— Эмне кылышты да билбей калдым. Бир гана сиз оорубасаңыз болот эле. Сиз аман-эсен болсоңуз – менин бактым ошол…
Дем алганы да сезилбей сулк жаткан аялдын жанында жигит ыйламсырап отурду. Урмат Апалдын жалгыз уулу. Курсакта калган баласы үчүн бүт жашоосун курман чалып келген аял, уулунун жакшылыгын кѳрѳрдѳ ооруп калды. Инсульт деген балакеттин кесепетинен минтип жарым жан жатат. Аял жашоодон баарын кѳргѳн. Чоң сүйүүнү, чоң жоготууну, сагыныч, куса, жокчулук, анан толуп-ташып келген барчылык, анын ырахатын, баарын кѳргѳн. Бир кѳрѳ элегии, баласы тѳрѳлгѳн күндѳн бери кыялданып келе жаткан келини, анан болочок неберелери эле. Уулу жыйырмага аяк баскандан бери эле үйлѳнүүсүн айтып, энелик тилегин билдирип келет. Бирок уулу билимдин артынан түшүп, доктурлук кесиби үчүн жанын сабап алды. Мына, быйыл жыйырма жетиде, дале бойдок. Апалдын арзуусу качан аткарылары деле белгисиз бойдон. Белгисизи курусунчу, жаны аман калса экен. Урмат ушуга бушайман. Эки айдан бери эсине келе элек энеси менен жоопсуз сүйлѳшүүдѳн чарчады. Ушул бойдон кѳзүн ачпай узап кетеринен корккудай болсо денесин калтырак басып, деми кысылып, кѳздѳрү алактап айла таппай кетет. Анда эле жашоосунун жыргалынан айрылганы.
— Апа, кѳзүңүздү ачсаңыз эле мен тойго камына баштайт элем. Кыялыңызды орундатам. Келиндүү кылам сизди. Чоң эне да болосуз.
Урмат бул сѳздѳрдү эч каалоосуз айтып жатты. Жигит катары сулууларды суктана карап койгону менен ашыгып сүйѳ албады ушул кезге чейин. Себеби кыялында атасы менен апасыныкындай чоң сүйүү бар. Апасы айтып бергендей ашыккан кызын аздектеп күтүп, чыныгы сезим менен баш кошкусу келет. Ашыгы апасындай сулуу, назик, билимдүү болушун кыялданат. Бирок ушул кезге чейин андай кызды таппай келет. Досторунун алды болсо бир-экиден балалуу болушту. Апасынын демилгеси менен тууган-урук тапкан кыздар купулуна толбойт, бири акчасын сурайт, бири кесипкѳй эмес, бири кѳп сүйлѳйт, бири талапчыл. Акыркы кезде апасы ѳзү тапкан Акылай менен таанышып кѳргѳн. Аны менен бир ирет жолукканы болбосо башка деле сырын билбейт. Азыр оюнда ошол кыз турду. Эгер Кудай тилегин берип апасы кѳзүн ачса, алып келе турган кызы дайын болушу керек. Ал кыз кыялындагыдай чыгабы, жокпу, эми Урматка баары бир. Болгону, апасы кубанса болду.
***
— Акылай, башка адамдын кыялын куруу үчүн ѳз кыялыңдан баш тартуу туурабы?
— Анын артынан чоң ѳкүнүч келбей турган болсо адам кѳңүлүн алып, кубаныч тартуулап койгонго эмнеге болбосун.
— Рахмат, мен жакшы жооп алдым.
Урмат Акылайдан сулуулук менен акылдуулукту кѳрѳ алды. Бирок кесибин жактыра албады. Тигүүчүлѳр жакшы акча тапкан заманда жашап жатканын билип турса да мунусу купулуна толбоду. Кыялында ак халатчан айымы менен ээрчишип бирге иштѳѳнү каалачу. Бирок азыр муну ойлой турган маал эмес. Акылай менен коштошуп эле апасына жѳнѳдү. Дарыгер апасында жылыш байкала баштаганын кубануу менен билдирди. Канчадан бери кыжалаттыктан кысылган жүрѳгү жеңилдей түштү.
