Айымдар өз жашоосун күчтүү эркек менен өткөрүүнү каалашат. Анткени алар менен жашоо коопсуз. Жашоодо кандай кырдаал болбосун күчтүү эркекке ишенүүгө, таянууга болот. Тилекке каршы, коомубузда мындай эркектер азайгандан азайып барат. Алардын ордун алсыз, өзүнө ишенбеген, жубайына коргоочу болуп бере албай турган эркектер басууда.
Чыныгы эркектин 5 белгиси

- Чыныгы эркек жашоодо кандай кырдаалга кабылбасын, өзүнө гана ишенет. Апасына да, аялына да, башкаларга да таянбайт. Албетте, айрым маселелерин чечүүдө досторунан жардам сураган учурлары болот, бирок негизинен өз жашоосун өзү тыңдайт. Эч кимге көз каранды эмес. Татаал кырдаалга кабылганда жумуш жок деп эч качан алакан жайып отурбайт. Өзүнүн кесиби боюнча болбосо да жумуш таап үй-бүлөсүн багат. Кыскасы, кырдаалдан чыккандын жолун билет.
- Ал маңдайына жазылган тагдырга моюн сунуп отуруп бербейт. Кандайдыр бир кызыкчылык үчүн бирөөгө жагалданбайт, кошоматтанбайт, өзүнө жакпаган кызматта иштебейт, аялы менен апасынын ортосунда чайналбайт. Ар дайым анын өзүнүн ою, көз карашы болот. Кандайдыр бир талаш-тартыштарда да далил, аргумент менен сүйлөйт. Анткени ал көп окуган, көптү билет.
- Чыныгы эркек аз сүйлөп, көп иш кылат. Жашоодо кезиккен ар кандай учурларда аялдардан айырмаланып пайдасыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй, жыйынтыкка карай иш кылат. Андыктан кооз жана көп сүйлөп, бирок эч нерсе кылбаган эркекти чыныгы эркек деп айтууга болбойт.
- Ал сизге жардам берүүдөн эч качан баш тартпайт. Ал үчүн суранычыңызды күтүп отурбайт. Анткени дайыма сиз үчүн жагымдуу нерсе жасагысы келип турат. Болгону, анын жардамына ыраазычылык билдирип туруңуз. Ошондо ал да сизди баалап, дагы да жардам бергиси келет. Анан да күчтүү эркектин эң негизги сапаты – жубайына эч качан кол көтөрбөйт. Ал үйдө жаралган маселени кол менен эмес, психологиялык мамиле, жөнөкөй сөз менен чечет.
- Күчтүү эркек өзүн кандай болсо ошондой кабыл алат. Эч качан башкалар менен салыштырбайт. Башкалар менен салыштыргандан көрө өзүн өзү менен салыштыруу жакшы жыйынтык берерин билет. “Бүгүн кечээкиге же былтыркыга караганда кандай жакшы иш кылдым?”деп өзүнө суроо берет. Бул, чындыгында, адамга жакшы мотивация берип, андан ары өсүүсүнө шарт түзөт.
Алсыз эркектин 5 белгиси

- Алсыз эркек өзүнүн ийгиликсиз кадамдары үчүн тагдырды күнөөлөйт. “Мен алда качан өзүмө жакшы жумуш тапмакмын, бирок жашоо ушундай татаал…”, “Айбек дагы кызматынан көтөрүлдү, жетекчинин сүймөнчүгү да…” “Мени Кудай ушундай жаратып коюптур, башкалардай бай боло албайм”. Мына ушундай наалыма фразаларды жигитиңизден көп уксаңыз, ага турмушка чыгууга шашпай туруңуз. Өз жашоосунун жоопкерчилигин өз моюнуна ала албаган, өзүнө ишенбеген эркек сизди жыргатпайт.
- Мындай эркектер өз жашоосун телевизордун же компьютердин маңдайында отуруп өткөрүүгө көнүшкөн. Анын ийгиликсиздигине өкмөт же кошунасы, атүгүл аялы күнөөлүү. Мындай эркектин эң жакынкы пландары тууралуу сурасаңыз да жооп ала албайсыз. Аны өзүнүн бүгүнкү күндөгү абалы канааттандырбайт, бирок аны өзгөртүүгө да аракет кылбайт.
- “Менин байпагым каерде?”, “Үйдүн документтери кайда сакталат?”. Айрым эркектер эң жөнөкөй нерселерди да өздөрү кыла албай аялынан жардам күтөт. Бул да алсыз эркектин бир белгиси.
- Алсыз эркек жашоосунда кандайдыр бир сыноолорго, кыйынчылыктарга туш келип калса аны менен күрөшүүнү каалабайт. Баарына кол шилтеп салып өзүнүн кайгысынын, күчсүздүгүнүн толкуну менен агып кете берет. Мындай эркектин өмүрлүк жары болгон айым ар качан аны жаш баладай кылып: “Сен муну кыла аласың. Наалыганыңды токтот да, аракет кыл” деп силкинтип турууга тийиш.
- Кызганычтын артында өзүнө ишенбөөчүлүк жатат. “Ушул кесиптешиңди экинчи сенин жаныңдан көрбөйүн” деп сизди опузалаганы – күчүнүн сизге гана жеткени. Кызганычтан кызыл камчылыкка бир кадам. Андыктан өзүн өзү баалоосу төмөн болгон мындай адамдан жаа бою качыңыз.
Аймээрим Курбаналиева