Негизгиге Ааламда Кыяс Молдокасымов: Багбанчылыктан жакшы киреше тапса болот

Кыяс Молдокасымов: Багбанчылыктан жакшы киреше тапса болот

347

Рубрикабыздын бул жолку коногу – тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов. Каарманыбыздын көпчүлүк биле бербеген багбанчылык өнөрү тууралуу маектештик.

— Агай, багбанчылыктын кайсы түрү менен алектенесиз?

— 2005-жылы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу жерден 6,8 гектар үлүш жер сатып алгам, ал жакка көп түрлүү алманын, кокон гиластын, шабдалынын, өрүктүн, кайналынын сортторун эккенбиз. Бири-бирине окшобогон сортторду Кадамжайдан алдыргам. Европанын көчөттөрүн мактап атышат, бирок ал кезде бизге бул сорттор сейрек келчү, баасы да кымбат болгондуктан өзүбүздүн эле көчөттөрдөн тиккем. Он жыл бою тапкан каражатымды четинен көчөт эгүүгө жумшап аттым, азыр деле көчөт сатып келип тиккенимди токтото элекмин.

— Өзүңүз багбанчылыкка кантип кызыгып кеттиңиз?
— Башында ал жерге досум кызылча, жүгөрү, помидор, бадыраң эгип жүрдү. Жаны тынбай иштейт, бирок жайында жемиштин баары арзандап кеткендиктен мээнетинин акыбети деле кайтпай калат. Ушундан улам ал жерди бакчага айландыруу керек дедим. Багбан болуу үчүн чыдамкайлык керек экен. Он жылдан кийин багыбыз түшүмүн берип баштады. Кээде аба ырайы жаанчыл болгондо бактар жакшы чаңдашпай калат, кээде үшүк уруп кетет. Мисалы, былтыр үшүк уруп кетип түшүм албай калдык. Быйыл да өрүк гүлдөөр маалда суук болуп туруп алды, гүлдөбөй калды. Кээде өрүк бышып жерге түшүп, тебеленип кор болуп калат. Багбан болуу башка, өстүргөн жемишиңди кардар таап өткөрүү башка маселе экен. Азыр ушул экөөнү тең жолго салып атабыз.

— Негизи, соода-сатыкка жөндөмүңүз жокпу?
— Буга чейин жемиш жерге түшүп тебеленип жатканда социалдык тармактарга “келип бекер эле терип кеткиле” деп чыгаргам. Келгендер болгон. Ушинтип интернетке жарнама киргизип койгонум болбосо, сатуунун жолдорун башында издеген эмесмин. Анын үстүнө андай деле түшүм бере элек да. Эки жыл мурда эле гиласты сатып, андан түшкөн акчаны кайра эле ушул жерди иштетүүгө жумшадым. Эки тоннага жакын чыккан, дүңүнөн алып кеткен сатуучу Казакстанга алып барып бат эле сатып жибериптир. Анткени ал жактан биздин гиластар органикалык таза экенин тастыктай турган тесттен өтүптүр. Азыр эми сатуучулар өздөрү “бышканда мага бериңиз” деп кайрылып атышат. Өрүктү өткөрүш кыйыныраак экен. Бир тааныш-туугандарга терип сатып ал дегенбиз, бир жылы өздөрү терип тыйын кылып алышты.

— Багбанчылык кылууда атайын билим алдыңызбы же тажрыйба эле үйрөтөт бекен?
— Тажрыйба үйрөтөт экен. Башында бак тиксе эле өсө берет деген түшүнүктө болдук, отоо чөптөн жаңы тигилген көчөттөр көрүнбөй калчу. Кээде сугарылбай, жалбырагынан суу сурап турганы көрүнөр эле. Кийин бактын бийик өскөнүн көрүп сүйүнүп жүрө бердик. Көрсө, гиластын бийик өскөн өзөктүү бутагын кыркып, боюн бутагына кетирүү керек экен. Бакчама 3-4 жыл болгондон кийин Кадамжайдан келген багбан балдарга чарбамды көрсөттүм. “Көрдүңөрбү, бийик жакшы өсүп атат” десем, “агай, мындай болбойт” деп туруп бийикке кеткен бутагын кыркып салышты. Ошондон кийин бакты кандай буташ керек экенин үйрөндүм. Шабдалынын түшүмүн жеп атканыбызга сүйүнүп жүрө берет элек, аны да убагында бутап турбаса 4-5 жылдан кийин кара өзөк болуп куурап калат экен. Бир сыйра эккен шабдалы ошентип куурап калган болчу. Азыркыларын көрсөтүп бергендей бутап карап атам, мындайда ал жыйырма жыл жашайт.