— Апа, мен келдим. Кѳзүңүздү ачыңызчы, жакшы кабарым бар. Мен сизге келин таптым. – Энесинин алаканындагы арык колу болор-болбос кыймылдай түштү. Кеберсиген уурту да кыбырагансыйт. Урмат сүйүнүп кетти.
— Сиз жакшы болуп үйгѳ чыгарыңыз менен келиниңизди алып келем. Неберелүү да болосуз. Болгону, оорубаңызчы.
Апасына туташтырылган аппараттын кѳрсѳткүч сандары ѳзгѳрүп кетти. Үлбүрѳп күйүп-ѳчүп турган кызыл жарык жашылга алмашты. Урмат атып туруп медайымды чакырды. Палатага жетип келген ак халатчандар жакшы жылыш болгонун, бирок катуу толкундануу да эрте экенин айтышты.
Урмат клиникалык ѳлүмдѳ жаткан адамга жакшы сѳз жардам берерин билчү. Апасы жатып калгандан бери жакшы сѳзүн аяган эмес, бирок жылыш да болгон эмес. Эми энеси кыялынын орундаларын угуп кубанып жатканын билди. Бул кадамга эрте барбаганына ичи ачышып кетти, бирок эми да кеч эмес. Колдору элпек кыймылдап Акылайдын номерин тапты. Кыздын үнү угулганда гана ага эмне максат менен чалып атканын так билбей абдарый түштү. Акылайга апасынын оор абалы тууралуу ооз ачкан эмес болчу. Жѳн-жай гана ден соолугун сурап, коштошуп койду. Акылайды чын эле бир ѳмүрүн чогуу ѳткѳрчү аял катары тандоо туурабы, кыялдары аткарылбай калса мейлиби, дагы деле суроо бойдон.
***
— Бүгүнтѳн баштап апаңызга эч бир аппараттын жардамы керек эмес. Анализдеринин баары жакшы чыкты. Азыр бастырып кѳрсѳк да болот, — медайым кыз тыпылдап сүйлѳп баратты. Айсулуу бул ооруканага жаңы кызматка кирген. Окуусун кызыл диплом менен аяктап, кыялына жеткенине жетине албай, кызыгуу менен иштеп баштаган эле. Ишке биринчи кирген күнү эле аны Апалдын ден соолугуна кам кѳрүүгѳ дайындашкан. Апал күндѳн-күнгѳ жакшы болгон сайын аны ѳзүнүн медайымдык мээрмандыгынын натыйжасындай кабыл алып, ал сайын ѳнтѳлѳй кам кѳрѳт. Күн куру калбай келген баласын жакшы жаңылыктар менен тосуп алууга тырышып, айтчу кептерин алдын ала камдап турат. Мына азыр да Урматка жакшы жаңылыктарын айтып, эми андан бетер кубанткысы келип Апалды чогуу бастырууга чакырды. Эки жагынан жѳлѳгѳн уулу менен Айсулууга сүйѳнгѳн эне жаш балача алгачкы кадамын таштады. Бул эне-баланын эң кубанычтуу күнү болду. Урмат тили булдуруктап так сүйлѳй албай жаткан энесинин сѳздѳрүн жакшылап угууга, кайра санаасын тындыра жакшы жооп берүүгѳ тырышып жатты. Узакка созулгансыган бул сүйлѳшүүдѳ эне баласынан болгону, «ден соолугуң жакшыбы?», анан «курсагыңды тойгузуп, жылуу кийинип жүрѳсүңбү?» деп сурады. Мындан кѳп сүйлѳшүүгѳ азыр уруксат эмес. Урмат апасына кош айтып чыкты.
