Негизгиге Күндүн темасы Онлайн окуу ойдогудай ишке ашып жатабы?

Онлайн окуу ойдогудай ишке ашып жатабы?

74

Онлайн окуу ойдогудай ишке ашып жатабы?

Окуучулар март айынан бери аралыктан окуп жатышат. Онлайн окуу балдарды эле эмес, ата-энелерди кошо стресске кептеп, ансыз да араң жылган билим тармагы такыр эле аксап калганын жашырып болбой калды. Окуучусу бар ар бир үйгѳ кѳйгѳй жаратып жаткан онлайн окуу чындыгында канчалык деңгээлде ишке ашып жатканын карапайым элдин оозунан угууга аракет кылдык.     

Айпери, Бишкек шаары: “Мен оорулуу балам менен жүргѳндѳ үч балам сабакка катышпай калышат”

  • 11-7-3-класстарда окуган үч балам бар. Баары Бишкек шаарындагы №91-мектеп-гимназиясында билим алышат. 5 жаштагы кичүү уулум 24 саат бою кароого муктаж. Мага онлайн окуу такыр жаккан жок. Жаңы теманы 10 мүнөт сыналгыдан айтып берип, 20 мүнөт вотсаптан түшүндүрүүгө аракет кылышат. Анда деле жеткиликтүү түшүндүрө албай калышат экен. Анысы аз келгенсип окуу китептери да жетишсиз. Онлайн сабак башталгандан үй-бүлөбүздөгү эң чоң көйгөй – баарыбызга бир телефон. Көзгө басар жалгыз телефонду үч балам кезектешип пайдаланышат. Бирок үчѳѳ тең окуп бүтүүгѳ жетпей интернеттин ылдамдыгы түгөнүп калат. Мен мүмкүнчүлүгү чектелген балам менен ооруканага кетип же жатып калганда телефонду алып кетүүгө аргасыз болом. Андай учурда балдарым сабактарына катыша албай калышат. Ошол себептен мектепке барып акыбалымды түшүндүрүп айтып, алдын ала эскертип да келгем. Андан сырткары райондун акимине барып убактылуу колдонуп турууга же насыяга бир телефон берүү тууралуу арызды да жазгам. Жакында майып балам менен кайра реабилитациялык борборго кетип калсам “балдарым кантип окуйт?” деген көйгөй санааркатып жатат. Жолдошум жалгыз иштейт, анын тапканы дээрлик майып балама эле кетет. Мындай шартта башка балдарыма телефон сатып бере албашыбыз белгилүү.  

Ракыя, Баткен району: “Неберем кошунанын телефонунан окуп жатат”

  • Жашоо-шартка байланыштуу уул-келиним Орусияга иштеп кетишкен. Уулун мага калтырышкан. Неберем 3-класс. Неберем экѳѳбүздѳ заманбап телефон жок, баскычтары менен болгон эски телефон эле колдонобуз. Онлайн окуу башталгандан бери неберем күнүгѳ кошунанын үйүнѳ барып кызынын телефону менен окуп келип жатат. Кээде ал кошунабыз тоого кетип калат. Анда алысыраакта жашаган башка коңшуга барат. Ал да жок болсо ошол күнү окубай калат. Өзүм сабактарына жардам бере албайм. Неберем: “Эне, телефон алып бериңизчи, кошуналардын үйүн кыдыргандан тажадым”,- дейт. Атасы чет жерде кыйналып келе албай жатат. Небереме телефон алып берүүгө ѳзүмдүн каражатым жетпейт.

Назгүл, Лейлек району: “Төрт балам бир телефон менен окуп жатышат”

  • Мен төрт кыз, эки эгиз уулдун энесимин. Кыздарым 6-4-1-класстарда окушат. Баары бир телефон колдонушат. Эки кызымдын сабагы бирдей башталганда телефон талашып урушуп да кетишет. Улуу кызымдын сабагы эртең менен, ортончу кызымдыкы түштөн кийин башталганы менен көп эле учурда телефон бир маалда керек болуп калат. Дагы жакшы, 1-класс кызым мектепте окуйт. Бирок анын мугалимдери деле тапшырма, маселелерди группага жаза беришет. Андан тышкары төртүнчү кызымдын бала бакчасынан да СМСтер тынбай келет. Аларды караганга мага телефон артпайт. Эски аппарат болгондуктан үч класстан видео, билдирүүлөр келгенде көтөрө албай телефон өчүп калат. Оңдотоюн деп барсам 350 сом дейт. Оңдото албай келе бергем. Анткени биз үчүн бул чоң эле акча. Өзүбүз чала бүткөн үйдө жашайбыз, жолдошум Орусиядан жакында араң келди.     

