Негизгиге Ден соолук Оорубайм жана картайбайм десеңиз чуркаңыз!

Оорубайм жана картайбайм десеңиз чуркаңыз!

820

Кандай спорттун түрүнө ыктабаңыз, баары чуркоодон башталат. Чуркоо –организмди көптөгөн оорулардан сактайт. Ал эми пайдалуу жагы өтө көп. Эгер чукоо менен алектенүүнү баштайын десеңиз, алгач бир ирет дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп жана төмөндөгү эрежелерди эске тутуу ашыкча болбойт.

Чуркоонун пайдасы

1. Чуркоо зат жана кан айланууну жакшыртат. Организмдин картаюу процессин жайлатат.
2. Иммунитетти бекемдейт. Дайыма бир маалда чуркоо адатын алып жүргөндөрдүн организми майда ооруларды тоготпойт.
3. Чуркоо учурунда денеге күч келет, жыйынтыгында организм сөөккө керектүү минералдарды бөлүп баштайт. Ал минералдар сөөктүн тыгыздыгын арттырат, жыгылууда же жараат алганда сөөк сынып кетүүдөн же жарака алуудан сак болот. Чуркоо учурунда буттагы байламталар бекемделет. Тизе, жамбаштан жараат алуу коркунучу азаят.
4. Бул спорт менен машыгуу учурунда адам өзүн бактылуу сезет. Анткени серотонин гормону бөлүнүп чыгат. Бул гормон канчалык көп иштелип чыкса, стресстен ошончолук алыс болосуз.
5. Өпкөнү жана бронха жолдорун бекемдеп, алардын жакшы иштөөсүн шарттайт.
6. Кан басымды калыпка салат. Чуркоо учурунда артериялар бирде кеңейип, бирде тарып турат. Мындан улам жогорку жана төмөнкү кан басым коркунучу жаралбайт.
8. Бир саат үзгүлтүксүз чуркоо орточо 800 калорийди сарптайт. Ашыкча салмактан арылуунун эң арзан жана натыйжалуу жолу чуркоо деп айтылат.
9. Чуркоо кан айланууну жакшырткандыктан, кандагы канттын деңгээлин бир калыпта кармап турат. Андыктан кант диабетин алдын алууда жардамы чоң.
10. Чуркоо учурунда нерв система менен нерв тамырлары ордуна келип адам тынч алат. Бул учурда адам өзү менен өзү болуп ойлонууга жана туура чечим чыгарууга жөндөмдүү келет.
11. Нерв системасы бекемделген учурда адамдын уйкусу жакшырат. Эртең мененки чуркоо организмди токсинден тазалап, зат алмашууну жакшыртса, кечки чуркоо уйкуну бекемдейт. Ал үчүн уктаарга 2 саат калганда машыгуу керек.
11. Ритмде чуркоо ичегилерге жасалган массаж болуп саналат да ичегилердин иштөөсү жакшырат.

Кимдерге чуркаганга болбойт?
— Глаукома, көздүн көрүүсүндө олуттуу көйгөйү барларга болбойт. Себеби чуркоо учурунда көздүн айнек челине күч келет.
— Жүрөк оорусу барларга, анткени чуркоодо биринчи кезекте жүрөк кан тамырлар кеңейип, жыйрылып турат.
— Сасык тумоо учурунда болбойт, абал кескин начаралап кетүүсү мүмкүн. Толук айыгууну күтүңүз.
— Омуртка грыжалары барлар, муун, сөөк оорусунан жапа чеккендерге сунушталбайт. Себеби биринчи кезекте ушул органдарга күч келет.
— Жогоруда чуркоо учурунда өпкө менен бронха активдүү иштейт дедик. Демек, бул органдар ооруган учурда чуркаган болбойт. Өпкө оорусу барлар да бул спорттон баш тартканы оң.
— Ашыкча салмактан (мисалы, өзүңүздүн нормаңыздан 15-20 килограмм ашык болсо) жабыр тартсаңыз, сизге чуркоо сунушталбайт. Биринчи кезекте жүрөк кан тамырларына жана тулку боюңузга, бел омурткага, тизеге эки эсе күч келет. Алгач бат-бат басуудан баштап салмактын нормасына жакындагандан кийин гана чуркоону баштасаңыз болот.

Чуркоо үчүн алгачкы кадамдар
1. Чуркаганга ыңгайлуу жер тандаңыз. Унаа көп жүрбөгөн жер болгону жакшы, себеби андан чыккан түтүн өпкөгө зыян. Стадион, сейил бак, токой ыңгайлуу жай болуп саналат. Чым жерди тандаңыз, асфальт жер омурткага, бутка күч келтирет.
2. Эң ыңгайлуу бут кийим, форма алыңыз. Мисалы, шым белден өйдө тыгыз отурганы жакшы. Чуркоо учурунда шыпырылып сизге ыңгайсыздык жаратпайт.
3. Алгач денени жибитип 5 мүнөттөн кем эмес көнүгүү жасаңыз. Бутту-колду чоюп, отуруп-туруп машыгыңыз. Чуркоону машыгуу залында баштасаңыз, алгач 20-30 мүнөт тез-тез басып, андан кийин гана баштаган оң.
4. Чуркоо алдында жеңил тамактануу керек, мисалы, 200 грамм суу, жашылча-жемиш ылайык. Тоюп алып чуркоо болбойт!
5. Алгач жай чуркап, андан кийин ылдамдыкты жогорулатып отуруу керек. Биринчи күнү 200-300 метр, кийинки күндөрү 100 метрден кошкон туура.
6. Чуркап атканда ооз менен эмес, мурун менен дем алуу керек.
7. Чуркап бүтөргө 3-4 мүнөт калганда кыймылды жайлатып, акырындык менен басып жүрөктүн согуусу бир калыпка түшмөйүн токтогонго болбойт.
8. Дароо суу ичүү да сунушталбайт, организмге күч келбеш үчүн 15-20 мүнөттөн кийин жылуу суу колдонуңуз. Ал эми тамактануу кеминде 30-40 мүнөттөн кийин болуусу керек.

