Учурда кыргыз эли адал менен арамды ажыратып, адалга талап коюуну билип калды. Антсе да азыктын тазалыгы «ооба, адал» деп коюу менен аныкталбайт. Аны тастыктаган расмий сертификаты болушу керек. Адал сертификаты кандай талаптар менен берилери тууралуу Мыктыбек Арстанбек ажы жооп берет.
Халал деген эмне?
Халал – кыргызчасы адал. Бул сѳз араб тилинде «уруксат берилген» дегенди түшүндүрѳт. Ислам дининин алкагында кѳбүнчѳ азык-түлүктѳргѳ ылайык колдонулуп, анын ичинде эт азыктарына басым жасалат. Себеби бул динди кармаган адамдарга жеп, ичкенге тыюу салынып, «арам» деп аталган нерселерди колдонууга болбойт. Ушул шартта мусулмандар шариятта уруксат берилген, тактап айтканда, адал гана азык-түлүктѳрдү колдонуулары шарт.
Арам менен азыктанса эмне болот?
Шариятта арам менен азыктанган адамдын дуа, тилектери, каалоолору 40 күнгѳ чейин кабыл болбой тургандыгы айтылат. Ошондой эле арам деп табылган азыктардын ден соолукка зыяндуулугу анык. Мисалы, спирт ичимдиктеринин бардык түрлѳрү, чочко эти, мууздалбай башка себептер менен ѳлгѳн малдын эти, кан жана башкалар.
Адал экенин кантип билүүгѳ болот?
Коомдук жайларда тамактанууда, дүкѳндѳн жана базардан эт азыктарын сатып алууда кардар сатуучудан сурашы керек болгон негизги 3 суроо:
- Адалдыгын тастыктаган сертификат барбы?
- Кайдан, ким тарабынан тастыкталган?
- Сертификатты алганына (текшерүүнүн жүргѳнүнѳ) канча болду?
Мына ушул суроолордун жооптору кардарды канааттандырган шартта азыктын адалдыгына ишенүүгѳ болот. Себеби адал сертификатын мыйзамдуу түрдѳ алган ѳндүрүүчү сертификат берүүчү тараптын талаптарын толук аткарууга мажбур.
Мыктыбек Арстанбек, Кыргызстан халал индустриясын ѳнүктүрүү борборунун негиздѳѳчүсү: «Адал сертификатын берүү үчүн абдан чоң эмгек жумшайбыз»

— Адал индустриясын ѳнүктүрүүнү колго алууңузга эмне түрткү болгон?
— Элибиз мусулман болгону менен мамлекетибиз диний эмес. Мамлекеттик мыйзамдар шариятка туура келбегендиктен, биздин ѳлкѳдѳ бардык азыктар сатыла берет, башкысы, коопсуз болбосо болду деген гана шарт бар. Азык-түлүктѳрдүн диний талаптарга ээ болушу мамлекеттин иши эмес. Бирок биздин мусулман элибиз билбестиктен адал эмес азыктарды алып жатышы толук мүмкүн. Мусулмандын ичкени, жегени адал болууга тийиш. Ошол үчүн бул маселени кароону биз милдетибиз катары алганбыз. Биздин иштин зарылдыгы – адамдар адалды таанышы керек.
— Ѳндүрүүчүлѳр адал сертификатын алуу үчүн демилге кайсы тараптан болот?
— Ар кандай болушу мүмкүн. Кээде элдин суроо-талабы жогору болгондуктан ири ѳндүрүүчүлѳргѳ ѳзүбүз кайрылып адалдыкка ѳтүүнү сунуштайбыз. Кээде кардарлар ѳндүрүүчүгѳ талап койгон маалда алар бизге кайрылышат. Ал эми айрым ѳндүрүүчүлѳр башынан эле баарын шарият жолу менен мусулмандардын талабына туура келгендей кылып иштѳѳ максатында бизге келишет.
— Кайрылгандардын баары эле адал сертификатына ээ боло беришпесе керек?
— Албетте, биз бул сертификатты берүү үчүн чоң күч, зор мээнет жумшайбыз. Бир эле товардын адалдыгын тастыктап чыгыш үчүн кээде эки жылдай убакыт кетет. Эки тарап макулдашкан соң бардык талаптар адал стандартка жооп бергендей болушу үчүн текшерүү иши башталат. Мыйзам менен шариятка туура келген талап менен иштейбиз. Анда эт кайсы жактан алынат, кандай иштетилип даярдалат жана башканын баары майда-чүйдѳсүнѳ чейин тыкыр иликтенет. Бул багытта тажрыйбалуу командам бар. Жогорку тажрыйбалуу технологдор, консультанттар лабороторияларда текшерүүлѳрдү жүргүзүшѳт. Шарият ишкерлерине кайрылган учурлар да болот. Качан бардыгы адал ишке ѳткѳндѳ гана келишимдин негизинде сертификатты беребиз. Бул иштин баары ѳндүрүлгѳн товардын кѳлѳмүнѳ, иштин татаал же жеңилдигине жараша бааланып, акы алынат. Мындан кийин алар ар дайым биздин кѳзѳмѳлдѳ болушат.
-Кѳзѳмѳлдѳѳ күтүүсүз болобу же эскертүү менен келесиздерби?
— Биринчиси, келишимде белгиленген пландуу кѳзѳмѳл. Мында ѳндүрүшчүлѳр биздин адистердин барар убактысын билишет. Бирок муну биз барарда баарын адалга тууралаштыра калат деп түшүнбѳѳ керек. Биз текшере турган критикалык чекиттерди тааныйбыз. Аларды ѳндүрүүчүлѳр биз барарда оңдоп жибере албайт. Экинчиси кескин кѳзѳмѳл. Тактап айтканда, кардар ѳндүрүүчүнүн үстүнѳн арызданган маалда күтүүсүз барабыз. Иш тажрыйбабызда мындай учурлар катталган. Биздин адистер барган маалда ѳндүрүүчүлѳр эшигин ачпай коюшкан. Ичине кирип адалдыктын кандай стандарттары бузулганын тастыктай алган эмеспиз, бирок кардарлардын кайрылуусунан улам шек жаралгандыктан сертификатты алып койгонбуз. Ошол маалдан баштап биз алардын адал же арам иш алып баруусуна жооп бербей калабыз.
— Андай компаниялар сертификаттан биротоло ажырайбы?
— Сертификатты кайтаруу үчүн чакырабыз. Сертификаттан биротоло ажыроо же ага татыктуу болуу ѳндүрүүчүнүн тандоосунда. Эгер кайтарып алуу максаты болсо баарын башынан баштап текшерип, үйрѳтүп, жаңы келишимдин негизинде беребиз. Андан ары кайрадан кѳзѳмѳлдѳр уланып, адал иштѳѳгѳ талабыбызды коё беребиз.
— «Инстаграм» баракчаңызда ири компаниялардын товарлары арам болушу мүмкүн экендигин ачыктап жазасыздар. Алардан нааразычылык болобу?
— Албетте, болот. Кардарларынын кескин кыскарганын айтып арызданып келишет. Ал эми биз ѳз милдетибизди аткара беребиз.
— Бул тармакта иш алып баратканыңызга 8 жылдын жүзү болуптур. Адамдардын адал азыкка болгон кѳз карашы ѳзгѳргѳнүн байкасаңыз керек?
— Албетте, азыр эл түшүнүп калды. Элдин талабы менен адал жаңы этапка кѳтѳрүлдү. Ал эми адалдык талап менен келет. Мусулман адам үйүндѳгү дасторконунда баары адал болушу үчүн дүкѳнчүдѳн адал азыктарды талап кылышы керек. Албаса да талап кылсын. Ал дүкѳнчү сѳзсүз буга маани берип, таза азыктарды сатууга аргасыз болот. Ушинтип адалдык кенен жайыла берет. Бул жакшы кѳрүнүш.
Азыктын адалдыгына маани бересизби?
Мирзат Муканов, диктор: «Арам деп тыйган нерседен сѳзсүз кемчилик чыгат»

