Негизгиге Интервью Бейшенбек Бекешов, журналист: Аягына чыгара турган ишти гана колго алам

Бейшенбек Бекешов, журналист: Аягына чыгара турган ишти гана колго алам

414

Бейшенбек Бекешов, журналист: “Аягына чыгара турган ишти гана колго алам”

Кыргыз журналистикасында белгилүү, беделдүү орду бар, маңыздуу жана маанилүү кѳрсѳтүүлѳрдүн автору Бейшенбек Бекешов азыр “Айыл азыгы” деп аталган дүкѳнүн дүңгүрѳтѳ иштетип жаткан учуру. Агайдын ѳрнѳктүү ѳмүр жолу, нускалуу кеби кыргыз эли үчүн чоң сабак, мыкты үлгү.

Саламатсызбы, агай, дүкѳнүңүзгѳ баш баккан сайын бир иш менен алек экениңизди байкайм. Чарчабайсызбы?

— Жаш ѳткѳн сайын адам кара жумуштан тажайт экен. Бирок ден соолук үчүн кара жумуш керек. “Айыл азыгы” дүкѳнүнүн улам бир жерин жакшыртуунун аракетиндемин. Бирѳѳнү жалдап иштетүүгѳ азыр чама жок. Бирок Кудай буюрса, ѳзүмдү майда иштерден бошотуп чоң иштер менен алек болууну ойлоп жүрѳм. Дүкѳндѳгү ар бир азыкты алгач ѳзүм ѳздѳштүрүп жогорку сапатта жасап, сатууга коём. Аны башкаларга үйрѳтүп, тапшырган соң кийинки продукцияны үйрѳнүүгѳ ѳтѳм. Уй кымыз, ысык курут, сүрсүтүлгѳн эт, чучуктардын баары ѳз колумдан чыгат. Анан жыгач кармайм. Колунан кѳѳрү тѳгүлгѳн устанын уулумун. Атам оорунун айынан бир бутун жоон санынан кестирген. Ага карабай балдагы менен кенгурудай секирип гектарлаган жерди иштетип, ага катар ээр чаап жаны тынчу эмес. Атамдын бир ээри бир жылкыга бааланчу. Он эки айда он эки жылкы табуу деген эмне шумдук. Атам чапкан ээр Түркиянын президентине мамлекетибиздин атынан белекке берилген. Устачылык уул-кыз дебей туугандарымдын баарында бар. Бул ѳнѳрүмдүн арты менен дүкѳндү баштан-аяк ѳз колум менен куруп, жыгач-ташынын баарын ѳзүм жасалгаладым. Устачылыктан ырахат алам.

Адатта чыгармачыл инсандар соодага чабал келерин кѳп угабыз.  Журналистикадан соодагерликке ѳтүү сизде кандай болду?

— Мүнѳзүм да, принцибим да ушул – бир нерсе кылсам маңызын чыгара, түбүнѳ чейин иликтеп туруп колго алам. Андай кылбай турган болсом ал ишке тийбей жѳн коём. Журналистик ишимде ишкерлик боюнча бир канча кѳрсѳтүүлѳрдү жасап, ийне-жибине чейин иликтегем. Соодада ушундай тажрыйбам болчу десем болот. Дүкѳндү ишке киргизерде бир тыйын да насыя албай, арам аралаштырбай, бир туугандар чогулуп баарын ак эмгек, маңдай тер менен баштадык. Кудайга шүгүр, аракетибиз берекелүү болуп 7-8 айдын ичинде кардар топтоп, кадырлуу орунга айланды. Расмий ачылышын дүкѳн бир аз буттан турганда кылалы дегем, ал кез келгенде ачылыш кылуу зарылчылыгы жоюлуп кетти. Дүкѳн ачылган биринчи күнү 5-6 миң сомго соода болуп кубанганыбыз ачылыш катары эсте калды. “Айыл азыгында” ар бир продукция экологиялык жактан таза, адал. Ушул артыкчылык менен элге алындык. Учурда Ош шаарында да ачылды.

Башка аймактарга да ачуу планыңыз барбы?