Негизги эреже
Алгачкы күндөрү буттун булчуңдары ооруп акырындык менен көнөт. Бирок муундарда оорутуу, сөөктөр сыздап аткан болсо дарыгерге кайрылуу керек. Чуркап атканда буттун алдына эмес, бет маңдайга караңыз. Чыканакты 90 градуска бүгүп, колду көкүрөк тушка алып чуркаган туура.

Жөө күлүк Оболбек Осмонбеков: “Чуркоонун көп пайдасын көрүп келатам”\

Үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Ат-Башы районунун Талды-Суу айылынан Бишкекке чейин 440 чакырымды 5 күндө чуркап басып өткөн Оңолбек Осмонбеков жашоосун чуркоосуз элестете албайт. Чуркоонун пайдалуу жактарын жон териси менен сезген адам катары төмөнкүлөргө токтолду.

— Оболбек мырза, канча жашыңыздан бери чуркап жүрөсүз?
— 6-классымдан бери чуркап келем. Ортодо жашоо-шартыма байланыштуу чуркабай калгам, кийинки жылдары тыным албай эле чуркап келем. Бул нерсени сүйүүчү катары гана жашоодогу эрмегим десем болот. Чуркоонун көп пайдасын көрдүм, учурда 45 жаштамын. Мисалы, мындан 5 жыл мурда Бишкекке келип ичегилеримди текшертсем, деле бир соо жерим жок экен. Андан кийин кайрадан чуркоону жандантып, кийин Алматыга барып текшерилдим. Бир ооруган жеримди таба алышкан жок. Ошондо дагы бир жолу туура жолдо экениме ынандым. Боюм 178 см, салмагым 72 килограмм. Эртели-кеч дайыма чуркап турам. Негизи эле жашоом кыймылдуу. Курулушчу болуп иштейм, андан тышкары чарбамда мал тейлеп жаным тынбайт.

— Балдарыңыз да чуркайбы?
— Эки кызым, төрт уулум бар. Кыздарымды кечки саат төрттөн баштап эле чуркагыла деп кыйнай берчүмүн. Кийин өздөрү көнүп кетип чуркап калышты. Балдарым башынан эле чуркашат. Спорттун бул түрүнө үй-бүлөмдү эле эмес, көчөдө жүргөн бейтааныш адамдарды да үгүттөгөндөн чарчабайм. Өткөндө карантин учурунда айылдагы жаштар чуркап жатышты. Андайда кубанычым койнума батпай сүйүнүп калам.

— Жай айында Ат-Башыдан Бишкекке чуркап келдиңиз. Идея кимге таандык?
— Долбоорду жеке өзүм эле көтөрүп чыктым. Шаарда жашаган жээндеримди айылга чакырып чуркаган жатам десем “ушунча чакырымды басып өтө аласызбы, жөн эле койбойсузбу” дешти. Менин жанымда жөн эле унаа менен коштоп келе бергиле, чуркаганын өзүм чуркайм дедим. Ага чейин 40 күн машыгып даярдандым. Ошентип, жолго чыктык, Долондон ашканга чейин суук, шамал бетке уруп, бирде тердеп, кургап жакшы эле кыйналдым. Абалымды көргөн жакындарым чочулашты, бирок беттегенимди бербей чуркап келе бердим. Жолду катар 1 саат, 30, 20 мүнөт куш уйку салып, массаж жасатып эс алып жаттым. Жол боюндагы кафеге токтоп суюк, жеңил тамактар менен азыктанып жаттым. Ошентип, Бишкекке беш жарым күндө келдим. Спорт комитети кубогу менен тосуп алышты. Башында финишти аянттан кылалы дегенбиз, бирок карантин учуру болгондуктан элдин чогулуусун алдын алуу үчүн стадионго келип токтодум. Дарыгерлер кан басымымды текшеришти. Баары жакшы экени тастыкталды.

— Чуркаганыңыздын максаты кандай эле?
— Жаштарды сергек жашоого үндөө. Азыр жаштар үч аялдама жөө баскандан эринишет. Кыймылсыз жашоо алардын ден соолугуна кандай залакасын тийгизип жатканын аңдабай жатышат. Спорттун бул түрүнүн пайдалуу жагы өтө көп. Чуркоонун жакшы жактарын билген адам катары мен дайыма бул тармакка үгүттөп келем. Азыр деле күн жылыганда Ошко, Таласка жана башка райондорго чыгуу ниетим бар. Элге өзүмдүн кылган ишим менен үлгү болсом дейм.

Анара Дүйшөналиева





СоӊкуКүчтүү жана алсыз эркек: алар кимдер?
КийинкиТоктосун Мухамед: Атамдын жетпей калган кыялына мен жетсем дейм