— Башкаларга өзүңүз колдонуп жүргөн кандай ыкмаларды сунуштай аласыз?
Бакты тигип атканда чаңдаша турган сортторун аралаштырып тигүү керек. Себеби башка сорттогу кокон гиластар бири-бири менен чаңдашат. Ал жок болсо бактын түбүнө бал челек койсоң жакшы чаңдашат. Азыр мен бал менен иштешкен балдардын челегин койдум, буюрса, бара-бара өзүм бал челек кармайын деп пландап жатам. Атамдын 20-30 бал челеги бар эле, жанында жүрүп бал челек кароонун жолдорун үйрөнүп алгам. Кийин студент, аспирант кезимде да аларды карап жүрдүм. Бул жаатта тажрыйбам бар.
Эрте жазда бакты сөзсүз түрдө дарылоо керек. “Фачо” деген дары бактын кабыгын оорулардан сактайт. Муну бак гүлдөй электе сабагына сээп чыгабыз. Бакты органикалык таза продукт деп европалык сертификат да алгам. Андыктан дарылаганда химия эмес, органикалык дары колдоном. Бул жемиштин сапатына түздөн-түз таасир этет. Топуракты кык менен азыктандырам. Курамында химия жок биогумустун суюгу чыккан, ошону пайдаланабыз. Бакты сууктан сактай турган дары чыгыптыр, аны атайын аппарат менен бактын гүлдөрүнө чачтырып чыктык. -1 градус суукка чейин туруштук берет экен, бул дары бакты 60 % үшүктөн сактайт деген кепилдиги бар.

— Бак деле адам сыяктуу ооруйбу?
— Бак ооруганда эч бир дары жардам бербей, зээниңди кейитип ооруйт. Мисалы, бактериялык күйүк деген оору бар экен. Аны менен эки катар кокон гиласым ооруп куурап калды. Аба аркылуу келди окшойт, азыр Чүйдө, Көлдө ушул оору коркунуч жаратып жатат. Оору бактын жогору жагынан башталып тамырына түшөт экен. Эрте билгенимде ошол куураган сабагын жоон бутагына чейин кыркып,өрттөп салмак экенмин, мен улам карарган жерин эле кырка берип ооруну бактын өзөгүнө өткөрүп жибердим. Дары саткандарга барсам улам бир дарыны жардам берет дей берди, мен чачып дарылап көрүп убакытты өткөрүп алдым.

— Жемишти чымчыктардан кантип коргойсуз?
— Чымчыктан коргоно турган ыкма – креолинди идишке куюп бакка байлап койсо, ошонун жытына чымчык келбейт. Азыр чымчыктан запкы жеген деле жокпуз, анын өзүнүн деле ырыскысы бар да. Терип жейт. Коркунуч жараткан чымчык кара жалак деп аталат. Ал малинанын даамын сезип калгандан кийин жөн койбой бышканын жеп талкалайт экен. Былтыр малинадан көп түшүм албай калдым. Аны тир менен аткандан башка ыкма жок.

— Чоң чарбага өзүңүз жалгыз жетишесизби же киши саласызбы?
— Бутаган учурда багбан жигиттерди чакырам.Дарылаганда  1-1,5 күн тынбай иштөө керек болот, ошол учурда да дарылай турган адамдарды чакырабыз. Тууган-уруктан келип жардам беришет. Өзүмдүн балдарым да бак караганды үйрөнүп калышты.

