулаңыз.
  • Балаңызды китепканага жазып, жума сайын барып туруңуз. Китепканадан балаңыздын китепти өз алдынча тандоосуна коюңуз.
  • Китеп дүкөндөрүнө көбүрөөк алып барыңыз. Үйгө балдар үчүн китептер толтурулган чакан текче түзүңүз.
  • Окуучунун күндөлүгүн жасап же сатып бериңиз. Анда канча күндө канча китеп окугандыгы, авторлору жазылчу бөлүкчөлөр болуусу шарт.
  • Үйүңүзгө атайын китеп окуу үчүн ыңгайлуу, жарык, китеп текче, үстөлү бар жер камдаңыз да, ал жерди жомоктогудай кооздоп чыгыңыз.
  • Балаңыз кызыгып окуусу үчүн түстүү, өзгөчө кооздолгон китептерди тандаңыз.

Балаңызды китеп окууга кантип кызыктырасыз?

Айжан Акылбекова: “Китепти жарымынан калтырып койчумун”

— Балдарыма эки-үч жаштарынан тартып көп китеп окуп бере баштагам. Кийин өздөрү окуй баштаганда атайын аягына чыкпай калтырып койгонго өткөм. Ошондо балдарым өздөрү кызыгып китепти алып, токтогон жеринен улап окуп калышкан. Дагы чоңоюшканда атайын “ким көп окуйт?” деген сыяктуу сынактарды уюштуруп, жеңүүчүлөргө байгелерди берип жүрдүм. Бир күнүң да китеп окуусуз өтпөсүн деген шарт киргиздим. Азыр үйгө киргенде балдарымдан “эмне тамак жедиң?” дебейм, биринчи эле “канча барак китеп окудуң?” деп сурайм. Алар күнүнө эң эле аз дегенде 15-20 барак китеп окуусун талап кылам. Бир балам эки күндүн ичинде бир китепти окуп бүтүп коёт, бат да окуйт. Азыркы тапта сүйүктүү китебин сатып алуу үчүн акчасын чогултуп жүрөт.   

Нуржигит Кадырбеков: “Кээде соодалашуу керек болот”

— Балдарды китепке кызыктыруу үчүн атайын балдар китептерин, жомок же болбосо балдар үчүн кызыктуу темадагы китептерди окуп берүүдөн баштоо керек. Анан кээде “эгерде бул жакка баргың келсе же алып берүүмдү кааласаң мынча барак китеп окуп айтып бер” деп соодалашуу керек деп ойлойм. Бул деле бала үчүн мотивация болот.

Жеңишбек Жумакадыр: “Атайын көрүнгөн жерлерге коюп койчумун”

— Үй-бүлөдө бир убакыт атайын китеп окуу үчүн бөлүнгөнү жакшы. Болбой эле калды дегенде аптасына бир ирет. Мен китеп алып келип атайын балдардын көңүлүн бөлө турган жерлерге, чай ичкен бөлмөгө коюп койчумун. Анан китеп окуу боюнча жарыштарга бат-баттан катыштырам.

Назира Айтбекова: “Үйүмдө аудио-китептер дайым жаңырып турат”

— Азыр мурдагыдай китептерди барактап окуган деле болбойт бизде. Биздин үйдө аудио-китептер угулат. Иш жасап же бир нерсе менен алек болуп турганда дайыма кулагына кирип турсун деп аудио-китептин үнүн ар дайым бийик чыгарып үйгө коюп турам. Көбүнесе психологиялык, өзүн-өзү таануу боюнча китептер жаңырып турат. 

Айгерим Токтобай кызы    

СоӊкуКуудул, алып баруучу Жакут Сыдыков: “Койлорго концерт коюп кезүүнү таратып жиберчүмүн”
КийинкиКыяс Молдокасымов: Багбанчылыктан жакшы киреше тапса болот