Негизгиге Ден соолук Кавасаки оорусу эмнеси менен кооптуу?

Кавасаки оорусу эмнеси менен кооптуу?

895

Ушул тапта дүйнө жүзүндө жана жакынкы коңшу өлкөлөрдө Кавасаки синдромуна чалдыккан балдардын саны өсүүдө. Бул илдет бизге да жетүүсү мүмкүн деген кооптонуу бар. Саламаттыкты сактоо министрлиги жумушчу топ түзүп, балдардын бул илдетин дарылоого даяр турган кези. Ар бир ата-эне бул оору жөнүндө төмөнкүлөрдү билип алганы оң.

Японияда кеңири тараган оору
Япониялык педиатр Томисаку Кавасаки 1961-жылы балдардын арасында түшүнүксүз оорунун жүрүп жатканын байкаган. Балдардын симптомдору бирдей болгонунан улам иликтөө жүргүзүп себебин жана дарылоо жолун таап чыккан. Ушундан улам 1967-жылы аталган ооруга Кавасаки деген ат коюлган. Педиатр быйыл июнь айында 95 жашында каза болду.
Кавасаки – 2 айлык баладан 12 жашка чейинки балдарда, айрым учурда 21 жашка чейинки адамдарда кездешет. Организмге кирген инфекция майда кан тамырларды сезгентет. Мындан улам кан айлануу системасы бузулат. Анын натыйжасында тромб пайда болот. Кан айлануу бузулгандан улам денеде бүдүр кызыл тактар пайда болот. Коронавирус инфекциясы менен Кавасакинин кандай байланышы бар экени ушул тапта изилденүүдө. Айрым адистер аталган оору Кавасаки эмес, башка дарт болушу да мүмкүн экенин айтып чыгышты. Себеби учурда дүйнөдө жүрүп жаткан оору жүрөккө башкача таасир эткенин айтышууда.

Бул оорунун белгилери тездик менен улам бир баскычтан экинчисине өтүп отурат. Инфекция жуккандан соң 2-3 жумадан кийин төмөнкү белгилер байкала баштайт:
Баланын эрини көгөрөт, дем алуусу оорлойт;
— ымыркайлар тынымсыз ыйлайт, айрымдарын уйку басат;
— оору башталгандагы биринчи белги – көздүн ичи кызарат;
— алгач дене табы 39 градус же андан да жогору болушу мүмкүн. Калтырап-титиреп, чыйрыгуусу мүмкүн. Бул абал 4-5 күнгө созулат;
— бала шалдырайт, айрымдарынын ичи өтүүсү же жөн гана оорушу мүмкүн;
— денеге, колу менен бутуна кызарган темгилдер, бүдүрчөлөр чыгат;
— ээктин, ооз көңдөйүнүн ичи кызарып, эриндин жарылуусу келип чыгат. Тил кызарып кетет;
— алакан, таман шишип кетүүсү мүмкүн;
— моюн бездери сезгенип шишийт.
Бул симптомдор 4-6 күндүн аралыгында тездик менен өрчүп отурат. Ал эми оору дарылагандан тартып жалпысынан 3-8 аптага чейин созулушу мүмкүн.
Бул белгилердин баары организм инфекция менен күрөшкөндө ага күч келгенден улам келип чыгат.

Кавасаки өрчүп кеткен учурда:
— Биринчи кезекте жүрөк-кан тамыр системасы жабыркайт. Айрым балдар оорунун оордугуна жараша инфаркт алуусу мүмкүн.
— Ашказан, уйку безинин сезгенүүсү күтүлөт. Бул катуу ич өтүү, кусуу менен коштолуусу мүмкүн.
— Өпкө жабыркап пневмонияга алып келет.
— Нерв системасы жабыркап мындан улам менингит, эпилепсия оорусуна кабылат.
— Бул дарттан каза болгон балдар сейрек кездешет. Көбүнчө тубаса жүрөк оорусу бар балдар үчүн кооптонуу жаратат. Эң негизги коркунуч – тромб.  

Дартты аныктоо жана дарылоо ыкмасы:
— Жогорудагы белгилер байкалганда токтоосуз баланы дарыгерге алып баруу керек. Алар кандын, зааранын анализин алышат. Кошумча өпкөнүн рентгени жана эхокардиография жүргүзүлүүсү мүмкүн.
— Алгачкы симптомдор менен барган балдарды дарылоо жолу жеңилирээк болот. Алгач канды суюлтууга аспирин жана иммуноглобулин колдонулат. Дарылоо башталгандан тартып бир сутка аралыгында баланын абалы жакшыра баштайт. Ал эми оору өрчүшүп кеткен учурда бейтаптын абалына жараша кошумча дарылануу колдонулат.