— Тапканыңыздын баарын ушул жакка чаптай берип тажаган учуруңуз болобу?
— Кээде чыдамың кетет. 6 гектар жерди айландыра терек тигип курчаган элем. Быйыл кышында жылкылар теректи кажып кетиптир, териси сыйрылгандан кийин ал терек куурап калат. Айла жок арасынан он бештей теректи катары менен кыюуга туура келди. Алча ооруп, биринен бирине өткөндө бул иш болбойт окшойт деп ойлоп кетем. Эки жакка иш сапарыма чыгып кетип жетишпей калган учур болот. Кээде үй-бүлөм менен ойлонуп сатып жиберип башка иш баштасакпы дейм, кайра бакчасыз жашообузду элестете албай кетебиз.

— Бакчага канча убакытта бир барасыз?
— Шаардагы жумушум саат беште бүтөт, дароо бакчама жөнөйм. Алтынчы, дем алыш күндөрү үй-бүлөм менен ошол жактамын. Жубайым медицина кызматкери, жумушумду таштап бакта эле жүргүм келет дейт. Бара-бара ал жакка жашаганга үй салып, канаттуу кармап, күнөскана иштетүү ниетибиз бар. Жемиштин кандай бакта бышаарын билбеген шаардыктар кездешет. Алар “өзүбүз барып көзүбүз менен көрүп, терип кетпейлиби” деп көп кайрылып атышат. Ушундан улам алар үчүн шарт түзүп, келип каалагандай жеп, анан үйүнө сатып ала кете тургандай жай ачсакпы деп ойлонуп жүрөм. Чет мамлекетте ушундай жайлар көп, үй-бүлөң менен бир суммадагы акчаны төлөп киресиң. Кыдырып каалаган жемишти жейсиң, кетип жатып өз колуң менен терген жемиштин килограммына жараша төлөп ала кетесиң. Ал үчүн келген кардар отуруп эс алгыдай чарпая салып, керектүү шарттарды түзүү керек. Буюрса, бул акырындык менен ишке аша турган идея.

— Балдарыңыз багбанчылыкка кызыгабы?
— Төрт уул, бир кызым бар. Чоң балам кызыгып кетти, өзү карайт, сугарат, бутайт. Бир балам Европада окуп жатат. Калган балдарым жардам берет. Балдарым шаарда өскөн, кара жумушка жок эле. “Кеттик бакчага” десем кабактары бүркөлүп, тажашчу. Анан мен эрте бышкан өрүктүн сортун терип келип, жашаган жердин короосуна коюп биринчи күнү улуусуна саттырдым. Өзүнө 3-4 миң сом акча кылып алды, эртеси күнү экинчи уулум “мен сатам” дейт. Кийин кичүү балдарым “биз деле сатабыз” деп кызыга башташты. Бул кадам балдарым үчүн жакшы шык болду. Азыр баары баш-оту менен киришип иштеп жаткан кези. Июнь айынын башында бахар деген гиластын сорту бышат, июлда кийинки сорту жетилип калат, биринин артынан бири өрүк, шабдалы, малина, алма бышат. Жыл бою үзгүлтүксүз киреше түшүп тургудай кылып пландап тиккен болчумун. Бирок үзгүлтүксүз киреше ала турган мезгилге жете элекпиз. Буюрса, убагы келгенде жашоого кеңири жете тургандай каражат тапса болот.

— Жер иштеткенде жан дүйнөңүз эс алабы?
— Шаардын ызы-чуусунан чыгып ал жакка барганда бүт санааң унутулат. Дайыма кыймылда болуп, бактын арасындагы чөп чаап, кетмен менен иштегенде денеңе кан жүгүрүп, тердеп эс аласың. Апам биздин колдо, ал киши да биз менен кошо келип кара жумуш жасап эс алганды жакшы көрөт.

Анара Дүйшөналиева

СоӊкуБала жана китеп
КийинкиПсихолог, тренер Каныкей Сейитказиева: Аял — мамиленин аяры