— Ооба, колум кара жумуштан бошосо кеңейтүүнү колго алам. Ага чейин элге “аты меники, акчасы сеники” деген принцип менен сунуштагам. Дүкѳндүн атын алып ачкан адам пайда тапса да, күйсѳ да ѳзүнүн иши болот. Эгер ишибиздин кадырын түшүрүп ичимдик, арам азык, импорт товарларды сатса жаап салуу укугум бар. Ушул келишимдин негизинде Айнура деген ишкер кыз Ош шаарына ачты. Дагы бир кыз Жалал-Абадга, бир жигит борбордун Туңгуч районуна ачууга аракет кылып жатышат. Ишкерликке киришкени бул нерсеге айрыкча ишендим. Бизде акылдуу, кѳрѳгѳч ишкерлер аз экен да, “тез эле акча таба калсам” деген шылуундар кѳп экен. Аларга элдин саламаттыгы бир тыйын. Биздин иштин максаты – элге таза азык жеткирүү. Элибиз да акырындан таза азыкка маани берип, ага ѳтүп баратат.

Телени сагынасызбы?

— КТРде жалпы 20 жылдай иштедим. Мен ѳткѳндү кѳксѳгѳн киши эмесмин. Ар дайым алдыга умтулмай. Максаттарымды ишке ашырганга убакыт артпай убарамын. Андыктан теленин ишин сагындым дебейм. Бирок ошол кесиптин шарапаты менен эл кыдырып, жер кѳргѳндү сагынам. Ѳзгѳчѳ “Коломто – рух ордосу” берүүм менен элди кѳп кыдырдым. Кыргыздын жети дубанындагы кызыктуу инсандар тууралуу кеп чыкса биринчи жетип барчу элем. Андан да сагынганым жазуу, сѳз менен иштѳѳ. Менин кесибим теле кызматкери эмес, гезитчи журналист. Тагдыр эле телевизионщик кылып койду. Ѳмүр бою жазуу менен алек болуп келатам. Сѳз ѳнѳрү билгенге чоң дүйнѳ, ырахат, изденүү. Дин тууралуу кыргызча китептер дээрлик жок кезде алгачкылардан болуп кыргызчага котордум. Далай китептерге редактор болдум. Арасынан “Эл наркы” кѳрсѳтүүсүнүн негизинде басылган китебим жакшы эмгек болду. Буюрса, аны окуу курал катары жасап чыгуу максатым бар. Ошол ишти колго алсам дегенден эки кѳзүм тѳрт болуп жүрѳм. Азырынча жазмакерлигим блогерлик менен аздан ишке ашып жатат. Кенедей текст жазсам да аябай ойлонуп, мээмде бышканда гана чыгарам.    

Дин менен жашоого ѳткѳнүңүзгѳ кѳп болдубу?

— Ислам дининде беш маал намаз менен жашап келатканыма 20 жылдан ашты. Динге күч менен, зордук менен келет деп түшүнгѳндѳр бар. Жок, адам динге акыл менен келет, акылым менен келдим. Дин боюнча кыйын молдолордон ашык болбосо дагы кем билбейм. Окуп, изилдеп, динди тааныган сайын жан дүйнѳгѳ тынчтык берген жашоо ушул жакта экенин билдим. Кудай деп тынч жашоомду жашап келе жатам.

Балалыгыңыз жана балдарыңыз тууралуу айта кетсеңиз?

— Окуучу кезимде эле чиймелеп калчумун. Чоң энем атын гана жаза алчу. Кара жумушка жалкоо элем. Чоң энемдин тамга тааныбаган, окуу китептери менен башка китептерди ажыратып тааныбаганынан пайдаланып тапшырма аткарымыш болуп китеп окуп жата берчүмүн. Анымды аңдабаган чоң энем мени сабагын окуп алсын деп башкаларга да жумшатпай койчу. Ошентип окуп жүрүп айылдын чакан китепканасында мен окубаган китеп калган эмес. 6-7-класстардан баштап жазгандарымды гезиттерге жѳнѳтѳ баштадым. Гезит чыккан соң атым аталып, жетине албай андан бетер берилип жаздым. Гезитке басылган эмгектерим бир чоң папка толтура болду. Аным жогорку окуу жайга тапшырганда керекке жарап окууга ѳтүп кеттим. Алты баланын атасымын. Улуу кызым журналист, кыйын кыз. Тилекке каршы, жолдошу каза болуп калып тѳрт баланы жалгыз бой багып калды. Экинчи кызым үй-бүлѳсү менен Москвада жашайт, дарыгер. Уулум Пакистандын элчилигинде иштейт. Кичүү кызым борбордо. Кенже уулдарым башталгыч класстын окуучулары. Кичинекейлеримдин апасы ЭлТРде журналист болуп иштейт.        

Гүлайым Калыбекова

СоӊкуБолгар калемпирлерин кышка даярдоо
КийинкиОнлайн окуу ойдогудай ишке ашып жатабы?