— Мен «адамдын жеп-ичкен азыгы сѳзсүз жүзүнѳ чыгат» деген нерсеге ишенем. Ата-энем бизди уруксат берилбеген азыктардан баш тартып, «эмне үчүн муну жеп, ичкенге болбойт» деп ойлонуп да отурбаш керек деп үйрѳтүшкѳн. Зыян деп тыюу салындыбы, демек, анда адам үчүн зыяндуу бир нерсе бар. Кызыгып изилдеп, окуп кѳргѳн адам анын кемчиликтерин сѳзсүз билип, ынанат. Ошондой эле биз ѳзүбүз, үй-бүлѳбүз жей турган азыктардын адал болуусун эки шартта байкашыбыз керек. Биринчиси, сатылып жаткан азык адалбы? Экинчиси, ал азыкты сатып алуучу акчаны ѳзүң ак эмгек, таза жол менен таптыңбы?
Роза Шакирова, ырчы: «Туш келди жерден тамактана бербейм»

— Мен аябай талап койбосом да «халал» деген жазуусун карап коём. Ѳзүм адал иштешет деп санаган жерлерден гана тамактанам. Ар бир жолу туш келген жерден тамактана албайм. Ал эми этти дайыма тааныштардан алам. Бир чети ал адамдардын адал иштешерине ичтен ишенсем, бир чети үйгѳ чейин алып келип бергендери мага ыңгайлуу.
Съездбек Искеналиев, ырчы: «Жазууга ишенбей сертификат сураш керек»

— Жей турган азыгымдын адалдыгына жүз пайыз маани берем. «Адал» деп жазып койсо ошол жазууга эле ишенип албай сертификат да талап кылуу керек. Дүкѳндѳн сертификаты бар экенине ынанган компаниялардын азыктарын алам. Этти дайыма айылдан бир тууган агамдан алам. Ал малга кандай жем-чѳп берерин кѳзүм менен кѳргѳндүктѳн ишенем. Базарга ишенич жок, ал жактан «адал» деп койгон менен ал малды эмне берип семирткенин билбейбиз да. Ошол себептен эң туура тандоо ишеничтүү адамдын колунан алуу деп ойлойм.
Үмүтай Абдышева, ырчы: «Бул нерсеге такыр маани бербейм»

— Адалбы, арамбы деп кызыкпайм деле, маани бербейм. Колбасаны абдан жакшы кѳрѳм. Андыктан каалаганымды алып жейм. Ал эми колбасага теңтайлашкан азык – саланы, албетте, жебейм. Этти эт саткан базарлардан эле ала берем.
Гүлайым Калыбекова