Ата-энеге кеңеш!
— Курч өтө турган оору көбүнчө иммунитети төмөндөп кеткен балдар үчүн кооптонуу жаратат.
— Эгер балаңыз коронавирустун жеңил түрү менен буга чейин ооруган болсо, анын ден соолугуна өзгөчө кылдат болуу керек.
— Аймактык дарылоо бөлүмүнүн дарыгерин балаңыз коронавирус менен ооруган болсо, кабардар кылып коюу ашыкча болбойт.
— Жогорудагы симптомдордун бири эле байкалса дароо тиешелүү дарылоо бөлүмүнө кайрылуу зарыл.
— Көбү аталган белгилерди сасык тумоо менен алмаштыруусу мүмкүн. Андыктан бала Кавасаки синдромуна кабылганын же катардагы сасык тумоо экенин анализдердин негизинде гана дарыгер аныктай алат. Үйдө кармап, өз алдынча дарылоо кооптуу.
— Баланын гигиенасына кылдат көңүл буруңуз. Коомдук жайларга түшкөндө сөзсүз колун антисептикалык каражат менен тазалап, эл көп жерден бет кап тагынуу керек.
— Баланын тамактануусуна, физикалык абалына маани бериңиз. Иммунитетин көтөрүүнүн аракетинде болуңуз.

Иммунитетти көтөрүүнүн жолдору
Жаратылыштан төрөлгөн балдардын 10%ы гана күчтүү иммунитет менен төрөлөт. Калган 90% балдардын иммунитети жашоо шартынан жана айлана-чөйрөсүнөн көз каранды. Балаңыздын иммунитетин көтөрүү үчүн эң жөнөкөй эрежелерди эске алсаңыз болот.

Үйдөгү жагымдуу кырдаал – балага чоңдор кыйкырганда стресс болору илимий жактан далилденген. Кенедей стресс баланын организмин алсыздандырат. Вирус организмдеги ар бир клетканын ичинде жашынып турган болот. Жана организмдин алсыздануусун күтүп турат.

Туура режим – бир убакта ойгонуп, толук кандуу уктап эс алган организмде гормондордун бузулуусу болбойт. Мындай организмди сарамжалдуу жана узак убакыт иштеген машинага салыштырса болот. Бир убакта тамактанууну, ойногонду жана эс алганды кичине кезинен калыптандырган оң. 7-8 сааттык уйку чың саламаттыктын кепилдиги болуп берет.

Туура тамактануу – Иммунитет инфекцияга туруштук берүүсү үчүн А витаминине  (каротин) бай азыктарды бериңиз. Бул чийки сабизден жасалган салат, ашкабак кошулган тамактар, каймак жана жумуртка. В витамини зат алмашууну, кандын айлануусун жөнгө салат. Бул витаминге сүт жана эт азыктары, гречка, капуста жана укроп кирет. С витаминине бай жер жемиштин бардык түрүн күнүнө 1-2 ирет берип турган пайдалуу. Балдарга үч маал тамактануудан сырткары күнүнө 2 ирет жеңил тамактарды берип турган оң.

Таза аба – Кеминде эки саат күндүн нурунда ойноо, сейилдөө баланы Д витамини менен камсыз кылат. Жана бул ыкма иммунитетти көтөрүүнүн натыйжалуу жолу болуп саналат. Кыштын суугу, бүркөк аба ырайы болгон күндө да бала таза абага чыгуусу зарыл. Негизги эреже – баланы тердеп же үшүп калбагыдай кийинткен оң.

Тазалыкка үйрөтүү – Сырттан келгенде, дааратканага барганда колду жууганды кичинесинен калыптандыруу зарыл. Бала үчүн тамактын жана мурундун көңдөйү таза болгону маанилүү. Маал маалы менен тамакты, мурунду чайкоону үйрөтүңүз. Инфекция ушул жолдор аркылуу өтүп канга бат аралашат.
Үйдүн жылуулугу 20-22 градус, нымдуулугу 50-60% болгондо аба жакшы алмашып, вирустун топтолуусун алдын алат.

Анара Дүйшөналиева




СоӊкуОнлайн окуу ойдогудай ишке ашып жатабы?
Кийинки1-класстын окуучусун мектепке кѳндүрүү