Медайымдан сурачу суроолору бар эле, Айсулууну бир саамга күтүп калды. Коридордун башындагы палатадан чыккан кыз Урмат аны күтүп турганын баамдап ага карай басты. Колтугуна кагаздарды кысып, бир колуна дары-дармектер салынган табакты кармап келаткан ак халатчан кыз Урматка башкача жылуу кѳрүндү. Жакындаган сайын жаркылдаган кабагы, ууртунда мээримдүү жылмаюу байкалат. Ѳзүнѳ түшүнүксүз бир сезим тулку боюн аралай чаап, мээсинин тереңинде жаткан бир ой заматта кѳтѳрүлүп чыгып, болгон ойлорун чимириле тазалап жибергендей болду. Кѳз ирмемдик ушул секунд жигиттин жүрѳгүн аңтар-теңтер кылып жиберди. Жанына жете келген кыздын тигилген кѳз карашынан тайсалдап, бере турчу суроосун да унута түштү. Беш мүнѳттүк сүйлѳшүүдѳ кыздын дарынын жытына аралаша буркураган атыры оюн бѳлүп жатты. Мурдуна жагып жаткан жыт атырдын жытыбы же дарынын жытыбы, ажыраткысы келип, бирок билбей убара. Коштошордо Урмат Айсулуунун жүзүн карегине тартып алууга жанталашты. Кыз менен таанышканына бир айдай болсо да ушул кезге чейин апасынан санаасы тынбай, Айсулуунун жүзүн деле так-даана карабаптыр. Кызды сугула карап кош айтышты.
***
Акылайдын ою алагды, Урматтын мүнѳзүнѳ түшүнѳ албай койду. Таанышкандарына бир топ болгону менен анда-санда бир жолугушат. Ар бир жолугушууда анын жигиттик арзуусун байкоого, сезиминин күчүн ченѳѳгѳ аракет кылат кыз. Бирок так жооп билүүгѳ мүмкүн эместей. Урматтын ѳзүнѳ карата сезими бар дейин десе жолуккандан жоголуп кеткени кѳп, башкалардай телефон чалып турууну да билбейт. Сезими жок дейин десе жолугушууга чакырып калат. Жолугууда шашпай отуруп жакшы кеп салып берет. Бирок эле бир сыр каткандай телмирет, анын тиктѳѳсү же сүйүү экенин, же сыноо экенин ажырата албайт. Ѳзү болсо Урматка ашык болуп калганын жашыра албай баратат. Ал тууралуу басса- турса ойлонуп, уйку алдында аны менен бирге жашаган күндѳрдү кыялданып бактылуу. Ѳзү бир-эки курдай чалды эле, жигит окууда же ишинде экенин айтып сүйлѳшүүгѳ убактысы жоктугун билдирет. Дагы ошондой кыска жооп угуп супсуну сууп калуудан чочулап чалууга да батынбай калды. Бирок кайсы бир күнү Урмат ага сезимин билдирип, колун сураарынан үмүт кылып жүрѳт. Акыры ушундай болорун жүрѳгү сезгенсийт. Чын эле ушундай болобу же бул жигиттин ыйманына, кербезденген келбетине, токтоолугуна болгон ашыктыктын бир үмүтүбү? Үмүт эле болуп, анан анын ишке ашпай калуусун Акылай ойлогусу да келбейт.
***
Дагы эки ай дегенде Апал толук сакайып үйүнѳ чыкты. Ооруканада аны Айсулуу ѳзгѳчѳ берилүү менен камкордукка алганы эненин эсинен кеткис болду. Мээрман кыздын элпектиги, алдын алмаштыруудан баштап чачын тарап, тырмагына чейин алып караганы жүрѳгүн жылытып, алкагандан чарчабады. Ага ушунчалык кѳнүп алгандыктан үйгѳ барганда кантем деп санааркачу да болгон. Урмат апасына кароо үчүн ишинен эс алуу сурап алган. Апал муну тойго камынуу деп жоруп, ичинен кубанып отурат. Бирок уулу эмнегедир акыркы кезде бул тууралуу айтпай калды. Эне-бала эки-үч күн үйдѳн чыкпай сагыныч жазышты. Урмат беш айдан бери үйдѳ болгону менен ал деле үйүн апасындай сагыныптыр. Апасы ооруканадан чыкканы үйү толуп