Эшимова Миргүл, Баткен районунун Паскы-Арык айылындагы Муса Кадыр атындагы мектептин башталгыч классынын мугалими: “Алты айдан бери окуучуларымды көрө элекмин”

  • Мугалимдик кесипти аркалап келе жатканыма кырк жылдын жүзү болду. Кырдаалга байланыштуу балдарды үйдө окутуп жатабыз. Чындыгында, онлайн окуу бардык эле мугалимдер үчүн татаалыраак болууда. Мен го, башталгыч класстын мугалимимин, ашып кетсе отуз окуучуну карайм. Ал эми предметтик мугалимдер ар бир класстын тапшырмасына жооп берүүлөрү абзел. Улуу муундагы адамга техниканы өздөштүрүү кыйыныраак экен. Өзүм телефон, ноутбукка байланыштуу сабагыма керек нерселерди мугалим келиним жана студент кызымдын жардамы менен билип алдым. Билбеген учурда алар келип жардамдашышат. Онлайн түрдѳ болсо да темаларды жеткиликтүү түшүндүрүп, видеороликтерди жасоого аракет жумшоодобуз. Телефондон болсо да ар бир окуучунун тапшырмасын ар башка текшерип, кайра жеке түшүндүрүп берип жатабыз. Анткени башталгыч класстын бир окуучусунун тапшырмасын текшерип, башкасыныкын карабай койсоң “эжеке, меникин баалап коёсузбу?” деп сөзсүз капаланып чалышат. Балдардын тапшырмаларын текшерип эле кайра кийинки сабакка даярдана баштайбыз. Онлайн окутуу мугалимге да, окуучуга да аргасыздын иши болду. Телефонунда бирдик болбой же жеке телефону жок балдар сабакка катыша албай эле калып жатышат. Балдарымдын көпчүлүгү минтип сабакка катыша албай жатканда “Zoom” программасына кошуп берүү үчүн окуучуларымдын ата-энелерин үйүмө чакырган элем. Ата-энелер күзгү талаа иштеринен бошобой балдарын жиберишиптир. Көптөн бери форма кийе элек үчүнбү, балдарым форма кийип, сумкасын асынып алып келишти. Ошондуктан окуучуларымды эшикте калтыра албай үйгө киргизгем. Алардын телефондорун жаңы программага кошуп берип улам четинен кетирип жаттым. Ушинтип жакшы кылууга тырышканыбызга болбой аралыктан окуу окуучулардын билимине кедергисин тийгизип жатат. Кээде балдар телефондон окуп берген тексттерди туура эмес окуп же кайталап жатканын көрүп аябай өкүнөм. Азыр онлайн сабакты мектептен өтүп, тапшырмаларды берип жатам. Жоопторду үйгө келип алам. Мага министрлик тарабынан ноутбук белекке беришти, аларга ыраазымын.

Психолог, Айгүл Ысыкеева: “Онлайн окуу балага стресс, тынчсыздануу алып келет”

  • Окуу процесси деген окуу эле эмес. Классташтар жүз кѳрүшүп жолугуп, жандуу талкуулашып, тыныгуу учурунда ойногондору окууга таасирин тийгизет. Эгер балага бир нерсе түшүнүксүз болуп жатса, башка балдар доскага чыгып айтып берип жатканда өтүлгөн материал дагы бир жолу кайталанып, теманын кабыл алынуусу жакшырат. Онлайн окуу ийгиликтүү болуусу үчүн натыйжалуу методика болуусу абзел. Мугалим аны жакшы өздөштүрүп, балдар менен онлайн программа менен иштөөнүн эрежесин анык билүүсү керек. Онлайн окуунун процессин окуучу түшүнүп жатабы же жокпу, ата-энеси да аралашып жардам берүүсү керек. Себеби бала түшүнбөгөн темасын мектептегидей мугалиминен түз сурай албайт. Кээ бир учурда баланын суроосуна ата-энелери да жооп таба албай калышат. Ошондуктан онлайн окуу бала үчүн чоң стресс, тынчсызданууну алып келет. Көп белгисиздиктер болгондо баладагы ишеним, кызыгуу да жоголот. Тапшырманы эптеп-септеп аткарат. Компьютердин алдында көп отуруудан чарчайт. Онлайн окуунун азыркыдай деңгээлде уюштурулуп жактаны абдан өкүнүчтүү. Кесиптешимдин үч баласы бир телефон менен окуп жатканын көрүп зээним кейийт. Алар мага балдары менен көп конфликтке барып жатканын айтышат. Менин бир гана кеңешим – ушундай кырдаалга кептелип калганы үчүн баланы аяшыбыз керек. Анын күнөөсү жок. Материалды өздөштүрүү маанилүүбү же баланы сактообу, экөөнүн бирин тандоого туура келет. Менин оюмча, баарыбызга балабыз маанилүү.    

Айгерим Токтобай кызы         

Жооп калтыруу

Please enter your comment!
Please enter your name here