жыргап калды. Үчүнчү күнү ал бир нерседен тынчсыздана баштады. Ал түндѳ апасы тойду качан кыларын сурап чочуткан. Эми баягы «үйлѳн, келиндүү болгум келет» деген кептер башынан башталары белгилүү. Андан калса апасына «үйгѳ чыгарыңыз менен келиниңизди алып келем» деп койбоду беле. Убаданы танганга болбойт. Акылай качан десе макул болорун билет. Бирок жүрѳгү Айсулуу деп жатпайбы. Айсулууга сезимин астыртан ачыктап белектерди тартуулап, жылуу кептерди аянбай айтып, ашыктык жанган оттуу кѳзү менен сугула карап келет. Айсулуу болсо мунун баарын билмексенге салып, кепти буруп кетүүгѳ маш. Урматтын ар бир кадамына тосмо коюп, аракеттерин токтотуусу керектигин астыртан эскертип: «Дагы окуйм. Менин кызмат ордум Кыргызстанда эмес. Жок дегенде Орусияны багындырган дарыгер болгум келет», — деп бек айтат. Урмат үчүн кыздын бул дымагы тоскоолдук эмес эле чексиз бакыттай сезилет. Аны менен кошо кыялданып «экѳѳбүз тең окуйбуз, тең иштейбиз» деп тырышат. Бирок жигиттин мындай сунушу кызды эмне үчүн жибите албасына түшүнбѳйт. Айсулуу бир ооз эле макул десе апасынын алдына алып жѳнѳѳгѳ даяр. Акылайдан алыстап, ага ооз ачпай жүргѳнүнүн себеби да ушул. Бир күнү бул тилеги ишке ашып Айсулуу кол сунуп калса, Акылайга кыйын болбосун дейт. Ансыз да Айсулууну кѳргѳн күндѳн бери Акылайга бекер үмүт берип койгонуна ѳкүнүп, жолукпай турбай деп кейип келет.
***
Эс алуу мѳѳнѳтү да аяктап баратат. Апасынан болсо эми санаасы тынч. Үй шартына кайра баштан кѳнүп, жакшы жайланышып калды. Күн сайын баскан- турганы тыңып, кеп-сѳзү даана чыгып келатат. Апасынын чыйрактыгына, ден соолугу үчүн тартипти бекем сактап аракет кылганына кубанат жигит. Апал ѳзү да бул оорунун толук жеңип кетерине ишенет. Эми ѳзү апасына берген убаданы аткарып, сѳзүнѳ туруусу керек. Бүгүн акыркы чечим кабыл алууга бел байлады. Бүгүн жашоосу же Айсулуу менен, же Акылай менен башталат. Ою чачырап, жүрѳгү кысылган сайын ѳзүн токтоо кармоого аракет кылып, жайбаракат кѳчѳгѳ камынып баштады. Чыгып эле гүл саткан дүкѳнгѳ баш багып эң кымбат деген букетти сатып алды. Азыр Айсулуунун түнкү сменди тапшырып чыгарын билет. Алдынан тосо чыкты.
— Айсулуу, жубайым болууңду суранам. Сен менин кыялымдагы ак халатчан перисиң. Чын айтам.
— Урмат, кечирип кой. Менин кыялым үйдѳ отуруп оорулуу энени багуу эмес, менин максатым – оорулууларды ооруканадан карап, айыктырып узатуу. Апаңа жакшы келин табарыңа ишенем.
Жигиттин гүл кармаган колу калчылдап кетти. Айсулуу мынчалык катуу сѳз айта албачудай кѳрчү. Ушундай сулуу, билимдүү кыздын оозунан мындай ууга тете сѳз чыгарын ойлобогон. Экѳѳ коштошпостон эки тарапка узашты. Урмат бир далай жерди жѳѳ басты. Жол бою оюн башкарууга тырышып, канаган жүрѳгүнүн оорусун байкамаксанга салып баратты. Башты жерге салып отурууга убакыт тар эле. Кайрадан гүл саткан дүкѳнгѳ баш багып шашпай гүл тандады. Арасынан ортодогу аппак розаны кызыл розалар менен курчап жасалган букетти жактырды. «Ортодогу апам, — деди оюнда, — кызыл розалардын бири мен, бири келинчегим, калгандары апамдын неберелери». Акылайдын бул букетти жерге таштабасына ишенди.
Гүлайым Калыбекова